Бешболуш Матисаков: Туура эмес жолго түшсөк кечиргиле, туу сайган Улуу өлкө Баатырлары

Ак халатчандарга алкыш

Түндөбү, күндүз? А балким убак таң аткан?
Туулгандан баштап өмүрдү коштоп бараткан
Таттуусун кечип уйкунун, күн-түн иш менен,
тагдырлар сенин колуңда аппак халатчан.

Чырактай жанып, мээримин төгүп жүзүнөн,
чынжырын улап үмүттүн далай үзүлгөн.
Чындыгы сөздүн, эң ыйык кесип ардактуу,
чыдабайт ар ким, эмгеги татаал күжүрмөн.

Тилектер кабыл, ачылып далай көңүлдөр.
Тирүүлүк даамын татышып далай өмүрлөр.
Тигинен туруп колдошот сени калың эл,
тизелеп таазим кылабыз сага, дарыгер!

Асылы белең адамзат баткан ааламдын?
Акылы белең абайлап баскан кадамдын?
Баарыбыз үйдө, үзүлбөйт үмүт сен барда,
баатыры белең бактысы тайган замандын?

Аруу таң белең шооласы тегиз каптаган?
Жарыкшам белең,жашоого багыт баштаган?
Дарысы белең табылбай жаткан оорунун?
Даанышман белең улуттун денин сактаган?

Ишеним арттык, колуңда жашоо ачкычы.
Илимдин пири, билимдин күчтүү – башчысы.
Иштегин талба, элиңдин сакта эртеңин,
ийгилик сага, ден соолуктардын сакчысы!

Ак бата берсин аксакал Ата – карыя.
Алкышын алгын ак калпак элдин дагы да.
Ак халат кийген ак ниет, аруу – асылдар,
аман бол дайым эл менен бирге, арыба!

Каршыга чыгып, жолун бууп илдет-оорунун,
калкыңдын сакта жан дүйнө, дене соолугун!
Кадырлап сени баркыңды билээр күн келди
калың журт үчүн башкача бийик орунуң.

Учугун улап Улуу Көч кезген түмөн жол…
Урпактар үчүн уютку, урук, үрөн бол!
Үйүндө баары үшкүрүк чыгып үнүнөн,
Үмүттөр сенде, үй-бүлөң менен түгөл бол!

 

Ушул жаз…

Май басып көзүм тургай карегимди,
майдалап өзүм тургай данегимди,
Жанчылып тегирмен таш парасына,
жан дүйнөм жоготконбу дарегимди?

Өмүрлөр өчпөөчүдөй билик болуп,
өлчөмүн пайда, мүлктүн бийик коюп.
Өткөрүп куру бекер жүрүптүрмүн,
өктөмүн мезгилдердин чийип коюп.

Убакыт укуруктап, жетеленип,
удургуп унут калып, кээде келип.
Ушул жаз узак жүрөт окшоп калдым…
Улуу журт келдим кайра тегеренип.

Ажайып айыл жазы толуп турат.
Атакем тиккен багы, конуш турат.
Асманга боюн керген тал – теректен,
ак таңда саламдашкан добуш чыгат.

Ар таңда күндү тосуп нурлуу жүзү,
ар жазда бүчүр байлап күтсө керек.
Армандын күүсүн чалып жайы, күзү,
акыркы жалбырагы түшсө керек.

Жайнаса күндүн нуру, салкын тартып,
жанчылган жан дүйнөмүн жарпын жазып.
Жаныма кел – дегенсип чакыргансыйт,
жайылган кучагына жакын тартып.

Жамгырга суу болосуң, кир – дегендей,
жаан менен жуурулушуп жыты аңкып.
Шуудурап бариктери бийлегендей,
шыбырап жаткан өңдүү акыл айтып.

Мен дагы жазда үрөн сепкен элем…
Мен дагы жаш көчөттөр эккен элем.
Артынып асыл максат моюнума,
айылдан көктөм кезде кеткен элем.

Көк тиреп көчөттөрүм өскөн экен…
Көп мезгил билинбестен өткөн экен…
Ушул жаз көпкө жүрөт окшоп калдым…
Убакыт, тагдыр – буйрук өктөм экен.

Жемишин төгүп турат элге дайым,
жер жебейт, эр эмгегин элге дайын.
Бир кезде мага бойлош көчөттөрүм,
бийиктен карайт мени келген сайын.

Олтурам, Ата мурас – эккен багы…
Ойлонуп убакыттын кеткен чагын…
Серпилет балапандай канаттары,
селкинчек, мен тиккен бак, кенжетайым.

” Балдардын кенен болсун келечеги.
Башынан түшпөй калпак, элечеги,
бакубат жашоо болсун элибизде,
бапестеп, барктап ыйык Жер Энени”.

Апамдын ак батасын кошуп туруп,
аруулап айланасын тосуп туруп.
Балдарым, кошуналар тилек кылып,
баарыбыз жаңы көчөт отургуздук.

Көчөттөр… үмүт, сүйүү тамырында,
көйкөлүп мөмөлөсүн, соолубасын.
Жашообуз кайра түшүп калыбына,
Жараткан тилектерди орундасын.

 

Оо жер эне, кечир бизди

Эне – бала бүтүндүгү, телегейди
теңдеткен.
Асыл ойлор канат күүлөп бийиктерге серметкен.
Аалам сулуу. Сүт жыттанган наристе
тынч уйкуда,
алдейлеген Эне үнү, арча бешик
терметкен.

Оо Энелер, кечиргиле, уул – кыздарды
эр жеткен,
турмушунда билип – билбей туура эмес
жол кеткен.
Уя бузуп, балдар ыйлап, үйдүн кутун
учурган,
күнөөлөрүн кетиришкен сезип, балким сезбестен.

Энелердей мээрим төгүп адамзатка
келди эле.
Ай – ааламда тирүү жашоо жалгыз гана Жерде эле.
Күн нуруна эркелетип, шамал созуп
обонун,
жамгыр сиңип, берекелүү түшүмдөрүн берди эле…

Жер силкинип, деңиз толкуп… ага маани бербедик.
Ок жаңыртып, от тутантып тоо – талааны теңдедик.
Куюн жүрдү. Сел каптады, көздүн жашы нөшөрлөп,
Эх адамзат, ошондо да жоопкерчилик сезбедик.

Оо Жер Эне, кечир бизди, сен бар үчүн
тирүүбүз.
Сени менен шайкеш жашап, сени менен сүйүүбүз.
Оо адамзат, эсиңе кел, өзгө – жатка бөлүнбөй,
Жер Эненин кең кучагы – баарыбыздын үйүбүз.

 

*******

Эргүүлөрдүн каймагын калпып алып,
эртеңдерге зор максат артып алып.
Арман күүсү жүрөктө, талант жүрөт,
арабасын турмуштун тартып алып.

Убадасы ар күнү ураан болуп,
учур чакка аргасыз курал болуп.
Жан дүйнөсү жанчылып талант жүрөт,
жарык көрбөй чыгарма убал болуп.

Күрүлдөгөн сезимдер жүлүндөгү,
күн нурундай коштошуп күүгүмдөгү.
Эртеңдери айланып кечээгиге,
эч пайдасыз өтүүдө бүгүндөрү.

Өткөн ар бир мүнөттөр жоготуу да,
өзүн өзү эртең деп, сооротуда.
Өжөр мезгил токтотпой өктөмдүгүн,
өмүрүнүн четинен коротууда.

 

Күтүү… Үмүт… Сагыныч…

Жашоону сезбей бир өмүр сүрөт
арманда,
жалгыз бой калып маңдайга тагдыр жазганда.
Жаш жигит кезде жалгандан коюп жалааны,
жан шерик жарын кулакка тартып
алганда.

Чыркырап чындык чыдабай жүрөк жалганга,
чырылдап ыйлап чырпыктар жетим калганда.
Чаалыкпай күн-түн балдарын араң чонойтсо,
чакырып кетип аларды дагы
майданга.

Үшкүрүк чыгып үркөрдөй болуп
үйүлүп,
үй бүлө менен уланып дагы
тирүүлүк.
Үмүтүн үзбөй үч уулу менен
жарынан,
үч келин менен жол карап күттү
үңүлүп…

…. …. …. …. …. …. …. …. …. …. ….

Табышмак өмүр… Татаалдап өлкө
тагдыры,
так ошол бойдон уланып жашоо
агымы.
Ток пейил элим, томсоргон сага
жарашпайт,
Тоолордой бийик билгенге Жеңиш
кадыры.

 

*******

Көз жашка, муңга толуп каректери,
көрүнгөн жерде калып данектери.
Бир кезде бир муштумдай биримдиктин,
бир – бирден чачыраган даректери.

Тарыхты бурмалайбыз, жемелейбиз,
тагдырга нени жазат, кенебейбиз.
Бакытты издеп азыр батыш жактан,
баарыбыз өз алдынча эгеменбиз.

Кан менен келген Улуу Жеңиш эле,
карт тарых барагында атың калды.
Туура эмес жолго түшсөк кечиргиле,
туу сайган Улуу өлкө Баатырлары.