Бүгүн кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү

Бүгүн кыргыз адабиятынын классиги Жолон Мамытовдун туулган күнү. Акындын 80 жылдык мааракеси 2020-жылга белгиленип, өлкөгө киргизилген чектөөлөрдөн улам өтпөй калган. Бүгүн 80 жылдыкка арналган салтанаттуу иш-чара Ош шаарында белгиленип жатат. Маараке салтанатка КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков баштаган КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаров, акындар А.Бакирова, А.Исмаилов, К.Жакыпова, Б.Жамгырчиев, М.Жангазиев, А.Доранбек уулу ж.б. жөнөп кетишти. Бүгүн саат 16:00дө Ош улуттук драма театрында Ж.Мамытовдун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылышы болот.

Туулган жерге

Токочуңду кармап жүрүп колума,

Жер каптаган жемишиңден жегенде.

Кубат болуп токтоп калган боюма,

Үмүт болуп токтоп калган денемде.

 

Менин сага бүт өмүрүм байланып,

Төрөлгөндөн бешигиңде көшүлгөм.

Ойноп жүрүп ой-кырынды айланып,

Мен өзүмдү жыйнап жүрөм өзүңдөн.

 

Эгер кетсем алыс сапар жер кезип,

Эңсеп кайра сагынганым себеби:

Мен өзүмдү кичинекей сен сезип,

Сени сүйүп тиктей берем мен эми.

 

Кырман

Кырман десе: тоодой кызыл,

кызыл-тазыл көйнөк кийген,

кыз-келин, ары бери зуулдаган машиналар,

“Волга” минген

башкармалар көрүнбөй,

кырк үчүнчү жылдын күзү элестейт.

Мылтыктарын ийинге илген

эки картаң абышка

тегеренип жүрүшөт

топудай үймөк буудайды.

Чалдар мени чакырышып жанына:

“Ырдап берчи уулум” –

дешет дирилдеген үн менен,

“Ата качан келесиң” – деп ырдаймын.

“Мени качан өбөсүң” – деп ырдаймын.

“Ата сени сагындым” – деп ырдаймын.

“Мени жетим калтырба” – деп ырдаймын.

“Поезд минип келип кал” – деп ырдаймын.

“Канкор Гитлер өлүп кал” – деп ырдаймын…

Тып-тып этип жаштар тамат чылпактаган

көздөрүнөн чалдардын.

Серепчилеп айланасын каранат да,

анан бири чөнтөгүмө

куят буудай дандарынан кочуштап.

“Жүгүр эми, кетип кал” – дейт,

мен ал жайдан жоголомун куюндай.

Кырман десе:

кырк үчүнчү жылдын күзү элестейт…

 

*****

Жашоонун тартам кайгы, шаттыктарын

чиркеген паравоздой эшелонун

күчөнүп.

Билбейм кайсыл станцияда, кай күнү

бул жүгүмдөн бошономун.

 

Тагдырдын сүйрөйм азап тозокторун

каржалган өгүз өңдүү буурусунан.

Башыма түмөн ойду үйүп алып,

башкага бөлүп берип ырысымдан.

 

Сүйүү да оңой келбей бул турмушта

чарчатат.

Көкшүн сууйт чаңкагандан.

Жүрөккө чагылгандын ташы тийип,

ой кыйрайт тамырынан балталанган.

 

Жок, бүтпөйт аны менен күрөш-кармаш,

сезимде миң кубулуп урат далбас

түрктөрдүн кылычындай иймейген ай

моңголдордун кылычындай иймейген каш.

 

… Жашоонун тартам кайгы шаттыктарын

чиркеген паравоздой эшелонун

күчөнүп.

Билбейм кайсы станцияда,

кай күнү ал жүгүмдөн бошономун.

 

*****

Бул жүрөктү нелер гана кыйнабайт,

Нелер тилбейт бул таманды көп баскан.

Максаты жок адам гана ыйлабайт,

Кыйындыкка кайыл болот максатчан.

 

Шатыратып жамгыр куюп арылбайт,

Бирде туруп күн төбөдөн кашкаят.

Бул жашоодо күлкү гана карыбайт,

Жаңырыктап аалам бузуп таш жарат.

 

Күндөр күндү шаштырышат демитип,

Толкун келип катмарланат толкунга.

Ойлор ойду төрөй берет кеңитип,

Кылым түнөйт ошол ойдун бортунда.

 

Бул сезимди нелер гана кыйнабайт,

Даамы туздуу бул тагдырдын күйүттөн.

Сүйүүсү жок адам гана ыйлабайт,

Бул жарыктан ыйлап өтөт сүйүшкөн.

 

*****

Ой дүйнөдө кезип жүрүп бүтпөгөн,

Он уктасам он түрлөнтүп түш көрөм.

Аркыратып Айды, Күндү асманда

Сүйлөшкөнсүйм алып жүргөн күч менен.

 

Чексиздикке өз бийлигин тараткан,

Ченейм күчтү, баш айланып санактан.

Тартылуунун мыйзамына таңданам

Дөңгөлөтүп жерди сүйрөп бараткан.

 

Жиреп жүрүп кышты, жазды күздү мен,

Жыйнап келем кызыл-жашыл түстү мен.

Кээде чыксам салтанаттуу тойлордон,

Кээде чыгам өкүрүктүн үстүнөн.

 

Жүрөгүмдү тынч албаган, жатпаган

Тиреп алып ишенимге батпаган.

Жердин тартуу күчүн жеңип кетчүдөй

Кээде туруп куюндатып ат чабам.

 

Ден соолугу ташып турган жайда мен –

Турагында так түйүлгөн кайберен.

Күн отуна чылымымды тамызып

Тоодо жатам кучакташып ай менен.

 

Тоолор

Ааламда теңдешээри жоктойсуңар.

Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

Билинбей кемий берет окшойсуңар.

 

Убакыт үстүңөрдөн жүрүп барат,

Күн кайнап мөңгүңөрдү сүрүп барат.

Дайралар чарчоону түк сезишпеген

Байкатпай түбүңөрдү үңүп барат.

 

Аз-аздап араалары таарып кетер,

Көмүскө көбүгүнө салып кетер –

Мезгил, бул, – дүлөй бүткөн кудурет бейм,

Мухитке ташый берип алып кетер.

 

Антсе да тендешээри жоктойсуңар,

Жаңырып кыйкырыкты коштойсуңар.

Көк сүзгөн бийик тоолор, силер дале

Билинбей кемий берет окшойсуңар…

 

Үмүткө чакыруу

Микробу жок тоолордун абасында,

Чындык жашайт наристе өңү менен.

Бийик мөңгү, арчалар арасына

Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен?

 

Күлүк минип барабыз гүл тергени,

Булактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.

Түпсүз ойдун маанисин берип турат,

Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.

 

Желге чачпай жалындуу кезибизди,

Көндүрөбүз күн тиктеп көзүбүздү.

Аяздарга тособуз жүзүбүздү,

Жебе огундай курчутуп өзүбүздү.

 

Денебизде жаштыктын оту барда,

Дал өзүнө укмуштун жолугабыз.

Чыгып туруп эң бийик чокуларга,

Жылдыздарга зымырап бой урабыз.

 

… Микробу жок тоолордун абасында,

Чындык жашайт наристе өңү менен.

Бийик мөңгү, арчалар арасына,

Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен?