Аман Нааматов: Жаңы короз

Жаңы короз

–Түү-тү! Тү-тү-тү-тү! Ата жем бергени тоокторун чакырып жатты. Тооктор короонун аягында алма бактын ичинде жайылып жүрүшкөн эле. Эң алды болуп балтактап чоң кызыл короз чуркап келди. Өмүрүндө жем көрбөгөн эмедей жерге чачылган жүгөрүнү аябагандай ач көздүк менен шакылдата чокуп жеп жатты. Бул сугалактыгы менен мекияндары келгичекти чачылган жемдин бирин калтырбай терип койчудай. Атамдын ачуусу келип маңдайындагы корозду колунда кармап турган чөйчөгү менен бир койду.

‒Түт! Өлүп кет, өлүп кеткир! Мекияндарын күтпөй сукулдап!.. Кызыл короз жонуна тарс бир тийген чөйчөктөн чочуп какылыктап уча качты да, анан кайра эле тооктордун арасына лөкүлдөп кирди.

‒Сениби, шашпа! Шишиң толду сенин. Сорпо болосуң, сорпо! – деди атам ачуусу тарабай.

‒Ата, чын эле союп саласыңбы?

‒Соём, короз эмес бул.

‒Эмне үчүн короз эмес?

‒Короз деген короздой болот. Ал биринчи мекияндарына камкордук көрөт. Жем тапса өзү жебей аларды чакырып, аларга берет. А бул?! Сукулдап… Кошо талашып… – атам жаман көздөрү менен кызыл корозду ачуулуу карап турду, – маданияты жок. Башчы боло албайт. Сырттан душман келсе буларды коргомок тургай биринчи болуп качып берет эмеспи дырылдап.

Көп узабай биз даамдуу сорпо ичтик. Эти да жумшак, жагымдуу экен. «Кызыл корозду союп салган окшойт» деген ой келди мага. Ордумдан туруп тышка чыктым. Короодо жайылып жүргөн тооктордун арасында кызыл короз көрүнбөдү.

Базар күнү атам короз алып келип тоокторго кошту. Жаш экен мурдагыдан. Шыңга бой, бийик короз экен. Абдан кооз. Канаттары, моюндары түркүн түскө боёлуп, кубулжуп турат. Төкөрү курч, узун. Ал мага урушчаактай көрүндү. Сүрдүү, ачуулуу. Келээри менен эле кыйкырык салды короону жаңыртып. Катуу талпынды эле айланасы бырыксып куюн жүргөндөй боло түштү. Мекияндар чочулашып топторго түшүштү.

‒Мына, короз деп ушуну айтат! – атам сүйүндү. Ал жаңы корозду жактырып турду.

Жаңы короз тартипти бекем кармады. Мекияндарды чаржайыт бастырбайт. Бөлүнүп, кошунанын короосун көздөй баратсаң мекиянды көрсө дыркырата кууп кайрып келет. Жем тапса өзү жебей кукулуктап тоокторун чакырып турат. Кез-кези менен башын бийик көтөрүп, кең көкүрөгүн алга чыгарып айланасын кыраакы карайт. Жакын арада ит-куш көрүнсө ачуу үн чыгарып алардын алдын торой басат. Ал атама эле эмес, бардыгыбызга жагып, аны өзгөчө баалай баштадык. А бирок ал келгени биз баягыдай тооктордун уясына каалаган учурубузда кире албай калдык. Жумурткаларды жыйнай албай калдык. Кокус жумуртка алып жатканыбызды көрүп калса кайдан-жайдандыр кирип келип, чуу чыгарып, буттары менен тээп, канаттары менен каккылап, курч тумшугу менен чокуп, жумуртка алдырбай кубалап чыгат. Жумуртка алыш үчүн тооктор короого жайылып кеткенин күтүп калдык. Анда да чочулап, бирөөбүз колубузга таяк кармап: «Кокус короз жетип келсе коргонгонго» – деп тооккананын оозунда туруп калдык.

Бир жолу кызык окуя болду. Атам эч нерседен кенебей тоокканага кирип барды. Жаңы короз көрүп калган экен сококтоп чуркап жетип келди да, атама тик качырбай абайлап четте турду. Атам уяга келип эңкейип жумурткаларды ала баштады. Дал ошондо короз күүлөнүп келип атамды көчүккө бир тепти. Ушунчалык катуу тепти окшойт атам көмкөрөсүнөн кетип, башы менен тирөөчтү тарс сүздү. Биз коркуп кетип жашына калдык да, моюндарыбызды созуп карап калдык. Атам тура калгыча короз дагы бир тепти. Атамдын жини кайнады белем ал корозду качырып сала берди. Короз качпастан каарына келип, баш жүндөрү, моюн жүндөрү укмуштай үрпөйүп, көздөрү чакчайып, канаттары жоокердин калканчындай калдайып, чаркырап ачуу үн салып, айбат көрсөтүп атамдын шаштысын кетирип жатты. Ага болбостон атам качырып кирип колу канатына уруна калды эле, шап кармап экинчи колу менен моюндан алып толгоп-толгоп жиберди. Короз тырпырап жатып калды. Атам жумурткаларды жыйнаганды унутуп, чекеси сыйрылып, бозала чаң болуп тышка чыкты.

Биз корозду: «Өлүп калдыбы?» – деп корккон элек. Жок, өлбөптүр. Аздан соң эсине келип, өйдө турду да силкинип жиберип: «Ку-ка-ре-ку-у!» – деп катуу кыйкырды.

‒Мына, короз деп ушуну айт! Ал өз мүлкүн каракчыга алдырган жок! Башын сайып теңдешсиз салгылашта жеңип чыкты! – деп жар салдым мен. Атам аргасыз жылмайды. Анан эки ийнин бүлкүлдөтүп күлө баштады. Баарыбыз кыраан каткы күлдүк.