Аскаралы Ражабалиев: “Акындык өнөр жеңил “оокат” эмес”

Чыгармачылыгы элет жеринде, эл ичинде тамыр жайып, бутак-шактап көктөгөн жазуучу Аскаралы Ражабалиевдин “Бейиш төр” аталыштагы жыйнагы 2019-жылы жарык көрүп, адабият жана окурмандар чөйрөсүндө жакшы баага арзыды.

Бул жыйнакка кирген аңгемелерде, повесттерде жана публицистикаларда өзү жашаган Баткен аймагынын табигый сулуулугун, бейиш төрүн, колориттүү жашоосун жана ажайып бай тилин даңазалай алыптыр. Жазуучу менен анын жаңы китеби жана жалпы чыгармачылыгы жөнүндө маек курдук.

 

-Аскаралы мырза, жазуучулук өнөргө кызыгууңуз кандайча ойгонгон? Канча жашыңызда колуңузга калем алгансыз?

-Анда мен 7-класста окуучумун. Бир жолу колхоз китепканасынан Мукай Элебаевдин “Узак жол” аттуу китебин алып окуганым эсимде. Ошондо китептеги баланын тагдыры көз алдымдан кетпей, ичим ачышып, уйкум качкан түндөрүм болгон. Көрсө “Узак жолдогу” бала, жазуучу Мукай Элебаевдин өзү экен. Китептен алган таасиримден уламбы, өзүмдүн бала чагымдан көп элес көкүрөгүмдө сакталып калыптыр Айылыбыз чоң дарыянын жээгинде. Жээк бойлой токой, шалбаа, кадам сайын кара суулар агып турат, кечке алардан балык кармайбыз. Эрте жазда жоогазын гүлүн терип, мандалак казчубуз. Өрүк гүл ачканда ак тумандай бактардын түбүндө ойночубуз. Анан дагы, балалыгымдан бирге ойноп-чоңойгон бир тууган бөлөмдүн кокустук кырсыктан көз жумганы, апасы Бахмал эжем жалгыз уулунун күйүтүнөн бүк түшө отуруп калганы катуу таасир эткен. Ошондо Мукай Элебаевдин тагдыры эсиме келип, балалыгымдагы бактылуу күндөрүм менен бирге эле өксүк окуя жуурулушкан чыгарма жазууга талаптандым. Түнү шам чырактын жарыгында “Бахмал эжем” аттуу “тунгуч аңгеме” болумушту жазгам. Ошол тунгуч “чыгармам” кийин “Эски кыяктын авазы” аттуу аңгемемдин жаралышына өзөк болуп берген.

Чыгармачылык процессте сиз үчүн эң кызыктуусу эмне?

-Жазылып жаткан чыгармамдагы каарманымдын “тилин” табууда түйшөлгөн учурларым кызыктуу. Каарманым мага жүзүн буруп, жан дүйнөсүн ачып берген кезден баштап калемим шыр кетет. Эч качан персонажымдын кулагын чоё кармап, өзүм каалаган жактарга зордук менен жетелеп, оң келсе да, келбесе да түрдүү “окуяларга” катыштырып, куржалак сөздөрдү сүйлөтүп, ой айттырууга мажбурлабаймын. Кээде жазылып аткан чыгармамдагы окуя, ойдун өнүгүшүн каарманымдын ыктыярына коем. Албетте, мындай чакта жөн отурмак белең, каарманың менен кошо ойлонуп-толгоносуң да!

-“Бейиш төр” жыйнагыңызга аңгеме, повесттериңизден тышкары драма, котормо, сын макалаларыңызды киргизипсиз Эмне бул эйфориябы же чыгармачылык отчеттук китебиңизби?

-Жок, эйфория да, эсеп берүү да оюма келген эмес. Эйфорияга берилсем алиге чейин катар-катар китептерим менен “таанылып” калмакмын.

Күн жолунда повестиңизде тарыхый окуялар баяндалабы?  

-Бир жолу коңшу айылдык Тажибаев Жапар аксакал өз уруу-тобунун санжырасын айтып, китепче жазып беришимди өтүнгөн. Негедир мени аксакалдын төмөнкү сөздөрү өзүнө “оп!” тартып туруп алды: Биздин он төртүнчү атабыз Сырматбек билгир Калпайы Урумга барып, түрк султандарына кырк жыл кызмат өтөп, Алайга төө-төө сый жүк менен кайткан экен. Калган өмүрүн калмак баскынчылары тозуткан элин туулуп-өскөн Ата Конушуна көчүрүп келип, хандык уюштуруп, балдарды окутканга арнаптыр”… Мен бул сөздөрдүн нары жагында башын кылтайта чыгарып турган бүтүндөй бир доордун бараандуу элесин жана эл-жери үчүн өмүрлөрүн сайган ата-бабалардын калдайган караан-сөөлөттөрүн көрдүм.

Осмон империясы Багдат халифатын каратып алган соң, халифаттык Стамбулга көчүргөндөн баштап, Осмон империясы Халифаты Румия деп да айтыла баштаган. Көрсө кыргыздар Осмон империясын бекер жерден Калпайы Урум дешчү эмес экен. “Манаста” да айтылып атпайбы: “Бири кетти Кырымга, бири кетти Урумга” деп. Бул Сырматбек билгирдин Осмон султандарына кызмат кылгандыгынын ачык далили.

Мен таянган дагы бир булак, белгилүү этнограф-тарыхчы Мануэл Абрамзондун “Кыргыздар” аттуу китебинде: Алайдын ханы Кудаян 1650-60 жылдарда 12 миң түтүн кыргыздар менен Гисарга оогон деген маалымат. Түркиянын Изник шаарында “Никея “Кыргыздар мүрзөсү” деп аталган ыйык жай азыр да сакталып турат. Бүгүнкү Түркияда андан башка да кыргыздарга тиешелүү (проф. А.Муратов) 120дан ашуун жер-суу, көчө, айыл аталыштары бар экен.

-Повестти жазууда кандай иштедиңиз? Тарыхый темада чыгарма жазуу боюнча тажрыйба алдыңызбы?

-Менин максатым тарыхты иликтөө-изилдөө эмес, каарманым Сырматбектин инсандык тагдыры, адамдык, ыймандык касиети, балалык, жаштык махабаты жана өз дооруна болгон көз карашы менен коомго мамилесин адабий иликтөө болду. Анын кишилик сапаты менен эл-жерине болгон сүйүүсүн чагылдырып, жан дүйнөсүнө сүңгүгүм келди. Бул жерде грек ойчулу Аристотелдин төмөнкү сөзү аябай маш келип турат: “Өтмүштү көркөм баяндоо тарыхый даректөөгө караганда кыйла илимий, ары далилдүү чыгат. Тарыхый маалымат болгон окуянын сырткы өнүгүшүнөн гана кабар берсе, акындык өнөр анын түпкү тереңине жетелеп, маңыз-маанисин кылдат ачып берет”

-Алардын (аталардын) алдында өз парзыңызды аткардым деп ойлойсузбу? Же бул темада жазууну улантасызбы? Андай болсо кийинки чыгармаңыз кайсыл тарыхый окуяларды камтыйт?

-Кайсыл бир деңгээлде парзымды аткардым десем болот. Ушу тапта ойрот баскынчылык доорундагы баатыр аталарыбыздын биринин өмүр тагдыры жайында повестимди аяктап калдым. Айтор, өтмүш тууралуу чыгарма жазуу оор түйшүк. Адабий чыгарма болсо да, тарых чылк чындыкты сүйөт.

         -“Көпөлөктөр өрөөнү” повестиңизди кара сөз чебери Мурза Гапаровдун элесине арнашыңыздын кандай сыры бар? Баткенде ушундай аталыштагы өрөөн барбы?

-Таланттуу жазуучу Мурза Гапаров менин УСТАТЫМ. Кайран киши табиятынан романтик, кыялкеч болчу. Чыгармаларын адегенде кыялында жаратып, башында бышырып, анан түшүрчү кагазга. Ошондой ширин кыялдарынын бири, “Көпөлөктөр өрөөнү” аттуу повестин жазуу эле. Бирок, жетпеди максатына. Устатымдын кыял-максаты жерде калбасын деп, “жылт” эткен идеясына отун калап, алоо от жагып, повесть жазууга кириштим. А киши кыялданып жүргөндөй чыгармамды “Көпөлөктөр өрөөнү” деп атадым. Бирок, мында Мурзакем түзгөн сюжет да, каармандар да, Зардалыдагы көпөлөктүү өрөөн да жок. Айтмакчы, түркүн түстөгү көпөлөктөр жамырап учкан жер – өз айылым Зарташтагы бедезар. Балалыгыбызда бедезарда ойноп, кыздарга ак, кызыл, көк, пушту, сары, койчу миң түстүү көпөлөк кармап берчүбүз.

-Аңгеме, повесттериңизде өткөн бактылуу балалыгыңыздан эскерүүлөр, жеке ой-туюуңуз көрүнүп тургансыйт.

Албетте, чыгармаң өз балаңдай эле кан-жаныңдан жаралат эмеспи. Убакыт өткөн сайын артта калган балалык күндөрүң тээ алыстан “жылт-жулт” этип турган шам чырактай сени өзүнө азгыра тартып тура берет. Жомоктой сырдуу, касиеттүү элестей берет көз алдыңа. Мага балалык жаркын күндөрүмдүн нуру чыгармаларымды башынан аягына чейин жаркытып турган сымал сезилет. Ие, жазуучуга балалык баео сүйүүсү, жаркын күн-түндөрү Күн табындай жылуулук, орошон эргүү тартуулайт экен. Бирок, туш келген жерге тыкмалай бербей, өз орду менен пайдала билсең дечи.

-Изденүү деген сиздин түшүнүгүңүздө эмне деген “оокат?”

-Изденүү – бул көптөгөн мөңгү-кар жана булак суулары тынымсыз кошулуп, жээгинен аша аккан дарыя мисал. Билимиңе билим кошуп, тандап окуп, жаңы идея, ойлор менен көкүрөк бөксөңдү улам шыкай толтуруп, коомдук кубулуштар, өзгөрүү-өсүүлөрдү жан сезимиңе булап, көз карегиңден элеп өткөрүп турбасаң, чыгармачылык устаканаң суусу тартылып, какшып калган сайга окшоп калат. Доордун күрөө тамыр согушун аңдап, добушуна кулак түрө билбесең, анда чыгармачылык шыгыңдын тамам болгону дей бер. А, сөз менен иштөө өзүнчө кеп. Жазуучунун объектиси – адам. Демек, пенденин жан сезимине, ички дүйнөсүнө үңүлө албасаң, жашоо-тагдырына назар салуудан качсаң, анделе жазмакерлигиң бир тыйын. Анделе бир баскан изиңди кийинки чыгармаларыңда кайталап таптай бергениң. Ар бир жазуучунун көкүрөгүндөгү аёолу көксөөсү, өз чыгармачылык даңгыр жолун сого албаса да, өзүнө таандык издик жолун таап алуу бактысы, ов!

-Чыгармаларыңызда ичкилик диалект сөздөрүн кеңири пайдаланып жүрөсүз. Бул сөздөр жалпы адабий тилибизге сиңип кетиши үчүн эмне кылуу керек?

-Мен ичкилик кыргыздардын өкүлүмүн. Ошол чөйрөдө туулуп-өскөн эненин сүтүн ичип,  чакалак (жаңы төрөлгөн бөбөк) чагымда ичкилик кыргыздын эне сөзүн алгач уккам, Апамдын: “-И-ий, кепетеңден айланип кетейиним, ий!” -деп тамагымдан жыттай жалына сүйгөн мээримдүү сөзүн угуп жүрүп чоңойдум. Ичкилик кыргыздардын тилинде төтөнчө интонация, басым гана эмес, каратма, нускама, киринди, сырдык сөздөрүндө да башка тайпа кыргыздарында учурабаган, жаңырбаган өзгөчөлүү бир угум, шириндик, жумшактык жана курчтук бар. Эгерде мен чыгармаларымдагы каармандарымды өздөрү сүйлөп жүргөн сөздөр менен сүйлөтпөсөм, анда алардын пейил-куйларын, мүнөздөрүн кантип ачып бере алам. Маселен, баткендик каарманым нарындыктарча сүйлөп турганын элестетүүнүн өзү күлкүлүү.

Экинчиден, миң жылдап жаралган кундуу, мазмун-маңыздуу сөздөрдү өлүү тил катары архивге көз көрүнөө өткөрсөк, ата-бабалар кечирбейт бизди. Укканыма, окуганыма караганда италиялык жазуучулар өз чыгармаларын каалашса үч диалектинин биринде: сицилия же роман, же болбосо түндүк диалектиде жаза берет экен. Бул дегендик, үч диалектидеги сөздөр тең тил казынасы катары жашай берет. Анан ар бир сөз элдин тарыхы эмеспи. Алар тилибизди байыйт деген акылмандык, кең пейилдик.

Кыскасы, ата-энелерден мураска калган ар бир сөзүбүз жамбыдан (жылкы туяк түрүндө уютулган алтын) алда канча кымбат. Жан боорубуздагы тектеш өзбек эли “хорезм”, “ташкен”, “фергана” диалектиси деп жерибей эле, четинен адабий тилдерине сиңирип, сөз корлорун байытып атышат. Бүгүн аларда 100 миңден ашык сөз кору бар. А, биз 40 миң сөз корубуз бар деп төш кагабыз.

Ичкилик кыргыздардын сөздөрүнүн жалпы адабий тилибизге сиңип кетүүсү үчүн, бир эле нерседен – ич ара арылза мамиледен кутулуу дегендик! Ушул жерде мыкты акын, түбү Ат-Башынын азамат уулу  Олжобай Шакирдин кең пейилдүүлүгүнө тан бердим. Ал маин киши, айткан эдем, оппа, йа ж.б. ичкилик кыргыздардын сөзүн орду менен пайдаланып жүрөт. Мулайым” деген сөздү ичкилик кыргыздардан башкалары билбейт. О, кандай мааниси терең, татына сөз! А, кай бир жазуучулар буга кекирейгениби же билимсиздигиби, шектене мамиле жасашат. Өз элиңдин тилин сыйлаганың – өзүңдү сыйлаганың. Өткөндө кайсыл бир депутатыбыз Жогорку Кеңештин трибунасынан уялбай “тилибизди диалектилик, говордук сөздөрдөн тазалайлы” деп сабаттуусунган менен сабатсыздыгын көрсөтүп койду

 -Сиз кайсыл жазуучуларды пир тутасыз?

-Кыргыз жазуучу-акындарынан: Устатым Мурза Гапаров, Чыңгыз, Мукай, Жолон, Сүйүнбай, М.Абакиров, Султан, Сагын, Абдиламит. Чет элдик акын-жазуучулардан: Чехов, Юрий Казаков, Бунин, О.Генри, Хемингуэй, Маркес, Кавабата, Акутагава, Джойс, Гарсиа Лорка.

-Акындарды да атап өттүңүз…

-Жогоруда Аристотель жазмакерликти акындык өнөр деп атпайбы. Мурза Гапаров айтмакчы, “Поэзия-чыгарманын каны, сөлү” Мен жазуу столуна отуруп, башыма эч нерсе келбей, эргий албай калган учурларымда ээн талаага барып же бөлмөмдүн эшигин жаап ала, акындардын ырларын кумарым канганча үн чыгара окуп-окуп алам. Ошондо булак сувусундай “чулдурап, мөңкүй агып” калам.

-Сиз адабий агымдарга б.а. …измдерге кандай карайсыз?

-Баарына көзүм түз. Соцреализмби, суреализм, импрессиозмби, модернизм же авангардизмби бизге башка планетадан келген жок. Баарын ушу кенедей жердеги эле “жердештерибиз” жаратышкан. Дегиңкиси, киши баласы дайыма жаңылыкты, жаңырып турууну сүйөт. Анткени, турмуш, коом өсүп, адамдын ой чабыты мурдагы “кутуга” батпай калат. Адабият да мындан тыш эмес, албетте. Болгону ошол агымдар менен измдерди жазуучу экилене үстүртөн туурабай, орду менен пайдалана билүүсү керек деп ойлоймун.

 -Элетте жашаган жазуучулар эмнеге муктаж деп ойлойсуз?

-Чөйрөдөн алыстыгы.. “Ууру ууру менен, тууру туру менен сырдашса кумары жазылат” дегендей кеп. Жазуучу жазуучу менен баарлашса, ой бөлүшсө шыгы артып, жаңы ойлор жаралат. Жана адабий процесстер, жаңылыктар тууралуу сөз жүрүп, талкууланып турулат. Ал тургай республикалык жазуучулар кошууну да элеттик жазуучуларга сыртын салып келет. “Элеттик жазуучулардын профессионалдык деңгээли төмөн” деген догма түшүнүк бар. Шаардык, элеттик экенине эмес, ар бир жазуучунун деңгээлине гана жараша.

Кайсыл мезгилде жазасыз? Эрте мененби же түнүбү?

-Менде күн сайын сөзсүз жазуу столуна отуруу деген адат жок. Ой топтолуп, эргүү келген кезде эч нерсеге карабай жазууга киришем.

-Жаңы чыгармаларыңызды качан окуйбуз? 

-Буюрса 2021-жылы.

-Чыгарма жазуудан чарчаган жоксузбу?

Кайдан! Жазуучулук кыйын жолдо эми гана өзүмдү өзүм таанып, кумурсканын изиндей ипичке изимди табайын деп калганда чарчамак белем. Башкалар окубаса анын ыктыяры, Пушкин айткандай: “Өзүм үчүн жаза берем!”

Маектешкен: Зинакан Пасаңова