Бакытбек Абдыразаков: Элиң турса күйүп кызыл чок болуп, Чокко түш да, атыл жоого ок болуп

Өмүр баян

Акын, публицист, чыгаан педагог, коомдук ишмер Бакытбек Сагынбаевич Абдыразаков 1974-жылы 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Токбай-Талаа айылында туулган. 1981-жылы Кара-Кулжа районундагы “Ленинчил жаш” (азыркы Б. Исаев атындагы) орто мектебинин 1-классына кабыл алынган. Аталган мектепти 1991-жылы алтын медалы менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, 1996-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүргөн.

1996-жылдын август айынан баштап Кара-Кулжа районундагы Б.Исаев атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштаган. 2004-жылы М.Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебине которулуп, аталган мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча мугалим болуп өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген. Ошондой эле, эмгек жолунда кыска убакыттарда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окутуучу, киндик каны тамган жери Чалма айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп да иштеген. 2019-жылдын 23-мартында дүйнөдөн кайткан.

Б.Абдыразаков кыска өмүрүндө окуучуларынын сүйүктүү агайы, кесиптештеринин ишенимдүү таянычы боло алды. Ал мектептеги педагогикалык турмуштун түрдүү багыттарында жумуштун майда же чоң экендигине карабастан, чыгармачылык менен ойлоно алган тубаса педагог экенин далилдеди. Анын педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналып райондук жана облустук деңгээлдерде семинарлар өткөрүлгөн (2006, 2008). Бакытбек Сагынбаевич бир нече ирет райондук (1998, 1999), облустук (2008), республикалык (2008, 2012, 2018) илимий-практикалык педагогикалык конференция-окуулардын, симпозиумдардын катышуучусу жана дипломанты. “Мыкты мугалим” (2001), “Мыкты усулдук идея” (2001) сыяктуу бир катар сынактардын катышуучусу жана жеңүүчүсү.

Буга чейинки эмгектери баалануу менен Б.Абдыразаков мектептин, айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын, Ош билим берүү институтунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары жана дипломдору, “КР билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

Ал – мыкты ийрим жетекчиси. “Манас” таануу” ийриминдеги ал жетектеген окуучулар “Манас” таануу” интеллектуалдык телетаймашында райондо жана облуста баш байгени ээлешип, республикада 1-орунду (2015), 4-орунду (2017), “Кыраан” номинациясын (2018) багындырышкан.

Б.Абдыразаковдун коомдук иштерге да активдүү катышып, эл ичинде кадырлуу экендигин белгилөөгө болот. Ал айылдык кеңештин 4 жолку чакырылышынын (2008, 2012, 2016) депутаты, төрагасы. Мугалимдердин республикалык II курултайынын (2008) делегаты.

1 очерк китебинин (Исхак Раззаков. Б., 2003.) автору жана 1 хрестоматиялык топтомдун (Жөрөлгө. Кара-Кулжа, 1998.), поэтикалык 3 китептин (Эргешов Т. Сүйүнчү. Б., 2013.; Эргешов Т. Перзент. Б., 2013.; Өмүралиев Р. Табылга. Б., 2017.) түзүүчүсү, редактору. Анын ондогон макалалары жана ыр, аңгеме, эсселери райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мезгилдүү басма сөз беттеринде жана илимий-көркөм адабияттарда басылып жүрөт.

Көзү өткөндөн кийин ырлары “Эң чоң бакыт” деген ат менен китеп болуп чыгып, чыгармасы 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар бирлигинин чечими менен “Жылдын мыкты китеби” деп табылды.

Үй-бүлөлүү, жубайы Гүлбурак Жороеванын кесиби – педагог. Артында үч кыз, эки уулу калды.

Көпүрө

Бир бөксөртүп, бир толтуруп кесесин,

Бирде алып, бирде берип эсесин,

Көпшөк турмуш көркүнө алдап жүргөнүн,

Көпүрөдө туруп анан сезесиң…

 

Өктөм дайра чамынса да солк этпей,

Өмүр көчүн улап турат токтотпой.

Бабаң баскан, басат сенин балдарың,

Өтө албайсың эт-жүрөгүң болк этпей.

 

Табигатты тазалыкка чакырып,

Тээ абалтан көпүрөнүн шарты улук.

Чөгөлөбөй, көкүрөгү көк тиреп,

Чөөттөрдү аттап турат артылып.

 

Тогоштурар тогуз жолдун тоому ушул,

Досуң дагы, касың дагы бир өткөн.

Бардыгынан көпүрөнүн жолу улук,

Бакыт тилеп өткүн дайым жүрөктөн.

 

…Жолду жолго ташып жүрүп бир күнү

Өзүн жерге уруп өлөт көпүрө!

Өмүр кечип өтүп жаткан пенделер,

Көпүрөгө таазим кылып өткүлө!

02.12.95.

 

Үч чындык

Туяктары ташыркап, айла куруп,

Турган кезде Ата-Журт – милдетиң көп.

Туулган жердин кадырын билбей туруп,

Топурагын тепсөөгө укугуң жок.

 

Сен дегенде жүрөгүн сууруп чыгып,

Азаптанса сен жүрсөң көңүлүң ток.

Ата-энеңдин кадырын билбей туруп,

Сенде ата-эне болууга кудурет жок.

 

Сүйүүнү сен жылдыздай бийик сана,

Сүйүү деген чынында ыйык нерсе.

Ар бир күнүн сүйө албас эркек гана,

Периштесин сүйө албайт жигиттерче.

 

Ар бир күнүн сүйө алган эркек гана,

Периштесин сүйө алат жигиттерче.

06.10.93.

 

ТОПУРАК

Тууган айылым, сендик тилек-арашан,
Топуракта турат бүтүн алакан.

Кысып турсам кош уучума толтуруп,

Кызып-кызып ысып кетет алакан.

 

Шаша жүрүп, же жай басып көчөңдө,

Сен жашарып, мендик өмүр кечеңдейт.

Ар булагың – кан тамырым ал менин,

Сен деп соккон алтын башым эсенде.

 

Токбай-Талаам, элиң кутман өзүңдөй,

Сүйгүнчүксүң окуучу алган “бешиндей”.

Ак таң жоктур сенин кутман таңыңдай,

Ак шам жоктур сенин жоомарт кечиңдей.

 

Сени аңтарып көп асыл кен казылар,
Сага арналып көп дастандар жазылар.

Өмүр – кечмек. Бир өзүңсүң, кез келип,

Өлүп кетсем кучагына жашырар.

 

Мен уучтаган топурагың жайнаган,

Аталардын денесинде кайнаган.

А анткени, мен да бир күн өзүңдө,

Урпак уучтар топуракка айланам.

 

Жалгыздык

Иттер неге сезишпейт жалгыздыгын,

Итаягын сыдырып жалап жатып…

Мен билемин таптакыр алсыздыгым,

Асман тиктеп, ааламды карап жатып…

 

Адам колу: бармак да, чыпалак да,

Теңдеши жок, ар бири жалгыз-жалгыз.

Ааламда сансыз жылдыз кызарат да,

Ар бири аралыгы өтүп баргыс.

 

Ах, көздөр, мөлтүрөгөн эки тамчы,

А бирок, алар дагы эки башка.

Жол таппай түбөлүктүү кол кармашчу,

Көздөр да айланышат тамчы жашка.

 

Күн менен түн Зейнептей Күкүк менен,

Бири-бирине жете албай кубалашып.

Бу өмүрдө бардыгы жүрөт жалгыз,

Кудай бизди койгонбу дубалатып.

 

Ата-энең, балдарың, дос-жарың да,

Алмашпас ордун такыр жалгыздыкка.

Жалгыздык жүрөт дайым кан-жаныңда,

Башкалар дайым сенден алыстыкта.

 

Жалгыздап жүргөн арман болор, бирок,

Жалгыздык түртөт сени дайым өргө.

Жалгыздык сени дайым коштоп жүрөт,

Бул өмүр коюлгуча барып көргө.

 

Мекен

Жоо киргенде, кол көтөрүп, бүрүшүп,

Аман алып калган жаным курусун!

Бөлөк элде буудай болуп эгилип,

Жүргүчөктү Ата Журттан бөлүнүп,

Калганы жакшы каным сенде төгүлүп,

Майрам мага сен деп чыккан урушум!

Бактылуу Өлүм ошол!

 

Ажал жетип оо дүйнө кетеринде,

Асмандан жылдызың жылт өчөрүндө,
Айланып өскөн жерди карап турсаң,

Атыр жел денеңди жууп, тарап турса,…

Кучактап топурагың, өзүң дагы,

Айлансаң топуракка Мекениңде!

Бактылуу Өлүм ошол!

06.05.96.

 

Из

Ойлонуудан, ой жоруудан какшыдым,

Ойдогудай чыкпаса эгер жакшы ырым –

Эмне калат Бакыт деген атымда,

Эмнем менен жагам сага, тагдырым?!

 

Көрүп турам, кетти өмүрүм куюндай,
Карышкырдын бороондогу ыйындай.

Эгер эртең өлүм келсе жан сурап,

Өмүр, сенден кете аламбы кыйылбай?!

 

О, мен жокто жетим калар ырларым,

Жан кармабас ырларымдын кундагын.

Мээрим төгүп, тегиз кылар жан барбы,

Ырларымдын, өсүп кетсе, тырмагын?!..

 

Кыйналамын таба албай сөз ыгын,

Жазам… жазам… жакпайт кайра өз ырым.

Из-издерди карап көзүм талытып,

Издеп жүрөм акындыктын көзүрүн.

1998-ж.

 

Апа

Сен турган жерде бүтүн кут турарын,

Билемин, мойнуңда көп жүк турарын.

Коштошкон карааныңды эстеп алып,

Көзүмдүн жашын ирмеп жуткурамын.

 

Эх, мени деп калбыр кылып канатыңды,

Ач калсам ала чуркап чаначыңды…

Апа ай, мен түтпөсөм керек эле,

Көтөрсөм сен көтөргөн азабыңды.

 

Апаке, саамай чачың аппак кылып,

Мен узап, көңүлүңдү аксак кылып.

Ой-санааң мени менен жүрөбү дейм,

Андагы жан-дүйнөңдү таштап чыгып.

 

Жарыгыңа, мэримиңе өзгөлөр,

Жалынышар, кубанышар, эркелээр.

Бирок, сага тең тайлашкан ким дейсиң,

Бир тең келсе Күндүр сага тең келер.

 

Бубак чачың же жүзүңдүн торлорун,

Ырдай албай өзүмдү эчен кордодум.

А чынында зарыл эмес сага даңк,

Сен турмушта – Ыйыктарга Ордосуң!

 

Ырдай албай чегип канча убара,

Мен өзүмчө мындай бүтүм чыгарам:

А чынында сени ырдап не керек,

Шу турмушуң – Ырдан бүткөн Мунара!

 

Мүрзөдөгү шыбактар

Ач айкырык, кулак тунган үндөр бар,
Аңырайып оозун ачкан түндөр бар.

Мен турмушта мүдүрүлгөн мүнөттө,

Жөлөп-таяп кала турган кимдер бар?!…

 

О, шыбактар, мүрзө жыттуу шыбактар,

Үнүңөрдө Куран жыттуу кыраат бар.

Силер ырдап, жашайт дайым силерде,

Жашап бүтпөй өтүп кеткен курактар.

 

Ышкырыктан турса дагы ырыңар,

Тирүүлөргө мукам болуп угулар.

Пенде байкуш түбүңөргө бүк түшөт,

Тирүүлөргө тоо таппаган урунар…

 

Көзүң өтсө сөзүңдү ким тыңдамак,

Мен дүйнөдөн, дүйнө менден кур калат!

Мен өлгөндө мүрзө үстү дуулдап,

Мен жөнүндө шамал не деп ырдамак?!…

 

Мен өлгөндө ыйлагыла озондоп,

Жүрчү эле деп убакыттан озом деп.

Өлөм, бирок, жеңилбесмин мезгилден,

Жеңилдим деш, жеңилдим деш – кесел кеп.

03.10.96.

 

Досума

(Кенжегулга)

Жаздыгыбыз бир болду кайда жатсак,

Жолдорубуз бир болду кайда бассак.

Азга турбай айтылып кетчү өзү эле,

Аялчу бир сырларды ичке катсак.

 

Көкүрөктө бир сокту жүрөгүбүз,

Көөдөй түнү бир болду түнөгүбүз.

Кала берсе бир чыгып кала турган,

Көңүлдөрдө жактырган чүрөгүбүз.

 

Жатагыбыз казактын батири болуп,

Жашап жүрдүк кээде бай, жакыр болуп.

Мүнөз эмес, сөздөр да кетти алмашып,

“Мен ям деп сен, меники “жатыр” болуп.

 

Чыйыр салып бул өмүр өңүбүзгө,

Жылда бир жаш коноктоп төрүбүзгө.

Сен каалабай, мен күтпөй турган менен,

Секин жылып кез келет бөлүнүшкө.

 

Колдо диплом, жолубуз тарам болуп,

Коштошорбуз “телефон чалам” болуп.

Кат жазышып турарбыз жок дегенде,

Колубузда “маалимдик” калам болуп.

 

Кантип деги тил барсын “кайыр” дешке…

Кайгырган же кубанган таңда, кечте.

Короз болуп кыйкырган Кубаны, анан.

Кой болуп маараган мени эсте.

 

Ырдай жүргүн “Эненин арман-бугун”,

Ыр өмүргө хан болуп калгандыгын.

Дагы далай жол басар, мен түрткөндө,

Дагарага малынып калган бутуң…

 

Бала-чака батиңке жыртып турар,

Балалайка-комузсуз ырчы кылар.

Сагындырар бир кезги куттуу бөлмө,

Сен шыпырсаң, мен полун сүртүп чыгар.

 

Эр жигиттик нарк болсун ыйык мүлкүң,

Эки илабиң карк болсун, чыгып күлкүң.

Өзгөлөрдүн ичинде жалгыздатпай,

Өзүм жокто көлөкөм коштоп жүрсүн!

12.02.95.

 

Эң чоң бакыт

Ырас, адам көкөлөтүп көңүлүн,

“Көп берсе,-деп,-тилейт Теңир өмүрүн.”

 

Сүйгөнүңдү колдон алып жетелеп,

Күлүп жүрсөң – андан ашык не керек!…

 

Күнүн көрбөй жупуну оокат, мажестин,

Бардар болуп жашаганга не жетсин!…

 

Бирок,…

Бийик чыкпай үнүң турса кардыгып –

Түккө турбайт байлыгың да, жардылык.

 

Элиң зарлап жашаганча бир кылым –

Секунд жашап бүтө элиңдин жыртыгын.

 

Элиң турса күйүп кызыл чок болуп,

Чокко түш да, атыл жоого ок болуп.

 

Эң чоң кайгы – өлүм эмес көз жапчу,

Ал – элиңдин көлдөп турган көз жашы.

 

Эң чоң бакыт – эсен болсун тууган эл,

Эсен болсоң эл чогулган тууга кел.

 

Өмүрдү да, сүйүүнү да, бакытты,

Элге берсин, болбойт башка жай ыктуу.

16.10.94.