Жунай Мавлянов: Биздин энебиз

Биздин энебиз «Сарт эне» – деп биздин атабыз, энебиз айтышчу. Аларды ээрчип, биз да аны «сарт эне» – деп калганбыз. Биздин эл эзелтен эле өзбектер менен иргелеш жашап келатыптыр. Ошондуктан болуу керек: алар менен карым-катнаш, алака алиге чейин калың. Алым-берим мезгил өткөн сайын азайбастан, тескерисинче арбып келаткансыйт. Илгертен эле эл менен элди жакын кылган баарынан мурда кыз дешет го. «Алысты жакын кылган – кыз, ачууну таттуу кылган – туз» деген акылман сөз да ошондон келип чыккан окшобойбу. Сарт энебиз өзбек экен. Биз бала кезде аларды, эмнегедир, «сарт» дешип коюша турган. толугу менен…..

Казат Акматов: Бүгүн кино согуш жөнүндө эмес

  НОВЕЛЛА Ошол жылы жесир калган жаш келиндердин алды бирин-сериндеп кайрадан күйөөгө чыга башташкан. «Кантебиз, өлгөн киши менен кошо жан кечип, өлүп кете албайт экенсиң же, маңдайга жазылган шор ушул тура, кудай-ай» дешип белдерин бууп, кайрат кыла кээси өз ыктыяры менен кайната, кайын энесин таштап кетип жатышты. Чанда эле бир бирөө: «Минтип жүрө берген менен, өлгөн кайра тирилмекпи, болору болду, жаш баланын убалына калбайлы» деп өз келинин өз колдору менен башка күйөөгө узатып берип өрттөнүп күйүп кала беришти. Шосседен алыс, бура тарткан тоо түбүндөгү кичинекей айылда кийин-кийин эки-үч эле жаш толугу менен…..

Нуралы Капаров: Карл Маркс капа болгондо…

(даректүү аңгеме) …Анан эле бир күнү базар экономикасы жетимиш жыл тынч жаткан элге чакырылбаган коноктой чапкан атынын оозун тарталбай дуулдап кирип келип, сарамжалдын сарымайдай сактаганын саттырып, чор тамандын чогултканын чачтырып, кымбат баадай кыйбас мүлктү кыйдырып, жулбас мүлктү жулдуруп, алынбасын алдырып, берилбесин бердирип, тополоң-тос түшүрүп, эгерим базарга буту баспаган курнамыс кыргызды колуна көр-жер карматып дүңүнөн базарга кууп чыгып, жоош-момурап оозун ачкан элди бир заматта шылуун соодагерге айлантып таштады. Козголбогон биз да — «Алатоо» журналында иштегендер да козголуп, алда кандай күн болот деп эртеңкинин камын жеп, эчен жыл жарык көрбөй быгып жаткан көөнө толугу менен…..

Сардарбек Рыскулов: Аксак бөрү Абайылда баатыр

Аксак бөрү Абайылда баатыр (Эл оозунан) Абайылда аттуу баатырлар кыргыз элинде көп. Ошондуктан уругун атадык. Эл да бул кишини ошондой атап келген. Аксак бөрү солтонун атактуу уруусу. Абайылда баатыр – солто уруусунан. Айтылуу Черикчи баатырдын уулу Абайылда баатыр – Кочкордогу Болот-Темирден чыккан. Бир жылы күздө Суусамырда ат чабыш болот. Ошол чабышка кыргыз жеринен атактуу күлүктөрдүн бири калбай бүт келет. Таласта Шаккулу деген кишинин күлүк тору кашка аты бар экен. Бир күндө эки чапса эки, үч чапса үч чыгып, алдына жылкы салбаган күлүк болуптур. Бул аттын даңкы казак, кыргыз элине бүт толугу менен…..

Мамат Сабыров: Айганыш

Мамат Сабыров: Айганыш (аңгеме) Митал окуган мектептин балдары бир башкача сүйүшчү. Бул жеке Митал окуган мектепке же ал жашаган айылга эмес, жалпы чөлкөмгө таандык өзгөчөлүк болсо керек. Сегизинчи же онунчу класста окуган уландын кайсыл бир кызга көңүлү түшүп калса, бирөөнү ортого салып, «айттырат». Бул жаңылык ошол замат мектепке, анан бүт айылга «дүң» эте түшөт. «Паланча түкүнчөгө айттырыптыр» дейт балдардын бири. «Кимден айттырыптыр?» деп тактап сурайт экинчиси. Себеби, кыздын жообу көп жагынан бала ким аркылуу айттырганына да байланыштуу болот. Кыз макул болсо көп өтпөй аларды клубга кино келген күндөрү, майрамдарда чогуу толугу менен…..

Кубатбек Жусубалиев: Улакчы

Улакчы Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп, ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп, күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен, уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон («бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, – жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт») таар шымында эле. «Муну билгенде жуудурбай өлөйүн» деди ал ичинен кыжаалат болуп. Жолдон топ-топ болуп, бака-шака түшүп өтүп жатышкан улакчылардын кужурунан толугу менен…..

Жапаркул Алыбаев: Кайран гана кашка тиш

Кайран гана кашка тиш Зупу керилип-чоюлуп көзүн ачканда саат тогузга беш эле минут калган болучу. Кызматтан бүгүн да кечиккенин ойлоп башы айланып, кускусу келе түштү. Анан: «деги сизге дабаа жок көрүнөт, нервимди жеп бүттүңүз, жетишет эми, бу жер бала бакча эмес!» – деген начальнигинин өгүнү эле айткан сөзүн эстеп, ыңгайсыз үшкүрүп койду. Ылаажы жок. Азыр самолет жалдаса да шаардын тиги четиндеги мекемеге жетмек кайда! Төшөккө кайра кулады. Шишимек тарткан көздөрүн кыбыңдатып шыпты тиктеп жатты. Жылуу жер издеп койнуна кире калган ала мышыкты желкеден алып ыргытып, ордунан турду. Мышык болсо ага толугу менен…..

Насыпбек Асанбаев: “Унутулган салт” (аңгеме)

Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү. Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман толугу менен…..

Токтобек Үсөнов: Олжо (аңгеме)

Түн бакырдыкы маал. Бир чоң тоону алп уста колу менен жасап отуруп, чарчаганынан таштап баса бергендей, одур-будур чачылган бөксө тоолорду аралай кеткен узун жолдо, алыстан келе жатканы үнүнөн билинип, азып, чарчап калгандай өйдөгө келсе безелене күрүлдөп, ылдыйыштан эс алып жаны жыргай түшкөндөй зымырап, жолдун шартынан улам ат басыгындай жүрүш менен кытайлык узун камаз Кызыл-белде кыңгырап келе жатты. Ушул учурда, жанатан бери бул камаздын келээр жолун күтүшүп, куураган ат кулактарга жашынып эки адам дымып жер менен жер болуп жатышкан. Акырындап кыбыраган камаз жарыгы менен коюу түндүн караңгылыгын бөлө-жара жылжып, булардын жанынан толугу менен…..

Топчугүл Шайдуллаева: Балакана

Балакана (аңгеме) Гүлжандын жан жеринин ооруксунуп жүргөнүнө көп болгон. Же анысын бирөө жарымга ачык айта алса. Айылдын доктуру эркек, ага канча ирет камданып барып ооз ача албады. Эри жок аял “эл эмне деп ойлойт” деген баягы эски санаасына дагы малынган эле. Акыркы күндөрү салаңдап, сыртка чыгып калган жатыны аялды бастырбай кыйнады. Бели сыздап ооруп, такыр эле эңкейип калды. Бара-бара Гүлжан буттарын керебеттин кырына асып алып керээли кечке жаткан акыбалга өттү. Ошентсе кичине белинин ооруганы басылып, жаны жай табат. Жатып калган жалгыз бой аял тиричилигинен кыйналып, абалы оорлой берди. Бул дартын толугу менен…..