Аман Кармышаков: Түзүлбөй калган келишим (тамсил)

Түзүлбөй калган келишим

(тамсил)

Бир күнү чычкандар жашыруун чогулуп калышты. Алар мышыктын коркунучу тууралуу ойлорун ортого салышты. Ары кетишти, бери кетишти. Акырында мышык менен, “кол салышпай тынч жашоо” деген келишим түзүүнү чечишти. Бул ишке, жетекчиликке, бир добуштан Сур чычканды бекитти. Бирок, кандай жол менен баруу керек? Кайсы жол зыян, кайсы жол пайда берет? Бул суроого баарынын баштары катты. Талкуу кызуу жүрүп, түшкөн сунуштар да оңою менен өтпөй жатты.

–Туугандар! Жакшылап ойлонолу, оң капталыбыз менен да, сол капталыбыз менен да жатып толгонолу! Болбосо, билесиңер го мышыкты. Эртең эле чуулган салып, көрсөтөрү бышык, кызыкты! – деп, аны эстегенде калчылдап-титиреп, бир чычкан чыкты бою кичирээк.

–Чыйп-чыйп, оюңуз туура! Мен толук кошуламын буга! Анда, арачыга келемиш акени салалы, же күчүктү ээрчитип алалы. Болбосо… “мыкең” моюн толгосо, бизди теңине алабы?, – деп, чыйылдаса дагы бирөө:

– Ой, өзүм эле баштап барайынчы жолду! – деп, шилтеп колду, чын эле өзү баштап бармакчы болду. Ошентип, Сур чычканды ээрчиген топ мышыкка келип жетти. Алдын ала кеңешилген кепти, Сур чычкан түшүндүрүүгө өттү. Аңгыча, ал оюн айта салгыча, “Мыкең” чыдай албай кетти, кыжыры кайнап, ачуусу мурдунун учуна жетти,

–Мыяу! Атаңа наалат! Тим койсо өздөрү каалап, келишим түзүшөт имиш! Эскертип коёюн, түшүңөргө кирбесин бул иш! Болбосо, бирден кармап башыңарды жуламын! Баарыңды тирүүлөй жеп тынамын! – деп, каарын төктү, аңгыча нарытан иттин үнү угулуп калды эле, кайран “мыкең” акырын жылып, талга чыга качып кетти.

Айтор, бул тамсилде бир ой жатат катылып. Алдууга ачык каршы чыгалбай, тымызын четке жылып, ал эми алсызга кыйынсынып, чокчоңдогон адат, айткылачы, деги качан калат?!