Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын балдар адабияты боюнча чыгармаларга сынакты өткөрүү жөнүндө

КУЛАКТАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт!

Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат

-балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);

-балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);

-балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн (китеп);

Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.

Сунуш катка төмөнкүдөй документтер берилүүгө тийиш:

-коллективдин жалпы чогулушунун, чыгармачыл союздун башкармасынын заседаниесинин ж.б. протоколу;

-автордун(лордун) анкеталык маалыматы;

-автордун(лордун) өмүр баяны;

-авторго(лорго) чыгармачылык мүнөздөмө;

-автордун(лордун) сыйлыктары жөнүндө документтердин көчүрмөсү;

-чыгармага кыскача (эки беттен ашпаган) аннотация;

-4х6мм 2 фото сүрөт.

Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты (6) нускадан кем эмес санда берилет.

Материалдар 2020-жылдын 20-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.

Сыйлыктар 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78.

Байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.