Аман Саспаев: Айылдык акындын бир күнү

Айылдык акындын бир күнү

– Жалпы алганда кебете-кешпир жагынан биз сүйкүмсүз эле жандарбыз, – деп жазып жаткан кагазын ары түртүп, ал келинчегин карап койду.

– Тагдырыбыз ошондой. Менин өзүмөн көрө жазгандарым барктуураак. Мен үйгө келген меймандар менен же сени менен сүйлөшүп отурганымда оюм кандайдыр башка жактарды кезип кетет.

Ал өзүн акылдуумун деп ойлоочу эмес. «Бирок, адам деген акыл» деп түшүнүүчү. Аздыр-көптүр өмүрдөн жыйган тажрыйбасы аны ушундай корутунду чыгарууга мажбур эткен. Акындык жагынан изденүүгө, талыкпай эмгектенүүгө эрки күчтүү болгону менен турмуштун күндөлүктүү майда чүйдөлөрүнө эрки мүлдө бош экенин өзү сезүүчү эмес.

Келинчеги анын сөздөрүн уга жүрүп абдан көнгөн. Ошон үчүн азыркы сөздөрдү капарына албай өз иши менен болуп жатты. Ансыз да китеп менен кагаздан тажап бүткөн.

– Мен турмушта канчалык кагылсам, ошончолук акылдуу болоорума ишенемин, – акын келинчегин түшүндүрө баштады. – Мейли, жазгандарым басылбаса андан тартып жаткан зыяным жок. Мен эл өмүрүн кагаз бетине чие берем…

Күйөөсүнүн көңүлүн көтөргүсү келсе керек, келинчеги өз ишин иштей отуруп, сөзгө аралашты: – Журналдарда мактап жатышпайбы, акча да жиберишти. Кээде, акыл сурап эл да келет. Акын мыскылдай күлдү да жазып жаткан кагазын өзүнө тартты. Анан калемин сыя челекке малган бойдон мындай деди:

– Абырой, акча менин максатым эмес. Мактоо сөздөрдү жаным сүйбөйт. Ал эми гонорар болсо – бул эмгек акы деген сөз. Эч кандай гонорар берилбеген замандар да болгон. Ошондо да акындар өмүр сүрүп, өзүнүн турмуш, коом жөнүндөгү ойлорун айтып, элге жакшылык жакты жаңдаган. Биздин элдин жашап турган заманын жүрөккө уютуп айта билүүнүн өзү, ар кандай нарктан артык кубаныч берет эмеспи.

Акындын келинчеги баласына көйнөк тигип отурган. Ал күйөөсүнүн аңкоо, бирок чындык сөзүнө боору ооруду. «Биздин замандын акындары чоң-чоң шаарларда гана жашоого тийиш. Алардын ар биринде беш-алты комнаталуу үйлөр, радиоприемник, телевизор, жеке телефондору бар камсыз адамдар. Алар жаркын мүнөздүү, укмуштуу курч сөздөрдү таап жазган кишилер болууга тийиш», деп ойлоочу келинчеги. Анчалык оокат мунун акын күйөөсүнүн колунан эч качан келмек эмес. Бирок, жазгандарын кээде окуп бергенде, ырас эмеспи, деп күйөөсүнө башкача мамиле кылууну ойлонуучу. Ошондой болсо да карапайым бир зайып күйөөсүнүн кебетесин, жүрүм-турумун көрө келип, ал ойлорун унутуп коюучу. Кээде, баласын бактырып өзү башка жерлерге кетүүчү да, китеп кагаздан аз болсо да ажыратып алдым деп ойлоочу.

Азыр да күйөөсүнүн терең ойго батканын байкап, китеп-кагазынан бир саат болсо да ажыратып тургусу келди:

– Баланы ала турчу, – деди келинчеги тигип жаткан көйнөгүн бүктөп, – бир кичине жери калды эле, машинага жүгүртүп келе коёюн.

Он айлык баласы түшүнө койгонсуп, атасын көздөй эмгектеп келди да «чыны менен эле сен менин атам болосуңбу?!» дегенсип мостоё карады.

– Бирдеме жазып жаттым эле. Баланы ала баргын. Жаныңа койсоң ойноп отура берет да…

– Заматта эле келем, ала турсаң бай болгур, – деди да келинчеги чыгып кетти. «Өз ишимдин кымбатын бирге жашаган аялыма да түшүндүрө албаймын, жазгандарыман эл кантип пайда алсын», деп тымызын ызаланган акын кагаз-калемин жыйыштырды да бир колуна таягын алып, үй ичинде сылтып, ары-бери баса баштады. Аны китеп кагаздан ажыраткан менен ой-кыялдан ажыратып таштай албай турганын келинчеги түшүнчү эмес. Акын үй ичинде көпкө басты. Баласы болсо атасынын ийнине башын коюп мемиреп уйкуга кетти. Акын аны сезген жок. Өзүнүн жазып жаткан темасы жөнүндө кыялдана берди. Ал жогорку Советке депутат болуп шайланган саанчы келин жөнүндө жазып жаткан.

Ары-бери басып ойлонуу анын боюн жибитип, бир түрдүү жылуу ыракатка бөлөп келе жатты. Ал кандайдыр баарына ыраазы эле. Барган сайын жаш баладай элжиреп, көңүлсүздүк туудуруучу бардык иштерин унутуп, тендеши жок бактылуу минуталарды башынан кечире баштады. Ал акырын отурду да өзү стол кылып жүргөн сары чемоданын бир колу менен тактанын астынан бери тартты. Анын акырын кыймылдаганы шончо, куду төбөсүнө кымбаттуу бир куш конуп, аны учуруп жибербей кармап калайын дегендей чебердеп кыймылдады. Анан калемин колуна алды да жаза баштады…

* * *

Ал кайра келип кирген келинчегин да байкабастан жазып жатты. Уктап, бышылдаган баласын сол колу менен ийин жагына кыса кармап, оң колу менен улам кагазын оңдоп коюп, эпилдете жазган сайын баланын башы жаздык издеп шылкылдайт. Кирип келип делдее калган келинчеги амалсыздан күлүп жиберди.

– Уктап калган баланы жаткызып койгонду да билбейсиңби?

Бул кезде акын жазган ырына акыркы чекитти коюп да үлгүрдү. Ичтен кубанып башын көтөргөн акын колундагы баласын карап калды:

– О-о, май баш! Уктап кеткен турбайсыңбы. Me, мамасы, сен муну жаткыз, – деди акын аялына жаркылдап. – Мен эми сага жардам көрсөтүп, отун жарып берейин.

Таягын издеп жаткан акындын кебетеси ак жеринен азап чегип, акыры акталган кишидей эле. Аялы көзүнө жаш алып ары бурулду.

«Деги кандай жан экенин түшүнсөм буюрбасын!»

Акын балтаны колуна алып, таканчыктап туруп бир таарындыны жара баштады. Акырында келип, жарган отундарын катарлап, алууга ыңгайлап койду.

– Эшикке чыгып бир аз айланып келейин. Бүгүн дем алыш күнүм да. Жарык дүйнөдө эмнелер болуп жатканын билейин, – деп ал аялынан өтүндү. Акын моюн орогучун шашпай оронуп, жапжаңы пальтосун кийип, көчөгө абдан кубанычтуу чыкты.

Жашы кырктан ашып калгандыктан совхоздун жумушчу жаштары аны агай деше турган. Анын чындыкты гана айтып көнгөн оозунан бекер сөздөр чыгуучу эмес. Оозум бар деп башына эмне келсе, ошону айткан кишини жек көрө турган. Кызыл үйгө келип окуучу жаштарды өзүнө тартып, аларга эң жакшы китептерди тааныштыруучу. Мына ушул адамдык туура мамилелер карапайым эл ортосунда анын кадыр-баркын кетөргөн.

Акын көчөлөрдө бирер сааттай көңүлдүү жүрдү. Кезиге калган айылдаштар менен жылуу амандашып, алардын ал-жайын сураштырып өтүп жатты. Механизатор Жакып менен кезиккенде көбүрөөк сүйлөштү. Ал Жакыпты атайын ээрчий басты.

– Трактористтерге эмне ыр жазып бергенсиз? – деди Жакып сөз арасында, жанаша басып келе жатып. –Балдар жаттап алып күлүп жүрүшөт.

– Жөн эле, – деп койду акын көп этибар бербей, – мехцехке кире калсам балдар тракторлорун ремонттоп жатышыптыр. Двигатель кудум эле жандуу немедей кыймылдайт, анан жазып бердим. Анчейин бир элес да, поэзия эмес…

– Айтор, бир кызык, акын болуу оңой болбосо керек, – деп Жакып ак пейли менен айтып бара жатты. Мүмкүн, ал акындарга ичинен кызыга турган чыгар.

Акын мыскылдап күлүп койду. Анан токтой калды да ошол эле ордунда Жакыпка бурулуп мындай жооп берди:

– Бул күнгө чейин жер шарында, башкача айтканда, адамдар коомунда болуп өткөн акындардын басым көпчүлүгү, биздин элдин акындарындай кишилер жөнүндө даана айтып бере алган эмес. Биздин заманда акын деген, кишинин ички дүйнөсүн толкундатуучу, күрөшкө үндөөчү агитатор деген сөз. Мен Маяковскийдин китебин жаздыгымдын астына – өзүмө жакын жерге коём, – деди да «негизги ойду айтып болдум го» дегенсип кайра жай баса баштады. – Өмүр дегениңиз жаткан бир океан. Акын аны изилдейт, тапкан жаңылыгы болсо эл сүйгөн тил менен айтып берет. Ушундай иштесе, акын боло албаса да ага аздап окшоп калат. Ал эми, өзүм жөнүндө айта турган болсом… Ырларымды эл сүйсө окуп жатар…

Жакып ушундан улам акындын кыймылдаткычты ырга кошконун жай бара жатып айта баштады:

Үстү жакта клапан,

Үйлөп түтүн бүлкүлдөйт.

Ортосунда поршендер,

Оңду-солду сүлкүлдөйт, – дагы аягы кандай эле?

– Ар жагында маховик, ала качып күлтүлдөйт, – деп акын кошуп койду.

– Дагы бар эле, каленвал да кызык айтылуучу…

Бирок, акын ал жөнүндөкү маекти узартпады. Башка иш жөнүндө сөз козгоду:

– Айтмакчы, Жакып, сенин эжең Дилдекенин тагдыры эмне болду? Өңдүү-түстүү Жакыптын эжеси Дилдеке төртүнчү күйөөсүнөн чыгам деп жаткан. Ал өзүнүн сулуу экенин жакшы билгендиктен болочок өмүрүнө кайдигер кароочу. «Үй-бүлө менин сулуулугумду кадырлашы керек. Асыресе күйөөм! – деп ойлоочу. – Тиги саанчы катын, кызылча отогон тултук бет катындар деле үй-бүлөсүнө барктуу турбайбы!» Ал эми анын ою күйөөгө чыккандан кийин эле турмушка жанашпай калуучу. Аялдын баркы сулуулукта гана эмес экенин ал таптакыр түшүнчү эмес. Акын анын турмушта кандай жашай турганы жөнүндө көз сала жүрүүчү.

– Дагы эле баякыдай, кургур…

Акын Жакыптын көзүнө бир карай алды. Анан:

– Анын тагдыры ушундай-й, – деп созуп койду. Кичине баса түшкөндөн кийин дагы – анын тагдыры ушундай-й, деди. «Эмне үчүн мунун тагдыры ушундай? Эмне себеп, сыры эмнеде?»

Акын башканын баарын унутуп, жадакалса жанындагы Жакыпты да унутуп Дилдекенин тайкы тагдыры жөнүндө ойлонуп келе жатты. «Бактаалай менен текеберлик, талант менен текеберлик, сулуулук менен текеберлик, дагы башка жакшы нерселер менен текеберлик – бул от менен суу эмеспи! Кишини алдап кетүүгө болот, бирок, турмушту алдай албайсың. Киши кечирим кылышы мүмкүн, бирок турмуш кечирбейт! Мына ушуларды булбулдар саймедиреп сайрады. Киши жүрөгүнө өнүп, шактап мөмө берүүчү ойдун уругун таштады. Ошентсе да… аны ойлогондор аз…»

Ал ушундай ойлор менен Жакыпка кош айтпастан эле үйүн көздөй сылтый жөнөдү.

Мындан бир саат мурда ачылып кеткен күйөөсүнүн ары момун, ары капалуу киргенин көрүп келинчеги ичтен аяп кетти. Акын келинчегинин чексиз сүйүүсүн байкаган жок. Сары чемоданын бери тартып, дептерин ачып калемин колуна алды. Ал үйдөгүлөр менен бир ооз сүйлөшпөстөн эле жазып кирди:

Тагдыр сени татынакай жараткан,

Көз тийсин деп көөр суусун жалаткан.

Эки сап ыр жазгандан кийин эмнегедир токтоп калды. Жазганынан көзүн айырбай туруп арзан тамеки «огонёктон» бирди тиштеп ширеңкени кайсалап издей баштады. Ал папиросун тамызып алган соң аз ойлонду да, дагы жазып кирди… „

Акындын курсагы ач эле. Бирок, ага караган жок. Кеминде үч саат алпурушту. Отура калып, кайра боортоктоп жата калып, акыры жазып бүткөн өңдөндү. Бул кезде кеч кирип да калган.

Акын адатында ырды жазып бүткөн соң кайра оңдоого кезек күттүрүп таштап коюучу. Ал жазганын жыйнаштырып баертең жазган «Саанчы депутат» деген ырдын жанына салды да, үстүнөн оор жүктү алып таштагандай ачык айрым башын көтөрдү. Анын бактысы менен бактысыздыгы чыгармаларына байланышканын сезип туруучу. Жаратылыш ага ушунчалык назик сезим берип койгон.

– Кыязы, байбичем маа чай бергенди унутуп калгансың го, – деди акын аялына күлүңдөй карап.

Көндүм келинчеги чайын камдап, эбак эле күтүп отурган.

Бүгүнкү бир күнүмдү бекер өттү деп айта албаймын, – деди акын. Ал ичтен сүйүнүп, эч ким билбеген бир байлыгы бар кишидей отурду.

– Алдыкы чайдан ысык-ысык ууртачы. Кагазсыз да күнүң бекер өтүп жатканы жок го.

«Ээ, сен эчтеке түшүнбөйсүң!» дегенсип акын келинчегине кууланып күлө карап койду.

Ошондо анын жазган ырынын мазмуну мындай эле: «Илгери бир заманда, тагдыр ааламда жок сулууну жаратат. Ал сулуунун мүчөсүн дүйнөдөгү эң асыл заттардан алып курайт. Ошентип ал сулуулардын сулуусу болуп чыгат. Бирок, тагдыр болсо да бир жеринен жаңылышат. Анткени, тагдыр сулуунун өмүр тиреги улуу жүрөктү мурда жаратпай тек тышкы көркүнө гана көңүл буруп, бардык чеберчилигин ошого жумшайт. Тагдыр улуу жүрөктү экинчи иретте жасап, аны орнотмок болгондо – сулуунун аяк-башына карап турат да – өзүнүн көңүлү түшүп калат. Өз ашыгын кимдер жамандыкка кыйган! Тагдыр жүрөк салуу үчүн ашыгынын көкүрөгүн жарууга дити чыдабайт. Ошентип, сулууну жүрөксүз кылып койгон имиш.

Жүрөгүнө карабай, көркүнө кароо да ошондон калган экен!»