“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду.

Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу.

Бул жолку көрсөтүүдө Абдижалил Бетегеев, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Атахан Кожогулов, Динар Мамбетакуновалар ат салышкан. Катышуучулар менен уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен, жеңүүчү болгон Атахан Кожогуловду куттуктайбыз.

Ал эми бүгүн 40-50 жашка чейинки акындар арасында Манас Алымбаев, Максуда Ормонова, Жыпара Арыкова, Алиман Абдыкеримова жана Жыргалбек Алымжан уулу кызыктуу таймаш көрсөтөт.