Азиз Несин: Хирургдардын конгресси

Хирургдардын конгресси

Хирургдардын кезектеги бүткүл дүйнөлүк конгресси Любликс шаарында өтө турган болуп калды. Өткөндөгүлөргө салыштырганда катышуучулардын абдан басымдуулугу менен айырмаланган скальпель чеберлеринин бул жыйынына бардык өлкөлөрдүн врачтары бөтөнчө маани берип жатышты. Конгресске келгендер дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал болгондор эле. Бул футболдук беттешүү же дагы бир кино ханышасы уюштурган ич кийимдердин көргөзмөсүнө арналган пресс-конференция сыяктуу бөтөнчө уу-дуу чыгарган окуя болбосо да, Х конгресстин жүрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу үчүн дүйнөдөгү бардык телеграф агентстволорунун кабарчылары топурап Любликске толуп кетти. Конгрессте илимий билдирүүлөрдү жасоого 123 өлкөнүн даанышман хирургдары даярдык көрүп жатышты. Алардын арасында адамдын мүчөлөрүн көрбөй туруп бузулган сааттын буроолорундай чачып кайра чогулткан олуялар бар болчу. Ошондуктан, дүйнөлүк газеталар модалуу купальник, футболдук баяндама же төбө чачты тик тургузган кылмыш тууралуу билдирүүлөрдөн кийин өздөрүнүн беттеринен хирургдардын конгрессине кичине орун берип коюуну ылайык көрүштү.

Биринчи күнү конгресстин ачылышына арналган шаан-шөкөттөр болуп өттү. Экинчи күн жалпы эле жарыш сөздөргө арналды. Андан кийинки кезекте, делегаттар илимий билдирүүлөр менен чыга башташты.

Эл алдына орто жаштагы адамды ээрчитип, америкалык таанымал хирург доктор К.Клейзман чыкты. Кагаз-карандаштарын качан эле камдап алган телеграф агентстволорунун, газеталардын кабарчылары тунжурап турду. Залда чымын учса угулгудай тынчтык өкүм сүрдү. Конгресстин делегаттары кулакчындарын кийишип, америкалыктын сөзүн которулуп берилгени жаткан төрт тилдин биринде угууга даярданып калышты.

–Урматтуу кесиптештер! – деп баштады доктор К.Клейзман. Биздин Х конгрессте мен сиздерге 35 жылдык тажрыйбамда учураган эң кызыктуу операция тууралуу айтып бермекчимин. Ушул мезгилге чейин манжалардын тагын өзгөртүү эч кимдин колунан келбегени сиздерге маалым. Медицинанын тарыхы муну биле элек. Сиздер медициналык адабияттардан да андай маалыматты жолуктурбайсыздар. Манжалардын терисин канча жолу кандай гана ыкма менен алып салбагыла, баары бир өсүп чыккан жаңы териге мурункудай бырыш пайда болот. Полиция гангстерлерди, сейф талкалоочу, киши өлтүргүчтөрдү колго түшүрүүдө дайыма колдун тагына таянат. Мендеги акыркы жетишкендик ушул колдун тагын өзгөртүү болду. Менин жанымдагы силер көрүп турган адам Америкадагы чоң бизнесмен, жасалма жол менен уруктандыруунун королу, мистер Томас. Анын башка дагы бир аты – Джек Доброскул. Бул экинчи аты федералдык бюродо ашынган кылмышкердин тизмесинде катталуу. Америкалык полиция аны он жылдан бери аңдыйт, бирок кармоого караманча жөндөмсүз. Себеби бул – жасалма жол менен уруктандыруунун урматтуу королу мистер Томастын, башкача айтканда, Джек Доброскулдун манжаларынын терилерин ал ар бир жолу банкты тоноп келген сайын алмаштырып турам. Бул операция, жолдоштор, сиздер билген эң татаал деген операциялардын бардыгынан кирешелүү экенине ишене бериңиздер. Сейфтен түшкөн олжону ынтымак менен бөлүшүп алабыз. Азыр кадырман кесиптештер, мен нур берүүчү фонардын жардамы менен жасалуучу бул операциянын техникасын сиздерге тааныштырам…

Делегаттар доктор К.Клейзманды Х конгресске келген хирургдардын олуясы катары бир добуштан баалашты. Ошондой болсо да, андан кийин чыккан англиялык хирург мистер Б.Лине элди андан да аң-таң кылды. Белгилүү окумуштууну да трибунага кандайдыр бир эркек коштоп чыкты.

–Улуу урматтуу кесиптештер! – деп баштады бул. Мен сиздерге дүйнөлүк медицина санжырасына көрк берерлик, согуш жылдарында жасалган көңүл бурарлык операция жөнүндө баяндайм. Бул киши душмандын 25 жоокерин о дүйнөгө узаткан, экинчи дүйнөлүк согуштун баатыры ефрейтор Метью. Согушта көзү жок снаряд бул бечаранын башын жулуп кеткен. Атайын жасалган бальзамдын жардамы менен ыргыган башты дем албай калган денеге чаптоого мүмкүн болду. Азыр Метьюнун башы бомба жарылса да былк этпейт. Эми сиздерге ушул таң каларлык сыйпоочу майдын сырын ачып берем.

Англиялык хирург ооздору ачылган делегаттардын көз алдында сыйкырдуу бальзамды даярдоого киришти.

Мындан өткөн кызыктуу билдирүү боло койбосуна бардыгы ишенип калышты. Бирок француз хирургу конгресстин делегаттарын өз ойлорунан бат эле баш тарттырды. Ал үлбүрөгөн жупжука ич кийим – абийирин араң жапкан ак саргыл аялды ала чыкты. Чачтары куудай агарган илимпоз чалдардын көздөрү ойноктоп, күжүлдөшө түштү.

–Ардактуу кесиптештер! – деди француз. – Мен сиздерди көчүрүүчү (пластикалык) операциянын шумдуктуу натыйжасы менен тааныштырам. Мына бул сиздерди шыпшынтып алдыңыздарда турган кийимсиз сулуу – 65 жаштагы кайненем экенин билгенден кийин эмгегимдин өзүнө татырлык баасын чыгарарыңарга ишенем.

Бул жаңылык конгресстин делегаттарынын ооздорун ого бетер ачырып аң-таң кылды. Француз хирургу аягы суюк аялынан өч алуу максатында көчүрмө операциянын жардамы менен жесир кайненесин жашартып, көңүлү жакынына айлантып алганын илимий ачыктык менен баяндап чыкканда, делегаттар баягыдан бетер күжүлдөштү…

Конгрессте күн сайын биринен бири шумдук, төбө чачты тик тургузган илимий ачылыштар даңазаланып жатты.

Сөздү эми немец хирургу алды:

–Адамдын ажалы – аны таптакыр жарактан чыкты дегенге жатпайт. Мисалга инфаркт түбүнө жеткен оорулууну алалы. Анын жүрөгү жүрүшүн токтоткону менен, бөлөк мүчөлөрүн бейишке бере салбай коё турууга болот. Жөтөлдөн көз жумган пенденин өпкөсү гана керектен чыгат. Мен он гүлүнүн бири ачыла элек жаш адамдардын кандайдыр бир болбогон – боор, жүрөк же ашказан үчүн жарык дүйнө менен кош айтышканын жактыра бербес элем. Өлүктөрдөн алынган жаш органдардан куландан соо адамды курап чыктым. Ал мына! – немец хирургу алп мүчөлүү өспүрүмдү элдин астына алып чыкты.

–Бул буттардын мурунку ээсин сокур ичеги соолткон, тулкусу колунан кокуй тапкан балбандыкы, башы болсо учук урган пенденики…

Эгерде эртеңки күнү сүйлөйт деп күтүлүп жаткан япон хирургу мындан да татаал, ойго келбес шумдукту алып чыга албаса, анда устаканада үстөл жасагансып өлүк денелерди жалгаштырып жан киргизген немец олуясы доктор Понтердин экспериментин делегаттар эч теңдешсиз хирургиялык операция катары эсептеп жатышты.

Эртеси күнү япон хирургу Хими Шияма трибунага карыя кишини алып чыкты.

–Сиздердин алдыңыздардагы япон адам, – деди ал, – экинчи дүйнөлүк согушта майпарлыгынан аскерге алынбай калган. Ызасына чыдабай эр жүрөк азамат өзүн өзү бычак менен жара тартканда ичеги-карды бүт бойдон жерге чубалган…

Конгресстин жабылар күнү да жакындады. Анын катышуучулары өзүлөрүнүн биринен бири өткөн шумдуктуу тажрыйбалары, жетишкен ийгиликтери туурасында айтып чыгышты. Бир гана делегат чыгып сүйлөбөдү. Ал коллегаларына өз ичинен баа берип, акыркы катарда отурду.

Конгресстин төрагасы тигиге кайрылды:

–Урматтуу доктор, кантип эле сиздин тажрыйбаңызда бизге айтып берерлик бир дагы кызыктуу операция болбосун?

–Менде да кызыктуу окуя болгон, – деди хирург жооп кылып, бирок делегаттардын алтындай убактысын алып, баштан-аяк баяндап олтурууга арзыбайт. Анын бөтөнчө деле эч шумдугу жок.

Залдан талап кылган үндөр көтөрүлдү: – Биздин уккубуз келет!

–Ар бир делегат чыгып сүйлөшү керек!

Белгисиз хирург трибунага жай көтөрүлдү:

–Болуптур, андай болсо силер сураган соң, айтып берейин. Алкым безин алып таштоо боюнча мага бир кадыресе операция жасоого туура келген эле…

Залды күлкү каптады. Кесиптештеринин мындай шылдыңдагандай мамилеси хирургга катуу тийди.

–Шашылбагыла!.. – деди ал кызууланып. Мен өзүмдү көтөрмөлөгүм келбегендиктен «кадыресе» – деп койдум. Бирок силердин мазактагандай мамилеңерди көтөрө албайм. Ооба, операция кадимки эле алкым безине…

Каткырык залды көтөрүп кетти.

–Безди алып салгандын эмнеси! Ошону да операция деп айтабы?

–Андайды мен колго да албайм!..

–Ошону айткандан уялбайбы?!

Хирургдун көздөрү ачылып-жумулуп, чындап жаалы келди:

–Мен операция кылган адам ким экенин билесиңерби?!

–Мага демектен ООНдун генеральный секретары болсун! Андан эмне өзгөрмөкчү? Без деген без да! Ызаланган хирургдун каңырыгы түтөп кетти:

–Мен операция кылган адам журналист болчу!.. – деди бурк этип.

Делегаттардын каткырыгы ого бетер таш жарды.

–Журналист болсо эмне экен!..

–Мейли коммерсант болсун!

–Мейли чиновник болсун!

–Айырмасы кайсы!

Жаңылышасыңар мырзалар! Ошол учурда менин өлкөмдө басма сөз эркиндиги тууралуу мыйзамдан дарек жок эле. Демек, журналисттин оозу ачылчу эмес. Андыктан, алкым безин арткы бөлүп чыгаруучу аркылуу алып таштоого туура келген.

Залды көтөргөн күлкү тып басылып, жылмаюулар делегаттардын жүздөрүндө катты да калды. Алардын көздөрүндө урмат көрсөтүү жана таазим кылуу сезими жанды. Кубаттаган кол чабуулар дуу дей түштү.

Алкым безине жасалган бул операцияны бардыгы бир добуштан хирургдардын бүткүл дүйнөлүк Х конгрессиндеги эң маанилүү окуя деп эсептешти.

Которгон: Аалы Молдоканов