Бүгүн акын Турар Кожомбердиевдин туулган күнү.

Бүгүн акын Турар Кожомбердиевдин туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Турар Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1965–1966-жж. “Кыргызстан пионери” гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан “Кыргызстан” басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген.

Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы “Мугалимдер газетасына” жарыяланган “Мугалимге” аттуу алгачкы ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт.

Т.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген ат менен жарык көргөн.

Акындын балдар үчүн жазылган китептеринин айрымдары Москвалык басмалардан жарык көргөн.

Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган.

Т.Кожомбердиевдин 70тен ашуун ырларына обон жазылган.

1970-жылы Турар Кожомбердиевге “Кызыл алма” жана “Таңкы симфония” аттуу ырлар жыйнагы үчүн республикабыздын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ал Украина ССРинин жана Пенза обком партиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Т.Кожомбердиевдин туулган күнү, 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара өлкөдөгү абалга байланыштуу, өзү туулуп өскөн айылында калемдеш, замандаштарынын катышуусунда өтүп жатат.

 

*****

Капчыгай чынжырланган ачка дөбөт,

Оозумдан калтыратып ызгаар өбөт.

Өзөндө агат мелт-калт тоо шамалы,

Очоктун оту улам төмөн чөгөт.

 

Шамалы тикенектүү түн бир оокум,

Суу болду өтмө-катар ээр токум.

Айлана арактай суук, кырк градус,

Алдыда жылт деп жанат жарык чокум.

 

Бир карап теребелди алам окуп,

Атымды атырылтам кайра токуп.

Жондогу бүлбүл жанган алсыз отту,

Жок кылды бир заматта бороон чокуп.

 

Аргымак мүдүрүлөт кай бир жерде,

Аралап бирде шагыл, бирде черде.

Жанагы жанып өчкөн от учкуну,

Жалдырайт жүрөгүмдө, каректерде.

 

Дайрадай шамал агат тармак-тармак,

Үйүңө кыйын болду жетип бармак.

Сен чыктың нур чачырап жүздөрүңдөн,

Туптунук фонарыңды бийик кармап.

 

Ышкырат капчыгайдын туш-туш жагы,

Басылбайт дөбөттөрдүн арсылдагы.

Мермелген колуңдагы фонарь менен,

Чайпалат тоолор дагы, асман дагы.

 

Сен жалгыз, мен үйүңдө жалгыз конок,

Тиктешет көздөр гана, сөздөр чолок.

Мен мында махабаттын кучагында,

Тыш жакта катуу сууктан карга тоңот.

 

… Көрбөгөм ушунчалык таңды шаңдуу,

Бурганак бий баштаптыр аппак чаңдуу.

Очокто кескиленген жылан сымал,

От араң баш көтөрөт, чала жандуу.

 

Элесиң унутулбас таңыңдагы,

Кымбатым, махабатым канымдагы.

… Ак туфлий көпөлөктүн канатындай,

Кырк бешинчи өтүктүн жанындагы.

 

Кызыл гүл

Кызыл гүл, кыз жүзүндөй канталаган,
Жаныңда акын турат анталаган.

 

Мен сени көргөн кезде көпөлөк – деп,
Ойлогом мен жеткенче көкөлөйт – деп.

 

Желбиреп учуучудай канаттарың,
Көзүмдү жалбырттатты манаттарың…

 

Чыпчын гүл, учпашыңа ишенбедим,
Кол менен сабагыңды “кишендедим”.

 

Учушту унуткансыңбы конуп алып?
Багынттың сезимиме толуп алып.

 

Өтүгүм жанчмак сени, балким, сылтып,
Колумда калем эмес, болсо мылтык.

 

Тамыры, сабагы бар көпөлөгүм,
Соолуба, күндү карай көкөлөгүн!

 

*****

Эс алуу жок бутту керип жай алып,
Колдон келсе жашыргым жок аянып.
Ар кандайча кыялданат буурул баш,
Алаканды жаздык өңдүү таянып.

 

Табуу кыйын, канча мээни катырба,
Канча тушка калем сапты матырба.
Толгонуунун толкунунда термелем,
Тоо башында, шамал канат чатырда.

 

Курдаш кылып замананын арышын,
Эл кыдырам кара, күрөң, сарысын.
Эркелетип мотурайган балдардын,
Чекесинен өөп чыгам баарысын.

 

Сокурларга карек болуп төрөлөм,
Уулу жокко бөбөк болуп бөлөнөм.
Кан майдандан майып болуп кайтканга
Оң колтукка балдак болуп жөлөнөм.

 

Дүлөйлөргө ырдын шаңын тийгизип,
Бети чаарды сулуу кызга сүйгүзүп.
Кор болгондун тасмалына нан болуп,
Колу жоктун папиросун күйгүзүп…

 

Алпурушуп иштей берип түн менен,
Кубалашып жылдыз, турмуш, үн менен
Байкабайле ыргып чыгып чатырдан
Сүзүшкөнүм эсте калды күн менен.

 

Кирпигимди, мурутумду куйкалап,
Туруп калам чачтарымды уйпалап.
Күн да күлөт, от чагылып көзүнөн,
Томпок болгон сол чекесин сыйпалап.

 

*****

Кай бирде биз көрмөксөн болгон менен
Чырылдап жүрөгүбүз ыйлап турат.
Жалындай көңүлүңдү тутандырып
Жалганды өлтүргүн деп кыйнап турат.

 

Кай бирде көрөм десе көрбөгүн – деп
Катабыз кирпиктерге көзүбүздү.
Анакей-мынакей – деп будамайлап,
Чындыктан качырабыз өзүбүздү.

 

Канчалык көрмөксөнгө салсаң дагы,
Уктатпай баса берип абийир кыйнайт.
Киргилди, каралыкты жашырдың – деп,
Кирпиктин астындагы чындык ыйлайт.

 

*****

Көктүн көгүш көшөгөсү сүзүлүп,
Каркыралар учат сап-сап тизилип.
Каркырага канат болуп жөнөдү,
Өмүрүмдөн да бир барак үзүлүп.

 

Өмүрүмдөн да бир тамчы тизилип,
Дагы бир тал күмүш чачты тагынып.
Учуп барат менин оттуу өмүрүм,
Каркырага канат болуп кагылып…

 

Каркырага таазим кылып ийилип,
Өмүрүмө кол булгалайм сүйүнүп.
Жаз келгенде кайра келет өмүрүм
Жаңы көйнөк, жаңы чапан кийинип.

 

*****

Жылт этип күндөр кулап санатыма
Айланды жазды тосуу адатыма.
Чыйырчык сулуу жаздын бир чымчымын
Чыпыйтып ката келди канатына.

 

Кылымдын кызыктарын көрүп алып,
Күлмүңдөйт күмүш тиштүү кыргыз тоолор.
Ааламдын алдыңкысын көрүп алып,
Аңкаят алтын тиштүү кыргыз тоолор.

 

Алакан

Чымчыктын кармап алдым балапанын,
Жупжумшак уя болду алаканым.

 

Учурсам, бошондурсам балапанды
Уя деп тегеренет алаканды.

 

Зып этип кайра консо учкул канат,
Алакан калт-калт этет, толкунданат.

 

Алакан канаттанткан канчаларды?
Түгөнбөйт, жума берсең манчаларды.

 

Көтөрөөр, чыдаар беле алаканым,
Чаалыгып конуп калса жердин шарын?

 

Өлүм жана мен

Мейли тоодо көк шибери төшөлгөн,
Мейли кышта муз жаадырып көшөргөн.
Мейли күздө алма багын аралап,
Мейли жазда көнөктөгөн нөшөрдөн…

 

Төшүбүзгө бир сабак гүл тагынып,
Бир ботинка, бир чапанды жамынып.
Дайым бирбиз. Өлүм мага ор казып,
Мен өлүмдүн мүрт кетишин сагынып.

 

Бир көйнөктү, бир күрмөнү кийинип,
Мен шаңдансам ал бет тытат күйүнүп.
Кызыл туудай дайым жеңип өлүмдү
Кылым бою жашагым бар сүйүнүп.

 

Кышта, жайда, күздө, мейли жаз мында,
Биз жашайбыз бир көк, бир күн астында.
Өлүм мага капкан салат кайсалап,
Мен тилеймин ал калсын деп жаздымда.

 

Бирбиз, “доспуз”, бирок тынбайт тебишмей
Бирок болбойт ортобузда келишмей.
Жакалашмай. Аңга түртүү. Аңдышуу.
Барскандай муштум менен беришмей.

 

Жыл айлансын жаз, жай, бирде кыш келип,
Жашылдантсын сүйүү, бакыт жыш келип.
Оңолдурбай кайда жүрсөм өлүмдү
Оңколотом удаа-удаа муш берип.

 

*****

Бир сезим дүрт эткизет тийген токтой,
Коюу түн – дүйнө менен иши жоктой.
Алдыга максатына учуп барат,
Жер шары өз огунда аткан октой!

 

Бирөөлөр ушул кезде конок сыйлайт,
Бир жерде нан сураган жетим ыйлайт.
Бир жерде жанталашып оору жатат,
Катуу дарт жүрөк мыкчып жанын кыйнайт.

 

Бир жерде таңды күтүп жатышкандыр,
Бир жерде эмгек күүсүн тартышкандыр.
Бир жерде алп бүркүттөр канат серппей
Тумшугун канаттарга катышкандыр.

 

Бир жерде бык-бык этип жылан сойлоп,
Бир жерде короо көздөп, бөрү жойлоп.
Бир жерде балдар чуркап келаткандыр,
Бардыгы балык издеп, өзөн бойлоп.

 

Бир жерде чал уктабайт ээр сомдоп,
Бир жерде кемпир алек, билик оңдоп.
Бир жерде кербенчилер ойгонгондур,
Кайрадан нарларына жүгүн комдоп.

 

Эх, турмуш! Канча окуя ар бир күндө?
Ойлойсуң көп нерсени жайкы түндө.
Жүгүрөт күлүк ойлор чар-тарапка
Жер шары чимирилет жүрөгүмдө…

 

Карасам терезеден оттор жанат
Бийикте күр-р дей түшөт учкул канат.
Жүрөктө жердин шары чимирилет,
Жүрөгүм жер шарындай салмактанат!

 

Жалпак таш

Энеке салбыратып куудай чачты,
Эскерип жүрүш үчүн күлгүн жашты,
Уулунун мүрзөсүнө алыс жактан,
Көтөрүп келген эле жалпак ташты.

 

Айныбай ай артынан айлар конуп,
Күттүрбөй күн артынан күндөр соолуп.
Жайнаган бейиттерден айырмалап,
Жалпак таш калып калды белги болуп.

 

Энеке жылдап-жылдап жашын төктү,
Билгизбей уурдап кетти мезгил көптү.
Мен көрдүм жалпак таштын ортосунан,
Тамган ый тешкен эки көзөнөктү.

Бейиттен элдер өтөт салып башты,
Муздак жел ичиркентип тарайт чачты.
Таң калам карап турат наристе кыз
Тамган жаш тешип салган жалпак ташты.

 

Өмүр жолу

Буркурап гүлдестеси күчтүү колдо,
Оркестр коштоп барат оңдо-солдо.
Жарашып эмне кийим кийсең дагы,
Жаш өмүр бара жатат даңгыр жолдо.

 

Бутуңдун кенен-кесир ташталышы –
Бул деген өмүрүңдүн башталышы!

Бааланып ар мүнөтүң – ар бир жылдай,
Басалбай күлүк буттар эми зылдай.

Илгерки даңгыраган өмүр жолу
Ичкергенден ичкерип болду кылдай.

Баш жагы бир кучак ай, бир кучак күн!
Арт жагы өмүрүңдүн жылдызсыз түн.

 

*****

Мейли мен карап турсам, көзүмдү жумсам,

Беш колдой элестесиң жатсам, турсам.

Жетпедим канча бачым чуркасам да,

Жетпедим канча бийик колду сунсам.

 

Сезбедиң сүйүү таңы аткандыгын,

Сезбедиң сүйүү сөөккө баткандыгын.

Ишенбейм күйөөң сенин сезерине,

Койнунда күн кучактап жаткандыгын.

 

Күйөөңдү сыйлаарсың да, аярсың да,

Сен анын ар ишине даярсың да.

Ага сен жөпжөнөкөй бир кишисиң,

Ага сен жөпжөнөкөй аялсың да.

 

Баш ийдим тагдырлардын салганына,

Өкүндүм сага жетпей калганыма.

Кошулбайм бирок сүйүү жок дегенге,

Ишенбейм махабаттын жалганына.