Бактыгүл Чотурова: Классика-кылымдарга көчөсүң, Кыйын күндүн каректерин тешесиң

Күлүктү сойбогула

Айтпаңыз, айтпаңызчы,

Мал сойгон мактанычпы?!

Төрт буту байланганда,

Төбөмдөн асман учту…

 

Чыйрыктым… сүрү беле?!

Чыңырды үнү неге?

Бир кезде даңканы учкан,

Мал эмес… күлүк эле…

 

Шаан-шөкөт, элде ат чабыш…

Шамалдай таштап арыш,

Алдына ат чыгарбай,

Таанылган атагы алыс.

 

Душманы азаар жандын,

Бут тосот кадамга арбын…

Негедир окшоп кетти,

Тагдыры адамдардын.

 

Ич тардык аласасы,

Ийилтип таразасы-

Асылды жыккан менен,

Айтылып калат аты.

 

Атаңдын көрү, турмуш,

Кылсачы назар сынгыс…

Жаза алат жакшылар да,

Жасаган окшоп кылмыш…

 

Баарына тойлогула,

Бирок да ойлогула,

Тушу өтүп кетсе дагы,

Тулпарды сойбогула!

 

Окшошпой ойдогуга,

Айтпаска койбоду да.

Күнү өтүп кетсе дагы,

Күлүктү сойбогула!

 

Классика

Классика-бүт өмүрдүн тасмасын,

Артка түртүп эртеңкиден башкасын,

Бир күн келип кайтпас жакка кетсек да,

Бизден чексиз бийик турган жактасың.

 

Классика-кылымдарга көчөсүң,

Кыйын күндүн каректерин тешесиң.

Балалыктан ушул күнгө чейинки,

Баарын түгөл көзгө сүртүп өтөсүң.

 

Жашоо кызык же аягы, же башы…

Кимдин куурап, кимдин куунап жыргашы-

Тирүүлүктү жасалмасыз үйрөтүп,

Классика-өлбөстүктүн темасы!

 

Классика-батпай турган түймөгө,

Сен бир өчпөс чыгармасың дүйнөдө!

Сейректигиң менен көптөн суурулуп,

Сени такыр мүмкүн эмес сүйбөөгө!

 

Секин катып сен аяган саламды

Барган жерде санга бөлдүм санаамды,

Көрүп туруп, көрмөксөндөй абалды…

Сезимиме ороп кеттим унчукпай,

Секин катып сен аяган саламды.

 

Көңүл деген көңүл менен толсо не?!

Жакшы адамың жанга кубат болчу эле.

Күздү көрбөс эрте бышкан алмадай,

Мага келчү жолуң саздай сорсо же…

 

Таң калбаймын, таң калуудан өчкөм мен,

Тагдыр кээде болот тура эскермең.

Кезегинде кечиргенди кеңдик деп,

Кечүү издейм өткөн менен кеткенден.

 

Билем азыр, жүрөгүң жок зарды укчу,

Күндөр келер өкүнүчтөн кан жутчу.

Сараң көөнүң чачкан бирөө эстетээр,

Саламыңды аяп кеткен тардыкты.

 

Көтөрүп турган көптү көпүрөдөй

Көңүлдүн ээси болуп Кудайым деп,

Үмүттүн ээси болуп убайым жеп,

кейиирин билбейт тура адам бир кез,

Кечкенде жаңылуунун ылайын көп.

 

Сиз дагы жаңылдыңыз түйшүк түшүп,

Кеткенге кекчилдигим билбей түзүк…

Сиз эмес, башканы ойлоп турганымды,

Айтсам да кайыл болуп мени күтүп.

 

Угалбай жооп үчүн оңдуу бир сөз,

Тагдыр го табылганы ордуңуз кеч.

Көтөрүп турган көптү көпүрөдөй,

Сиз менден түңүлалбас болдуңуз эч…

 

Арзуу

Күндөрдүн кечтеринде, таңдарында,

Күтүүдөн өчпөй күйүп шам жанымда.

Мезгилим өмүр менен өрүлүшүп,

Мен келем үмүт жандап арманымда.

 

Кең дүйнө көздөн учуп зар болгондо,

Кечигип кезиктик биз тар жолдордо.

Мээримиң жүрөгүмдү нурга бөлөп,

Мен бармын, сүйүүм өзүң бар болгондо.

 

Ишенбе өмүр артта калганына,

Жашоонун сүйүү барда жалганына.

Сезимдин кереметтүү бактысынан,

Сен үчүн кайыл болдум мен баарына

 

Аялды ыйлатпоо керекпи, э?

“Аялдын көз жашын агызба”-

Дептирсиң аалымдай тарыхта.

Жашырдың өзүңдү эмнеге,

Жакшы сөз алгансып карызга.

 

Аялды ыйлатпоо керекпи, э?

Сен муну айтканга себеп не?

Жакшы сөз! Бирок да чын айтса

Жарашмак сен эмес бөлөк же…

 

“Аялды ыйлатпа” дегениң,

Эстетет сөздүн эң тереңин.

Эмне бул, турмушка дал келбей,

Мен сени тааныбай келемин.

 

Устабыз акылдуу кеңешке,

А көрөк аткаруу керек де.

О, кайдан, канчаны ыйлатып,

Кантейин “айла жок” дебеске…

 

Жасалма сүйлөйбүз биз кандай?!

Жамгырда баскансып из калбай…

“Молдонун айтканын жаса да,

Кылганын кылба” деп уккандай.

 

Бул жашоо толгонсуп жалганга,

Айтканың өткөндөй андан да.

Аялды ыйлаткан сайын сен,

Айландың арманга… арманга…

 

Сиз неге капалуудай көрүнөсүз?

Жүрөктө катып турмуш каары таштай,

Байкасам айлананын баары жакпай.

Сиз неге капалуудай көрүнөсүз,

Кымбатын тирүүлүктүн тааныбастай.

 

Антпеңиз, бул жашоонун жалганы бар,

Андыктан бактысы бар, арманы бар.

Иши дейт күчтүүлүктүн-өзүн жеңүү,

Өмүрдүн көбү өтсө да калганы бар.

 

Тапсак да жыргал сезим эстегенден,

Табылбас жакшы нерсе кектегенден.

Кайгыдан кийин келчү кубаныч бар,

Кандайдыр жарык берип өчпөгөн дем.

 

Таарынбай, кейигеним адат кылдым,

Тагдырга күндөрүмдү санаттырдым.

Мени ким аяганын албай эске,

Мен сизди эмнегедир аяп турдум.

 

Көзүңдү карабастан сүйлөгөнүм

Көзүңдү карабастан сүйлөгөнүм-

Көңүлүм калгандыктан зилдегеним.

Түтүнгө (ачуу) толгон морго окшодум…

Түшүмдө чакаткандай түндө менин…

 

Жүзүңө мурункудай карабасам,

Жүйөөсүн билдиң беле, кана? Качан?

Жүгүргөн ойлорумду чалып курман,

Жүрөгүн таарынычтын жара басам!

 

Көргөңдө күлүмсүрөп тиктебесем,

Күлүүгө жасалмалуу күчтөбө сен.

Күлкүмдү күтүүлөргө ороп туруп,

Күндөрдү сындыргансың бүктөп эчен…

 

Келдиби аны эч эске албайт дегиң,

Чындыгың ачык айтпай канбайт кегим…

Жарда өскөн жалбырактай суу сурайсың,

Жамгырдай жакшылыгым калбайт менин.

 

Анткеним, тирүүлүктүн сүйүп күнүн,

Аздектейм адамдыктын бийиктигин.

Сен эмес башкалардан, билем Кудай

кайтарат жакшылыктын үйүп жүгүн.

Ыйлагандагы ыр

Кереги эмне, түркөйлүккө теңелсем,

Ичке катып, күлүп коём мен эртең.

Бүгүн мени капа кылып ким бирөө,

Ыйлаганым кайдан билмек элең сен.

 

Мейли ыйлатса мени билбес кеңкелес,

Билем, билем, мен үчүн ал сен эмес.

Көргүм келип, көп жыл болгон сүрөттү,

Көз алдымдан чууруп өттү көп элес.

 

Ыйладым да өткөн өксүк тагдырга,

Тизип койдум айландырып жакшы ырга…

Бакыт болсо дагы ушул тирүүлүк,

Жашоо деген жактары көп азгырма…

 

Сени келип сооротчудай сезээрмин,

Мүнөзү ушул, билсең ыйлаак эжеңдин.

Кейисем да келип-кетер турмуштан,

Кыялымдан бакты тапкан өжөрмүн.

 

Күтүү менен күндүк өмүр королуп,

Күлкүм уктап… үмүт менен он ооруп.

Ыйлаак эжем дүйнөнүн бир жеринде,

Ырлар менен олтурат де оронуп.