Баткенде өткөн Э.Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп жеңүүчүлөр аныкталды.

Жалпысынан область боюнча фестивалга 29 жаш акын-жазуучулар катышып 1-орун Улукбек Омокеевменен Мирлан Алтымыш уулу, 2-орун Сезим Толукбаева менен Умар Нусубалиев, 3-орун Улан Дөөлөтов менен Адилет Зарылбек уулуна берилип, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонду уюштурду.

Эске сала кетсек, бул фестиваль ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлүп турмакчы.