Бронтой Бедюров: Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы

Бронтой Бедюров – Алтай аймагынан чыккан эң көрүнүктүү акын жана коомдук-саясий ишмер, чыгыш таануучу-түрколог. 1947-ж. Тоолуу-Алтай Республикасынын Онгудай айылында төрөлгөн. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун жана СССРдин Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын бүткөн. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Россия Федерациясынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери, Алтай Республикасынын көрүнүктүү Эл акыны, Россия тил академиясынын академиги, Алтай Республикасынын жазуучулар союзунун төрагасы, Россия жазуучулар союзунун тең төрагасы жана башкармалыгынын катчысы.

Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы

Аңгеме

Байыркы бир кездерде, Алтайда Адыган баатырдын уулу Бабырган баатыр жашаптыр. Бабырганга күч жагынан теңдеш эч ким болбоптур. Алтайда ага тең келер бир да баатыр чыкпаптыр. Мүнөзү да шок экен. Алдынан ким чыкса да кармап алып күч сынаш деп кыйнай бермей адаты бар экен, адамдар ага алы жетпей, эми аны алыстан көргөндө эле беттешкиси келбей айланып кача баштаптыр.

Бабырган ошондо, атасы Адыгандын уруксатысыз эле, өзүнчө талаалап башка жактарга барып, бөтөн аймактын баатырлары менен күч сынашууну чечет. Башкалар сыяктуу жөн эле күч сынашса го жакшы. Ал жеңгенде ошол адамдын мал-мүлкүн, келин-кыздарын, аялдарын бүт тартып алчу экен. Тиги тарттырып ийгендер күчтөрүн карапайым элден чыгарчу. Бабырган үчүн тамаша сезилген бул нерсе, жөнөкөй элдин башына түшкөн мүшкүл эле. Мындай коңшуларга таарынган адамдар Адыган баатырга туш-туштан ат арытып арыз-муңун айтып келе башташат. Андан, уулун тыйып, өз билгенин жасатпоону суранышат.

Адыган уулун кантип тыюуну ойлоно баштайт. Акыры аны үйлөнтүүнү чечет, Бабырган өзүнчө үй-жай күтсө, токтолуп, эсине келер деп ойлойт. Бабырганды чакырып, темир ийлеген усталар жашаган токойдо, шор элинде, Телибес баатырдын кызынын колун сурап барууну буюрат. Телибес баатырдын кызынын даңазасы шор жеринде эле эмес, атагы алыска кеткен абдан сулуу кыз эле. Атасы ал кызга түрдүү белектерди энчилеп, көп байлыктарды бергендиктен, себинин көптүгү жагынан да баарыга маалым болчу.

Атасынын сөзүн угуп Бабырган абдан кубанды. Төбөсү көккө жете сүйүндү. Дароо жолго камына баштады. Жоо-жарагын асынып, өгүз терисинен ийленип жасалган ок өтпөс жоо кийимин кийинди. Тысырайта тартылган саадагын, учтуу жаалар толтура дорбосу менен ийнине асынып, ийри тумшук кылычын белге байлап, калканы менен найзасын колуна алды.

Адыган, уулу кыз колун сураганга барууга кантип камынып атканын көрүп, ага, Телибес баатыр менен чырдашпоону эскертти. Энеси алыс жолго күлазык даярдап берейин деди эле, Бабырган баш тартты.

– Ашык жүк алып эмне кылам. Кичинекей эмесмин. Эр азыгы жолдо. Канаттуулар менен кийиктерди сапарда баратып эле атып жейм, суудан балык кармайм. Эл жашаган жерлер болсо, алардан алып жейм.

Бабырган ошентип, алыска, Телибес баатырдын жерине карай жөнөдү. Чер токойду аралап баратты. Тегеректе куштар, жаныбарлар толтура. Дайралар менен көлдөрдө балыктар жайнайт. Күндүз кийик атып эт кайнатат, кечинде балык кармап отко кактап жейт. Эртең менен чил, кекилик кармайт.

Кетип баратып ойлоно берди: “Мендей эч кимге баш урбаган даңазалуу баатырга, Телибес баатырдын кызынын колун жалдырап сурап баруу жарашпайт ко. Эгер ал макул болбой койсо эмне кылам? Андан көрө, күч сынашып алганым жакшы. Жеңсем меники.” Бабырган атасынын: “Шор элинин адамдары жөнөкөй, өздөрү эч кимге катылбайт, катылгандын катыгын беришет”, – деп айткан насаат кебин унутуп калды.

Бабырган шор элине келди да, үнүнүн барынча жар салды:

– Телибес баатыр, мени менен жекеге чык. Мен сени менен күч сынашканы келдим. Сени жеңсем, анда сенин кызыңа үйлөнгөнү алып кетем. Мен атайы ошон үчүн келдим.

Бир кезде Телибес баатырдын да даңазасы артык эле. Азыр эми, жаштыгы өтүп, күчү кайтып калган учуру болчу. Антсе да, кызынын колун адамча сурагысы келбеген жаш наадан менен беттешүүдөн кайра тартпады. Бабыргандын алдынан шарт тосуп, кармашка чыкты.

Баатырлар көпкө кармашты. Алгач Телибес жаш теңтайлашы менен теңме-тең салгылашты. Бирок, акырындап алы кете баштады. Бабырганды жеңе албасына көзү жетип, тогуз уулун жардамга чакырды.

Телибестин уулдары Бабырганга тайманбай жабылышты. Бирок, ага алдары жеткен жок. Бири мерт болуп, калгандары түрдүү жаракат алышты. Телибес карыя, уулдарынын Бабыргандан жеңилип калганын көрүп, туугандарын жардамга чакырды. Ат үстүндө ойногон чабандестер, илгиртпей чаап келишип Бабырганды курчап алышты да, аны кысып киришти. Беш күн, беш түн кармашышты. Баатыр Бабыргандын кубаттуу колдору чарчай баштады.

Жабыраган душманды жеңе албасын ал да түшүндү. Улуу Бий дарыясынын жээгин көздөй жанталашты. Каршылаштардын курчоосу улам кысып кирип келди. Ал өзүнө акыркы күчү менен жол салып чегинип баратты. Анын курч кылычынан Телибестин жоокерлери туш-тушка сулап, узун найзасынын учу далай эрди ээрден учурду. Бирок, мертингендердин ордун жаңылары толуктап, улам толо берди. Акыры душмандары сүрүп отуруп, Бабырган Бий дарыясынын жээгине жетти. Аты эчак мүрт кеткендиктен, өзү жөө кармашын улантты. Телибестин жоокерлери Бабырганды дайра жээгине кысып, эми ал эч жака качалбайт деп кубанып атышты.

Ал болсо күүлөнүп барып, найзанын учун жерге таяп, чалкып аккан чоң Бий дарыясынын үстүнөн куштай учуп, көлчүктөн секиргендей секирип өттү. Телибестин жоокерлери антип өтө албай, артынан куушпады. Аркы жээкте түнөп, эртең менен кечмеликтен кечип өтөлү деп чечишти. Бабырган да чарчаган эле, эс алууну чечти. Эртең менен салгылаш уланарын туйду. Телибестин сулуу кызын согушуп ала албаганына ичи күйдү. Бабырган от жагып, кийик атып, отко кактап бышырып жеди.

Дарак түбүндө отуруп, эртең кантип душмандарын жеңүүнү ойлоно баштады. Ошол учурда, ал отурган бактын төбөсүндөгү бутагына бир кичинекей куш учуп келди да, сонун сайрай баштады. Анын сыйкырдуу үнүнүн мукамы Телибестин чырайлуу кызынын келбетин көз алдына элестетти. Ал душмандарын да унутуп, сулуу кыз жөнүндө ойлоно баштады. Атасынын тилин угуп, ишти жайынча чечпегенине өкүндү. Куш анын оюн түшүнгөндөй, ага адамча сүйлөдү:

– Кайгырба, Бабырган, Телибестин кызы сага буюрбаптыр. Сен күчтүү жана кыйынсың, чыныгы баатырсың. Бирок, аркы жээктеги баатырлардын тобун баары бир жеңе албайсың. Бийдин оң жээгин карачы, улам оттор көбөйүп, Телибеске улам жаңы сарбаздар кошулууда. Алар жөнөкөй адамдар, өздөрү катылбайт, бирок сага абдан жиндери келишти. Эгер мени укпасаң, ушул жерде курман болосуң. Андан көрө, өзүңдүн Алтайыңа кайт. Сен жашсың, келбеттүүсүң. Өз элиңден деле колукту табасың. А, Телибестин кызына кайгырба – ал сага тең эмес.

– Үйгө кантип кайтам, атамдын айтканын орундабадым, – деди Бабырган. – Кантип колуктусу жок үйгө кайтам? Адамдардын бетин кантип карайм? Мени шылдыңга алышпайбы баары, согушуп атып өзүмө колукту алганга жарабасам.

– Капаланба, Бабырган, – деди куш. –Ал кыз сага татыбайт. Мүнөзү орой жана сараң, бай болсо да конок-караны сүйбөйт. Ач көздүгүнөн сени уят кылат. Андан көрө мен сага аман-эсен кеткенге жардам берейин. Отту өчүрбө, тиги жоокерлер сени кетпей, бул жерде күтүп атат деп ойлошсун. Тезинен жөнө, мен түнү бою отту өчүрбөй бутак таштап турам.

Түн ортосунда, асманда жылдыздар балбылдап жанганда Бабырган артка кайтчу жолго түштү. Телибестин жоокерлери сары изине түшүп куубады. Бабырган түнт токойду аралап, Айым дайрасынын, азыр Бекет тоосу турган жээгине келди. Найзанын учун жерге сайып, Айым дайрасынан секирип-серпилип өттү да, токтоосуз Алтайдын түпкүрүн аралап жөнөдү. Атасына жалгыз бой баргысы келбеди. Өз уруулаштарынын арасынан өзүнө ылайык колукту табууну көздөдү.

Бирок, баары эле ал ойлогондой боло койгон жок. Касиеттүү баатыр Адыган түнү бою көз ирмебеди. Ал, уулу Бабырган ата сөзүн орундабаганын туюп, аны жазалоону чечти. Ички туюму менен Адыган Бабыргандын кайда отурганын көрдү. Уулуна ордунан жылбай ошол жерде күтүп турууга белги берди. Аны көзгө атар жебе менен атып салгысы келди.

Анын бул оюн Адыгандын аялы – Бабыргандын апасы билип калып, уулу менен күйөөсүнүн ортосуна Көк-Туу тоосуна айланып тосуп тура калды. Адыган керилген саадагын ылдый түшүрүп, уулуна ачуулуу бакырды.

– Сен атаңды укпай, тынч жаткан уруулаш туугандарга бүлүк түшүрдүң. Колуктунун колун жөн сурабадың. Ушунуң үчүн, Алтай жеринин четинде – чек арада, түбөлүк үнсүз тоо болуп турасың. Эч качан мындан ары эч ким менен согушпайсың, бирок өз элиңе душмандар жакындаса кабарлап турасың. Ал эми, капыс уктап калбашың үчүн, же кайнаган каныңды суутуп турганга, түндүктүн муздак шамалы башыңдан желпип турат.

Чарту-Хан менен Кара-Кай уулдарым, мобу тилазардын тигил жакка кетчү жолун тосуп кайтарасыңар. Ал ордунан жылып, Алтын Көлгө башка колукту издеп кетип калбасын, – деди.

Бир тууган иним Тарылык*, сен, Айым дайранын сол жээгин кайтар, Бабыргандын жолун тоскун, ал Алтайды аралап кирип кетпесин. Мындан ары дайым ушундай болот.

Эч качан ыйлабаган баатыр Бабырган, атасынын өкүмүн угуп, башын жерге салып буркурады, тоого айланып баратып.

Азыр да, Алтай жеринин чегинде Бабырган тоо жап-жалгыз турат. Бабырган өткөн эрдиктерин жалгыз өзү эске салып үнсүз. Телибестин сарбаздарынан жеңилгенин, анын сулуу кызынан куру кол калганын эстегенде оор үшкүрүнөт.

Көкүрөгүнөн бул үшкүрүк асманга атып чыгып, ак булуттарга айланат да, Бабыргандын көз жашы жерге жамгыр болуп себеленет. Бабыргандын жини келгенде, башына, тармал толкундуу чагылгандан соотун кийинет, кара булут жаркылдап, анын саадагынан учтуу жебелери атылып аткандай болот.

Телибес баатыр менен анын эр жүрөк уулдары, туугандары бүт тоолорго айланып, азыр да шор элинин Абайыш деген жеринде турат. Ал тоолордун төбөсү, Телибестин уулдарынын баштарына сеңселген чач өсүп чыккандай – кара чер токой. Баатырдын татынакай кызы да тоого айланып, толгон-токой байлыгын өзү менен кошо катып алды. Алардан эч айрылгысы келбеди. Баягы куш туура айтыптыр, чынында эле өтө сараң болгон экен, ал сулуу.

 

Тарылык*- азыркы карталарда Сарлык деп ката жазылган.

Которгон: Алтынай Темирова