Беганас Сартов: Эридиана (фантастика)

Күн тийбес тоолордун сыры

I глава

Эмне, тиричилик Жерде кечээ эле башталыптырбы? Жок! Аалам чоң жана чексиз. Анын сыры белгисиз бойдон өзүнүн Колумбдарын зарыга күтүп жатат. Алар эртеңки сен жана мен… Ооба – Биз. Биз дегенде – дегеле адам түспөлүндөгү акыл-эстин ээсин эске алганыбыз абзелдир. Анткени, биз – адамдар пендечилик кылып көп нерсени элес албайт эмеспизби. Ал эми тирүүлүктө жөпжөнөкөй эле төмөндөгүдөй окуялар боло берерин кимдер гана баамдаган экен?

БЕКТАШ.

Эридиана – III

…Жоомарт өзүнүн сөзү өтпөгөнгө катуу ыза болуп, кызууланып ордунан тура калды:

–Ой, деги айтсаң боло, эмне үчүн биз баш кошо албайбыз, эмне үчүн?

Ак жуумал, кош көзү ботонун көзүндөй балбылдаган, жаңыдан түйүлө баштаган эки эмчеги тирсийип, адамдын сугун өзүнө тарткан кыргый мүчө, кымча бел – сымбаттуу кыз ушунчалык кейиш басып, туталанып, ошол эле учурда опсуз гана телмирип турду…

–Эридиана? Кыздын кирпиги ирмелбеди.

–Эридиана!

Жигиттин үнүндө ушундай бир калтырак баскан ыргак пайда болуп, диртилдей баштады.

«Бул бир укмуш, – деп ой учуктады кыз, – бул бир укмуш. Сүйүү деген адамды ушуга чейин алып келет экен го? Деги сүйүү деген так түшүнүктө эмнени түшүндүрөт? Формуласы кандай? Адамдык жашоонун кайсы категориясына, психологиялык кайсыл законго баш ийет? Же сезим толкунунан эле келип чыккан аёобу? Биздин үрп-адат сүйүү дегенди билбейт. А баш кошуу үчүн Ажайыптар Капчыгайына баруу керек эмеспи?!..»

–Эридиана!!?

Кыз селт этти. Жигиттин жүзүндө тирүүчүлүктүн, көзүндө акыл-эстин нуру өчүп баратыптыр. Кыздын жан дүйнөсү дүүлүгө түштү:

«Ал өлүп баратат. Сүйүүдөн өлүп баратат. Мени сүйүп өлүп баратат. Ох, кандай коркунучтуу! Мен аны сактап калышым керек! Демек, бул – сүйүүбү? Сүйүүбү?..»

Кыз демейдеги ар нерсеге кызыгуу менен караган кыраакы көздөрүн жумуп жиберди да, колдорун илгери сунду:

–О… Кечир, мени – Улуу Бакайыр!

Анан, анын колдору акырындап төмөн түшүп баратты…

***

…Жоомарттын сезим дүйнөсү бир кызык туюуларга ээ боло баштады. Көз алдыма – алар отурушкан парктагы дарактар мунарыктап, алардын ары жагынан жылдыздуу мейкиндикке тордолгон – бейтааныш ландшафттар чиймелене, ал бир укмуштуу дүйнөгө чөгүп баратты. Кулагы булактын шылдыраган добушундай жагымдуу музыкадан бир аз итиркенип, мээ туйгулары кандайдыр бир алдын ала сезүү жөндөмдүүлүгүнүн башатына ээ боло Жоомарт таптакыр өзүнө белгисиз дүйнө менен аралашып кетти…

Кызгылт-көк жаркырак тело көгүлтүр-күңүрт жылдыздар системасына нур төгүп турду. Көгүлтүр-күңүрт жылдыздардан — планеталардан учкан ракеталар боштукка сиңип, боштуктан ошондой эле космикалык кораблдер чыга келип, кызгылт-көк жаркырак телонун системасындагы планеталарга таамп жатты…

Көз ирмемде бул чоң портрет жок боло түшүп, бет алдыда ошол системадагы жылдыздардын бири далдайып жакындап келатты. Күнөстүү өрөөн… Геометриялык үч бурчтук жана пирамиданын эки капталын элестеткен тоолор… Тарам-тарам агын суулар. Гүлдүү токой килеми… Пирамида түрүндө тургузулган турак жайлар жана… жана куду Эридианага опокшош адамдар…

Бул көрүнүшкө таң калып да, чочуп да кеткен Жоомарт жанында отурган Эридианага бурула берейин дегенде, аны чоң имараттын ичиндеги мыкты жасалгаланган лабораториядан, иш үстүнөн көрдү.

Жоомарт теңселип кетти. (Чындыгында ал теңселген жок, өзүн ошенттим деп сезди).

«Телепатия, – деп ойлоду ал, онтогон абалда. – Телепатия!»

Бирок бул ой анын сезиминен заматта учуп кетти.

Жоомарт Эридиананы кайрадан лингвистикалык кабинеттен, мыкты жасалгаланган лабораториядан көрүп турду…

…Ак жуумал, көзү ботонун көзүндөй балбылдаган, жаңыдан түйүлө баштаган эки эмчеги тирсийип, адамдын сугун өзүнө тарткан, кыргый мүчө, кымча бел, сымбаттуу кыз ушунчалык бериле иштеп, ак кагазга тилдин алгебрализмдик функцияларынын туюнтмаларын жазып жатты…

Столдун үстүндө сегиз дептер жаткан. Качан эсептөө чыгарылып бүткөндө тогузунчу дептер ал сегиз дептерге кошулду.

Кыз жайдары мүнөзгө түшүп, лабораторияны бир сыйра айландырып карап турду да, 777 деген цифраны ныгырып, издегич дисканы бурады. Динамиктен роботтун үнү чыкты:

–Улуу Тоо системасы, Борбордук Байланыш…

–Ушул эле системанын Бакай планетасына ачык байланыштын сеансына заказ…

–Пароль?

–Филолог.

–Ким менен?

–Бакайыр?

Үч ченем күтүңүз…

Айтылган убакыт өткөндөн кийин, динамиктен роботтун үнү угулду.

–Кечиресиз! Негизги канал бош эмес болгондуктан отуз үчүнчү канал менен сүйлөшүүңүзгө туура келет. Капачылыгыңыз жокпу?

–Рахмат!

Кыз бир нече цифраларды терди да, дисканы бурады. Сол жактагы кичине дубал-экран жарыктанып, андан кандайдыр бир затты ваакумдук лабораторияда эксперименттеп жаткан жигит көрүндү.

–Ийгилик каалайм! – деди кыз таазим кылып.

Жигит кыздын саламын жылуу кабыл алды:

–Сага да.

Даанышман Бакайыр! – деди кыз дароо эле иштиктүү.

–Күн системасынын үчүнчү планетасынын структуралык формуласын акыркысы кылып, жаңы эле иштеп бүттүм. Эми изилдөөнү баштай берсем болот го?

Даанышман Бакайыр мурутун тиштеп, бир аз ойлонуп калды…

–Кызым, – деди ал, анан бир убакта, – сенин устаттык диссертацияңа башка Галактиканын башка системалары деле жетиштүү материал болор эле. Дале болсо ошону колго алып, алыскы жана караңгы, жапайы Бешинчи Галактиканын Күн системасын даанышмандыкка калтырсаңчы?

Кыз ишенимдүү кыймыл менен чапчаң сүйлөдү:

–Жогуңуз. Мен кичине кезимден Күн системасын изилдөөнү максат кылчумун. Максатымды аткарбасам болбос. Даанышмандыкка ичкерки метагалактикалардан алам. Сиз чочубаңыз, менин теле көчүрмөлөрүмдүн (роботтордун) аң-сезими өзүмдөн эч бир айрып алгыс. Алар көбөйтүлгөн түрдөгү гана – экинчи өзүм! Демек, алар ишенимдүү түрдө социологиялык изилдөөлөрдү иш жүзүнө ашыра алышат.

–Дегинкисин айтканда сеники да туура. Кандай, көчүрмөлөрүң Мезгил менен Мейкиндиктин аралыгындагы Боштук да эмес, Убакыт да жок, Айланма-Туюк-Жолду – Ааламдын Танабын пайдаланууну так өздөштүрүштүбү?

–Бүгүн акыркы сыноо, алар Айланма-Туюк-Жолго кирип-чыгуунун курсу боюнча Жылкы жылдызынын Алмаз планетасына жетип, кайра кайтышмак. Эгер сапар ийгиликтүү аяктаса, биринчи кеме үч өлчөмдөн кийин келүүгө тийиш.

–А, жакшы, демек, ишиң ийгиликтүү болсун дешке учур жетип калды көрүнөт. Баса, диссертацияңдын темасын: –«Ааламдагы элдер, алардын социалдык турмушу жана тилдериндеги өзгөчөлүктөр» дебестен, «Ааламдагы элдер, алардын тарыхый-социалдык турмушу жана аң-сезими, тилдериндеги фонетикалык, семантикалык, лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөр» – деп алсаң кандай болор эле?

Кыздын жүзүн кубаныч агымы каптады:

–Мен да ушул ойдомун. Теманы андан да кеңирирээк алсам жакшы болор эле?

–Азыр материалыңды топтой бер, кийин жыйналган маалыматтардын деңгээлине карай шарттуу системага салып коёсуң…

Кыз ыраазы боло таазим кылды. Бул коштошуу белгиси эле.

Бакайыр бурула берип эскертти:

–Байка, кызым, изилдөө жашыруун жүргүзүлсүн. Кокус жардамчыларыңдын кимисидир бирөө, биз баланча планеттен келдик, изилдеп жүрөбүз десе – жагымсыз жагдайлар туулуп калышы да мүмкүн. Ким билет, эмнелер болорун, азыр адамзат тукумунун аң-сезимин бир кылка стадияда өнүккөн мезгили эмес. Закон ченемдүү болуучу ар кандай трагедиядан алдын-ала сактануу ашыктык кылбайт. Муну менен мен, биз гана пайдалана билген, Убакыт менен Аралыктан утуп – алысты жакын кылган, ааламдагы бирден бир Айланма-Туюк-Жолду – Аалам Танабын жашыруун сактообуз керек экендигин айтмакчымын. Учуру келсе андагы аң-сезимдүү макулуктар менен мамиле да түзүлөөр. Бирок, ага көп мезгил керек!

***

Лабораториянын дубал-экраны шоолаланып, андан Эридиананын так өзүнө окшош бир нече кыз көрүндү. Алар назик учурашышты.

–А, кайттыңарбы? Инструкция алуу үчүн жарым өлчөмдөн кийин келгиле!

Экран өчтү. Эридиана кайрадан ишке киришти.

***

Лабораторияда он Эридиана олтурду. Булардын бири биринен эч айырмачылыгы жок, баары бир гана киши болучу.

Эридиана сүйлөп жатты. Ал өзүнүн көчүрмөлөрүнө Бакайыр менен сүйлөшүүнү айтып берди да, буларды кошумчалады:

–Силердин максат, жергиликтүү элден айырмаланбай, ошолор сыңары жашап, ар кимиң өзүңө тиешелүү планеттин элдеринин салт-санаасын, турмуш-мүдөөсүн, психологиясын, өсүш деңгээлин, өз ара айырмачылыктарын жана тилдик өзгөчөлүктөрүн тыкан өздөштүрөсүңөр же изилдейсиңер. Мына мында – ал формулалар жазылган, дептерлерди ар кимисине тийиштүүсүн берди. – Планетанын тарыхый эволюциялык жолу, стихиясы, адамдардын цивилизациясынын шарттуу мүмкүнчүлүктөрү берилген. Гипотеза! Муну силер илимий жактан чечүүгө тийишсиңер. Дептерде силер аткаруучу иштердин программасы бар. Мына ушул жобо боюнча, керектүү жерде жободон тышкары да сыноолорду жүргүзө аласыңар. Изилдөө мөөнөтү – 180 өлчөм. Буга барыш-келиш мезгили кирбейт.

Силер, өзүбүздүн орбитадан чыккандан кийин, белгиленген убакытта Канатты Мейкиндик менен Мезгилдин, Мейкиндик да эмес, Мезгили да жок Айланма Туюк-Жолуна – Ааламдын Танабына так жана туура алып киресиңер. Анда толук 40 өлчөм, жети ченем «отуруп» сыртка чыгасыңар. Бул Күн системасы жайгашкан Галактикага жетүү дегендин толук маанисин билдирет.

Бул жерде эскертүүчү бир нерсе, өзүңөргө белгилүү, бизди чулгап турган Мейкиндик менен Мезгилде, Мейкиндик өзүн-өзү жаап Мезгил ар дайым ачык. Демек, Айланма-Туюк-Жолго «кирүүдө» жана «чыгууда» кылдаттык, математикалык өтө тактык керек. Эгер кичине эле жаңылышсаңар – антиметрлерге туш келүү менен шартталат. Бул – Мейкиндикте Жок Нерсеге айлануунун формуласы менен дал келүүнүн өзү.

Күн системасына жетүү үчүн Чоң Мейкиндик боюнча жөнөгөндө канча убакыт сарпталары белгисиз. Биз Мейкиндиктин Мезгилге болгон катышында жашап жатканыбыздан кийин, миллиондогон жарык жылдардын биздин кыймылыбызга болгон пропорционалдуулугу муну менен түшүндүрүлөт:

Күндүн жарыгы бизге 70-80 миллион жарык жылдан кийин гана келип жетерлиги белгилүү. Ортодогу ушул аралыкты басып, силер ага жеткенге чейин мезгилде ал галактика өчүп, жок болуп кетиши мүмкүн. Анда силер эч кайда, эч качан барбаган болосуңар! Бул жерде биздин дүйнөнүн өнүккөн илимий-техникалык ачууларына баш урууга тийишпиз!

Кыздар тура калышты. Бул Аалам Танабын ачкан улуу адамдардын атын урматтоо белгиси эле. Эридиана оң колун көтөрдү. Кыздар отурушту. Башчы кыз сөзүн улантты:

–Биз Мезгил менен Мейкиндиктеги, Мейкиндик да эмес, Мезгил да жок Айланма-Туюк-Жолду – Аалам Танабын пайдалана билебиз. Аны пайдалануу менен мезгил бирдигинде аралыктан утуп, каалаган жерибизде боло алабыз. Мурда билсеңер да дагы бир кайталап коёюн. Ал мындай: Айланма-Туюк-Жолдо Мейкиндик, Мезгил, Аалам – аралашып сүзүп жүргөн абалга ээ. Биз Убакыттын Созулушу менен Аралыктын Узактыгы жок, Айланма-Туюк-Жолго «кирип» – бүткүл ааламдык материя кармалып турган Чоң Мейкиндик менен катар турган абалда болобуз да, белгилүү убакыттан (математикалык курстан) кийин Мейкиндик да эмес, Мезгил да жок, Айланма-Туюк-Жолдо «отуруп», Аалам Танабында сүзүп жүргөн Ааламдын бизге керектүү чекитинен «сыртка» «чыга» калган болобуз. Мына ушул жол менен эч качан жана эч кандай бара албагандар – силер, анда – Күн системасынын Галактикасына бара аласыңар!

Эми силердин планеталарга орношуңар жөнүндө: Канатта Хандайырдын иллюзициялык кубулуш закондорунун негизи менен түзүлгөн аппарат – башкаруу пультунда бар. Качан Айланма-Туюк-Жолдон чыгып, Күн системасынын Галактикасына кирерде, жогорку аппаратты максималдык точкага бурап койсоңор, канаттын тулку түссүз нерсеге айланат. Демек, планеталардын атмосферасына киргенде аба катмарынын составы сыяктуу гана болуп, эч кандай макулуктун көзүнө чалдыкпайт. Канатты каалаган бир ээн жерге, албетте, адамдар көп болбогон жерге кондуруп, элге бөлөк шаардан келген мейман катары аралашып кетсеңер болот. Изилдөө аяктаары менен токтоосуз кайтасыңар! Ушуну менен акыркы инструкция бүттү. Азыр сейил куруп, Ырахат Көлүнө барып келели, үч өлчөмдөн кийин сапарга…

Ак жуумал, көздөрү ботонун көзүндөй балбылдаган жаңыдан түйүлө баштаган эмчектери тирсийип, адамдын сугун өзүнө тарткан, кыргый мүчө, кымча бел сымбаттуу, бирин-биринен айрып алгыс окшош он кыз тоо беттеп сейилге чыгышты.

Көз алдыда кооз көрүнүштөр пайда болду…

***

Жоомарттын сезим дүйнөсү бир кызык туюуларга ээ боло баштады. Анын көз алдында кыздар беттеп бараткан кооз көрүнүштөр жоюлуп, жылдыздуу мейкиндиктин контурунан тааныш ландшафттар чиймелене баштады. Кулагы булактын шылдырындай жагымдуу үндөн бир аз итиркенип, мээ туйгулары алдын-ала сезүүгө ээ боло, ал эми тааныш дүйнөнү көрүп турду.

Алтын түстүү Күн – көк жашыл Жерге нурун төгүүдө. Көзгө үйүр материктер… Тааныш тоолор… Белгилүү имараттар… Акырында Эридиана экөө отурган парктагы скамейка! Таң калуудан эстен тана түшкөн Жоомарт кызды караса, ал ушунчалык кусаланып, эңсөө толгон көздөрү менен тигиле карап турган экен.

«Телепатия, – деп ойлоду жигит, – Телепатия!»

Эриндерин бекем кымтыган кыз ордунан турду:

–Телепатия эмес! – биоэлектроникалык заряддоо, же б.а. бионика – аралыктан сезим менен башкаруу… Кыз күтпөгөн жерден токтоп калды. Жигит ага ойсуз көздөрү менен коркунучтуу карады.

КЫЗ: (өзүнчө) – Эми ал мага үйлөнөбү? (Жигиттин шоолаланып келаткан көздөрүнө сагынычтуу карайт).

ЖИГИТ: (өзүнчө) – Ох! Мен муну кандай гана сүйөм. Бирок бул робот турбайбы! (Кыздын ийнинен ары көккө көз узатат).

Кыздын ою: – Кызык! Менин сезим дүйнөмдө бир кызык кубулуш, реакция жүрүп жатат да. Демек, жердеги (аң сезимдүү жандыктар сыңары, мен дагы сезим бийлигине берилген касиетке ээ болдумбу? Бул – анда Жоомарт айткан Сүйүү Сезими эмеспи?! Бир адам экинчи бир башка адам үчүн баарын иштөөгө даяр болгон күчтүү сезим – Сүйүү деген формула турбайбы! Бул – Улуу Ачылыш!

Жигиттин ою: – Адамга бир келчү Улуу Сезим – менин сүйүүм бактысыз болот окшоп калды. Кантүү керек?

***

Эридиана буттарын солбуп бир аз турду да, көп батыңкырабай скамейкага кайра отурду.

–Менин мында келишим – мени көп нерселерге үйрөттү. Жерде биздеги адамзат коомуна туура келбеген макоолук жана биз али көз алдыбызга элестете албаган рухий обликтер көп экен. Муну силерде күчтүү өнүккөн Сүйүү формуласы менен эле далилдөөгө болот. Бизде Сүйүү деген түшүнүктү билишпейт. Биздин системанын тиричилик структурасы мындай: Адамдын өмүрү төрт мезгилге бөлүнөт. Биринчи мезгил – төрөлүп, торолуп, аалам түзүлүшүн үйрөнүү – он бир учур. Ошончо эле убакыт, экинчи мезгил – ар тараптан билим менен куралданып бүтүү, башкача айтканда, устаттыкка жетүү. Үчүнчү мезгил – элге пайда келтирип иштөө, даанышман болуу – буга мурунку эки мезгилди кошо алган убакыт талап кылынат. Бул мезгилдин ичинде ар бир адам планетасына, элине пайданы келтирип, өзүнүн адамдык милдетинен бошонот. Андан кийин төртүнчү мезгил – Аалам кезип саякаттоо же Ажайыптар Капчыгайына баруу; Аалам койнундагы белгисиз Галактикаларды Ачуу же Тукум Өстүрүү Мезгили болот. Аалам саякатын каалабаган кыз же эркек Үч Мезгил бүткөндөн кийин Мажнун планетасына барышат. Планеттин түштүк жарым шарында эбегейсиз коргон сымал капчыгай жайланышкан. Аны Ажайыптар Капчыгайы деп аташат.

Анда эмне болорун барбагандар билбейт, баргандар айтпайт. Бул – Шарт! Ажайыптар Капчыгайына киргендер көп мезгил өтпөй Аялдык жана Эркектик Этикага ээ болуп – өз планеталарына кайтышат да, келечекте планеталар ээн калбас үчүн жаңы тукумдарды өстүрүшөт…

Жоомарттын башына биринчи ирет бул суроо туулду.

–Сен каяктан келдиң?

–Биринчи Галактикадагы Улуу Тоо жылдызынын Эриди планетасынан. Эриди – планета, ана – кыз. Демек, мен Эридилик кызмын. Эридиана!

Жоомарт алсыз жылмайды.

– Бирок, Эридиана сен эмес, тиги… ал колун бийикке сунду. – Тиякта калган аспирантка эмеспи!

Кыз таң кала көздөрүн чоң ачты:

–Мен анын көчүрмөсү, Эридиананын экинчи өзүмүн.

–Жо-жок, өзүң айткандай – сен анын көчүрмөсү болсоң – Эридиана эмес, робот, жасалма киши, Эридиана экинчи, же үчүнчү, болбосо онунчусу болосуң…

–Мунун эч бир мааниси жок! Эң негизгиси мен да адаммын! – деди кыз өз өмүрүндө биринчи ирет бууракандап…

***

–Кош эми! – Эридиана Жоомарттын көздөрүнө тигилди.

–Адамдык Сүйүү деген эмне экенин, кандай кубатка, касиетке, рухий сезимге ээ экенин мен Мекениме айтып барам. Жолугушканча кош, Ааламдагы Белгисиз Акыл Эстин Бир Тууганы!

Кыз өзүнүн эмне кылып жатканын билген жок. Ал жигитти бек кучактап өптү да, көз жашын төгүп жиберди:

–Мен сөзсүз кайтып келем. Экөөбүз баш кошобуз. Анткени, ортодо өзүң үйрөткөн Ыйык Сүйүү Сезими бар эмеспи…

Жигит эсин жыйганда жанында Эридиана жок эле.

Жоомарт кыз жаткан жерге келсе, баары калыбы менен турат. Демек, ал түз эле көзгө көрүнбөс кемесине кеткен экен…

«Ушунун баары түш эмеспи?»

Ой баскан жигит өксөп диванга кулады:

–Сен, чын эле кайтып келесиңби, Эридиана?…

————————————————————————————————————————————————————————————————-

Үч ченем – отуз мүнөткө барабар убакыт.

Даанышман – профессор.

Бакайыр – Бакай – планета, ыр-жигит, демек – Бакай планетасынын жигити.

Устат – илимдин кандидаты, окумал.

Өлчөм – жердеги 12 саатка барабар (Улуу Тоо системасындагылардагы убакыттын бирдиги). Автордун эскертүүсү.

Канат — космикалык корабль.

Учур – Улуу Тоолук мезгил бирдиги. Бир учур жердеги 15 айга барабар. (Автордун эскертүүсү).

Мажнун – нике кыюу планетасы, Улуу Тоо күнүнүн биринчи жандоочусу. (Автордун эскертүүсү).