Байтемир Асаналиев: Көз айнек

Көз айнек

Күлсүндүн таенеси бар. Аты – Ракыя. Күлсүн таенеси экөө аябай ынак. Ал апасы жумушунан келгиче шынаарлап анын жанынан чыкпайт. Таенеси да көп учурда небересинин ою менен болуп, айтканын эки дебейт.

-Таене, жомок айтып берчи? – дейт Күлсүн, бир оокумда.

-Айтса, айтып берейин, алтыным! – деп таене иргилбей макул болот. Анткени, Күлсүндүн таенеси көп-көп жомокторду билет. Анан экөө жумшак орундукка маңдай-тескей олтуруп алышып, түркүн жомоктун кызыгына батышат.

Күлсүн бар болгону үч эле жашта. Ошол себептүү, таене да жомокторун аны түшүнсүн деп, азыраак жөнөкөйлөштүрүп айтат. Ал эми Күлсүн болсо аябай берилип угат. Бирде каш-кабагы түйүлө калса, бирде булуттан чыккан күндөй жарк этип, жайдарылана күлүп жиберет. Жомоктогу окуяларга жараша ошентет.

“Зымырык куш”, “Акыл Карачач”, “Жетим бала”, “Алпкаракуш”, “Жети улак” өңдүү жомоктор биринен сала бири уланат. Ракыя таененин жомоктору ушулар менен эле чектелбейт. Дагынкысы дагы бар…

Таене менен небере эмне иш жасашса да, биргелешип аткарышат. Баса, Күлсүндүн кичинекей китептери да бар. Сүрөттөрү тимеле укмуштай кооз. Аларды таятасы алып келип берген. Чындыгында аны китепке үйүр кылган да ошол таятасы болду, биринен сала бирин алып келе берип. Адегенде аздан-аздан сүрөттөрүн көрүп жүрүп эле, кийин биротоло китепкөй болуп кетти. Эми анын китепсиз күнү жок.

Таене менен неберенин жасай турган жумуштары да арбын. Бирде телевизордон кичинекей балдарга арналган мультфильмдерди көрүшсө, бирде олтуруп алышып китептин сүрөттөрүн карашат. Аябай кызыгып алган немелер, окуя кубалап отуруп, өздөрү да ошол сүрөттөрдөгү кейипкерлерге айланып кетишет.

Таятасы айтат: “Сүрөттөр да кадимки эле китеп сыяктуу окулат” – деп. Ошол сөз чын окшойт. Анткени, Күлсүн таенеси экөө да ар бир кызыктуу сүрөттү кадимкидей эле окушат. Айтор, эки маал уйку эле аралабаса, Күлсүндүн колунан күндүр-түндүр китеп түшпөйт.

Күндөрдүн биринде күтүлбөгөн окуя болду. Ооба, мындай болору эч кимдин оюна келген эмес. Таене качан эмне иш жасабасын көзүнө көз айнек тагына турган. Болгондо да атайын көз айнек. Ансыз анын көзү оңдуу көрбөйт.

Кээде Күлсүн таенесинин көз айнегине кол созгондо: “Кой, алтыным, бул деген сен ойногуда   й оюнчук эмес. Бул таенеңдин кошумча көзү. Кокус сынып калса, карайлап отуруп калам”, – деп тыйып койчу. Андай учурда Күлсүн талашып-талашып тим болчу. Канча кылса да, акыл-эси толо элек наристе да, баары бир көңүлүнүн тереңинде көз айнекке ашкере кызыгуусу сезилип турчу.

Бир жолу таене көз айнегин байкабай Күлсүн жеткидей жерге калтырып коюптур. Ал эми өзү ашканада тамак даярдап жүргөн.

Күлсүндүн көктөн тилегени жерден табылгандай эле иш болду. Адегенде таенесин туурап аны көзүнө кийип көрдү. Бирок, оңдуу токтобой койду. Ага да карабай, бир кийип, бир алып, өзүнчө алектене берди. Көзүнө эптеп илип алып басып келатканда, “тарс” этип тактайга түшүп, сынып калды. Чыккан дабыштан улам жетип келген таенеси жерде бырчаланып жаткан көз айнегин көрдү. Күлсүн болсо, күнөөлүүдөй унчукпай жер тиктеди.

Экөө эми баягыдай китеп окуп, сүрөт көрө албай калышты. Таене демейдегисиндей шырдак шырып, курак кураганын да койду. Кол машинасын зырылдатып Күлсүндүн куурчактарына түрдүү көйнөктөрдү да тигип бере албайт. Өзү айткандай: “Карайлап эле отуруп калды”.

Арадан күндөр өттү. Бир жолу үйдөгүлөрдүн баары чогуу-чаран олтурганда таене: “Ботом, көз айнегимди качан апкелесиң?” – деп таятага карады. Ал болсо: “Дүкөнгө ага туура келгидей айнек түшпөй жатат” – деп айтты.

Ошентип, Күлсүн аябай бук болуп жүрдү. Анткени, экөө баштагыдай убакытты көңүлдүү өткөрө албай калышты. Күлсүн да ичинен күнөөсүн сезгендей: “Таене, китеп окуп бер! Таене, кел, сүрөт көрөлү?” – деп кыйнаганга батынбайт.

“Бул деген сен ойноочу оюнчук эмес, талашпай жүр!” – деп таенесинин эчен жолу эскерткенин эстейт. Кыязы, анын тилин албаганына өкүнөт шекилдүү.

Эртең менен таене көз догдурга кетти. А Күлсүн анын келишин чыдамсыздык менен күттү. Аны көптөн бери көрбөгөндөй кусаланды. Аңгыча уктап калды. Уктап жатып түш көрсө, таенеси көз айнектүү болуптур. Тим эле жаркырайт.

“Күлсүнтай, мынакей, көз айнегимди алып келдим. Карачы, эми сындырбайсыңбы?” – дейт. Күлсүн анын мойнунан кучактап: “Эч качан сындырбайм, тилиңди алам!” – дейт эркелеп.

Уйкусу канып калган неме, үйдөгү кобур-собурдан ойгонуп кетти. Кызматтагысы – кызматтан, окуудагысы – окуудан келип, үйдөгүлөр чогуу-чаран олтурушуптур.

Таенеси жаркыраган көз айнек тагынып алып, шырдак шырып олтурат.

Бул кездеги Күлсүндүн кубанычына чек жок эле.