Бактыгүл Чотурова: Телефонум шыңгырайт, керек белем?! Ким болду экен бей убак мени эстеген?

Жамгырда

Жамгырда жалгыз, үнсүз басып келем,

Жароокер бирөөнү эстеп кымбат деген.

Күлүңдөп кол чатырчан тосуп алчу,

Зыңкыйып султандардай сымбат менен.

 

Ийилип колдон алып ал асыл жан,

Иңирде кечти тосуп, атырган таң…

Калды күн… калды алыста арман болуп,

Карааны жаандагы кол чатырчан.

 

О биздин кайран гана өрттөй жаштык,

Бактынын баркын билбей кылчактаттык.

Бурулуп желдей жеңил таарынычтан,

Буйруган өмүрдө көп ашуу аштык.

 

Куюлуп кусалыктын көз жашындай,

Жамгырда турам жааган көз ачырбай.

Төбөмдөн өпкүлөгөн тамчыларга,

Төгүлгүм келди бир да сөз жашырбай.

 

Ал ошол күлгүн чактын эркелиги,

Жүрүпмүн бардан бетер түбөлүгү.

Үмүттөй жерге түшүп кол чатырым,

Желкемден басып турат турмуш жүгү.

 

Адамдар арзыйт неге

Чачымдан сылаган жел сени эстетип,

Чакырган бир сезимди келем сезип.

Артына кайрый албай арзуумду мен,

Ал турсун алдым окшойт тереңдетип.

 

Бактымды кайдан билдим көрөөрүмдү,

Баладай сени өзүмкү дебедимби.

Эсиңе түштүм бекен ушул азыр,

Ээрчитип күндү мага жөнөдүңбү?!

 

Ойлордун чубап өтүп бүткүл түрү,

Оронуп элесиңе күттүм түнү.

Абайлап кулак түрө жол каратат,

Алыстан абалаган иттин үнү.

 

Кызык го алды жакты билбестигиң,

Жашоонун жарыгы өчпөс бар бир күнүң.

Кайыл деп түштүгүнө жорго минип,

Адамдар арзыйт неге бири – бирин.

 

Узаткан күнү сени узактарга,

Жылт эткен көзүңө окшош кучактаарда…

Кармалап көргүм келди күтүп бакта,

Жылдыздар тагылгансып бутактарда.

 

Кылымды курагандай күн – түн менен,

Кылчайбай агат өзөн күрпүлдөгөн.

Ал ошол өзөн суудай агам сага,

Артына кайрый албай арзуумду мен.

 

Күн жана сен

Күн батты, “кош” айттым эртеңге чейин деп,

Сен кеттиң күнгө окшоп, мен эмне дейин кеп…

Күн жолун токтотуу эч мүмкүн эместир,

Тосподум сени да, күлбөй анчейин көп…

 

Түндүн көзүндөй, көздөрүм капкара эх!

Түрүлгөн кирпигим мөлтүлдөп жаш тама эх!

Телмирип ойлордон жыгылгым келгенсийт,

Терезем караган калың бакчага эх!

 

Билбейсиң мендеги жалгыздык азабын,

Узатам түндү суз, күтөм таң атаарын.

Жылтылдап нурлары сапсары чачыңдай,

Күн тосуп эртелеп… эркелеп басамын.

 

Күн чыкпай койбойт эч, билемин таңында,

Кечикпейт жолунан бир мүнөт, жарым да.

Калтырбас көңүлдү улуу күн сыяктуу,

Кайрылаар жолуңдан сен дагы жаңылба!

 

Сен неге келем дедиң…

Сен неге келем дедиң, келбей туруп,

Көгүлтүр көзүң менен көлдөй тунук,

көзүмдү тиктегенсип элестеттим,

Саргайып сагынчымды жеңбей куруп.

 

Билбеймин убадаңдан эмне корком?

Келем деп айтпагын да, келбеген соң.

Кулагым үмүтүмдү укмак эмес,

Куш учуп жеталбаган жерде болсоң.

 

Алсыздай жакын туруп алыстайсың,

Коркоктой кадамыңды карыштайсың.

Түшүнбөйм, ошондо да азгырыктуу,

Түшүмдө карматпаган жарыктайсың.

 

Турса да бийиктерге жетип төбөң,

Калкалай албайт мени, дейм да, чөгөм…

Көтөрүп алып чыгып көп бороондон,

Бактымды берген ырым ыйлап өбөм.

 

Ал ырлар бирок, сенден келген жолдун,

Өзүндө турат, жатка бербей ордуң.

Кыйналып жатканыңды билем сен да,

Кымбатым келбесең да аман болгун.

 

Баары жакшы көргүдөй акча белең?

“Мени жакшы көрбөйсүң бардыгың” деп,

Мээни чагып эмнеге наалыдың көп.

Ичиңден бук чыгарга илмек издеп,

Илебиңе нан бышар жалының өрт.

 

Баары жакшы көргүдөй акча белең?

Боо, боо болуп алдыңда жатса деген…

Сага окшогон бекерчи эмес көбү,

самап жетпейт ошончо тапса кенен.

 

Бирөө сүйсө адамды, бирөө сүйбөйт,

Бирөө билсе сырыңды, бирөө билбейт.

Жалгыз гана акчаны баары сүйүп,

Көрөр замат жадырап күлүп сүйлөйт.

 

Жашоо ошол, чыкса да асыл, көсөм,

Көралбастык ызалап коет нечен.

Буйтап өтүп түз ойдун буттарынан,

Буруп турат тетири, эмне десең.

 

Жалгыз гана акчаны жамандашка,

Эч ким чындап барелек адамзатта.

Айтса айтаттыр сыртынан, ичтен антпейт,

Ак сөз үчүн сызылат санаам аста.

 

Кимге болсун туурабы жакса деген,

Уксам мейли дейт элем башка жемең.

Бала болуп кетесиң башты оорутуп,

Баары жакшы көргүдөй акча белең?!

 

Түштөгү шакек

Түшүмдө көрдүм сени, кечээ кечте,

Мен үчүн келгениңди билгизбеске,

кобурап жатыптырсың тургандарга,

Жүрөгүм зырп эттирип бир тиктеште.

 

Ийменип карайт экем, коомайланып,

Шакегиң алтын окшойт, билбейм анык,

Салынып оң колуңдун салаасында,

Чачырап нур чыккансыйт күндөй жарык.

 

Тапкандай сүйгөн ээсин жаңылышпай,

Түсү да сапсары экен сагынычтай.

Кадырын сыйлап аяр сезим менен,

Кармалап, кайра аласың тагынып жай.

 

Керилген келбетиңде өзгөрүү жок,

Байкатпай баягыдай көздөрүң шок

чагылып өөп өттү көздөрүмдү,

Ойгондум… жалгыздыкта денем бүт от!

 

Өңүмдө, билем, шакек тагынбайсың,

Өмүр го кусалыктан арылбай, чын…

Эңсөөлөр кыялдарга алданышат,

Сен мага ошон үчүн табылбайсың!

 

Мейличи, түшкө нелер кирип, кирбейт,

Чындыкты түз айтпаган күйүп, сүйбөйт.

Кадалып шакек болуп тагдыр күчү,

Каалаган менен бизди бириктирбейт.

 

Кеч, жардам…

Табышмак сезим эсти алган,

Табы өчкөн оттой кеч калган.

Тар жолдо чачып жарыгын,

Табылды кайдан “тез жардам”.

 

Ал жарык сенин көздөрүң,

А бирок мен не кексемин?

Ишентип, кайра ишентпей,

Ит турмуш сени эх, дедим.

 

Жагымдуу желге термеле,

Жайылган кирдей кермеде.

Жетелеп келген жолдоруң,

Жерибей койдум эмнеге?

 

Өгөйлөп өздөн, жаттардан,

Өйүздөн тиктеп көз талган.

Тагдырдын бузуп жээгин,

Өткөнүң балким кеч… жардам!

 

Сүйөсүң сен бирөөнү, билем досум

“Сүйөсүң сен бирөөнү билем, билем,

Сеземин жүрөккө эч албай кинем.

Билгеним-досум сенин таалайлуудай,

От чачкан көздөрүңдү көрүп жүрөм.”

 

– дегениң эстеп алып ичтен тына,

Өзүмдү сага окшотуп бүгүн, мына…

Жылмайып бара жатам көчө менен,

Жылдыздан жаңыргандай үнүңдү уга.

 

Анткени ачылгандай жүзүм жаркып,

Асмандан түшкөн нурдай бир жол тартып.

Жарашып жупунураак турганым да,

Жадырайм эч ким жоктой менден артык.

 

Төгүлөт ууртумдан күлкүм шыңгыр,

Качанкы ызалыктар кыркып чынжыр.

Өрүлүп өтөр-кетер дүйнөң менен,

Шул тура тирүүлүктө адам кургур.

 

Барк кылбас аз өмүрдө күндөр бошун,

Бактыны кимдер самап, ойлонбосун.

Ии десең, сурабаган жагат мага,

Сүйөсүң сен бирөөнү, билем досум!

 

Телефонум шыңгырайт кайталанып

Телефонум шыңгырайт, керек белем?!

Ким болду экен бей убак мени эстеген?

Жылт дей түшүп бир сезим, үнүңдү угуп,

Жылмайыңкы жүзүңдү элестетем.

 

Кыял менен кайдадыр баратабыз,

Көңүлдөргө жылуулук таратабыз.

Коштошобуз… кайрадан шыңгыратып,

Кандайдыр бир жагымдуу тамашабыз.

 

Телефонум шыңгырайт кайталанып,

Термелемин алам да кайта барып.

Алтын сөзүң оронуп арууланам,

Аппак нурга көөнүмдү чайкап алып.

 

Күттүрүп ким бирөөнү айдыр, жылдыр,

Тирүүлүгүң керемет тура кургур!

“Мен бармын” деп жүрөктүн кагышындай,

Телефонум токтобойт шыңгыр… шыңгыр!

 

Менден жакын адамдарды таарынтпа

Күтөөрүмдү билип туруп жакындан,

Кеттиң мейли, бир конокко чакырган.

Каалап турсам дагы кал деп кайталап,

Калтырууга жокмун бирок батынган.

 

Карап көрсөм, өчкөн белем жаз ыры,

Каныбызда күздүн согуп тамыры.

Ошондуктан өтүмдүүрөөк сүйүүдөн,

Каттоолордун эсептешчү “кадыры”.

 

Макул эми, мага болбос тар пейил,

Андан көрө амандыкты бар дейин.

Көртирликтен бийик турчу бир сезим,

Көңүлүмдү тим койбосо кантейин.

 

“Бири кем дүйнө” көп жашаган тарыхта,

Өкүнүчсүз өмүр жок бул жарыкта.

Мен таарынсам өзгөрүлбөс эч нерсең,

Менден жакын адамдарды таарынтпа.

 

Билбейсиң жалгыздыктын эмне экенин

Сен менин тирегимдей сезилчүсүң,

Сен менин жүрөгүмдөй эзилчүсүң.

Кабагым кар жаадырып тосуп алып,

Капалуу экенимди өзүң түшүн.

 

Ал ошол айтпай кетип калгандыгың,

Айыкпас сенсиз менин жарам, бугум…

Бирге өткөн мүнөттөрдөн такыр башка,

Билбейсиң жалгыздыктын жамандыгын.

 

Анткени турмушуңда жалгыздык жок,

Жаныңда жакын бирөө жүрөт коштоп.

Ким билет сүйүүң барбы, жокпу анда,

Баары бир мендей эмес, көңүлүң ток.

 

Кыялбай башка жанды, мени кыйып…

Тыялбай башкаларды, мени тыйып…

Бу кандай, мен бир байкуш немеминби,

Жыргаймын бул сезимден нени туюп?

 

Билбейсиң жалгыздыктын эмне экенин,

Ээ, койчу, оюңда бир мен бекемин?!

Кыйбастык, кымбаттыкты табуу үчүн,

Кыдырып андан көрөк жер кеземин…