Асан Жакшылыков: “Жай жатпайлы, жашообузду талдайлы. Жакшыларды, жетиктерди баалайлы”.

Бүгүн Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун туулган күнү. Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр каалайбыз! Үй-бүлөңүз менен эсенчиликте бар болуңуз. Көп жашаңыз!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы

Курултайга ой толгоо

Наадандыкты көрүп туруп сыйбаган,

турмуш муңун угуп туруп ыйлаган,

Эл намыстуу Эр азамат чыкса деп,

эми кандай кылабыз деп кыйналам.

 

Чар учкандай чаржайытка барганбыз,

ар бирибиз пайда көздөп алганбыз.

Жапа тырмак жалаң укук талашып,

жалгыздыктын аралында калганбыз.

 

Ооз учунан оозубузду чоёбуз,

“Элди ойлогон киши жок” деп коёбуз.

Арабызда азаматты көрбөсөк,

албетте акыры кор болобуз.

 

Жай жатпайлы, жашообузду талдайлы.

Жакшыларды, жетиктерди баалайлы.

Ичтарлыктын ийинине жашынбай,

ичтен ийип ийгиликти жалгайлы.

 

Кеңешели, кемчиликти жоелу,

келечектүү кенен элден бололу.

Текеберлүү, терс аяктуу жосунду

тез арада жойсок экен оболу.

 

Элде эмес, менде болсун дегенди,

эпчилденип эл байлыгын жегенди,

мактап, жактап ээрчип албай артынан

эл да өзү тыянакка келеби?

 

Кол куушурган кошоматын жоебу,

же пайдакеч төбөбүзгө конобу?

Эртеңкисин бүгүн ойлоп, кам көрүп,

элибиздин кенемтеси толобу?

 

Келечекке керек үрөн себели.

бу жакшылар улуу сөзгө келеби?

Байлык топтоп, бийлик ээлеп алгандар,

байкуш тутуп элди кыйнай береби?

 

Эркиндиктен, жерибизден айрылып,

жетеси жок жегичтерди бай кылып,

Амалына алданбайлы калайык,

төө кыядан кулаганда кайгырып.

 

Абайла

Ийгилиги, мейли, жүзүн чайысын,

байыгандар ич тарлык жок, байысын!

Бирок, бирок куулугуна жашырып,

жүктөбөсүн элге-жерге карызын.

 

Өмөлөнүп өлкөбүздү сорбосун,

өзүм дебей өзгөнү да ойлосун.

Бийликти алар сазга айлантып чардаса,

биротоло убал кылып койбосун?

 

Эл деген бар, эл тараза, эл калыс,

эстүү жандар элди керек ойго алыш.

Талкалаштан оңой нерсе жок окшойт,

кыйын экен келечекке жол салыш.

 

Эрдемсибей элдин эрте камын көр,

элге текши өзүм дебей көңүл бөл.

Элден чыгып качып-бозуп кетсе да,

кайтса сөөгүн кайра алабы туулган жер?

 

Эл менен жер эзелтеден киндиктеш,

эсиң болсо экөө менен бириктеш.

Кара мүртөз калк безери болбогун

калкты сыйлап качан болсо эсептеш.

 

Абайлагын, ооматың оойт бир кезде,

кор болосуң ортодогу сый кетсе.

Баары калат: байлык, атак, бийлик да

көңүлүңдү жок нерсеге дегдетпе.

 

Элди ойлогон эмгек өтөйт, жай жатпайт.

Элге сиңген эч убакта адашпайт.

Адилеттик өкүм сүргөн өлкөдө,

амалкөйлөр элден дөөлөт талашпайт.

 

Асыл тилим

Кыяматтан бери Кыргыз кыйбаган,

Кыргыз тил ай! Кантем, кошо, кыйналам!

Кыр кезген эл кылымдарды артынып,

өзөк күчүн өзүңө бүт жыйнаган.

Кубанычын куттуу, нурлуу сөз жалгап,

кошок кошуп коопту кезде ыйлаган…

Кутман тилим! Кыргыз деген эл бар деп,

Тагдыр жолдо келатасың кыйладан.

Асыл тилим! Ак боз үйлүү кыргызды,

анык өзүң Ала – Тоого жыйнаган!

 

Манасыңа урааныңды айттырган,

Кошоюңа Теңир Тоону бактырган.

Көкөтөйгө көктөн дөөлөт тапшырган,

Бакайыңа улук сөзүн жат кылган,-

Улуу тилсиң узак жолду бастырган,

акындарың элдин көөнүн шат кылган,

акылманың эс -туюмду карк кылган.

Манасчылар көкүрөгүн жат кылган –

сансыз жандар, санаты жок мезгилдер,

Сени бизге Мурас кылып тапшырган!

 

Кымбат, кыйбас кылымдаган сөздөрүң

Сен билесиң – акыл жалгап өскөнүн,

Кыргыздардын кылым бойлоп өткөнүн!

Азыркыдай арам доорго кор болбо,

О, улуу тил, келбес жакка кетпегин!

Кыргызыңды намысы жок сезбегин!

Кыяматка эч убакта жетпегин!

Андан көрө, келечекке туу булга,

Ашуусу мол акыйкатты беттегин!

Кандай сыймык – кыргыз менен бир болуп,

Акжолтоюм, ар-намыстуу тил болуп,

алдыдагы Алтын доорго жеткениң!

 

Кыргызстаным

Кереметтүү кедей өлкөм, бай өлкөм!

Байлыгым – бул; – бу жарыкта бар өлкөм!

Хан Теңири карап турган чыгыштан,

качан болсо төрт тарабы шай өлкөм!

 

Асман – жакын! Төбөбүздө жылдыз мол,

Ала-Тоодон тик асманга чыгат жол!

Жараткандан нур-күч тилеп кубаттуу,

Бата жайып улуу тоолор сунат кол!

 

Улуу тоолор – тирүүлүгүм, негизим;

Улуу тоолор – Ата Мекен, жеңишим!

Улуу тоолор – менин улуу далилим,

алмустактан бери жашап келишим!

 

Улуу тоолор – каткан сырым, өткөнүм;

Кыргын көрүп, ачуу жашты төккөмүн…

Күткөм кайра, тагдырымдын көктөмүн,
тоолорумду тирек кылып өскөмүн!

 

Намысы курч тунук сууңу ичкемин,

Теңир тоого асыл ниетти түздөдүм.

Кылымдардан сабак алып санатсыз,

Кыргыз аттуу тагдырымды издедим.

 

Мезгилдердин сыноосуна чыдагам,

Айкөлдөрдүн ант-шертине ынагам.

Аталардын каада-салтын туу туттум,

асылдардын ар-намысын улаган!

 

Кыргыз деген Ала-Тоолук эл болом,

Ала-Тоонун анык күчү мен болом!

Жер-энедей көтөрүмдүү, жөнөкөй,

Асман өңдүү – дилим айкөл, кең болом!

 

Ким бирөөгө текебер сөз айтпаймын,

эл-жеримдин касиетин барктаймын.

Айкөл элим – нарк-насилиң жол ачып,

Ала-Тоомдун ишенимин актаймын.

 

Кыргызстаным – кедей өлкөм, бай өлкөм!

Баймын чексиз- бу жарыкта бар өлкөм!

Хан Теңириң карап турган түбөлүк,

кара жанга медер болгон жан өлкөм!

 

Мөл булак 

Карап турам кара күрөң дайраны,

кара жини кармагандай чамынган!

Аяп турам – куят жетип ал дагы,

таза булак сапарына камынган.

 

Анын суусу – аруу, тунук, бир кочуш

агып, агып чоң дайрага жетет го.

Таза жандуу татынакай бул добуш,

табылбастан толук сиңип кетет го?

 

Тазалыктан айрылгансып мөл булак

тагдыр жазган сыноосунан өтөт го…

Таза кездин карегинен жаш кулап,

татаалдашкан агым күчүн сезет го!

 

Мөл булактын ким таба алмак аргасын,

аны дагы аккан агым кирдетет…

Булак кезиң, өттү! Азыр дайрасың:

“Дайра болуш дараметин бил!”- дешет.

 

Абдан кыйын мөлтүрлүктү сактасак,

абайлагын, агым өзү башкарат…

Зоо турса да, жарга урса да дайраны,

тунган кезде – булак кези кашкаят!

Аруу чындык, кирсиз, мөлтүр сакталат!

 

Улак балладасы

Ошого да кээде тартам убайым,

ойноп алгын оюн салаар убагың!

Ошентсе да азгырылып оюнга,

отту кечип кетпесе деп турамын.

 

Санаа жыяр азырынча аз сезим,

түйшүк дагы түк мойнуңда жок кезиң.

Оттон, суудан, жылан, же бу адамдан

азап күтпөс, абай салбас шок кезиң!

 

Жаман оюң жоктугунан коркомун,

Өртү жалын оттугуңдан коркомун.

Кудай өзү сактаса экен улагым,

зоокада ойноор шоктугуңдан коркомун.

 

Оттоп жатса кош мүйүзү кайкалап,

оту кайткан көздөн даана байкалат.

мекиренип “мээ-э” дей коюп кез-кезде,

эчки көзү өз улагын кайтарат…

 

О, кантейин ал ошондой чунак да,

ошондуктан “жарда ойногон” улак да.

“мээ -э-э” дей түшүп улак зоодон кулады…

Эчки эрменди жалмап жаткан убакта.

 

Ана кырсык, алапайын таппады!

Эчки жаны эми өзүнө батпады,
“Кайдасың –деп- кагылайын ,улагым!..”

Зоока учунан соо болсо деп какшады.

 

Заңгел зоонун асты жалаң таш, аска,

алкынган суу, сүрүн айтпа, көк кашка!

Үнү чыкпайт, эмне болду, не кордук,

урундубу улак жаны чоң ташка?..

 

Эчки мээрийт, кара жаны алдастайт,

эми кантип улагы жок жан сактайт?

Тыным албайт, төрт туягы тыбырайт,

көзү жаштап, жанын коер жай таппайт.

 

Аң-сезими ойлор эмес башканы,

убарланды, улагын же таппады.

Зоока учунда кош мүйүзү какшады,

козгой албай бу жалама асканы.

 

Ах, арманы жүрөгүнө батпады,

агын суудай токтоор эмес жаш дагы.

Айласы жок, тагдырына жазган да,

Үйүр алдырып тукумуна асканы.

 

Моюн сунуп калган кезде ажалга,

Улагынын үнү угулду кайра ага.

Улак жаны зоодон учуп баратып,

камалыптыр тээ борчуктуу аскага.

 

Укту үнүн, укту даана кулагы,

тирүү экен, аман экен улагы!

Улак эми келген окшойт эсине,

энесинен “жардам бер” деп сурады.

 

Кеткен менен дароо көздөн куюлуп,

Сүйүнүчтүн жашы жаандай чубуруп.

Жардам сурап, мээреп барды эне эчки,

үнү угулуп, желип-жортуп, буюгуп…

 

Балдар көрдү борчуктагы улакты,

ажал өзү арбап турган чунакты.

Эне-атасын: “Бергилечи жардам!”-деп

эчкиге окшоп балдар кайрым сурашты.

 

Аркан байлап түштү дагы улакты,

Баатыр жүрөк зоодон жерге кулатты.

Улак тирүү өз жашоосун улантты!

Эчки эмизип эркелетти улакты.

Андан кийин дагы далай суу акты.

 

Ала-тоонун агымыбыз

Сууну карап олтурамын шар аккан,
каякадыр өтө шашып бараткан.

Өкүмдүгү, өжөрлүгү өзгөчө,

өжөрлүктү өздөштүргөн каяктан?

 

Артта калып ак мөңгүлүү мекени,

албуут агып алда кайда кетеби?

Кетсе кетээр! Кирдеп жолдо калбайбы,

ага берип мүдөөсүнө жетеби?

 

Ташты челип, күү-шаа түшүп, алактап

агымда эч арман жоктой шарактап.

ташка тийсе таза тамчы төгүлүп,

ушул агым түзгө жетсе, жай акмак…

 

Тоонун суусу арстандай секирген,

курчтугуң ай! Кубат аккан сезимден.

Удургуйсуң укмуштуудай оролуп,

ушул кубат тоо күчүнөн жетилген.

 

Ала салып аккан сайын өрүлүп,

Ала-Тоонун ал-кубаты көрүнүп,

ага берсин, айгай салып, көбүрүп,

күү-шаа түшүп, кулк мүнөзү бөлүнүп!

 

Суу демекчи, бул суу эмес, каныбыз,

агып жатат бу жашоодо жаныбыз.

Айланайын, ак мөңгүлүү тоолугум,

Ала-Тоонун – агымыбыз, баарыбыз!

 

Сендик

Сендик, сендик болгонумду

сен баалабай койбодуңбу!

Тагдырыңды тамашалап,

таш ыргытып ойнодуңбу?

Же жылдызды асмандагы

аламын деп болжодуңбу!

 

Эки жолбуз, эки тарап…

Эми көздөн жашың агат!

Эми өтө алгыс бүт жылгаяк,

баса албайбыз – жол тайгалак!

Тагдырыбыз кантет аяп,

аргасы жок турат карап.

 

Жанымды тынч коймок экен,

жолукпасак болмок экен!

Көрсө сезим, жакшы көрүү

жаш баладай ойноок экен.

Бул турмуштун сормо сазы,

эки бөлөк сормок экен!

Экөөбүздөй макоолорду

өз жайына коймок экен!

 

Бир учур 

Күңгөйгө тийген Күн өңдүү

күлгөнүң жүрөт эсимде.

Жанымдын оту жагылып

жалыны өчпөй сезимде.

 

Эстеген сайын эңсеткен,

эргиткен жанды кумары;

Бүгүн да кайра буй кылып,

бук болуп жаным турабы?

 

Жарышып жылдар өтсө да,

жандаштык жанар эмес го?

Махабат деген түгөнгүр

баш менен жатар белек го!

 

Мас кылган жанды сөзүң жок…

Махабат калып өзүң жок,

Мынчалык таш боор белең а-а,

Мага бирок, кыпын өчү жок.

 

Күлкүңдү эстеп, самаймын;

Күн тийген тоону караймын.

Көзүмдөн жашым мөлт этсе,

өзүмдү, сени аяймын…

 

Дары

Алмустактан уланган,

баарына күбө бу жалган.

“Махабат” аттуу дарыны,

акындар ойлоп чыгарган!

 

Жыргалды эске түйүшкөн,

жашоону жандай сүйүшкөн.

Жагдайга моюн сунбастан,

жадырап өмүр сүрүшкөн.

 

Күнүмдүккө сыйбаган,

гүлдөсө көңүл – ырдаган.

Өмүрдү сүрүп, дуулаган,

өчөйүп оокат жыйбаган.

 

Ааламга кулак түрүшкөн,

адамдын баркын билишкен.

Токсон жашты тоготпой,

тотудай жанды сүйүшкөн!

 

Сүртүлсө сүйүү илеби,

сүйүнөт акын жүрөгү!

Сүйкүмдүү Мөлмөл, азыркы,

сүйүүнүн күчүн билеби,

сүйгөндөй акын жүрөгү?!

 

Кер толгоо

Көзү тирүү кезинде

көтөрбөйбүз адамды.

Айткылачы аныбыз:

жакшыбы, же жаманбы?

 

Көрмөксөнгө салабыз,

же өчөшүп алабыз.

Запкы тартса “чала” деп

канып турат табабыз.

 

Анткени биз чалабыз,

ар шылтоону табабыз.

Айбандыкка мактанып

“Адамбыз!” деп калабыз.

 

Өмүр бою жектейбиз,

өчөшөбүз, кектейбиз.

Өзгөлөргө сын тагып

өзүбүздү сезбейбиз.

 

Өкүмдөрдү жактайбыз,

өзүмчүлдү мактайбыз.

Өлүп бара жатсак да

чындык сөздү айтпайбыз.

 

“Оңолбойт” деп какшайбыз,

оң тарапка баспайбыз.

Элге керек кишини,

эки жүздүү жол менен

эч убакта таппайбыз!

 

Кемчиликтен арылып

кете турган күн кайда?

Адам деген атакка

жете турган күн кайда?

 

Башканы эмес, өзүмдү

сындай турган күн кайда?

Кемчиликтен арылып

жыргай турган күн кайда?

эмгегин баалап улуу тут;

Кыргыздан ооп кетпесин,

кетпесин келген Улуу Кут!