Атантай Акбаровдун поэзия кечеси

Кыргызпатент тарабынан уюштурулган Атантай Акбаровдун  “Тирүү мекен” деген аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү.

21-февраль бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө жана Атантай Акбаровдун 60 жылдык мааракесине арналган бул иш чарага: Н.Калыбеков, М.Ааматов, К.Көкүлов сыяктуу акындар катышып, ыр окулуп, куттуктоолор айтылды.

Кечеде, Атантай Акбаровдун  “Кудайга кат” китеби окурмандарга белекке берилип, поэзия сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон ырлар окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Автор өзүнүн аткаруусунда ыр ырдап, кеченин катышуучуларына  жагымдуу маанай тартулады.