Аман Нааматов: Куудул чымчык

Куудул чымчык

Атам маңдайкы жашыл бетке кой жайып кеткен. Түш маалы. Максат экөөбүз атама суусундук алып артынан жөнөдүк. Көпкө бастык. Жайылган койлорду көрө албадык. Кыр ашып алыстап кетсе керек. Жанбоордоп келе жаттык. Айлана жымжырт. Аңгыча эле үстү жагыбыздан ышкырык угулду. Селт чоочуп жалт карадык. Эки-үч кызыл суурлар балталактап ийиндерине кире качышты. Башка эч нерсе көрүнбөдү.

–Ким ышкырды?

–Билбейм.

–Жашынып калды го дейм?..

–Каякка жашынат. Бардыгы көрүнүп эле турбайбы.

Чын эле…

Түшүнбөй элеңдеп турабыз. Туура жагыбыздан кулун кишенеди. Жалт карадык. Эч нерсе көрүнбөйт. Таң калып бири-бирибизди карадык. Арт жагыбыздан ит кыңшылагандай угулду. Максат декилдеп жөнөп берди.

–Тез! Бул жерден алыс кетели.

–Эмнеге, я? Эмнеге?!

–Токтобо! Шайтандардын уюгуна туш келген окшойбуз. Көрдүңбү, бизди азгырды.

–Чын айтасыңбы?

Аңгыча төбө жагыбыздан кой маараганда Максат экөөбүз акактап качып жөнөдүк. Туу жонго чыкканыбызда аркы жактагы колоттон атамдын койлору көрүндү. Ошондо барып суй жыгылып, демиккенибизди көпкө чейин баса албай жаттык. Биздин карааныбызды көрүп кой четинде жүргөн Акжолтой салып уруп жетип келди. Кубангандай бутубузду жалмалап, боорубузга асылып эркеледи. Мен жолдогу болгон окуяны атама төкпөй-чачпай айтып бердим. Атам күлүп: «Куудул чымчыкка жолуккан турбайсыңарбы» – деди.

–Куудул чымчык?!

–И, Чакчыгай деген куудул ошол. Койчо маарайт. Кулун болуп кишенейт. Итче үрөт. Башка куштарды туурап сайрайт.

–Укмуш го! Пародист тура…

–О, анын өнөрү күч. Суур оттогон жерде жүрөт ал.

–Эмне үчүн?

Аларга сакчы болуп берет. Чоочун жандыктарды көрсө дароо ышкырып: «Сактангыла!» – дегендей кабарлайт.

Анын ышкырыгын угаары менен жайылып оттоп жүрүшкөн суурлар ийиндерине кире качышат.

–Ооба, көрбөдүкпү! Жана ошенткен.

–Кызык экен, Максат экөөбүз абдан таң калдык.

Максат атама кайрылды:

–Айтсаңыз, а эмне үчүн Чакчыгай суурларга сакчы болот?

–Абдан туура суроо бердиң Максат. Айтып берейин. Жаратылыштын биз билбеген сырлары көп. Аны абдан баамчыл адамдар гана көрө билишет. Мен бала чагымдан тоо арасында өстүм. Тоо койнундагы далай табышмактардын сырларын акырындап ачып келатам. Эмне үчүн Чакчыгай суурларга сакчы болуп калган? Эмне үчүн булар бири-бирине жакын? Суур – жаныбар. Чакчыгай-куш. Буларды кайсы күч жакындатып койгон? Көрсө… Көрсө балдарым, сыры мына мында: Суур – жай кыймылдаган жаныбар. Алыска тез чуркай албайт. Ийининен алыс кеткенден коркот. Ошонун айланасында гана оттойт. От түгөнгөндө аргасыздан окчунураак барышат. Алар сакчыга муктаж. Кароолдо турган бирөөгө муктаж. Ал эми Чакчыгай болсо – куш. А бирок уясы болбойт. Туруктуу түнөгү жок. Жайы-кышы эч жакка кетпей бир гана жерди жайлайт. Кышкысын ал жылуу түнөккө муктаж. Анын аргасы – суурдун ийини. Кыш келгенде суурлар ийиндерине кирип кетишет. Алардын соңунан Чакчыгай да жылуу ийинди түнөк кылат. Бизче айтканда, суурдун ийининде батирде туруп чыгат.

–Э-ээй… Тобо-оо… Хи-хи-хи!

Батирде турган акысы үчүн ал жаздан күзгө чейин суурларга сакчы болуп кызмат кылат.

–Чын айтып атасыңбы, ата? – деп биз күлүп жаттык.

Акылын кара булардын…

–Ошол чакчыгайды кантип көрсөк болот?

–Көрөсүңөр. Оңой эле. Аны мен экөөңө көрсөтөм.

–Чоңбу?

–Чоң деле эмес. Чыдай тур, көрөсүң.

Бир жолу атам экөөбүз ат минип «Сасык-Булакка» баратабыз. Бир кезде эле атам камчысын соройтуп: «Кара! тигине!» – деп калды.

–Эмнени ата?!

–Тигине Чакчыгай! Куудул чымчык! Жөргөлөп баратпайбы.

Атам көрсөткөн жакта боз топуракка окшош бир чымчык жөргөлөп барып, бизди карап токтой калды.

–Көрдүңбү?

–Ой-ата! – деп көңүлүм тойбой турду, – мен муну укмуштай бир кооз чымчык деп жүрбөйүмбү!

Чакчыгай турган жеринен көккө түптүз көтөрүлүп баратып козудай маарап жиберди. Экөөбүз тең таң калып, анан ушул кереметке ырахаттанып карап эле калыптырбыз.