Бексултан Жакиев: Улуу үркүндө

Улуу үркүндө

Катышуучулар:

Миңжашар

Калыйча – аялы.

Макечал

Мусажы – болуш.

Кызылчок

Кебек – дудук, Мусажынын тууганы.

Арык киши

Шишик адам

Нес болгон аял

Уюн уурдаткан кемпир.

Эстебес – Мусажынын кошоматчысы.

Качкындар

1916-жылы падыша өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар катуу талкаланып, Кытайга качкан.

***

Караңгы түн. Билинер-билинбес бүлбүлдөп жанган от ыраактан жакындап келаткансыйт. Бул Нес болгон аялдын колундагы чырак. Аялдын карааны дарга асылган өлүктөрдү аралап, балдарын издеп жүрдү. Кара кийген сымбаттуу бул бечара күйгөн чыракты күндүз деле колунан түшүрбөй, балдарын таап алчудай жүрө берет темселеп.

Н е с  б о лг о н а я л. Кудая тобо, балдарым бири калбай караңгы үңкүргө кирип кетпедиби! Каратып туруп эле жер жутуп алды аларды. Издей берип суй жыгылдым. Төлгө тарттырсам, табасың дешти…

***

Жалгыз түп мазар дарак. Сыйынган качкындар.

А р ы к к и ш и. О, жараткан алда! Каарыңа калгыдай кай жерибизден жаздык?! Таалайсыз элек, таалай издеп – кайгы таптык! Көлдүү элек, көлдөн безип – чөлдө бастык! Тууган-жерден айрылып, чилче тарап бытырадык! Бер жардамыңды!

К а ч к ы н д а р. Бер жардамыңды! Бер, Жараткан!

А р ы к  к и ш и. Башыбызга каран түн түштү! Караан болор эр азамат уландарыбыз кайда?!

К а ч к ы н д а р. О, Жараткан!..

А р ы к  к и ш и. Көбүнүн сөөгү көмүлбөй карга-кузгун көзүн ойду! Эркелетээр эне, акыл айтар атадан ажырадык! Туулбай жатып, жатындагы бала өлдү! Көкүрөктө өрт, көздө жаш… күйүт менен ый каптады! Эл күлгөндү унутту…

К а ч к ы н д а р. О, Жараткан!..

А р ы к  к и ш и. Жаратка-ан!

К а ч к ы н д а р. Бер жардамыңды, Жараткан! Бер!

Сыйынуу. Пауза. Тым-тырс.

Н е с  б о л г о н  а я л (уйкусурагансып, эч ким менен иши жок, акырын.) Балдарым алтоо боло турган эле… Же бешөө беле?.. Канчоо экени эсимде жок… Төбөм жарылат. Мээм бөксөргөнбү? Башым оорсунат… Көзүмө эч нерсе

көрүнбөй от чагылышат… Кылычтын мизи?! Шылынган кол?! (Кулагын басып.) Бу эмне чуулдаган? Ыйбы, күлкүбү? (Эсине келип, Макечалды тааныйт.)

Макечал дегенибиз чачы ак, сакал-муруту кара неме, сыйынгандарга кошулбай четте куураган жалбыракты жанаякка ийлеп олтурат.

Макечал?! Сен деле тирүүсүңбү?.. Деги биз кайдабыз? Тиги дүйнөдөбүзбү? Бу – менминби, же менин арбагымбы?.. Тирүү экеним да, өлүү экеним да белгисиз. Эчтеме билбейм… (Бешик ыры сыяктуу бир нерсени кыңылдайт.)

Бешөө!.. Жок! Алтоо… Жо, бешөө? Бешөө?.. (Темселеп басып кетет.)

К а ч к ы н д а р. О, Жараткан!

А р ы к  к и ш и. Жараткан! Бизден арга кетти! Оору-сыркоо. Ач-жылаңач! Өлүү менен тирүүнүн эсеби канча? – белгисиз! Бирок туулгандан өлгөн көп! Тукумубуз курут болбосун, жалгай көр бизди, Жараткан!

К а ч к ы н д а р. Жалгай көр, Жараткан! Жаратка-ан! О, Жараткан!..

Жолоочу жигит кирет. Бул – Миңжашар. Сыйынгандарды карап турат да, анан Макечалды байкап, жанына барат.

М и ң ж а ш а р. Салоом алеким, карыя.

М а к е ч а л. Телпейген жаман ат-такүйү, карыядан жутагансып!..

М и ң ж а ш а р. Чачың аппак, ошон үчүн карыя дедим.

(Какшыктап.) Жаңылыш айтсам, айып көрбө, «иничек».

М а к е ч а л. Жаштын өйдө-ылдыйы чачтан эмес. Агаргысы келсе, бир түндө агарат да калат. (Кекээрлеп.) Тентип келаткандырсың?

М и ң ж а ш а р. Карааныңарды алыстан көрүп, пааналап келдик. Зайыбым эмчекте баласы менен жүк кайтарып калды. Араңарга кошулсак дейбиз.

М а к е ч а л. Аны билермандарга айт! Кошуласыңарбы, кошулбайсыңарбы, мага баары бир.

М и ң ж а ш ар (кекээри келип). А, билерманыңар ким?!

М а к е ч а л. Ай, ушу адамдар! Сүйлөшөт деген ушу деп, көрүнгөндү былжырап сурай берет, сурай берет…

(Мыжыкый адамды туурап.) «Аты ким? Катыны жашпы? Ити үрөбү, үрсө кантип үрөт?..» Ким болсо а болсун, оңбу, тетириби – бир жообун алсаң болду да. Келет азыр! Сурай бер өзүнөн каалаганыңды!

Пауза.

М и ң ж а ш а р (өчөшүп жинине тиет). Кайсы элсиңер?

М а к е ч а л. «Эл?» Ушу да элби?!! Мурда эл болчу, эми качкындар! Күндүз кудайга сыйынышат, түнкүсүн ууру кылышат!

М и ң ж а ш а р. Арасында ууру болсо болоор, бирок баары ууру дегениң?..

М а к е ч а л. Адамдын колунан жакшылык келбейт, уурулук келет. Бүгүн уурдабаса, эртең уурдайт. Буюмуңду уурдабаса, тилегиңди уурдайт. Айтор, зыянын тийгизбей койбойт. Бош турбай далымды чапчып койчу… Ой-ой, болду! Ошончо эле!.. (Өзүнчө күлүп коёт.) Адам биттен жаман. Бит бирин-бири жебейт. Адам жеп коёт. Анан анын ууру эмеси кайсы?

М и ң ж а ш а р. Мунуң дөөрүгөн кеп, тууган.

М а к е ч а л. Болсо болор. Эмне туура, эмне туура эмес – түк билбейбиз. Билебиз деп гана ойлойбуз. Шорубуз мына ушунда! Болбосо тетигинтип капкайдагы кудайга сыйынбайт эле го пенделер. Ана, кудайлап жатып, кыймылдаарга дарман жок, туш-тушка сулап калышты.

М и ң ж а ш а р. Сыягы, кудай жок деген турасың го?

М а к е ч а л. Балким – бардыр, балким – жоктур? Бар болгон күндө да кылып берген жакшылыгы кайсы? Адамдарды ит менен мышыкча ыркыраштырып койгонубу? (Качкындарды көрсөтүп.) Макоолор бакты-таалай издешет имиш! Бизге чейинкилер да тим жаткан эмес. Алар да бакты-таалайын издеген. Бирок бири да таппай дүйнөдөн боздоп өтүп, сөөгү чириди. Өзүң ойлоп көрчү, бала

эненин ичинен түшкөндө, өлүк эле болбосо, жөн түшпөйт. Ыйлап түшөт. Эмне үчүн ошентет? Билесиңби?

М и ң ж а ш а р (келекелеп). Тирүү жан ошентип дабыш билгизип түшөт.

М а к е ч а л. Жо-ок. Ал – периште. Бул дүйнөнүн эшеккана экенин билет, «Азапка келатам, бекер жаралдым» деп, зааркангандан ошентип түшөт. Адам деген ошол, тууган. Бул жалганга ыйлап келет да, онтоп кетет. Жыргаган жан болбойт.

М и ң ж а ш а р (какшыктап). Өлүп алыш керек экен го анда?

М а к е ч а л. Өлсөң өзүң өлө бер. Мен өлгүм келбейт.

М и ң ж а ш а р. Сенин жаның эмне, элдикинен таттуубу?

М а к е ч а л. Бу жалгандын кууралын чыдап көтөргөн да адам керек. Кудай таала мени оттоп кел деп, жарыкчылыкка көчүгүмдөн түртүп чыгарып ийген. Мына, оттоп жүрөм. Жайытым түгөнгөндө кайта чакырат, кете берем.

Бирок (качкындарга карап) тиги дөдөйлөрчө таалай издебейм. Билгиң келсе, таалай деген шордууну ит тиштеп кеткен дайынсыз…

М и ң ж а ш а р (ойлуу). Жүйөлүү сөз… Маани бар бул айтканыңда…

М а к е ч а л (кытмыр). Болсо болор… Анткен менен мен сени таанып турам.

М и ң ж а ш а р (шакабалуу). Кыйынсың го анда?

М а к е ч а л (тигинин сөзүнө жараша). Болсо болор…

М и ң ж а ш а р (дале шакабалуу). Айтчы, анда киммин?

М а к е ч а л (тигинин шакабасына карата үнүн экилентип). Миңжаша-арсың.

М и ң ж а ш а р (аң-таң). Өлүп кетейин, ушу сен соо киши эмессиң!

М а к е ч а л (какшык менен). Болсо болор…

М и ң ж а ш а р. Мурда көргөнсүң го, болбосо!..

М а к е ч а л (кесе). Уккам! «Миңжашар» деген кабарыңды элдин баары уккан!

М и ң ж а ш а р. Уксаң уккандырсың. Көрбөсөң, кантип! тааныдың?

М а к е ч а л. Көргөм бир жолу! Чала-була.

М и ң ж а ш а р. Ошондой дейм да. Бая эле ушинтпейсиңби, өөдө-төмөн маалкатпай.

М а к е ч а л. Кереги эмне? Мыкты-мыкты эр-азаматтарды жаныңа топтоп алып, падышанын аскерин капчыгайдан тосконуңда, сен Миңжашар болчусуң, Баатыр Миңжашар болчусуң. Азыр эмне? Мага окшогон гана жансың. Эми атыңды бөлөк атап, «итпай-чотпай» деп койсо да болот. Же жалган айтамбы?

М и ң ж а ш а р (жактырбай). Бирок оюбуз бөлөк. Сен экөөбүздүн башыбызда башка-башка ой жатат.

М а к е ч а л. Адамдын башындагы ою менен чачына эсеп жетпейт. Башкача ойлогонуңа мактанба. Айтмакчы, жолдошторуң кайда? Окко учтубу?

М и ң ж а ш а р (пауза). Тирүү төртөөбүз калганбыз. Экөө катуу жарадар болчу, жолдо өлүштү… Бирин элге жеткенде, болуш аттырып салыптыр деп уктум. Эмне үчүн экенин өзүм да билбейм.

М а к е ч а л (ийнинен тынып). Каймак кетип, көк сүт калат деген ошол. (Пауза.) Эне-атаң тирүүбү?

М и ң ж а ш а р. Картаң энем бар эле, кымкуут түшүп эл үрккөндө, зайбым экөө эки жакка адашып кетиптир. Жакында кабарын алдым: тегирмен тарткан бир орус калкалап калыптыр.

М а к е ч а л (толкунданып). Энең анда көлдө турбайбы?!

М и ң ж а ш а р. Ооба… Ушундай алааматчылыкта каралашарың болбосо, кыйын экен. Зайбым боюнда бар эле. Элге жетип кошулганымда, араң эле жаны калыптыр. Ач, жылаңач… Тирүү табышканыбызга кубандык. Бирок

менин тирүү барганым бий-болуштарга жакпады. Өзүмдү бир үйгө жеке киргизип алышып: «Бөтөн эл, бөтөн жер… ким экениң билинсе, жалпы журтка салакаң тиет, кеткин» дешти. Арга канча? Айткандарына моюн сундум. Кашымда жолдошторум, колумда куралым турса, алар мага антип айта алышпас беле, ким билет? Арга жок экен, минтип куулуп калдык.

М а к е ч а л (сынамакка). Эми эмне кылмаксың?

М и ң ж а ш а р. Эмне кылмак элем?! Эл көргөндү көрөм да.

М а к е ч а л (ойлонуп калат). И-ии де.

М и ң ж а ш а р. Жашың канчада? Деле болжолдош кыйын.

М а к е ч а л. Сен эмес, өзүм да болжолдой албай калдым. (Качкындарга.) Эй, сулама тийгирлер, кимиңерге чай керек? Алчуңар болсо, жуушабай алгыла.

М и ң ж а ш а р. Куураган жалбыракты чай деп! Уялсаң боло!

М а к е ч а л. Ар ким токочун өз билгендей табат…

М и ң ж а ш а р. Сен алдап табат экенсиң да?!

М а к е ч а л. Өлчөмүнө тууралап, апийим кошуп ийлегем. Ишенбесең жыттап көр.

М и ң ж а ш а р (жыттайт). Жыты билинбейт.

М а к е ч а л. Анда мурдуң таза эмес… Чайдан ал. Болбосо оолак тур, зыяныңды тийгизбей. Качкындар сүйрөлүп, алсыз. Бирин-сериндеп Макечалга келе баштайт. Угуп койгула! Эч кимиңе карыз бербейм. (Арык кишиге.) Айт, канча аласың?

А р ы к к и ш и. Бир кайнатым.

М а к е ч а л. Ордуна берериң барбы?

А р ы к к и ш и. Бир ууч талкан.

М а к е ч а л. Аз!

А р ы к к и ш и. Кудайдан коркпогур, бир ууч талканды аз десең, көзүңдөн чыгат, каапыр!

М а к е ч а л. Ун болсо бир жөн. Бир ууч талканың, эчтемеге жарабайт.

А р ы к к и ш и. Болду, бабыраба! Эки ууч берейин.

М а к е ч а л. Тос анда алаканыңды.

А р ы к к и ш и. Жо, алаканга жугуп калат! Буга сал! (Белбоосун тосот.)

Н е с б о л г о н а я л (мелтиреп алакан сунат). Дарыңан мага да бер.

М а к е ч а л (тайсалдап). Бул дары эмес… чай.

Н е с б о л г о н а я л. Мейли.

Макечал «чайдан» аялдын колуна тез сала коёт.

Н е с б о л г о н а я л. Муну эмне кылайын?

М а к е ч а л. Кызылын чыгарып, кайнатып ич…

Н е с б о л г о н а я л. Макул. («Чайды» сугунат.) Эми балдарыма да бер.

Макечал эмне дээрин билбей алдастай түшөт. Оңтойсуздануу. Аялды аяп, баары тым-тырс.

Н е с б о л г о н а я л. Бербейсиңби эми, кечке сурантпай.

А р ы к к и ш и. Балдарың өзү келип алып кеткен! Батма…

М а к е ч а л. Ооба, ооба! Бергем аларга!

Н е с б о л г о н а я л. Баары келдиби?! Алтоо!.. Бешөө, тең?!. Байкуштарым… канча күндөн бери ачка! Ичегилерине жылуу суу барбай чыйпыйлары чыгып кетти эле. Эми ойноп отурушкандыр, ээ? Барып, жандарында турайын.(Кубанычтуу чыгып кетет.)

Тунжуроо.

Ш и ш и к  а д а м. Карандай суу иче берип, муундарымды сары суу басып кеткен көрүнөт. Карачы, күндөн күнгө күпчөк болуп шишип баратам. Атаң ыраматылык табып киши эмес беле, өнөрү сага да жуккандыр, тамырымды кармап бересиңби, Маке?

М а к е ч а л (кыртышы сүйбөй). Эбепке-себеп, чайдан коюу кайнатып ич. Ашынып эле кетпесе, шишикке миңдин бири.

Ш и ш и к  а д а м. Ордуна берерим жок, кантем?

М а к е ч а л. Ой кокуй о-ой, төөнүн жарты этиндей болгон. Ансыз да мага карыздарсың.

Ш и ш и к  а д а м (ындыны өчүп). Аның ырас… (Сүйрөлүп кетип баратып токтойт. Көпчүлүккө.) Бир элдин тукуму эмеспизби, күнүм бүтүп өлүп калсам… сөөгүмдү ит-кушка жем кылбай эптеп жашырып койгула… Силердин мага кылган соопчулугуңар ошо болсун…

М и ң ж а ш а р. Адамга жакшылыгың жок, куубаш өлчү неме көрүнөсүң!

М а к е ч а л. Өлгөн адамдын башы эч качан эт байлабайт. Чыкый бөксөрөт. Каңылжаар эңшерилет. Мээ соолуйт. Чечекейдин ордуна топурак толот. Тиги чуңкуру менен бу чуңкурунда кыжылдап, курт-кумурска тукумдап ойнойт.

Акылманыңдын да, акмагыңдын да акыры көрөрү ошол. (Мазак менен.) Же сенин башың күнү бүгүнкүдөй жата береби бузулбай?

М и ң ж а ш а р. Амал канча! Баягы учур болгондо башкача сүйлөшөт элек!

М а к е ч а л. «Баягы учур?» Аның кайсы? Никелейге союл көтөрүп чыкканыңарбы? (Мазактап күлөт.) А-аа, кешиги жок шордуулар. «Баягы учур» деп! Абышка күүдөн калса, күйөөлөгөн күнүн самайт. Бешатарга каршы жаа

тарттыңар, замбирекке каршы кара мылтык түтөттүңөр! Кана, не муратка жеттиңер?

Өкүмүнө паашанын

Көнүшпөдү кайран эл.

Көнбөсө да жеринде

Өлүшпөдү кайран эл…

Ушубу тапканыңар?

М и ң ж а ш а р. Орус кедейлери падышаны тактан кулатыптыр деген каңшаар бар. Ошо чын болсо, «кайран элдин» кара мылтык түтөткөнү текке кетпейт, тууган!

М а к е ч а л. Э, кеңкелес! Падыша тактан кулаптыр дегенче, төөнүн куйругу жерге жетиптир десеңчи. Оңой ишенет элек.

А р ы к к и ш и (Миңжашарга). Айтышып убара болбо, балам. Мунун жосуну курусун. Мончоктой болгон аялын бир сүткорго сатып ийип, калың жеди. Анан кантип ушундан жакшылык артсын! А көрөк, жайыңды айтчы. Азыр өз көлөкөбүздөн өзүбүз коркуп турган учур. Чоочун адам жолукса, зыяны тийбегей эле деп, бир чети чочулайбыз. А, балким, жакшылыгы тиер деп, үмүт да кылабыз. Кана, балам, бу экөөнүн кайсынысы колуңдан көбүрөөк келет?

М и ң ж а ш а р. Жакшылыкка – жакшылык, жамандыкка – жамандык. колумдан экөө тең бирдей келет. Өтүк ултарам, чака-чайнек каңдайм. Билген өнөрүм ушул, аксакал.

А р ы к к и ш и. Аның жакшы экен. Бизге бул өнөрүң абдан керек: жыртык-тешигибиз өтө эле көп… Атың ким, чырагым?

М а к е ч а л (туурадан чыгып). Аты – Миңжашар. Уккан жок белең?

А р ы к к и ш и. Кайсы? Кадимки Миңжашар болуп жүрбө?!

М а к е ч а л. Дал өзү! Эл-журтуна батпай куулуп келиптир. Бизге кошулса, жыргайт имиш!

А р ы к к и ш и. Э, сөөдүрөбөчү! Оозуңа келгенди оттой берген бир ойрон экенсиң!

М и ң ж а ш а р. Миңжашар экеним ырас. Араңарга кошулайын дегеним да чын.

Пауза.

А р ы к к и ш и. Анда кал. Сени кантип жерийли? Мусажы дей турган «тыңыбыз» бар. Аны өзүбүз көндүрөлү.

М и ң ж а ш а р. Ыракмат. Мен барып, зайбым менен баламды апкелейин. (Чыгат.)

М а к е ч а л. Кудай мындай бербеспи, Миңжашарды кошуп берип…

А р ы к к и ш и. Сен эмне деп эле кобурап жатасың, яа?

М а к е ч а л. Мен эмес, тил кобурап жатат. Өңгө тыйылса да тил тыйылбайт. Түндө түшүмө энем менен атам кириптир. Өлүп алган ошолор сүйлөп жүрөт, анан ким сүйлөбөсүн.

А р ы к к и ш и (кыжырлуу). И, эмнени сүйлөп жүрүптүр аларың?

М а к е ч а л. Сени жакшы көрүшчү эмес беле, сагыныптыр. «Келсин» дешти. Калган сөздү барганда өзүң сурап ал.

Ү н. Болуш келатат!

Мусажы, Кызыл чолок, Кебек дудук, Эстебес, аларды ээрчип, уюн уурдаткан кемпир кирет.

М а к е ч а л. Жакшы кабар айтсам, сүйүнчүсүнө эмне берер элең, мырза?

М у с а ж ы. Жакшы кабарды кантип кур калтырайын? Ир алды айтчы.

М а к е ч а л. Баатырлуу болдуң!

М у с а ж ы. И, а каяктагы баатыр экен?

М а к е ч а л. Кадимки Миңжашар баатыр! Сени дубанда жок «акылман», пендеде жок «калыс» деп угуп, пааналап келиптир. Жигитиң болсом дегенде, эки көзү төрт.

М у с а ж ы. Э, ажыккызданбачы. Макечал!

М а к е ч а л. Ушинтет. Бу кыйындарга сүйүнчү айтсаң да жакпайт.

А р ы к к и ш и. Келгени анык!

Пауза.

М у с а ж ы. Мен аны чатак неме деп уктум эле!..

А р ы к к и ш и. Мусажы! Бөтөн эл, бөтөн жерди сагаалап калдык! Миңжашардын арабызда болгону абдан керек! Ачкадан кырылып, түгөнмөй болдук. Ууру күчөдү! Сен элди ушуягынан калкала, болуш.

М у с а ж ы. Муну ырас айттың. Кеңешип кескендин бармагы оорубайт. (Уюн уурдаткан кемпирди көрсөтүп.) Түндө уюн уурдатып ийиптир…

А р ы к к и ш и. Бошонуп кеткендир?! Жакшылап карадыңбы?

К е м п и р. Карадым. Барбаган жердин баарына бардым. Абышка да тигинтип төшөктөн турбай жатса… күнүбүз бүткөн экен. Үйдө же чымчым талкан болсочу…

Н е с б о л г о н а я л. Ыйлаба… Сабыр кыл, жеңе. Неберең тирүү. Менин балдарыма кошулуп, мүрзөдө ойноп жүрүптүр. Эмчегимди эмизип, тойгузуп келдим баарын… Дагы барам… (Кетет.)

М а к е ч а л. Жыргал эле ууру менен өлүк жеп семирген иттики болду! Аларды айт-уйт деген жан жок. Ээн-эркин. Курсактары ток! Болушуң барбы, жокпу – аларга каакы да эмес.

М у с а ж ы. Дайны жок тамтаңдаба. Макечал! Айт-уйт дебегенде, мен эмне, жөн жатып алдымбы? Ууруну таап берген күнүм да болду. Андай айттык, мындай айттык…

М а к е ч а л. Айтканың эсимде жок.

М у с а ж ы. Жалксын деп, көк-ала койдой сабап да көрдүк…

М а к е ч а л. А-а, мунуң эсимде.

М у с а ж ы. Кана, тыйылганы? Кайра күчөп жатат… Эми бир гана арга бар… (Унчукпай калат.)

А р ы к к и ш и. Айт! Аны да угалы.

Пауза.

Миңжашар аялы Калыйчаны ээрчитип кирет. Аялынын колунда бала бар.

М у с а ж ы. Өлтүрүп эле тыйбасак, ууру тыйылбай калды. Качкындар дүргүй түшөт.

А р ы к к и ш и. Аша чаап кетебиз го?!

М у с а ж ы. Тыйганга жараша тыйгандай тыйыш керек да!

А р ы к к и ш и. Арга түгөндү го! Кана, буга эмне дейбиз?! Айткыла, журт!

Качкындар үрөйү учуп, жооп кайырбайт.

М и ң ж а ш а р. Мырза, келбей жатып сөз талашат деп, айып көрбөңүз, бу аксакал туура айтат. Адамды өлүмгө кыйыш оңой эмес. Жакшылык кабар угулду. Тобокел деп, кайра көлгө кайталы.

К а ч к ы н. О, кудай! Көлгө жетип өлсөк, арман жок! Кайталычы, туугандар!

М у с а ж ы (тырчып). А кабардын чын-бышыгына жеткен эч ким жок!

М и ң ж а ш а р. Төгүн жерден өрт чыкпайт, мырза! Тобокел кылалы!

М у с а ж ы. Баары бир! Уурунун кендирин кесип туруп, кетсек анан кетебиз! Болбосо, жол алыс, жеткенче баарыбызды отоп салат!

К а ч к ы н д а р: – Мейли! Мусажы айткандай болсун!

–Жоо аяган жаралуу! Ууруну өлтүрүш керек!

–Туура! Туура!

М а к е ч а л. Туура эмес! Тирүү жан бар жерде ачарчылык бар. Ачарчылык бар жерде ууру жүрбөй койбойт. Өлтүр-өлтүрбө, баары бир, адам акмакчылыгынан арылбайт.

А р ы к  к и ш и (Мусажыга). Бийлик сеники – эл сеники. Эл ичиндеги тээжик, бузук да сеники. Бизде эмненин кеби? Өз көөнүңө жаккандай иш кыласың да…

М у с а ж ы. Эмесе мындай болсун. Ар урукка бирден киши дайындайлы. Милдетин ошол алсын. Ууру кайсы уруктан чыкса, ошол урук өз уурусун өлтүрүп берсин… Макечал, сен…

М а к е ч а л. Жо-ок, кокуй, кой! Бирөөнун уурусун тыймак түгүл, өзүм ууру болуп кеткени араң жүрөм. (Чыгып кетет.)

М у с а ж ы. Бирөөнү жакынсытып, бирөөнү ырааксынтып, өң кароо деген болбосун, туугандар. Бөлөк арга жок. Атам ууру кылса атамды, энем ууру кылса энемди – ошо замат алдыңарга мууздап берем. Өзүм ошентсем, өзүмдү

да аябагыла. Этин жеген да ууру, сорпосум ичкен да ууру. Ууруну жаап-жашырган да соо калбайт… Эми бу байбиченин уюн жабыла издейли. Кебек! (Кебек дудук жанына барат.) Бар, менин атымды току. (Миңжашарга.) Турбагыла. Силер да карашкыла.

Миңжашар аялы менен элдин артынан кетет.

К ы з ы л ч о к. Мырзам!.. Элди бөөдө дүрбөттүңүз. Уй Кебек тууганыңыз колдуу болгон…

М у с а ж ы. Акмак го!.. Жөнө! Андай туугандын мага барынан жогу! Тезинен сүйрөп кел! Элди да чакыр! Ууру кылыш кандай экен, көрүп алышсын!

К ы з ы л ч о к (токтоо). Анын уурулугун эл билбегени оң, мырзам. Жеке эле ушул уй дейсизби, мурункулары канча?..

М у с а ж ы. Эй! Кебетеси, ушу сен да соо эмессиң го, яа?!

К ы з ы л ч о к (кенебей). Азыр таза адам табыш кыйын. Сиз деле соо эмессиз.

М у с а ж ы. Кудая тобо! Ушундай да бет тырмаар болот экен ээ!

К ы з ы л ч о к (эми катуулап). Угуп туруңуз! Мен бет тырмаар эмес, мойнуңузга салып берем!

М у с а ж ы (кекээрлеп). Кана, салчы көрөйүн!

К ы з ы л ч о к. Ууру ким? – Мусажынын тууганы! Дагы ууру ким? Мусажынын жан-жөкөрү! Айтор, Мусажыга жакындын баары ууру! Эл ушинтип айтат. Бул – бир деп туруңуз!

М у с а ж ы. Ии, «бир» дедим!

К ы з ы л ч о к. «Сорпосун ичкен да ууру» деп айттыңыз, ыраспы?!

М у с а ж ы (кекетип). Айттым!

К ы з ы л ч о к. Сиз сорпосу түгүл, этин кошо жедиңиз! Майда тууратып алып, аябай ашадыңыз эле го…

Му с а ж ы (аргасы жоктон). Кайсы?..

К ы з ы л ч о к. Түндөгү эт!

М у с а ж ы. Эмне эт бергениңди каяктан билипмин?

К ы з ы л ч о к. Жо-ок, калп эле тымпыйган менен ууру эт жеп атканыңызды сезгенсиз! Эгер сезбесеңиз: «бу каяктагы эт, эрте чакырбай түн ортосу ооганда чакырганың кандай?» деп, сурабаганыңыз үчүн да күнөөлүүсүз. Анткени, сизди болуш дейт. Бул – эки деңиз!

М у с а ж ы (аргасы куруп). Башка жактан уурдалган мал экен десе, а сен…

К ы з ы л ч о к. Үчүнчүдөн, көчүгүңүз бош! Эл сизди кулата албай эле араң турат. Аны түшүндүңүз да, арга кеткендеги тапкан акылыңыз азыркы болду!..

М у с а ж ы. Мен ошону ойлопмунбу? Баш-аламан, элде тартип жок. Ырк бузулду…

К ы з ы л ч о к. Мейли! Каалаган жазаны колдоно бериңиз. Анда каршылыгым жок. Ууруну жерден чукусам да табам деп, элге убада кылдыңыз. Мейли, таба бериңиз. Ага да макулмун. Бирок, Кебек тууганыңыздын айбы ачылбасын! Ачылса, ал жеке өлбөйт! Мени ала жыгылат. Мен сизди ала жыгылам. Анан эмне болот? (Бата кылып коёт.) Алдо акпар! Сен да жок, мен да жок, Кебек да жок! Сөөгүбүз сөпөт, устуканыбыз упат! Жаны карайып, араң турган эл үчөөбүздү үч жакка тытып кетет. Тытып!

Му с а ж ы (аргасы түгөнүп). Сени менен жүргөн адам, сөзсүз, арам өлөт. Айламды жаман түгөттүң го, ит! Сызга далай эле отургуздуң… Кантейин, түлкүсүң да… Э, жүзүң курсун сенин, жогол ары!

К ы з ы л ч о к (күлүп). Болуптур, болуптур, жоголоюн… Айтмакчы, жанагы Миңжашар деген неме элди тетири баштап кетчү бузуку көрүнөт. Байкадыңызбы аны? Ошол сызга отургузбасын. Абайлаңыз. Ал жөнүндө да ойлогонуңуз түзүк… (Чыгат.)

***

Эртеси. Нары бадалда жайылган кир. Миңжашардын алачыгы ушу четке тигилген, бирок анын көрүнүп турушунда эч кажет жок. Алачык бар деп гана түшүнүүбүз керек. Миңжашардын аялы Калыйча баятан бери тиричиликтин алакетинде болуу керек: көшөгө ачылган соң майда-бачек кир-когун каруусуна илип чыгат да, текилдеп жүрүп бадалга жая-жая салат да, текилдеген тейинче кайта алачыгына кирип кетет. Үйдө балкасын чаңкылдатып, Миңжашардын узанганы угулуп турат. Макечал чекенди күйгүзүп, таш коломтонун жанында насвай ийлеп олтурат. Бир-эки тентиген качкын мазарга сыйынып алып, кайта кетет. Эски булгаары этек-кап тартынган Миңжашар алачыктан чыгып, туташкан далысын жазып, керилет.

М и ң ж а ш а р (көңүл улап сурап коёт). И, соода кандай, Макечал?

М а к е ч а л. Жерге кирсин, начар.

М и ң ж а ш а р (тамашалуу). От эле жагып калыпсың, эмне үшүдүңбү?

М а к е ч а л. Чайдан качкындардын көңүлү калганбы, сурашпайт. Ойлосом, асмай түзүк өткүдөй, чекенде күйгүзүп отурам. Асмай атчу белең?

М и ң ж а ш а р. Жок.

М а к е ч а л. Аның жаман экен.

М и ң ж а ш а р. Эй, бармагың көрүнүп калыптыр го. Чеч өтүгүңдү, жамап берейин.

М а к е ч а л. Жо. Ачыгы жакшы, шамалдап, бут салкын жүрөт. А көрөк, айтчы, быяктын күнү каяктан чыгып, каякка батат? Акылым түк жетпей койду…

М и ң ж а ш а р (күлүп). Күндүн уясын көрөм десең, бырылдап уктап жатпай эрте ойгонуп жүр.

М а к е ч а л. Баары бир, быяктын чыгышы менен батышы тетири сыяктанат. Же эмки замандын күнү ошондой тетириби?.. Аа, ана! Асмайчы келатат!

Эски чайнекти кармап, Арык киши кирет. Кел, асмай чек, кумарың таркасын.

А р ы к к и ш и. Дагы сатам дээрсиң?

М а к е ч а л. Тигини! Сатпаганда, бекер асмай талаада жатыппы? Мен дагы жан багайын деген кишимин.

А р ы к к и ш и. Ооба, деле жаман эмгегиң өтүп кеткендир! Кудайды карасаң, асмайды да киши сатчу беле?!

М а к е ч а л. Тоого чыктым, чекенде жулдум! Ойго түштүм, чекенде күйгүздүм! Эптеп тамеки таап, күлгө аралаштырып ийледим. Суу тамыздым, дагы ийледим! Бул эмгек эмей, атаңдын чокусубу?

А р ы к к и ш и. Өңгө оңолсо да сенин пейлиң оңолбойт ко, каапыр. Ордуна сурарың баягы да?

М а к е ч а л. Кекиртектен өтчү тамак болсо болду.

А р ы к к и ш и. Сенин кекиртегиңе тургай өз кекиртегиме жок. Ичериңе тамак таппай асмайыңды жеп калар күнүң кайда?

М а к е ч а л. Чайнегиңдегичи? Ичинде эмне бар?

А р ы к к и ш и. Тешик бар!

М а к е ч а л. Көрсөтчү!

А р ы к к и ш и. Ушундай неме, ишенбейт! Мына! (Чайнегин Макечалдын тумшугуна кептей кармайт.) Таш балакет да жок! Каңы чыгып, суу токтобогонунан, Миңжашарга көрсөтөйүн деп апкелатам.

М а к е ч а л (мазактап). Мага сат. Жараган эки атым асмай берем. Өзү деле тешилип, жарабай калыптыр го. Миңжашар эмне, бекер оңдомок беле? Ыраспы, Миңжашар?

М и ң ж а ш а р. Кана, бери кылчы?.. (Чайнекти кармалап көрө баштайт.)

А р ы к  к и ш и. Бөлөк идишибиз жок, эчтеме кайнатып иче албай калдык. Бу силер эмне жайбаракат?! Жолго камынбайсыңарбы?

М и ң ж а ш а р (сүйүнүп). И, кетмей болдукпу?!

А р ы к  к и ш и. Ооба! Уккан жоксуңарбы?! Мусажы буйрук кылыптыр! Элдин баары дүрбөп жатат…

М и ң ж а ш а р. Калыйча-а!.. Э, Калыйча!..

К а л ы й ч а н ы н ү н ү (жароокер). Ыя-ов? (Жүгүрүп кирет.)

М и ң ж а ш а р. Жыйыштыр ары кириңди! Кетмей болуппуз!

К а л ы й ч а. Ии, кудайым!. (Дароо кетет.) Миңжашар. Кетмей болгондо эмне, уй табылыппы?

А р ы к к и ш и. Балээнин табылганыбы! Дарек жок.

М и ң ж а ш а р. Анда эмне, издебей калыштыбы?

А р ы к к и ш и. Издемиш болуп жатышат, издегенде эмне…

М и ң ж а ш а р. Таштап кет чайнегиңди. Көч жөнөгөнчө каңдап коём.

А р ы к к и ш и (оңтойсузданып). Мен тим эле…сени карап береби деп… Акысын…

М и ң ж а ш а р. Акысын табылганда берерсиң.

А р ы к к и ш и. Берем! Бербей анан! Болор замат берем! Миңжашар алачыкка кирип кетет. Аздан соң узанганы угула баштайт.

М а к е ч а л (Арык кишини туурап). «Бейем, бейем». Эпилдеген ачкүсөн! Сен эле болсоң, бергенинди көрөрмүн. Жеп кетесиң.

А р ы к к и ш и. Атаңдын башы! Элдин баары эле сен дейсиңби! (Чыгат.)

М а к е ч а л. Атаңдын сенин башы!.. Муну кара, туура сөз айтса, тырышпаган жери тырыша түшөт. Мен буга чынын айттым: колунда жокто адам бирөөнү сыйласам эле дейт. Барда антпейт. Болгонун этегинин астына басып, чычканча четинен кемирип жегенди жакшы көрөт. Аны айтса, атаңдын башы деп сөгөт! А-ай, деги адам акмакпыз. Сыйлашканды билбейбиз. Баса, сыйлашып кереги эмне? Баары бир. Жыргап кетпеген соң, маа десең, итче кабыш. Баары бир. Өмүр котур мышыктай түйтөйүп өтө берет.

Калыйча чыгат. Бир колуна баласын көтөрүп жүрүп, жайылган кирлерин кургактап чогулта баштайт.

М а к е ч а л. Камынбай эле кой, аяш. Көчөбүз дегендери бекер.

К а л ы й ч а. Эмне үчүн? Миңжашар айтты го…

М а к е ч а л. Көрөрсүң, көчпөйбүз. Дагы он камынып, он айнышат. А көрөк, таң атканы жаның тынбайт, тынып алсаң боло.

К а л ы й ч а. Кантебиз, тиричилик кыйын тура… (Кармай келген чөйчөгүн жерге коюп, чулгоо кургатканы коломтонун жанына отурат.)

М а к е ч а л (Баланы колуна алып). Кызбы, эркекпи?

К а л ы й ч а (сыймыктанып). Эркек.

М а к е ч а л (Баланын бетин ачып, мурдунан чымчып өбөт). Ө-өө… Ө-өө… Күлүшүп калган тура.

К а л ы й ч а. Күлүшүп калды. Силерде бала барбы?

М а к е ч а л. Бар болчу… Ө-өө… Ө-өө… Ата-бабаңдын жери кайда? Билесиңби?

К а л ы й ч а (күлүп). Койгулачы, ушу кымындай неме эмнени билсин?

М а к е ч а л. Билеет. Чоңдордон кыйын билет. Периште да. Ээ… Ысык-Көлүң кайда? Билесиңби?

К а л ы й ч а (дагы күлүп). Каадалуу неме менен сүйлөшкөнсүп… Кызык киши экенсиңер…

М а к е ч а л. Жаңылышасың, аяш. Каадалуу сөз балага гана айтылат, аны баладан гана угабыз. Ал эми капталы катып, сары тиш болуп алган соң, жанын жеп, калп сүйлөгөндү үйрөнөт. (Балага.) Ысык-Көлүң тээ-тетиякта. Тетиги көрүнгөн кара тоо, андан ары ак мөңгүлүү тоо, анан дагы ошондой экөө-үчөө… анан кийин кара тоо, дагы кара тоо… Анан барып Ысык-Көл! Анда ата-бабаңдын мүрзөсү бар! Мүрзөсүндө арбактары жатат! Алар бизди жоктоп, биз

аларды жоктоп!… (Кыңырыгы түтөй түшөт.) Э, шумдугуң соолгур! Жерден-суудан айрылган күн курусун… Ит көрбөгөн кордукка чыдайт экен да адам чиркин! Өлбөсө эле жүрө берет турбайбы… (Кол серпип күлөт.)

А-ай, айла кеткендеги кеп да. Башка түшкөндү көрө бермей. Жаман-жакшынын баарын ойлоп отурсаң, жинди болгудайсың. (Балага.) Ө-өө… О, айланайын… (Баланы Калыйчага кайта берет.)

К а л ы й ч а. Айып көрбөсөңөр, бир кеп сурайын…

М а к е ч а л. Сурап билгендин айбы жок.

К а л ы й ч а. Мен бир ушак уктум – ошо чынбы?

М а к е ч а л. Ушак эле болсо, анда чын да.

К а л ы й ч а. Силерди… аялын сатып ийген дешет?..

М а к е ч а л (пауза). Дешкени ырас! Ээй… Ээй, бала…

К а л ы й ч а. Ал эмне кылганыңар? Ошо да адамгерчиликпи?

М а к е ч а л. «Адамгерчилик!» Сынтакканга кыйынсыңар да!.. Токчулуктагы адамгерчилик менен жокчулуктагы адамгерчилик бирдей эмес. Экөө эки башка. Курсак толтуруп, жанды багуу – мына! Азыр адамгерчилик дегениңер ушу!.. Башка түшсө, байтал жорго! Аялымды сатпаганда, ал да өлмөк ачкадан, мен да өлмөкмүн. Эми болсо, кудайга шүгүр, өлбөй-житпей тирүүбүз! Ал эми

өлүмдөн жанды ала качып куткаруу – биздей арып-ачкандар үчүн оңой олжо эмес. Заман колдон жыра талашып, үзүп-жулккандыкы! Заман эбин тапкандыкы!.. Кийин уулуңар эс тартканда: «андай бол, мындай бол, адептүү өс» дебей, «Ал! Жул! Тоно!» деп үйрөткүлө!

К а л ы й ч а. Койгулачы, кандай сүйлөйсүңөр деги!

М а к е ч а л. Туура сүйлөйм. Адептүү адам кор болуп калат.

К а л ы й ч а. Баламдын тил билбегени абийир болгон тура, бузмак окшобойсуңарбы. (Баласын эркелетип.) Абасы тамашөкөй тура, куудулданып жатат. Кебин укпа-айбыз. Уулум адептүү, боорукер, жакшы адам болот. Кийин атасынын өтүк ултарганын үйрөнүп алып, экөөбүздү багат. Ошентесиң, ээ? Күчүгүм, багам дегени го, күлүп коёт.

М а к е ч а л. Кептин мааниси айтылганында эмес, аяш. Төркүнүндө. (Чөйчөктү колуна алып карайт.) Татынакай чөйчөк экен. (Жыттайт.) Арчадан огоптур. Миңжашар өзү чапкан го?

К а л ы й ч а. Жок. Атасы мурас кылып калтырыптыр.

М а к е ч а л. И-ии… Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет… Э-э, жалган дүйнө, алтын аяктан суу ичмек кайда-аа бизге?! Ал үчүн дагы дала-ай далай азап-тозокту баштан өткөзүш керек го…

К а л ы й ч а. Үмүт үзбөгүлөчү. Ичип калгыбыз бардыр.

М а к е ч а л. Жакшы ургаачы экенсиң, аяш. Эриң да кайратка бекем!.. Мен да бир кезде жакшы болчумун жакшы болууну эңсөчүмүн… Эмичи?! Эми… мобу көкүрөк, ойрон иттин өлүгү жаткансып, былгып бүттү, аяш! Эңшерилип бүттү, аяш! Эй!.. (Кыжырлана түшөт.) Дүйнөдө эмне жаман? Билесиңби, аяш?!

К а л ы й ч а (ишене бербей). Таң. Өлүм жаман го?

М а к е ч а л. Жо-ок, кокуй, өлүм жыргал эмеспи.

К а л ы й ч а. Анда билбейм.

М а к е ч а л. Атайлап жаман жашаган жаман!

К а л ы й ч а. Койгулачы, ким эле атайлап жаман жашайын десин?

М а к е ч а л. Таңыркаба, аяш. Андайлар бар. (Ичи бышып.) Айтчы, аяш, эриң сага ачууланабы?!

К а л ы й ч а (жумшак жылмайып). Кээде ачууланат.

М а к е ч а л. Жалынабы?!

К а л ы й ч а. Койгулачы, ушинтип да сурайсыңарбы?

М а к е ч а л. Жок, туурасын айт! Жалынабы?

К а л ы й ч а (уялып). Кудай урбадыбы… жалынгысы келсе… (Жер карап күлүп жиберет.) Кээде ошентип деле коёт.

М а к е ч а л. Көрдүңбү! Ырыскы деген ошол. Эрди-катындын ырыскысы ачууланышканы менен жалынышканында. Ансыз турмуш болбойт. А менчи? Эч кимге ачуулана да албайм, жалына да албайм. Антерим жок. Өлсөм,

ыйлаар жакыным жок. Башкаларга менин барым да окшош, жогум да окшош. Мен үчүн башкалар да ошондой.

К а л ы й ч а (боору ачып). Кой, минтпегилечи… Тамак ичкиңер келеби?

М а к е ч а л. Тамак?! Ошо тамак деп жүрүп көрбөгөндү көрдүк да. Малча чөп оттосок, кайгыбыз аз болмок.

К а л ы й ч а. Аялыңарды сагынгансыңар го?

М а к е ч а л. Сагынса сагынгандырмын!.. Сагынгандан жыртык бүтөлүп, жок табылбайт. Өлбөсөк, акыр бир күн кайра кошуларбыз. Жок экен, айла канча, акыретке барганда айыптуубуз айбыбызды тартып, айбы жогубуз турабыз да күлүп…

К а л ы й ч а. Аялыңар кечирет деп ойлойсуңарбы?

М а к е ч а л (пауза). Жок.

К а л ы й ч а. Бир туруп андай айтасыңар, бир туруп мындай айтасыңар. Кандай экениңерге акылым жетпеди…

М а к е ч а л. (жайдары). Тамаша, аяш. Асмайым өтсө, олжом ошол.

К а л ы й ч а. (баш чайкап). Жо-ок, көкүрөгүңөрдө көп сыр жатат. Кээде аны айткыңар келсе, кээде айткыңар келбейт…

М а к е ч а л. (алаксытып). Сууң бар бекен, аяш?

К а л ы й ч а. Ичкенгеби?

М а к е ч а л. Асмайга кошконго.

К а л ы й ч а. Азыр… (Суу алып келүүгө камынат.)

Мусажы, Кызылчок, Кебек, Эстебес, качкындар кирет. Ир алдыда аңыраңдап Эстебес.

Э с т е б е с. Миңжашар!.. Эй, Миңжашар, Чык бери!

М а к е ч а л. Жоо кууп келаткансыбай, асмай алгыла!

К ы з ы л ч о к. А, асмайың экөөңдү!..

Миңжашар алачыктан чыгат.

Э с т е б е с. Чыкпайсыңбы тез! (Мусажыга көшөкөрлөнүп.) Мына, чыкты!

К ы з ы л ч о к (Миңжашардын алдына сыйыртмак таштайт.) Сал мойнуңа!

К а л ы й ч а (Баласын бооруна бек кысып). Кудайым ай!..

М и ң ж а ш а р (салмактуу). Эмне болуп кетти?

К ы з ы л ч о к. Анткорлонбо сал мойнуңа сыйыртмакты!

Э с т е б е с. Сал дегенден кийин сал да!

М и ң ж а ш а р. Жөн эле сала беремби?

М у с а ж ы. Кемпирдин уюн сен уурдапсың.

Пауза.

К а л ы й ч а (чый-пыйы чыгып). Калп! Калп! Кара оозуңа кан толгур, ким айтып жүрөт аны?! Ишенбесеңер, карагыла, тинткиле! Үйүбүздө кесим эт жок!

А р ы к  к и ш и. Күнөөсүн бөөдө көтөрүп атып жүрбө, Мусажы? Чын-бышыгына жетеличи.

К а ч к ы н д а р. Ошент, Мусажы! Ошент!

А р ы к  к и ш и. Бирөөнү каралаш оңой, акташ кыйын! Бүтүндү бүлдүрүш оңой, бүлүнгөндү оңдош кыйын!

Таразаң кыйшайбасын, тактап өлчө, Мусажы!

К ы з ы л ч о к. Тигини, жан тарта калгандарын! Билип турам! Жакын жерден шек санабайт деп, этти ушу тегерекке эле катты!

М у с а ж ы (кыжырданып). Катса, таап кел. Колуңду кармап жатамбы?!

К ы з ы л ч о к. Жүр бириң, күбө болуп, кошо тинтип… Кана, ким барат?

Э с т е б е с. Мен!

Кызылчок экөө чыгып кетет.

М и ң ж а ш а р. Ак элем, болуш.

К а л ы й ч а. Кудай уруп кетсин, акпыз! Кантип бирөөгө кара санайлы?! (Жашып.) Кудай ай, кайдагы балээге туш болдук эле?..(Баласы ыйлайт.) А, басчы ары жаагыңды! Сен эмес, мында!..

М у с а ж ы. Миңжашардан шек кылбайт элек, көргөн киши болбосо…

М и ң ж а ш а р. Ал ким экен?

К а л ы й ч а. Көрсөткүлөчү ошону мага! Ким ал өзү?.

М у с а ж ы. Кебек көрүптүр, көзү турат го мында… Кебек бапылдап, бирдемени жандайт. Болду! Тилиңди эч ким түшүнбөйт!.. Кече мага келип, кулдураганын, шакыйым кармап араң отурдум эле, «жоголчу ары» деп

үйдөн кууп чыккам. Ошондо эле угуп койгондо эмне уйду ушунча издеп убара болбойт элек…

К а л ы й ч а. Калп! Ишенбегиле буга! Ырысын жейт, ишенбегиле!

Кызылчок менен Эстебес кап сүйрөп кирет.

К ы з ы л ч о к. Мынакей! Бир саны! Жерге көөмп, үстүнө куурай таштап коюптур! (Капты ортого таштайт.)

Жым-жырт.

М а к е ч а л (эмнегедир, өзүнчө каны кайнап). Эй, асмай алгыла! Бекер алгыла! Алгыла! Болбосо, чачам! Баарын чачам! (Эч ким ага көңүл бурбайт. Насвайын уучтап, тушкелди чача баштайт.) Мына! Мына эмесе! Мына!..

(Бүк түшүп отуруп калат.)

М и ң ж а ш а р. Жо-ок! Мен ууру эмесмин! Элдин баарын алдай албайсың, болуш! Менин актыгыма ишенгендер да бар! (Тегерете карайт. Бирок качкындар жер тиктейт.) Же ырас эле алдандыңарбы? Булар мага жалаа

жаап жатат! Ишенгиле актыгыма!.. (Арык кишиге.) А сенчи?! (Бөлөктөрүнө.) Жок дегенде, сен!.. Сен?!. Сен дагы мени ууру дейсиңби?! Алдагы кийип турган өтүгүңдү түнү менен отуруп, бекер жамап бердим эле го!..

К ы з ы л ч о к. Карасаң! Карасаң! Жандими! Бекер жаматып жаткан килейген уйдун эти да! Курсагың ач болсо, көрөр элем акы албаганыңды!

М и ң ж а ш а р. Мен акмын! Колдон келет кылбагыла! Акмын!

К ы з ы л ч о к. Аксыңбы?! (Капты көрсөтүп.) Мобу жаткан эмне?! Уялбаса, кабын да тааныбайм деп танат!

К а л ы й ч а. Тааныбайм! Тааныбайм! Мындай капты өмүрүмдө көргөн эмесмин! Мындай кабым жок! Жок! Билбейм!

К ы з ы л ч о к. Сен билбесең, эриң билет!

К а л ы й ч а. Ушундай да азаптуу күн болобу-яа, кагылайындар?! айткылачы, кап кимиңердики?! Акысын берейин, тааныгылачы, кудай жалгагырлар!.. (Ар кимге жалдырайт. Качкындарда үн жок.) Ай, Миңжашар! Тилиң буулуп калса да, алган жокмун дебейсиңби! Же бизден жашырып, өзүңчө жеп жүрсөң – аныңды айтчы, кагылайын Миңжашар, жок дегенде санаам бир жаңсыл болсун! Мобу немелер сени өлтүргөнү жатат! Чычкандай балаңдын убал-сообу кимге?! Айт! Уурдасаң уурдадым де, же жок де! Булар деле адам тура, ишенишээр!.. Бирдеме дечи, берекем! Унчукчу!

М и ң ж а ш а р. Ишенбей жатышса, эми эмне дейм?

К а л ы й ч а. Сени эркек дейт, ишендирер сөздү тап! Тап!.. Баласын бооруна кысып, боздоп отура калат.

М у с а ж ы. Тана албай калдың, Миңжашар.

М и ң ж а ш а р. Ак элем. Күнөөсүз элем… (Качкындарды кыдырата карайт, бирок качкындарда дале үн жок.)

Калабада окко учсам, бир жөн, анда өлүмүм акталмак! Эми эчтемеден эчтеме жок, арманда кетемби?! Журт, мен силер деп жоого аттандым эле го, журт!

К ы з ы л ч о к. Өкүм деген өкүм. Аны аткарыш керек.

М и ң ж а ш а р. Менин өлүмүм ууруңарды тыйып берсе, сыйыртмагыңарды салып деле берейин. Бирок – акмын. Кудай акы, акмын!

К ы з ы л ч о к. Аның ырас экен, сал мойнуңа! (Сыйыртмакты Миңжашардын мойнуна сала коёт.)

К а л ы й ч а. Салдырба! Салдырба. Миңжашар! Мойнуң кыйылат, салдырба! О, эл! Журтсуңарбы, эмнесиңер?! Тыйып койсоңор, оозуңар жырылабы?! Жок дегенде, бир күнчө… жарым күнчө күтө тургулачы, уурунун өзү табылып калгысы бардыр! Секет болоюндар, ошенткилечи?! (Баласы чыркырап, ыйлай баштайт.)

М у с а ж ы. Тарт, сүйрөтүп ташта!

Кызылчок сыйыртмакты учунан кармап, атына жүгүрөт.

М у с а ж ы. Тез! Тезирээк тарт!

М и ң ж а ш а р. Калыйча! Баланы! Балага сак бол!

(Тартылган бойдон кетет.)

К а л ы й ч а. Миңжаша-ар! (Тырмышып кошо жүгүрөт.)

Качкындар жер тиктеп, жым-жырт. Айрымдар сыртты карап турат. Макечал козголбой ордунда.

М у с а ж ы. Ойрондун аты кашаң го, берки немеси жыгылбай артынан желип алды! (Сыртта ыңаалап какшаган баланын ыйы.)

А р ы к к и ш и. Шоруң каткырдын аялын кара, эринин мойнунан сыйыртмакты чыгара албай тырмалап баратат! Кокуй, кудай сакта! Баласы колунан ыргып кетпегей эле. Жүгүр, баласын ала кой! Мүдүрүлүп жыгылса, алдында калбасын! Сыртта баланын ыйы басылбайт. Жаш улан жүгүрүп кетет.

М у с а ж ы. Тың ат минбейт да ойрон! Ушинтип эле жетелешип кете береби? Эй, Кебек! Мин! Менин атымды минип чап!

М а к е ч а л. Токто-о!.. Келе камчыңды!

А р ы к к и ш и. Эй, Макечал! Сени кайсы кудай урду?! Өңгөң бүтүп эми колуңду кандаар жери калдыбы?! Макечал Мусажынын камчысын жулуп алып, унчукпай чыгып кетет.

А р ы к к и ш и. Мусажы! Дарга эки тартуу болбойт бир гана тартат! Жигит жыгылбай койду, күнөөсү арылды! Токтот жазаңды!

К а ч к ы н д а р: – Токтот! Калыстыктан кетип жатасың! Токтот!

–Макечал шумшук жетти!.. Сыйыртмакты алды!! – Эми чу коёт ээ ит!..

–Жок, бери бастырды! Биздин алдыбыздан сүйрөтүп өтөйүн деди го акмак!..

Пауза.

Качкындар тым-тырс күтүп турат. Миңжашарды жетелеп Макечал, анан Калыйча, бала көтөргөн Жаш улан, Кызылчок кирет. Беркилер эчтеме түшүнбөй аң-таң.

М а к е ч а л (камчыны Мусажыга ыргытат). Ал камчыңды! (Миңжашардын мойнунан сыйыртмакты чыгарып, өз мойнуна салат.) Кап меники! Этти каткан да мен! Уйду мен уурдагам!

М у с а ж ы. Дөөдүрөбө!

М а к е ч а л. Күнөөгө эсеп жетпей калды!.. Булгана электен бир гана өлүм бар. Таза өлөйүн!

Кебек чебелене бапылдап, күйүп-бышып, Макечалга бирдемени түшүндүрөйүн дейт.

К ы з ы л ч о к. Эй, дудук! Жогол! Жогол ары!

(Сабап-сабап жиберет.)

М а к е ч а л. Бечара тилсизим! Эмнеге жанталашасың?! Тили жок сен эмес тилдүүлөрдүн тили буулуп турганда… Убара болбо, байкушум! Эч ким ишенбейт сага…

М у с а ж ы (Кызылчокко, шашкалактап). Ууру ким болсо, а болсун – жазасын тартса болду! Сүйрөтүп ташта! Өлмөктөн доңуз копсун!

М а к е ч а л (Кызылчокко сыйыртмактын учун ыргыгат). Карма, «акыйкаттын» чылбырын!.. Суранарым, көп кыйнабай дароо тартып кет! Кызылчок чыкпай тайсалдап туруп калат. Уурулугуман шек санап турасыңбы? Билсең айт, эл уксун! Кызылчок шарт чыгып жөнөйт.

М и ң ж а ш а р. Макечал! Маке айланайын! Айтчы деги! Бу эмнең?!

М а к е ч а л. Акыйкат!.. Карайлап калган элге сенин карааның керек! А мен… (Аңгыча, сыйыртмак шар тартылып, Макечал булкуна түшөт да, катуу сүйрөлгөн бойдон жок болот.)

М и ң ж а ш ар. Макечал!..

Жым-жырт. Үн каткан жан жок. Бир гана Кебек дудук өз башын ачуу коюп-коюп алат да, ар кимге бапылдап, аркы-терки ыйлап жүгүрөт. Мусажыга ызырынат да, каяккадыр чыга жөнөйт.

Уюн уурдаткан кемпир кирет.

К е м п и р. Табылдыбы? Уюм табылдыбы? Табылды деп, абышка айтканынан бери жүгүрдүм… Уюмду төлөтүп бере көр, айланайын болуш аке. Бечара жыргаганынан уурдады дейсиңби, жанагы өлтүрөм дегениңди тим эле

койчу. Уй табылды, болду. Макулбу, айланайын?

М у с а ж ы (ичиркектенип). Иттирейген өлүк! (Капты көрсөтөт.) Тигине, уюңдун эти! Ал да, көтөрүп жогол!

К е м п и р (капты көрүп таңыркап). Менин кабым го?! Меники!. Эт буга каяктан салынып калып жүрөт?.. Качкындар дүргүй түшөт.

М у с а ж ы (алдастап). Токтоткула! Токтоткула! Жаны чыга элек болсо, тирүү калсын! Токтоткула!

А р ы к к и ш и. Кап сеникиби?!

К е м п и р. Ооба! Мына, жамаачысы. Абышканын эски багелегин кесип жамагам!

А р ы к к и ш и. А, балким, уюңду уурдаган ууру кошо кармай кеткендир?

К е м п и р. Башты оорутпачы көп! Кече күүгүмдө Кызылчок келип, сураганынан бергем.

А р ы к к и ш и. Бербей сен кара жерге кир! Баятан кайда жүрдүң?!.

К е м п и р. «Тээ, аркы өйүздө караан жүрөт. Ошо сенин уюң болбосун, барып кара» деп, Кызылчок айтканынан, ошоякка кеткем. Эмне, дагы бир балээ болдубу?..

Э с т е б е с (сырттан кыйкырып кирет). Оо, эл-журт! О, айланайындар!.. Дудукту кудай урду! Кызылчокту ээрден оодара тартып, жанчып таштады. Таш менен башка койгулап жатат! Былчып салды! Өлтүрүп таштады! Өлтүрдү!

Пауза.

А р ы к к и ш и. Журт! Жалгыз дудук тигини жайлай салды! Ушунчабыз жүрүп, бир Мусажыга кантип даабайбыз, яа! Кармагыла итти! Жайлагыла! Качкындар Мусажыны качырат.

М и ң ж а ш а р (көпчүлүктү токтото унчугат).

Тарт!.. Журт, жат жерде кордукту аябай эле көрдүк! Көлүбүзгө кайталы! Жабыла кубатташат. Макечалды кийизге ороп, салкындап таңгыла. Сөөгүн ата-бабанын жерине жеткирип көмөлү. Арбагы ошого арзыйт, журт…

Сөөк таңчулар кетет.

А сен! Алактаба, Мусажы! Өлтүрбөйбүз! Өлүм сен үчүн өтө барктуу жаза. Сени тирүүлөй таңып, журтка таштайбыз. Ата-бабанын жеринен айлан! Тирүү сенден көрө, Макечалдын сөөгү артык бизге!

М у с а ж ы. Жок, жок! Журтка таштабагыла! А көрөк, өлтүрүп кеткиле! Таштабагыла!

М и ң ж а ш а р. Таңгыла.

М у с а ж ы. Жолобогула. Атып салам! Энемди алайын, атып салам! (Тапанчасын суурат.)

Эл аны озундурбай тапанчасын жулуп ыргытып, өзүн чырмап кирет.

Мен болушмун! Болушуңармын! Тийишке акыңар жок! Болушуңармын!..

Таңып ташташат.

А р ы к к и ш и. Сөөк келатат.

Жым-жырт. Бардыгы күтүп турат. Ак кийизге таңылган сөөктү көтөргөндөр көрүнөт. Миңжашар барып, бир учун ийиндейт. Эл сөөктү ээрчий чубап, акырын каалгып, кыр ашып кете баштайт.

М у с а ж ы. Кайда?! Кайда?! Чын эле таштайсыңарбы?! Падыша тактан кулаптыр деген жалган! Ушак! Казак-орустар баарыңарды кырып салат, барбагыла!.. Кудайдан корксоңор… Мусурмансыңарбы, эмнесиңер? Өлтүрүп кеткиле! Журтка таштагандан көрө, өлтүрүп кеткиле!.. Качкындар кылчайбай кете берет. Кебек кирет. Кебек!.. Кебегим… Чеччи мени… Эмне мисирейесиң?! Бооруң барбы?! Чеч! Же атып ташта! Тиги тапанчаны ал да, атып ташта…

Кана?!. Тиктебе алдагинтип!.. Тиктебе дейм!

Баятан бери былк этпеп демиге мисирейип турган Кебек жерден тапанчаны алат.

Ат эми… Кыйналбай тырп өлөйүн, жүрөккө ат. Башка ат… Ат!

Кебек тапанчаны кайра ыргытып таштайт да, кылчайбастан салып-уруп жөнөп кетет.

Кебе-ек!.. (Бүк түшүп, өрттөнүп ыйлайт. Жаңырык гана угулат.)