Бейшебай Усубалиев: Зоока

Зоока

–Кичине киши өңдүрөөгүн берчи…– деди Карагул, жаман тумагын аялын көздөй сунуп. – Даакыдай самсаалатып… Киши уялат экен…

–Уялганда!.. – Аялы оозун эптеп келатып, кайра жалтактай кетти. – Жок да. Дагы тумагы жок келбедиңби кечөө…

–Ыя?! – Карагул көзүн ала качты. – Тумагы жок… Өзүм эле келдимби?..

–Ооба!.. – Аялы зиркилдейин деп келатып, дагы жалтактай кетти. – Өзүң эле келдиң. Бул коктуда бизден бөлөк ким бар эле?..

–Аа… Айбекти кошуп берсең болмок экен.

–Кошкондо малды ким карайт эле?..

–Аа… Кудай алды дейсиңби, бир талга илинип турат да. –Колун шилтеди. – Мен аны азыр эле…

–Илингенде… Киши уялат экен, жакага түшкөн сайын башың жок келесиң. Кечөө тим эле башыңдан көк буу буркурайт. Карагер да көл–шал. Эмне, атың экөөң жарышкансыңарбы?!

–Ээ, анысын кайдан билем!.. – Карагул кайрадан колун шилтеди да, кепти башкага бурду. – Мен азыр эле… Бир жерде илинип турат да.

–Илингенде… Киши уялат экен. Көрүнгөнгө ылакап болуп…

Карагул үндөбөдү, жаман тумагын башына баса кийди да, эшикке бет алды. Босогодон тык токтоп, башын бурду да, чочугандай:

–Сүрөткө бир түшүп коюш керек экен… – деди сырдуу.

Анан шашып жаткандай, башын шарт буруп алып, эшикке чыгып кетти.

–Сүрөткө дейби… – деди аялы деңдароо. – Мунуңдун масы дагы эле тарай элек го…

Карагул эшикке чыкты да, өзүнчө күбүрөндү: «Мен азыр эле… Илинип турат да, илинбегенде…»

Ал кечээ жакага түшкөн эле. Дүйшөн карыя дүйнөдөн өтүп, топурак салганы барган.

–Кой, мен барып топурак салып келейин, – деген аялына эртең менен жөнөп жатып. – Атайы кабар айттырткандан кийин… Эми сен кийин эле куран окутуп коёрсуң…

–Ун калбай баратат, – деген аялы макул болгондой. – Дүкөнчүгө …

–Ага ансыз деле барам да… – Карагул сырдуу күлгөн.

–Барарыңды билем дечи…– деген аялы да сырдуу. – Эми сен…

Аялынын сөзүн угуп–укпай каткырган боюнча чу койгон Карагул. Айылга дайыма күлүп–жайнап жөнөр эле. Жакага көп деле түшчү эмес, жылына ашып кетсе эки–үч жолу эле бармай. Дайыма мал артында. Жайында – жайлоодо, кышында – кыштоодо. Ооба, кудуңдап сүйүнүп жөнөр эле, эптеп бир шылтоо чыга калса экен деп теңирден тилеп күткөнүчү! Бүгүн минтип… Барган сайын дүкөнгө тие өтмөй. Тоодон түшкөндөрдүн баары эле тийип өтүшчү. Дүкөнчүнүн жыйырма чакты кою Карагулдун короосунда жүрөт, айтор, экөө ымалалаш, бир–бирин кеп–сөзсүз эле түшүнүшчү. Дүкөнгө тие өттү дегиче, Карагердин көл–шал түшкөнү. Демейде ичинен кой санап жаткансып, оозун кыбырата мелтиреп жай бастырган, жоо чаап келатса да былк этип койбогондой сезилген Карагул кичине эле сеп этип алса, элирип кетер эле. Ичи ысып ээрге отурду дегиче болду, Карагерге камчы ойночу. Буга Карагер да көнүп бүткөн. Дүкөндүн жанындагы зым карагайда байланып, ээсин зарыга күтүп турчу. Анан жүзү тамылжып, дүкөнчү менен бажакташып келаткан Карагулду көргөндө мунун да каны дүргүп, ойноктой баштачу. Бу жылкы жаныбарың ээрге ким, кандай абалда мингенин ашкере туя билген жандык көрүнбөйбү, болбосо Карагул эчтеке татпаган кезинде бул да эмне үчүн ээси сыяктуу кылдырап дымып калат дейм да. Деги эле ичи ысыган кыргыз жөн бастыра албайт эмеспи, эзелтен ат ойнотуп, кылычын кыйкыра сунуп жоого кирип көнүп калган жан оңойлук менен дымыбайт көрүнөт, Карагул эле эмес, ал өңдүү тоодон түшкөндөрдүн баары тең кышкы ызгаар менен жайкы аптаптын азап– тозогун, жанды жабыркаткан жалгыздыктын шорун бөтөлкөгө төгүп алып, чечекейи чеч боло атка мингенде, ичиндеги калайман салып жаткан жоону кууп бараткансып, айылдын жалгыз көчөсүн чаңдатып, татырата жөнөшчү. Муну эл деле таназар албай калган. Бирок Карагулдун жоругу өзгөчө эле. Ал үйүнө көбүнчө баш кийимсиз келчү. Ошентсе да, бир да жолу баш кийимин жогото элек. Эртеси бейкапар издеп жөнөчү. Айылга кетчү жол бирөө эле да. Жолдогу тал–теректерди, карагат, арчаларды карап келатып, бир маалда алардын бирөөсүндө өзүнүн тумагынын, же калпагынын илинип турганын көрчү. Аны акырын алчу да, кайра тартчу. Кээде өзү менен коңшулаш чабан, же жылкычылар алып келип беришер эле. Алар бир–биринин өңдөрүн гана эмес, кийген кийимдерин да таанышат эмеспи, илинип калган калпакты, же тумакты көргөндө эле: «Бу баягы Какемдики тура…» – дешчү күлүп. Карагулдун жоругу ылакапка да айланып кеткен, анын жакага кеткенин кулагы чалган коңшулары: «Аа, кайран Какем бүгүн да башы жок келет экен да!..» – деп күлүп калышчу. «Бу сен жөн келген күнүң болобу, башкалардыкы кандайча илинип калбайт …» – деп аялы ыйлактап калганда, «Билбейм атаңдын оозун урайындыкы, аларың куу да, байлап алышат окшойт…»  – деп мулуң этип күлүп койчу Карагул. Бир жолку окуядан кийин Карагул чочулап калган. Ошондуктан кийинчерээк кээде уулу Айбекти учкаштырып алчу болду. Айттык го, айылга кетчү жол бирөө эле. Эмне экенин билбейт, бир жолу Карагул таптакыр башка жолго түшүп кетиптир. Жай айы болчу. Көз байланган учурда айылдан чыккан. Чочуп ойгонсо, жерге жарык кирип калыптыр. Деңдароо боло түшүп, башын чайкап–чайкап алды да, өзүнө келе калды. Тура калып, ылдый жакты караса, көзүң жамандыкты көрбөсүн, жалама зоонун кылда учунда экен. Уйкусурап бир эле оодарылганда, зуулдаган бойдон барып күм–жам болмок тура. Көңүлү айнып, жүрөгү оозуна тыгылган. Аттан ооп түшүп калганбы, же жаны жер тартып, тук этип алайын деп түшкөнбү, же үйгө жеттим деп ойлогонбу, айтор, түк эчтеке билбейт. Жанында аты жок. Үйүнө түшкө чукул шалдырап жөө араң жеткен. Аялы ыйлактап алдынан чыккан: «Деги тирүүсүңбү, ыя?! Айбек сени издеп жакага кетпедиби… Деги тирүүсүңбү, ыя!..» Азыр да эстеген сайын жүрөгү болк этип алат. Төтөн уулу чогуу жүргөндө жүрөгү болк–болк. Канчалык оолжуп калбасын, Карагердин жанында өзүн зарыга күтүп турган уулун көргөндө, жүрөгү бир козголо түшөт. Баягы зоока көз алдына тартыла калат, анан уулу экөө андан… Чыдабай көзүн жуумп иет да, башын чайкап–чайкап алып, өзүнө келе калат. Бүгүн да Айбекти кошуп берсең болмок экен деп атканы ушундан. «Илинип тургандыр, – деп кайра күбүрөндү Карагул. – Илинбегенде…» Анан «Сүрөткө түшүп коюш керек экен» – деген өзүнүн сөзү капысынан эсине шак дей түштү. Жүрөгү бир зырп этип алды. Эртең менен эчтеке болгон эмес, эңги–деңги абалда жөн эле айта салса керек, а түгүл эмне үчүн айта салганын да билбейт. Азыр жүрөгү бир зырп этип алды. Дүйшөн карыяны жашырганы барышкан. Бир ууч топо салган соң, бейиттерди аралай басты. Боз үйдү элестеткен бир күмбөзгө, негедир, көзү кадала түштү. «Жаңы экен. Сүрөтү жок. Кемпирдики болсо керек…» – деп ойлоп койду да, бетиндеги жазууга көз жүгүртө кетти: «Алишер кызы Алтын, 1945–1980–ж.» Селт этти. Алтын. Кантип тааныбасын. Ашырдын келинчеги да. Чабан Ашырчы. Ошонун келинчеги. Коё турсаң, 80–45, ие айланайын отуз беште эле турбайбы. Жүрөгү кайра сыгылды. Бала эле бойдон кеткен турбайбы. Бу келин үзүлүп, кымгуут түшүп жатканда бир байбиченин айтканы кулагына жаңырды: «Бул эмнени көрдү дейсиң кургур…» Кургур, кургур… Ичи тытылды. Жайлоого канча жолу чогуу чыгышпады. Ыйманы ысык келин эле. Капысынан кеткен. Жок, оорудан кеткен. Эмнеси оорурун билбей жүрүп кеткен. Ичин басып: «Ушу жерим түйүлө калсачы, жеңе, тим эле жаным чыгып кетчүдөй болот… Бул эмне, айланайын жеңе, боорбу, ичегиби?..» – деп аялына даттанып жатканын Карагул канча жолу укпады дейсиң. «Тим эле жанымды көзүмө көрсөтөт, айланайын жеңе…» Дайыма ушинтип даттана берчү. Даттанып алган соң, ичиндеги дарттын баары шуу этип учуп кеткендей, шуу дедирте оор үшкүрүп алар эле. Кээде Карагул өзүнчө шыбырап койчу: «Оорунун баары эле ошентет да…» «Ичиңди басып жүрө бербей, доктурга көрүнсөң боло. Ушинтип жүрүп бир күнү…» – дечү аялы дайыма сөзүнүн аягын жутуп. «Көрүнөйүн эле дейм, айланайын жеңе, – дечү ал актанып жаткансып, – чоло тийип жатабы. Бир туруп тууту, бир туруп кууту. Кыркын. Же Ашырдын каралашар эч кимиси жок. Балдарды көрүп турасың, баары кызыл чиедей. Бири айыкса, экинчиси сасыктумоолоп… Күйпөлөктөп эле… Чын эле ушинтип жүрүп…» Дайыма ушинтчү. Ушинтип жүрүп өтүп кетти. Эмнеси оорурун билбей жүрүп сызып кетти. Анда да жайлоодо чогуу эле. Ашыр коюн жайып, жаңы эле узаптыр. Алтын сүт бышырмак болот да, тезекке чыгат. Тезек көтөрүп, боз үйгө кирип келатып, уулуна чаңырыптыр: «Атаңды!..» Болгону – ушул. Анан майданда мылтыгын кучактай сулаган жоокердей бул да тезекти бооруна мыкчый кыскан бойдон мешке жетип–жетпей сулаптыр. Карагул барганда, Ашырдын жан айласы кетип, кимдир бирөөлөргө наалып жатыптыр.

–Сопсоо болчу. Мен да эчтекеден бейкапар кеткем. Өгүнчөрөөк бир кармаган эле. Доктурга барсаңчы десем, баягы балакет да, өтүп кетер… деп койгон. Анын үстүнө так эле ошол маалда журт которгула деп калышпадыбы. Эми минтип… Баягы да деп жүрүп… Сопсоо болчу…

Ашыр дүйнөгө батпай турду. Келгендер тунжурайт. Ошондо бир байбиче: «Бул эмнени көрдү дейсиң кургур…» – деген жоолугунун учу менен жашын аарчып. Өңгөсүн билбейт, бул сөз Карагулдун көкүрөгүнө кыттай уюп калыптыр. Бул сөздүн эмне үчүн айтылганын, кандай күйүт–арман менен чыкканын анча деле таназар алган эмес дечи, ошентсе да көкүрөгүнө уюп калыптыр. Кургур, кургур… Отуз беште эле экен да. Бала эле бойдон… Баягы да де. Баягы да деп жүрүп… Акыры ошо баягы түбүнө жетип кетти. Карагул да куду Ашырдай кимдир бирөөгө нааразы болуп, бирок кимге экенин өзү билбей, күмбөздү карап зыркырап турганда, калтаарыган бир үн селт эттирди:

–Ушундай болуп калды, Каке!..

Жалт бурулду. Карагулдун артында күмбөздү күнөөлүү тиктеп Ашыр туруптур. Карагул ыңтайсыздана кетти. Ашыр муну туйбады, а түгүл буга көңүл да бурган жок. Ал башын шылкыйтып, негедир өзүн айыпкер сезип турду. Анан ошол айыпкер кейпинде Карагулга кайрылып:

–Күмбөздү айтам, – деди каңырыгы түтөй. – Эмне, башкалардай эстелик тургузуу колдон келбейт беле, Каке?.. Келмек! Бирок… – Бир азга дымып калды. – Бирок… Сүрөтү жок экен. Мектепте окуп жүргөндө бир жолу түшкөн экен. Анысы деги окшошсочу. Анан паспортуна жабыштырылган бир сүрөтү бар экен, анысы майга түшүп кеткенби, таптакыр көрүнбөйт.

«Сүрөтүнүн эмне кереги бар?..» – Карагул өзүнчө шыбырай кетти.

–Балдарым кыйнап, айламды алты кетиришти. Мунуң жарабайт дешет, –Ашыр күмбөзгө колун жаңсады, – мунуң кемпирлердики да… дейт. Таза аргам түгөнгөндө аларды кошо ээрчитип бардым. Эстелик жасаган немегечи. Болгон баягы эки сүрөтүн чөнтөккө салып алып. Барсам, баягы эле сөз – жарабайт дейт. Сүрөттөрү өтө эски, өңдөрү өчүп калган дейт. Баары бир түшпөйт дейт. Ташкачы. Анан көнүштү. Айлалары кеткенде. Кызым ыйлайт. Эмне үчүн сүрөткө түшкөн эмес дейт. Түшүп койсо болмок да деп ыйлайт. Түшүрүп койбойсуңбу деп зээнди кейитет оңбогур… Өлөрүн кайдан билиптир. Билген күндө да…

–Түшүрүп койгондо болмок экен… – деди Карагул ойлонуп–ойлонбой.

–Түшүргөндө … – Ашыр мукактана кетти. – Сүрөт кимдин эле оюна келиптир… – Актана кетти. – Кимибиз эле сүрөткө түшүп жүрөбүз, Каке?!

«Илинип турат да. Илинбегенде…» – деп күбүрөп баратып, ушуларды эстеди Карагул. Анан эртең менен сүрөт жөнүндө эмне үчүн айтканына, бул ой башына кайдан келгенине таңданып, токтоп калды…

1994-жыл, 10-13-март.