Блог

Кыргыз адабиятчысынын китеби Түркияда жарык көрдү

Белгилүү окумуштуу, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” аттуу китеби Түркияда жарыкка чыгып, түрк окурмандарынын колуна тийди. Аталган эмгек улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Анкара шаарындагы белгилүү “BENGÜ’ басмаканасында басылып чыкты. Кыргыз адабиятчысынын бул илимий китебин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Халит Ашлар түрк тилине которгон.

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. КР Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн өттү. Сүйөркул Тургунбаев Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда туулган. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген. 1989-91-жылдарда Кыргызстан басма сөз министрлигинде жетектөөчү адис, Кыргыз Республикасынын толугу менен…..

КР Улуттук жазуучулар союзуна жаңы мүчөлөр кабыл алынды

КР Улуттук жазуучулар союзуна жаңы мүчөлөр кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алуу боюнча атайын комиссиянын чечими менен 9 киши жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынды. Поэзия, проза, публицистика, балдар адабияты жана орус тилдүү чыгармачыл акын-жазуучулар менен иштөө секцияларынан жалпы автордон сунуш келип түшкөн. Комиссиянын чечими менен төмөндөгү авторлор мүчөлүккө кабыл алынды Матисаков Бекболуш Бүбүсара Аруужан Калыкова Абдрахматов Канатбек Бекбоева Айдай Арбуду Цунвазы Саламатов Урмат Караханиди Константин Жапар уулу Орозалы Иманалиев Каныбек КР Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган калемгерлерди куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Жаңы кабыл алынган толугу менен…..

Кыял Тажиева: Жөргөмүш

Жөргөмүш (сатиралык драма) Катышуучулар: Жөргөмүш Теребел – кумурскалардын командири Капен – оппозиционер Чебелек Куни Айкын Бадырак Командир – “Кудай бар” командасынын командири. Үмүт Топук Чымын Чиркей Кумурскалар 1-көшөгө Сахнада кумурскалардын уясын чагылдырган дөбөчө. Ал эми жогору, бийик жакта толгон ай формасындагы алма илинип турат. Алманын бир тарабы чирип калгандай киргилт күрөң түстө. Ал эми бир тарабы кыпкызыл түстө. Сахнада канатын жайып бир периште айланып жүрөт. Кадр сыртындагы периштенин үнү: Бул өмүр өзү кандай ажайып эле! Кандай ырахаттуу эле! Бирок жер бетиндеги тирүү жандар аны өздөрү татаалдантып алышты! Бул жашоону ким толугу менен…..

Рюноскэ Акутагава: Эне

Эне Күзгү баарын көрсөтөт эмеспи. Мына ушул бурчта турган күзгүдөн кадимки шанхай мейманканасынын экинчи кабатындагы бөлмө дыкат жыйналып коюлгандыгын байкоого болот – дубалдары европалык ыкма менен сырдалган болсо, полуна жапон ыкмасынын негизинде бойро[1] төшөлгөн. Көгүлтүр түстөгү дубалдарына дагы бойро илинип коюлган. Күзгүдөн дагы бир элести – сокмо согуп, күзгүгө аркасын салып отурган аялдын элесин көрүүгө болот. Айдалысын жаап турган суйдаң кара чачынын арасынан үстүнө кийип отурган кимоносу агарат. Дубал артынан угулуп жаткан ымыркай баланын ыңаалап ыйлаганы болбосо, бөлмө ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Баса, ошол жымжырттыкта баланын ыйлаганынан сырткары, тыным билбей толугу менен…..

Байтемир Асаналиев: Китепкөй бала

Бул эмне? Ар нерсени көрсөтүп: “Бул эмне?” деп сурай берет. Аздан-аздан Актанга, Акыл кирип жатат, демек.   Ат Куйрук, Көкүл, Жалы бар, Адамга дос жаныбар. Атты, бөбөк, таанып ал! Бала кезден ат минип, Көнүккүлө баарыңар!   Ойлоном Эртең менен ойгоном, Эмне иш жасайм? – Ойлоном… Жардам берем Апама, Жагат анан ойногон.   Жаз келгенде Көк шиберде чалкамдан Көктү карап жатамын. Учуп өтөт турналар, Бузбай бир да катарын. Мемиретет күн нуру, Мээриминдей апамдын.   Жай Жай мезгили келгенде, Жайнады гүлдөр бүт жерде. Көпөлөктү “кон-кон” – деп, Бөбөктөр ойнойт күн кечке.   толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр

Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр Азыркы оомалуу-төкмөлүү заманда кыргыз көркөм  сөз өнөрү арабасын кылдыратып, эзелтеден берки эпикалык бай дүйнөбүздүн түндүгүн түшүрүп, коломтосун өчүрбөй келатканына мен кыргыз жараны катары да, адабий ишке тиешеси бар кесипкөй инсан катары да миӊ мертебе шүгүрчүлүк кылып келем. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдарында биринчи сокку биздин экономикабызга эле эмес, ошону менен катар эле маданиятыбызга тийгени да күнү бүгүн эстен кетпейт. Жылмалабай ачыгын айтсак, ушу бүгүнкү күндө да жыргап кеткен абалда эмеспиз. Башкасын айтпаганда да, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын калайык калкка тааныштырып, байма-бай жарыялай турган, дамамат чыгып туруучу бир дагы толугу менен…..

Үмүт Култаева: Аялзат асирети: Афина жана аялмээр

Аялзат асирети: Афина жана аялмээр (Жаш акын Афина Бакированын чыгармачылык изденүүлөрү) Чыгармачылык хаос… Ар бир чыгарма мен үчүн өлүп кайра тирилүү Чынгыз Айтматов Афина Бакирова – азыркы кыргыз поэзиясында келечегинен үмүттөндүргөн жаш акындардын катарында унутулбай саналган калемгерлердин бири. Анын алгачкы  “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын”  аттуу ырлар жыйнагында  көз мончоктой жаш кыздын жаштык, сүйүү, табият, ата-эне, дос жөнүндөгү али ууз  сезим-туюму көркөм чагылып, ага аттуу-баштуу акындардын (А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, А.Темирова ж.б.) көзү түшкөн. Таза кыздай наздуу ырлары менен “Алыкулдун ак боз ат” фестивалында  лауреат болууга татып, андан соң Жазуучулар союзуна мүчөлүккө толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Титаник

Титаник (аңгеме) Алыс-жуукка аз чыккангабы, Анталияң түшкүр, Жунус абага жердин түбүндөй көрүндү. Самолёт ичин өз үйүндөй көрүп, ортолук менен өдө-ылдый баскандарга теңелбей кыстоосу келгенде гана козголбосо, учак келип конор-конгончо бир ордунан жылбады. Аягы жерге тийип-тиелекте утурлай чыккан сакал-мойлоочон эки жигит алардын жүк-пүгүн көтөрүшүп, ак бусик менен чай кайнамга жеткизбей “Титаник” мейманканасына алып келишти. Ал жерден Ак деңиздин жака-бели алаканга салгандай бир ажайып көрүнөт экен. Жээк бойлой бийик өскөн пальмаларды мурда-кийин көрбөгөнгө Жунус абанын көзүнө бир калаты учурады. Чыдабай кетип; “мунуң миң тамырлуу болгон менен көлөкө бербесе кайкалап өскөнү бир пул. толугу менен…..

Арслан Койчиев: “Вице-президенттин” соңку каты

“Вице-президенттин” соңку каты (“Каяктасың, Тяньшань?”) С.Анын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арналат I Багалчагы катый элек балалык кезинде атагы Ала-Тоонун булуң-бурчуна абыдан угулган манасчы болмокту кыялданган, чырымтал жигит чагында Фрунзеге келип, мугалимдиктин үч жылдык окуусуна түшчүсүндө, жок эле дегенде элимдин Толстой сындуу эпсиз мыкты жазуучусу болуп берсем деп дегдеген, а бирок бу жарыкчылыкка маңдайы кайкы, багы тайкы туулган экен, ошондогу кыял-тилектин биринен кудай айтпай, ойдо жок жерден немис менен согуш чыгып, ошол согуштан жаманатты болуп “вице-президент” атыгып кайткан С. А. ыкшыткан жөтөлү тыйыла түшкөндө темир керебеттен чымыркана араң турду да, илкий толугу менен…..