Болотбек Акматов дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,  Педагогика илимдеринин доктору, профессор Болотбек Акматов дүйнө салды.  Болотбек Акматов 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган. 1988-жылдан тарта республиканын жогорку окуу жайларында эмгектенип келген. Педагогикалык ишмердүүлүгүн азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен баштап, окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, кафедра башчысы кызматтарын аркалап келген. Ал К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде 2012-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы болгон.
Мына ошол мезгилден бери аталган кафедрада доценттин жана профессордун милдетин аткарып, студенттерге кыргыз адабияты боюнча сабак берип келген. Ал ар бир сабагында кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан адабий бай мурастарын, адабий-көркөм өнөрүн, салтын, азыркы мезгилдеги кыргыз адабияты аркылуу бериле турган маалыматтык булактарын колдонуу менен интерактивдүү багытта билим берүүгө аракеттенгени менен башкалардан айырмаланган. Студенттер Б.М.Акматовду чыгармачылык менен берилген сабактары үчүн баалай тургандыгын ал окуткан балдар менен бирге кесиптеш мугалимдери да ырасташат.
Ал университеттин илимий-методикалык, окуу-тарбиялык иштерин жүргүзүүдө өзүнүн жогорку уюштуруучулугун, билимдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды. Ушул сапаттары менен окутуучулар жана студенттер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Б.М.Акматов бир эле кыргыз адабиятынын маселелери менен чектелип калбастан, кыргыз тили, педагогика, психология жана философиянын түрдүү проблемалары боюнча өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Анын калеминен кыргыз адабиятынан тышкары аталган илим тармактарын ичине алган 4 монография, 4 типтүү программа, 3 окуу китеби, 5 окуу куралы, 2 окуу методикалык куралы жана 90дон ашуун түрдүү илимий-теориялык, илимий-попуярдуу макалалары жарык көргөн. Ага адис катары изденгич сапат мүнөздүү, ушул сапатынын негизинде педагогикалык ишмердүүлүгүн чыгармачылык менен айкалыштырып, Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан уюштурулган Биринчи жана Экинчи гранддык долбоорлорунун, Дүйнөлүк банк тарабынан «Айылдык билим берүү» гранддык долбоорунун конкурстарынан ийгиликтүү өтүп, 2 типтүү программа, 2 окуу китебин, 2 окуу-методикалык куралын жана 2 монографияны чыгарууга жетишкен. Мындан тышкары юридикалык адистикте окуган студенттер үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен басмадан чыккан (авторлош). Ал мындай сапатын К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде да көрсөтө алды. Университеттин окуу-методикалык иштерине активдүү катышып, Окуу-методикалык кеңеште бир нече жолу мазмундуу доклад жасаган. Алар өз кезегинде БМУнун Жарчысына жарыяланган.
«Кыргыз адабиятын жогорку жайларында компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун технологиясы» аттуу докторлук ишин ийгиликтүү жактап, жогорку окуу жайлар аралык, республикалык, ошондой эле Эл аралык конференцияларга жана коомдук иштерге активдүү катышып келген. Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган. Кыргызстан Журналисттер жана Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

“Кыргыз-казак адабий байланыштарынын жаңы доору” (20-жылдар) Монография, “Кыргыз-казак адабий байланыштарынын 30-жылдардагы көп түрдүүлүгү” Монография, “Кыргыз тилин окутуунун инновациялык технологиясы” (Теория жана практика). 1-2-китеп, “Кыргыз тили 5-класс. Кыргыз мектептеринин кыргыз класстары үчүн окуу китеби”, “Кыргыз тили 5-класс. Мугалимдер үчүн окуу методикалык куралы”, “Кыргыз тили 1-класс. Орус мектептери үчүн окуу китеби”, “Кыргыз тили 1-класс. Мугалимдер үчүн окуу-методикалык куралы”, “Болонья процесси жана жогорку окуу жайларында кыргыз адабиятын компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун теориясы жана практикасы” (Окуу куралы), “Кыргыз адабиятын жогорку окуу жайларында компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун технологиясы” (Монография), “Адабият таанууга киришүү” (Студенттердин өз алдынча иштөө жумуштары), “Түш жоруу”, “Дубаланган курма” аттуу китептеринин автору.

Болотбек Акматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

КРУЖС Башкармалыгы