Байас Турал: Кандай адам болор экен, келечектин адамы?

Аялдар конгрессинде айтылган сөз

Куурасын деп өстүрөбү дарактарды адамдар?

Согушсун деп төрөбөйбүз биз-аялдар балдарды.

Төрөбөйбүз адамды биз,

арак ичкен акмактардан болсун деп.

Эл коргогон эр болбосо,

эмнеге төрөйбүз биз аларды?

 

Эгер эгин өспөсө, жерди эмнеге айдайбыз?

Эгер мөмө бербесе, бакты эмнеге карайбыз?

Төлдөбөгөн койду эмнеге багабыз,

кочкорду эмне кармайбыз?

Элди, журтту ким коргойт,

эгер эрлер арак ичип, нашаа чегип жүрүшсө?

Эч нерсеге жарабаган эркекти

“арыстаным” кантип айтат аялдар?

Кантип аны кучактайбыз, эмнесин сүйөбүз?

 

Эмне үчүн өстүрөбүз дарак мөмө бербесе?

Эмне үчүн төрөйбүз эркек эмес эркекти?..

……………………………………………………………..

Бирок, эркек жок болсо,

эртең кимден төрөйбүз?..

 

Астана

Миң жыл мурун ушул жерден өткөнүмдү эстедим:

Өткөн элем жаа тартып, шамал менен жарышып.

Өткөн элем өбөктөп, ат жалына жабышып.

Өткөн элем талаа менен күндү артынан кубалап.

Шамал улуп, бул жер айтчы, анда эмне бар эле?

Кутурган ит байлап койсо, турбай турган талаа эле.

 

Миң  жыл мурун бул жерден көргөн эмес болчумун

күн ысыса көлөкөлөп, жата турган даракты.

Миң жыл мурун бул жерден көргөн эмес элем мен

түндүгүнөн түтүн булап,

очогу отко толуп турган үйлөрдү.

Бир убакта дарак бүрдөп дүпүйүп,

оюма да келген эмес бак өсөт деп бул жерде.

Комбинаттар, зоот жана фабрикалар курулуп,

ээн талаа шаар болуп калат деп түшүмө да кирбеген.

Чычкандардын жер жайнаган ийиндерин көрүп мен,

ойлобогом бир кезде бул жерде эл жашайт деп.

Желе басып, каптап жаткан талааны

бир ойготсо, ойготот деп ойлогом,

бир гана аттын туягынан учкан даңкан чачырап!

 

…Кече күнү көрбөгөн шаарды көрүп кубандым.

Шыбак өскөн талааны көрө албадым а бирок…

 

Ыр окуп жаткан Олжас

Уктуң беле аскалардын сүйлөгөнүн түндөсү?

Таң агарып келатканда

уктуң беле сүйлөгөнүн Асмандын?

Дал ушинтип айтат алар бир-бирине сырларын.

Дал ушинтип күңгүрөнүп тоого окшоп,

окуйт Олжас ырларын.

 

Ал ырларын окуп жаткан мезгилде,

бир жанар тоо чыңалып, жарылганы жаткансыйт.

Бир деңиздин толкуну келаткансыйт аласалып, түрүлүп.

Бир асмандын булуту

келаткансыйт от чыгарып алыстан.

 

Көчкү жүрүп кеткенсип, окуйт Олжас ырларын.

Ал ырларын окуп жаткан мезгилде,

бир түмөн кол жерди каптап кеткенсийт.

Сели каптап кеткенсийт миң-миңдеген сезимдин!  .

 

Ал ырларын окуп жаткан мезгилде,

анын үнү чыгып келе жаткансыйт

мелмилдеген дайранын түпкүрүнөн суурулуп!

Анын үнү түшүп келе жаткансыйт

жылдыз толгон Асмандын төбөсүнөн куюлуп!

 

Асман сүйлөп жаткансып окуйт Олжас ырларын.

Окуйт Олжас ырларын Аска сүйлөп жаткансып!..

                                

От жөнүндө баллада

От, сен мени сууктан сактап келе жатасың!

Сактап келе жатасың

ачка жүргөн ажалдардан куткарып.

 

Ажыратып алып чыккансың Адамды

арасынан Айбандын!

Арасынан көп элдин алып чыккансың сен мени!

А мен сени айланып,

чокусунда тоолордун түшкөм түркүн бийлерге.

Барабандын үндөрү ал бийлерге жан берип,

коштоп, кооздоп, көрккө бөлөп турушкан!

 

Дөбөлөргө от жагып,

душман келе жаткандыгын билдиргем мен элиме.

Сөөгүн өрттөп, жортуулда өлгөн эрлердин

киндик каны тамган жерге көмгөм аны апкелип.

Шейит кеткен дал ошол бабалардын жандары

булуттарга айланып, учуп жүрөт азыр деле асманда!

 

О, очоктун алоолонгон улуу ыйык жалыны,

сени айланып келет тукум уланып!

Сени айланып, тоолук элдер

келет улам өсүп­өнүп көбөйүп!

 

Тайэнемди эстөө

О, ал кезде тоолор абдан бийик эле көк тиреп.

Көргөн көздүн жоосун алып ал кезде

тоолор абдан кооз эле.

 

Тайтамды ээрчип араладым улуу тоонун арасын.

Чокуларда отурдум

төбөмдө учкан бүркүттөргө көз салып.

Ыр ырдаган булактардан суу ичип,

гүлүн тердим килемдей кооз кырлардын.

 

Өмүр бою ушинтип

жүрө берет экенмин деп ойлоптурмун ошондо.

Ичи чирип калган соң,

билбептирмин дарак куурап каларын.

Тоолор дагы урарлыгын билбепмин

убактысы келгенде.

Билбептирмин ажал жетип, күн бүтсө,

кетерлигин адам тигил дүйнөгө…

 

Он жашымда кош айтышты таэйнем…

Мен ошондо өлүмдүн эмне экенин түшүндүм:

Тоолор мага жапыз болуп көрүндү.

Көркү кетип талаалар,

көрүндү алар көздөрүмө чаң болуп.

Шор даамданды,

бир кездеги бал даамданган булактардын суулары.

 

Аял үйдүн “куту” экенин билдим тайнем өлгөндө.

Үйдө эки эркек калганда анан түшүндүм,-

аял үйдүн куту жана берекеси экенин.

Ач калганда түшүндүм –

аял үйдүн токчулугу экендигин.

Көйнөктөрүм кирдегенде түшүндүм –

эмне экенин тазалык.

Чачым кирдеп, какач болуп кеткенде,

тайнемди эстеп көздөн жашым төгүлдү…

 

Шаардагы жашоонун ритми

100 вагонду өргө сүйрөп бараткан паравоздой күшүлдөйм.

Жерди айланып, шашып чуркап келатам.

Кургактагы балыктын бакалоору сыңары

тамекинин түтүнүнө ышталган өпкөм көөп лакылдайт!

 

Кара туман сыяктуу

кара түтүн каптап жатат шаарларды.

Көчөлөрдө жолугушкан адамдар

бири-бирин таанышпайт.

Каякадыр баарысы чуркап бара жатышат.

“Бактым менин кайдасың?

…кайдасың” деп кайталап,

кыйкырышкан ырчылардын ырынан,

башым ооруп, зыңылдап, конвейердей айланат!

 

…Бир жыл иштеп, дем алганы жайында,

мээ ачыткан ызы-чуудан келем качып айылга.

 

Жашоонун контрастары

Кылдай ичке аркандын үстү менен кылтылдап,

бир өйүзүнөн өтүп барам экинчи бир өйүзгө.

Тер куюлуп, жанымды тиштеп алгам оозума…

 

Кокустуктан шектенем, а болбосо, мен өзүмө ишенем!

Ошентсе да бул турмуш

мени аябай таң калтырат кээ бирде:

Жайында да жатат тоонун чокуларын муз каптап,

а өрөөндөр толуп турат кызыл-тазыл гүлдөргө.

“Жаман айтпай – жакшы жок” деп айтат мага карылар.

Ыйлап жатып, ырдайт кыргыз аялы.

 

…Кылдай ичке аркандын үстү менен кылтылдап,

бир өлкөдөн өтүп барам экинчи бир өлкөгө.

Так төбөмдөн турат ылдый күндүн нуру куюлуп.

Турат бакыт-ырыскы жаап көктөн денеме.

А, алдымда үстү оюлган мүрзөлөр

мени качан түшөт деп, турат оозун ачышып…

 

Жаңы адам

Кандай токой өсөр экен

эртең ушул жайыкта?

Кандай куштар учар экен

эртең мобул уялардан чабыттап?

Кандай адам болор экен

келечектин адамы?

 

“Жаңы адам” деп айтабыз,-

ал ким өзү, кандай адам ал өзү?

Наристеби – же, энеден төрөлгөн?

Же жигитпи – жаткан кызга үйлөнүп?

Же учкучпу – чыккан учуп асманга?

Же суучулбу –

сүзүп, түшүп бараткан океандын түбүнө?

 

Деги бизден эмнеси анын артыкча?

Эмнеси жаңы бизден ошол “жаңы” адамдын?

Биз эмне үчүн боло албайбыз жаңы адам?

Бизди “эски” деп айткан кимдер – ал өзү?

Эмнебиз эски биздин адамдар?

Кантип жаңы болобуз, качан жаңы болобуз?

Качан кайра төрөлөбүз эми биз?..

 

Убакыт

Арак менен чылымга

миллондогон акчалар жок болууда.

Арак ичип, чылым чегүүгө кетүүдө

миллиондогон мүнөттөр.

 

Эки саат саламдашат кээ бир бекерчи адамдар.

Эки саат баш ийкешип турушат,

Коё бербей бири-биринин колдорун.

“Эми эмне иш кылам” деп кээ бирөө,

өзүнө өзү берет ушул коркунучтуу суроону.

 

Мага эмнегедир жетпейт дайым убакыт.

Бир ишимди аяктасам,

үчөө-төртөө турат күтүп артынан.

“Эми эмне кылам” деген суроону мен билбеймин.

Ал анткени, бир саатта болот бир ыр жазууга.

Ал анткени, бир саатта

болот азыр Жер шарын бир айланып чыгууга.

Эки саатта о Адамдар, “кудай” өзү сактасын,

болот азыр жок кылууга ушул жарык дүйнөнү!..

 

Кепкап

Максат көздөп бара жаткан адамга

бардыгы эле боло бербейт жан жолдош.

Эки тизгин, бир чылбырды колго алгандар көбүнчө

тоскоол болуп, токтотушат жолуңдан.

“Түндүк кайда?” – деп сурасаң, кээ бири

көрсөтүшөт түштүктү.

 

Кээ бир сынчы сөрөйлөр кирбей туруп ичине:

“Тар деп жазат, ал адамдын дүйнөсү”.

Чыкпай туруп, сенин чыккан чокуңа:

“Жапыз анын – бийиктиги” деп жазат.

Ичи ооруган адамга:

“башы ооруйт” деп диагноз коёт кээ бир врачтар.

Базардагы таразалар ар кандай:

“Он беш” жолу өзгөрөт дарбызыңдын салмагы.

 

О адамдар, ушунчалык татаалданып кетишти:

Жалган өңү, чын өңү кайсы экенин билбейсиң?

Көп адамдар “кеп кап” кийип алышкан.

А кеп каптын жаны жок – кызарбайт да, бозорбойт.

 

Азоо тайга жүгөн салып жатышкан жылкычылар сыяктуу,

Анан алар сага да,

бир кеп капты кийгизүүгө жумшашат бүт күчтөрүн…

 

Каалоо

Ким ойлонбойт өз элинин келечеги жөнүндө?

Элди ойлобой, кантип жашайт ал адам?

Эмне жакшы нерсе болсо кыргызда,

ошол жакшы нерселер

болсо деймин бизден башка элде да:

Чокулардай бийик, таза болсо дейм

алар дагы бизге окшоп;

башка элдер да кийсе дейм кыргыз кийген калпакты;

Кыргыз ичкен кымызды

башка элдер да ичишсе дейм тамшанып;

Кыргыз тарткан улакты – башка элдер да тартса дейм;

башка элдер да түшүшсө дейм ат минишип эңишке;

боз үйлөрдө жашашса дейм жайлоолорго чыгышып;

Кыргыз жеген беш бармакты жесе дейм,

башка элдер да салааларын май кылып;

Кыргыз черткен комузду – чертишсе дейм алар да;

башка элдер да жүрсө дейм

ат минишип, аскаларды аралап;

башка элдер да айкөл, чынчыл болсо дейм;

ырга шыктуу, таланттуу эл болсо дейм

башка элдер да бизге окшоп;

түшүнүшүп укса дейм башка элдер да “Манасты”;

билишсе дейм алар да кыргыздардын тарыхын;

эмне жакшы нерсе болсо, алышса дейм алар да:

биздей жакшы эл болсо дейм,

бизден башка элдер да,

жалкоо, жоош болбосо дейм бирок алар бизге окшоп…

“Кылга илинген кылым” ырлар жыйнагынан