Байдылда Сарногоев: Көрүнүшүң көк бөксөдө баратып, Кыйгач тартып тура калган эликтей

Киного кетип баратам

Жигерлүү жигит кезимде,

Чокудан чыктым чокуга,

Чокуга мени чыгарган,

Жаштыктын жалын оту да.

 

Жигерлүү жигит кезимде,

Түшүмдө жүрдүм куш кармап.

Өбөктөй түшүп ыкташып.

Өңүмдө жүрдүм кыз жандап.

 

Эңсесем эми чыга албайм,

Чокулар калды бийикте.

Жаштык кез өттү “жалт” берип,

Бай кылып таттуу үмүткө.

 

Түшүмдө эми куш эмес,

Карга да калдым кармабай.

Өңүмдө эми кыз эмес,

Келин да калдым жандабай.

 

Бакытым жалгыз өзүң деп,

Башкага көңүл байлабай.

Киного кетип баратам,

Кемпирчем менен жайма-жай.

 

Мүрзө жанында

Жанымды салып кейишке,

Жатасың жалгыз бейитте.

“Жарк” этпес беле маңдайым,

Жамалың менен көрүшсө!

 

Чоңойтуп кайгы-капамы,

Чок кылба мени атайы.

Чоюлбай турчу жан эркем,

Чолпон да көргө жатабы…

 

Ойгончу менин ак сүйүүм

Ойгончу менин наз гүлүм.

Окшошуп бирге басалы,

Ойгончу менин жаз күнүм.

 

Жигиттер жүрөт кыз менен,

Жыргалдын өзү кыз белем…

Жылытып койчу бир келип,

Жибибей жатат муз денем.

 

Жүрсөм да басып жер бетин,

Жүрөгүм жетим, мен жетим.

Сыз жерге жатпай турчу эми,

Суйкайган сулуу берметим.

 

Жалбардым сага миң жолу,

Жарабас деймин тим болуу…

Жылмайып тирүү кезиңдей,

Жыргатып койчу бир жолу.

 

Чын эмес сенин өлүшүң,

Чыгарбай жатат бейитиң.

Секетим мейли, уктай гой,

Сен тирүү дайым мен үчүн.

 

Айтчы, сулуу

Ким болмокчу, ашкан пери сен эмей!..

Күн тууганбы, жердеги эне төрөбөй?..

Жаратылыш сулуулукту бергенде,

Башкаларга бөлүштүрүп кенедей,

Ташын салып таразага тартпастан,

Сага гана берген окшойт ченебей.

 

Куса болуп бир аз калсам көрүшпөй,

Кыялдарым учуп жөнөйт сени издей.

Күндө мага бир жылмайып турбасаң,

Күчөөр эле сүйүү дартым жөнүкпөй.

Көрүнүшүң көк бөксөдө баратып,

Кыйгач тартып тура калган эликтей.

 

Тараз бойлуу, таш булчуңу жанбаган,

Тоо элинде жигиттер көп жайнаган.

Кеп кылышса “сүйүү көзү сокур” деп,

Кээде сага бир жүрүүдөн арданам.

Менменсинген бозойлордун ичинен,

Мени тандап тапканыңа таң калам!..

 

От койгун махабаттын милтесине

Жыттасам жыпар мончок илебиңден,

Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмдөн.

Күндүзү күнүм болсоң, түнкүсүн ай,

Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.

 

Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө,

Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.

Жүз жылдык ырахатты алгансыймын,

Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.

 

Ак куунун моюнуна окшош салааларың,

Жиресе чачтарымдын араларын.

Тап-такыр эрип эле кетким келет,

Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.

 

Эмесе жаным бирге жаркын жазым,

Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.

От койгун махабаттын милтесине,

Чагылган “жарк”-“журк” этип чартылдасын.

 

Аш жана эстелик

Баасы, баркы жагынан,

Бээ чоңбу же төө чоңбу?

Эркебай энесинин ашына,

Эки кой, эки бээ сойду.

Андан ашып түшөм деп,

Аркабай атасынын ашына,

Алты кой, эки төө сойду.

 

Бул өзү соцжарышпы,

Же куру намыспы?

А мүмкүн

Байлыгы жактан жарышты.

Келген элге

Керектүүлөрүн камдап,

Арактарын агызды.

Стакандар кагышты.

Келген эл бээнин этинен,

Төөнүн эти супсак деп,

Күбүрөшүп калышты.

Ошентип эки “чоң жетим”,

Меймандарга берээрин берип,

Алаарын алышты.

 

Эми, аш жагын мындай таштайлы,

Эне, атанын

Эстелигинен баштайлы:

Бирөөнүкү

Кирпич аралашкан таштанбы…

Бирөөнүкү

Топурагы томпоёт

Мурунку бойдон жатканбы…

Үстүндө жайнаган из,

Улак басканбы, музоо басканбы…

 

Акырында сөзүмдү

Айткым келет калыска:

Элде Эркебай,

Аркабайлар дале бар

Алдырган куру намыска.

Арадан кеткендерди,

Ардактап ойго алышса,

Айланта коргон салышса,

Аш берүү жактан жарышпай,

Эстелик жактан жарышса.

 

Ойлодум

Жүрөр эле басса деле кудайлап.

Жүрөр эле жатса деле кудайлап.

“Келме келтир, динге ишенгин” дечү эле,

Кээ бирөөнүн ыйык оюн ылайлап.

 

Чатырчанын бүтөп жатып тешигин,

Даадый молдо там башынан кулады.

Кулаарында “апа” деди бакырып,

Эстен чыгып ыйык көргөн кудайы.

 

Жамбашым деп жатты жерге жыгылып,

Жан далбастап, өйдө төмөн урунуп.

Боосу үзүлгөн теспе сымак көз жашы

Мөлт-мөлт этет куйрук-улаш чубуруп.

 

Шакылдаткан шарыяттын жолдорун,

“Апа” деген сөзүн угуп молдонун.

Кара жанга каргашалуу күн түшсө,

Анык кудай апа экен деп ойлодум.

 

Эне жүрөгү

Асман жактан кат-кат булут калдайып,
Адыр-жонду имерчиктей айланып,
Чакмак чагып, чарт-чурт этип чагылган
Кара нөшөр төккөн турат камданып.

Ачык күндүн бүркөлгөнүн карачы,
Көйнөк кийбей ойноп кеткен баласы.
Ушул нөшөр жаабаса деп уулума
Үйдөн тынбайт энесинин санаасы.

Булут тарап асман чайттай ачылды,
Күн желкеден теше тиктеп чакыйды.
Эми уулумдун этине ысык өтөт деп,
Энесинин капааттыгы ашынды.

Уулу келди бүркөлгөнсүп кабагы
Ошол кезде даяр эле тамагы,
Куюп берип чоң ууртаса кубанып,
Курган эне калбай жатты жан-алы.

Уулу уктады, төшөгүндө жай жатты,
Ошондо да эне тынчып калмакпы?…
Кыңкыстаса кыймылдатат акырын
Кулунумду бастыбы деп “албарсты”.

Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою – тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен
Бизди тууган энелердин жүрөгү.

 

Мөңгү менен карыя

Күкүктөнүп күрпүлдөгөн дайралар,
Күндүр-түндүр басат жолдун неченин.
Алар билет күч-кубатын ченемсиз
Тоо башында мөңгүлөрдөн экенин.

Чалагайым кээ бир көпкөн жигиттер,
Чал сүйлөсө салбай кетет кулагын.
Билбейт алар акыл, ойдун арбыны,
Чоң тебетей карылардан чыгарын.

Кетпесе экен тоо башында мөңгүлөр,
Суу көп болсо чөл жашарып жаңырар.
Арткыларга акыл-насаат үйрөткөн
Өлбөсө экен өрнөгү көп карылар.

 

Мен киммин?

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

 

Издеп жүрөм

Салдырган сөздүн жоргосун
Санасам бир топ жолдошум.
Залкарын бирок аз таптым
Салмагы жактан коргошун.

Чын жолдош болом деп бирөө,
Чырмалды чылым чеккенде.
Чычайып кетти сүйлөшпөй,
Чылымдын оту өчкөндө.

Жан жолдош болом деп бирөө,
Жармашты шарап ичкенде.
Жанымдан кетти бөлүнүп,
Бөтөлкө бошоп бүткөндө.

Акчам бар кезде бир жолдош,
Алыстан көрдү түндө да.
Акчасыз кезде көрбөдү,
Чаңкай түш ачык күндө да.

Инженер кумдан, аскадан,
Издеген сымал алтынды.
Издеп жүрүп жолдош тап,
Билгендей сырды, баркыңды.

 

Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Yйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрлебей кечирип кой анысын.

Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парз го өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

 

Дудуктун тили

Жаңжалын күндө салган көп,
Жададым бейжай жардан деп.
Түрткүлөп, жандап сүйлөшкөн,
Дудук кыз алды Абжалбек.

Кеп-сөз жок уккан мурдагы,
Кулагы тынчып жыргады.
Урматтап, сыйлап аялы,
Унчугуп койбойт бир дагы.

Күн өтүп айга байланды,
Ай өтүп жылга айланды.
Балалуу болуп Абжалбек,
Бар жактан көөнү жайланды.

Калбайт го ушак дегени…
Кай бирөө айтты жемени…
Кай жактан таап алган деп,
Карангы, макоо немени.

Болгон соң жашоо, жай бирге,
Болот го чатак ар кимде.
Дудугу менен Абыш да,
Түртүшүп жүрдү кай бирде.

Балапан окшоп жөргөлөп,
Баласы чыкты экиге.
Аталап чуркайт алдынан,
Абжалбек калса кезиге.

Аялы анда кол жаңсап,
Алганын карап күлүңдөп, –
Уулунун өбөт ууртунан:
Мынакей менин тилим — деп.

 

Чал кемпирин азилдейт

Билесиң го кемпирчем,
Биз жылгындай чактарда,
Бир керебет, бир жаздык,
Кеңдик кылчу жатканда.

Азыр неге кемпирчем,
Алтымыштан ашканда,
Кош керебет, кош жаздык,
Тардык кылат жатканда?

Болбос жерден мен эми,
Полго кулап өлөмбү?
“Бери жатың” азайып,
“Ары жатың” көбөйдү.

Узун берсин өмүрүн,
Уулум менен келиним.
Жаны калбай турушат.
Жаман көрөт мени ким?..

Көрүнбөсөм кээде мен,
Чон аталайт неберем.
Жактырбайсың сен гана,
Жадаттымбы… бул эмнең?

Бармактайдан баш кошкон,
Абышкаңмын, аны бил.
Айтсаң сотко беремин,
“Ары жат” деп дагы бир.