Азамат Омош: Бешинчи класс болгон көп, Бешикте калган баласы

Алыскы Москва шаарында эмгектенип, чыгармачылык менен алектенип жүргөн калемгер Азамат Омоштун “Мен бүгүн” аттуу ырлар жана котормолор жыйнагы жарык көрдү. Авторду ийгилиги менен куттуктап, окурмандарга айрым ырларынан бөлүшөбүз. Окуп, ой-пикир калтырыңыздар.

Азаматтын ай туяк саптары

Бүгүнкү күндө мигрант болуп жер шарынын туш тарабына тарап кеткен кыргыздын улан кыздары толтура. Тууган жерди сагынып, куса болуп көкүрөгүндөгү көйгөйүн ырга айланткан жаштар дагы арбын. Алардын бири Азамат Омош. Көз жашка карабаган, көз жашка ишенбеген Москва шаарында эмгектенет. Жаш акын Москва жөнүндө:

Бирөөгө чик, да бирөөгө алчысың,

Бирөөгө шат, а бирөөгө суз гана.

Каректерде катып калган тамчысың,

Мөлт кулабай, тоңгон муздай муздаган.

Адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Алчы түшкөн, чик түшкөн, бөк түшкөн, шайыр шатман жүргөн, ызгаарды сезген мигранттар жөнүндө каректерде катып калган тамчылар дагы көп нерсени айтып турат.

Кышкы суук өкүм сүрөт теребелде,

Ышкырып жаадан учкан жебелердей.

Чымчылайт кулак-мурун кызарганча,

Тийишсең чымчып алган жеңелердей.

Абдан жакшы салыштыруулар. Ызгаар сууктун жеңелердей чымчып алганы да кызык. Жаадан учкан жебелердей ышкырганы – бутага тийген сап деп айтсак болот. Автор: “Бутуң жеткен жердин баарына, жакшылыктын сепкин үрөөнүн” – дейт. Албетте ааламдагы адамдардын бардыгы жакшылыктын үрөөнүн сепкен болсо кандай сонун болот эле. Жаман, ыплас иштерди таптакыр унутуп калса андан дагы жакшы болмокчу. Автордун ак кардай тилеги анын таза, тунук жан дүйнөсүнөн кабар берет.

Биз эмес, күн келет бүтчү кез,

Биздин жер – асты кент, үстү кент.

Дүйнөгө жаралган ар пенде,

Экзамен тапшырчу студент.

Жер шаарында жети миллиард киши болсо, ошолордун баары тең Алла-Тааланын алдында экзамен тапшырчу студент сыяктуу.

Ошондуктан жер планетасына таанымал жазуучулардын залкары Ч.Айтматов: “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу” деп бекеринен айтпаса керек. Акындар дагы жазган ырлары үчүн окурмандын алдында жооп берет. Негизи Азаматтын поэзияга олуттуу мамиле жасап, ар бир сапка маани бергени мага жакты. Ак жол сага Азамат!

КР Эл акыны К.Бакиров

Августтагы ыр

Ушул тапта мекенимде,

Алма бышып жаткандыр…

Эстей берем кетээримде,

Кызгылт аткан ак таңды.

 

Күндүн нуру тоо кырынан,

Булут жиреп баш бакты.

Таңды тиктеп улутунам,

Чачыраган топ ташпыз…

 

Түшүнүксүз бир үшкүрүк,

Кошо чыкты трапка.

…учат азыр ушул күлүк,

Жашыл учак ыраакка.

 

Көтөрүлдүк көккө, мына,

Булут жатат ак сүттөй.

Көз илинип кеткен тура,

Кондук жерге чак түштө.

 

…кеттик эле өрүк-алма,

Коро түйгөн мезгилде.

Барат окшойм эми кайра,

Кышка жакын, кеч күздө…

 

Ушул тапта мекенимде,

Алма бышып жаткандыр…

Эстей берем кетээримде,

Кызгылт аткан ак таңды…

 

Мен бүгүн

Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн.

Кеселдей күрсүлдөймүн, жөтөлөмүн.

Бул күндү мага байлап берген эмес,

Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн.

 

Билемин, азыр мага кыйын заман,

Ээлеген эси-дартты “Тыйын заман”.

Эртеңдин таңы атат жарыгыраак,

Жүрөктө үмүтүм бар кыйылбаган.

 

Мен бүгүн төгөрөктү кезип кеттим,

Үй-жайдан өрт чыккандай безип кеттим.

Манастын руху менде жүргөн менен,

Өзүмдү би-ир бечара сезип кеттим.

 

Жок! Жок! Жок! Турмуштун бул өктөмүнө

Баш ийбейм. Баатыр кыргыз өчкөнүнө

Ишенбейм! Тике карап кадам шилтейм,

Тарыхтын жаңы ачылчу көктөмүнө.

 

“Бирөөсү он жоокерге теңби?” – дечү.

“Кыргыздар каптап кетчү селби?” – дечү.

Бабамдын кылычынан коркчу дүйнө,

Күн келет кыргыз туусу желбиречү.

 

А бүгүн үшүп турам, көчөдөмүн,

Өпкөдөн кагынгандай жөтөлөмүн.

Билгиле, мен Манастын урпагымын,

Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн!

2017-ж.

 

Деги сен кимсиң, аял?

Деги сен кимсиң, аял?

Кимсиң деги?

Ааламсың чоң ааламдын ичиндеги.

Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,

Табылгыс жандырмагың ичиңдеги.

 

Эркектин эриш-аркак жары сенсиң,

Көңүлгө ачуу-таттуу дары сенсиң.

Бузулсаң бир улутту жер караткан,

Уяты, намысы да, ары сенсиң.

 

Мүнөзү мээримдүү да, ажаан дагы,

Эрки бош, керек болсо тажаал дагы.

Түн да сен – көзгө сайса көрүнбөгөн,

Таң да сен – шоола сымал азандагы.

 

Деги сен кимсиң, аял, деңиз белең?

Көйкөлгөн буудайзарлуу тегиз белең?

Турмуштун арабасын кылдыраткан,

Чарчабас, чаалыкпаган өгүз белең?

 

Дүйнөнүн түркүн боёк түсү сенсиң,

Комуздун кайрыгы да, күүсү сенсиң.

Тукумун адамзаттын улап турган,

Адамдын кыймылдаткыч күчү сенсиң.

 

Чынында тирүүлүктүн өзөгү сен,

Улуксуң, үй-бүлөнүн очогу сен.

Мүнөзүң жаркыган жаз, аяздуу кыш,

Жашоонун бейиши да, тозогу сен.

 

Көңүлдүн алып уччу учагы сен,

Жашоонун музыкадай мукамы сен.

Ыр болуп кылымдарды кезип кетчү,

Акындын эргүүсү да, илхамы сен.

 

Сени деп канча шаарлар кыйрап калган,

Сени деп канча эрлер жайрап калган.

Сени деп мунарасы көк тиреген,

Канча шаар өсүп чыкты жайдак жайдан.

 

Деги сен кимсиң, аял?

Кимсиң деги?

Ааламсың кең ааламдын ичиндеги.

Жанаша жашап жүргөн табышмаксың,

Чечилбес жандырмагың ичиңдеги.

Оо, аял, кимсиң деги? Кимсиң деги?

13-феврал. 2017. Москва.

 

Досторго

Таң атса күн батып соңунда,

Жер жүрөт айланып огунда.

Тиргилик куржунун артынып,

Баратам тирүүлүк жолунда.

 

Сезмекке кайратын күч-алдын,

Тосулду кээ күнү бүт алдым.

Мектепте сабактан “беш” алсам,

Турмуштан “эки” алдым, “үч” алдым.

 

Түйшүккө жеңилдим, түталдым,

Кагылдым, жыгылдым, учалдым.

Кең жолдо чалынып, басалбай,

Кээ кезде карайлап тушалдым.

 

Жаш кезде шараптын кыныгы,

Ойлорду шал кылды чыныгы.

Тагдырым бетине кагылды,

Кетирген каталар сыныгы.

 

Турмуш да шарт токуп токтомун,

Азыр мен бар менен жоктомун.

Жакшы сөз айтышып, жөлөгөн,

Ырахмат силерге, досторум!

 

*****

Кылымдын башы — жаштыгым,

Аттандык чогуу топурап.

Аркада калдым аш бышым,

Мингеним мүмкүн чобур ат…

 

Жүргөнүң дайым шыр болбой,

Таш сүзөт экен баш кээде.

Мени да мезгил кур койбой,

Көмүлдү жаштык Маскөөдө.

 

Кеткенсийм чыгып жаңы эле,

Төрөлүп өскөн үйүмөн.

Ата-энем күтөт дагы эле,

Жалгыз түп өрүк түбүнөн…

 

Мигрант келин

Илбийген арык келин,

А бирок,

маңдайы жарык келин.

Түйшүгүн тиргиликтин,

бакандай илип алып желкесине.

Көбүрөөк сагынычы,

азыраак таарынычы,

илбийген өзүнө окшош өлкөсүнө,

мигрант-карып келин

баратат шаша басып,

көлчүктөн кача басып.

Шу күндөр, шундай тагдыр,

кайсы саат, кайсы күндө

жазылып маңдайына

үлгүрдү экен жаза басып?..

 

Не өтпөйт алтын баштан,

Баласын

калтырып тамтуң баскан.

Жөнөгөн моюн сунбай,

шамалга арылдаган каршы жактан…

Ал шамал нак ураган —

Убада жаркыраган,

башталат Ак Үй турган бурулуштан.

Ал эми Ак Үйүндө

депутат, министрер,

Ажосу, кожосу да

Бардыгы кара басып,

кан-жини аралашып,

өлкөсүн тоноп, элдин

ырыскысын сугунушкан…

 

Ал эми арык келин,

А бирок

маңдайы жарык келин,

Маскөөдө, Алматыда

турмуштун токтобогон кармашында,

ичине күйүт жыйып,

эртеңден үмүт кылып,

бир буту турса дагы жар башында…

Бут алды Анадолу,

үйүндө санаа-ою,

келбеген бул жерлерге,

үй-жайын чанып келин.

Ичинде төрөп алам,

бир жакшы келечекти,

деген мигрант-карып келин…

 

Ал менин апам

Кыш. Чилде. Аяз – суугу чыкылдаган.

Төрөт үй. Акушерка тыпылдаган.

Бир аял толгоо тартып жатат ана,

Кара тер маңдайынан чыпылдаган.

Ал менин апам эле.

 

Бир аял толгоо тартат. Жер айланат.

Үзүлүп омурткасы. Жан далбаса.

“Ыңга-аа!” деп тирүүлүккө салам айтам.

Ачылган жарыктыкка ак дарбаза –

Ал менин апам эле.

 

Жарк этип Күн көрүндү күлүп турган,

Жаркырап жарык болуп күйүп турган.

Жер, Ай, Күн, жылдыз, чексиз космос болуп,

Элжиреп тиктеп мени сүйүп турган,

Ал менин апам эле!

 

Төрөлдүм. Уул элем балканактай.

Дүйнөнүн шаңын кара, салтанаттуу, ай!

Сүйүнчү! – деген кабар асман-жердин,

Чуркады ортосунда чапкан аттай –

Апамын сүйүнүчү!

 

Бүлк-бүлк-бүлк! Ууз сүттү эмип жаттым.

Жытыма эс-мас апам. Теңир-Бакмын.

Дүк-дүк-дүк! Ки-ичинекей жүрөк менен,

Мээримин бүт ааламдын сезип жаттым –

Ал менин апам эле!

 

Мигранттын ыры

Бир ордунда күлү додо журту жок,

Бар үмүтү жалгыз гана Теңирде.

Күндүз жумуш, сары санаа учу жок,

Түндө түмөн ойлор мээсин кемирген.

Көптүн бири болуп жүрөм чет жерде,

Кыйла болгон кеткениме жеримден.

 

Үй-жай салыш үчүн мүмкүн бизге эми,

Үмүт болуп көрүнгөндүр алыстар ?

Курсагы ток, мээримге зар жүрөгү,

Кодура эгин – балдар кысыр аңызда.

Куу турмушка жүктөө оңой күнөөнү,

Бир муунга биз түбөлүктүү карыздар.

 

Биздин тилек: Нан издетип сагырдай,

Балабызды тентитпесин жазмышы.

Биздей болуп утулбасын турмуштан,

Балдарыбыз жерге тийип далысы.

Үмүтүбүз – алыстагы Кыргызстан,

Өкүнткөнү – элдин-журттун алысы…

 

Мигрант терме

Көз көрүп оңой-кыйынды,

Көкүрөк жутуп ыйымды.

Чаалыгып иштен чарчасам,

Чекеме сүртүп тыйынды.

Беш жылдан бери жүрөмүн,

Белгилеп алып “быйылды”.

 

Талаада тентип темтеңдеп,

Эки сом тапсам энтеңдеп.

Желкеге түшкөн түйшүктү,

Жеңимди түрүп, жеңсем деп.

Быйыл да калдым кеталбай,

Эмдиги жылы кетем деп.

 

Айталбай ичте бугумду,

Алыска таштап туурумду.

Баралбай жакшы-жаманга,

Пеш тутуп беш сом пулумду.

Темселеп жүрөм талаада,

Жетелеп жүрбөй уулумду.

 

Иштейм деп кетип атасы,

Иштейм деп кетип апасы,

Айылда калган балдардын,

Ичинде канча капасы.

Жыйырма жылда билинер,

Бүгүнкү күндүн катасы.

 

Сөгүлүп санга санаасы,

Тентиди кыргыз, карачы.

Мигрант болуп жан бак деп,

Маңдайга жазган чамасы.

Бешинчи класс болгон көп,

Бешикте калган баласы.

 

Каректен жашы сызыла,

Көнүшүп турмуш сызына.

Ээрчишкен эрди-катындар,

Жүрүшөт канча миң сандап,

Жат болуп уулу- кызына.

 

Чындыкты бирок билели,

Баарынын бирдей тилеги.

Өнүгүп кетсин элим дейт,

Анткени мекен – тиреги.

Миллион мигрант болсо да,

Айылда калган балдарга,

Илинип турат жүрөгү.

 

Апрелде окко учкан досума кат

Шейит дешти,.. оозуң келбей келмеге

окко учтуң, же ичээр сууң кем беле?

Көрдө жатып сен өзүңдөн сурарсың:

“Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?”

 

Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз,

Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.

Баса, сага эсим барда айтайын,

Бакиевден башка азыр ажобуз.

 

Свет кымбат, бензин баасы асманда,

Азыр бийлик элге жаман кастан да.

“Камбар-Ата-2” калган курулбай,

Байлап кеткен “Бакиевдер” качканда.

 

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,

Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.

Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,

Депутаттар “Ак жол” менен бир өскөн.

 

Ошол эле сын айтканды камамай,

Ошол эле журналистти сабамай.

Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,

Ошол эле коррупция, таламай.

 

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,

Эки сөзүн “Кудайлаган” каапыр көп.

Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,

Азыр бизде “Апрелдик Баатыр” көп

 

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,

Чыкпай калган “Багыт” дагы, “Добуш” да.

Кремлдин көзүн карап калганбыз,

Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

 

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле,

Жататтырсың түшүналбай сен деле?

Калпак ошол, калпак кийген баш башка,

Апрелде өлдүң эле сен неге?

 

Алмашпаган өзүң көргөн система,

Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

7-апрель. 2017-жыл. Москва.