Блог

Генрих Дик: Тоодогу балык уулоо

Акын, жазуучу, драматург, котормочу, коомдук ишмер, Украинанын эл аралык адабият жана искусство академиясынын мүчөсү Геннадий Дик – биздин жердешибиз. Кыргызстандын Талас жергесинде Ленинполдо туулуп, Советтер Союзунун мектебинен өтүп, 1979-жылы Пермь мамлекеттик университетин аяктаган. Адвокат, юрист кеңешчи болгон. 1993-жылы Германияга көчүп кеткен. Учурда Германияда жашайт, китеп чыгарган чоң басмакананы жетектейт. Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, айрыкча орус окурмандары тарабынан жакшы кабылданган. Көп макалалар жазылып, изилдөөлөр жүргөн. Айрыкча анын “Күмөндүү немис (Немец под вопросом)” китеби улуттук аң-сезим, өзүн-өзү таануу, адам тагдыры жаатында катмарланган түрдүү ойлорду камтыйт. Генрих Дик Тоодогу балык уулоо толугу менен…..

Ризван Исмаилова: “Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!”

“Куштар дагы эки-экиден учушат, ушуну такыр эсиңден чыгарба!” (“Августтун сегизинде” деген аңгемени окугандан кийинки ойлор) Аңгеме чакан болгону менен аябагандай түйшүктүү жанр. Көлөмү кичине же чоңдугуна карабайт, ички пайдубалындагы топурак, кум, таш, цемент ж.б. курулуш материалдары сыяктуу жана кандай устанын колунан чыкканы баалангандай, аңгеменин композициясына, тилине, баяндоо манерасына эң башкысы жазуучунун жеке стилине байланышат. Анын сюжетинен, композициялык түзүлүшүнөн алынган маани-маңыз жана идеясын ар бир окурман өзүнчө кабылдайт, өз алдынча чечмелейт. Жазуучу жана журналист Алимжан Алибековдун калеминен чыккан кызыктуу аңгемелерин социалдык тармактан окуп жүрөбүз. Айрыкча анын “Августтун сегизинде” аттуу аңгемеси окурманды толугу менен…..

Эдил Байсалов Улуттук жазуучулар союзунан кабар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Улуттук жазуучулар союзуна келип, төрага Н.Калыбеков менен жолугуп, Улуттук жазуучулар союзунун имараты менен таанышып кетти. Жолугушууга КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башкы эскперти Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, “Учкун” ААК директору Бакытбек Султанов, “Кыргыз Маданият сервис” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушов, Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Чолпонай Тойчубекова, КРУЖС төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, жооптуу катчы Жылдыз толугу менен…..

КР Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын толугу менен…..

Исамидин уулу Бектурали: Жүрөгү түшкөн эшек

Жүрөгү түшкөн эшек Ал учурда мен кичинекей бала элем. Атам менен ар күнү талаага жумушка барам. Бизде машина жок болчу, бирок элдин көбү темир тулпарга ээ болгон. Күрөңүнөн келген эшегибиз бар, кээ бир машинага караганда жакшы жумуш аткарат. Моюн тарабында өзгөчө белги жайгашкан, ошол жерге колуңду тийгизип эле койсоң болду, алдында эмне экенине карабай кубалап тиштей берет, бирок анын пайдасы көп тийди. Талаага уйларды айдап жөнөгөн учурда колуңа таяктын кажети жок, болгону эшектин мойнуна кол тийгизсең эле болду, баарын өзү жайгарат. Бала экениме карабай: “Эшектин да акылдуусу болобу?”- деп таң толугу менен…..

Миргуль Текешова: Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар

Райкан Шүкүрбековдун 110 жылдыгына Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар Биринчиси белгилүү акын-сатирик, экинчиси жазуучу-философ, ортолорунда орток эмне болушу мүмкүн деген суроо туулары бышык. Бирок талант сыры ошондо тура, курч чыгармачылык туюм, эрк, көрөгөчтүк, жасалмалуулуктан алыс турмуштун таза сүрөтү, мына ушул нерселер орток болушу толук мүмкүн. Р.Шүкүрбеков адам турмушуна жат, нравалык-этикалык түшүнүктөргө сыйбаган, коомдогу терс көрүнүштөрдү мыскылдап, келекелеп, аллегориялуу, каймана мааниде, кээде ачык эле шылдың-сатира менен чагылдырган, же поэзиянын учкул кайрыктары, чагылгандай курч учкундары менен тартылып өткөн турмуш картиналары, Ч.Айтматовдо кара сөздүн кубаты менен ташка толугу менен…..

Талант жана тагдыр

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Жазуучулардын адабий фондунун жетекчиси, КР Эл акыны Ж.Саалаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Ө.Тиллебаев, акын, жазуучу Г.Орозматов, adabiyat.kg сайтынын башкы редактору Н.Маамытбаевдер жазуучу Мирзохалим Каримовдун ден соолугунан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүп келди. Узак убакыттан бери дарыланып жаткан жазуучуга дем берип, маанайын көтөрүп, аз да болсо маектешип кайттык. Жашы улуу болсо да Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, А.Акималиевдер менен кезинде жатаканада бирге жашап, бирге окуган экен. Студенттик курагын кеп кылып, Ж.Саалаев “Талант жана тагдыр” деген ырын окуп берди. Талант жана тагдыр (Курсташым, белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу М.Каримовго) толугу менен…..

Курманбек Абакиров: Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп)

Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп) Келгенинен кеткени тез, жыргалы менен таттуулугу дегеле бүтпөй калгансыган жаркын жана жарык бул дүйнөдө ар бир пенде аздыр-көптүр өзүнүн өмүрлүк вазийпасын «пешенеге жазылган» дегендей түркүн-түркүн шартта өтөйт. Адамдык парз-вазийпа канчалык байсалдуу, кайтарымдуу болгонун ошол адам өзү деле терең аңдап-биле бербей, ага бааны чөйрө гана берет да, өмүрдүн кайда өткөнү эмес, кандай өткөнү, же өтүп жатканы, коомго канчалык жакшылыгы менен алынганы анын накта нарк-баркы катары чыгат. Ошол сыңары, өзү башка жерден, башка улуттан болсо да, толгон-токой себептерден, ириде өздүк ишениминен улам башка бир элдин толугу менен…..

Курманбек Абакиров: Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп)

Чабыттуу жолдо (жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп) Келгенинен кеткени тез, жыргалы менен таттуулугу дегеле бүтпөй калгансыган жаркын жана жарык бул дүйнөдө ар бир пенде аздыр-көптүр өзүнүн өмүрлүк вазийпасын «пешенеге жазылган» дегендей түркүн-түркүн шартта өтөйт. Адамдык парз-вазийпа канчалык байсалдуу, кайтарымдуу болгонун ошол адам өзү деле терең аңдап-биле бербей, ага бааны чөйрө гана берет да, өмүрдүн кайда өткөнү эмес, кандай өткөнү, же өтүп жатканы, коомго канчалык жакшылыгы менен алынганы анын накта нарк-баркы катары чыгат. Ошол сыңары, өзү башка жерден, башка улуттан болсо да, толгон-токой себептерден, ириде өздүк ишениминен улам башка бир элдин толугу менен…..

Кыргыз адабиятчысынын китеби Түркияда жарык көрдү

Белгилүү окумуштуу, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын “Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү” аттуу китеби Түркияда жарыкка чыгып, түрк окурмандарынын колуна тийди. Аталган эмгек улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата Анкара шаарындагы белгилүү “BENGÜ’ басмаканасында басылып чыкты. Кыргыз адабиятчысынын бул илимий китебин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Халит Ашлар түрк тилине которгон.