Алмазбек Эркебай уулу: Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы сандардын сыры

Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы сандардын сыры

Акын Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы керемет кудуретке ээ сандар жөнүндөгү сөзүмдү ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбардын “Сандардын сырын чечмелей албаган илимпозго көп нерсе караңгы” деген сөзү менен баштагым келип турат. Сандардын магиясы жөнүндөгү илимди исламда-Абджад, христиандарда-Нумерология, иудаизмде-Каббала деп аташат. Теңир жалгаган сан менен тамгалардын эзотерикалык (жашыруун ыйык сырлар) кулпуланган космостук сырларына ой созуу, кирип келген жаңы Көнөк (Водолей) доорунун, 21-кылымдын нагыз стихиясы. Ошондой таза таасирлердин толкунунда термелген акын, тамгаларды сыйкырдуу сандарга аралаштырып жууругандыгы, адам менен ааламдын шайкештигин тапкан олжолуу табылга. Башканы коюп Манасты айт демекчи, мен, анын сандар темасына арналган бир ырына гана токтолойун.

Асман 7,

Жер 7,

Денем 7,

Үчөөбүз 21.

Жарыкка келген күнүм 21,

Жарыктан кетээр кылым 21.

21+21+21=63

63 пайгамбар жаш.

Узак жаша!

Узак жаша !

О кайран баш!

О кайран баш!

(“21” китебинен, 1999-ж.)

Автордун ыр саптарында жолуккан сан табышмактарын чемелесек, ал: “Асман 7, Жер 7, Денем 7” деп жазып келип, “Жарыкка келген күнүм 21, жарыктан кетер кылым 21” дегени ичине сыр каткан көрүнүш. Абайлап караган адамга акын, алгач Асманга 7 саны аркылуу чыгып, кайра 7ни минип Жердеги денесине түшүп, келген күнүнө, кете турган 21-кылымга кайрылып, өмүр-өлүм жөнүндө асыл ойлорду аңтарганы, өзүн-өзү тааныган, жер үстүндөгү миссиясын сезген ойчул акын экенин айкындайт.

Тамгасы жок нак сандарын сүйлөтсөк, Нурлан Калыбеков бир, эки жана жетини колдонууда. Жыйырма бирди 2+1=3 деп илимий ыкманы колдонсок, 1.2.3. 7. сандары алдыбызга жайылды. Түшүндүрмөлөсөк бир саны – тазалык, башкы башат, оригиналдуулук, жалгыздык. Эки – инсандыгы, изденүүчүлдүгү, көркөм фантазиясы, ой жүгүртүүсүнүн масштабдуулугу, биоэнергиясынын күчтүү таасири. Эгер, ал акын болбой калганда андан мыкты дарыгер чыкмак. Бирок, ал ырлары аркылуу да, адамдардын демине дем кошкон, дарыгерлик-телепатиялык мүнөзү бар экендиги талашсыз. Эң негизги окуя, акын өзүн-өзү адашпай тапты. Үч – бул улуу биримдикке, ынтымакка умтулган гармония, руханий илим. Азыркы глобалдашкан доордо табият менен адам ортосундагы бир тууган шериктештикти тапкан, бир бүтүндүккө, жогорку акыл-эске жетелеген Манасыбыз. Жети – жогорку күчкө ээ болгон колдогон периштелер, мистика, мифология, талант, философия жана фантазиялуу жаратмандыкка ээ көркөм табит.

Эми, анын кыска ыр сабынын экинчи бөлүгүнө кайрылалы, “21, 21, 21, 63 пайгамбар жаш”. 21+21+21=63=6+3=9. Байкасаңыздар, акын пайгамбар жашты жөн жерден оозуна албады. Нурлан мырза, сандарын бирден баштап пайгамбар жаш 63=6+3=9, ырын тогуз менен эки дүйнөнү эс тандырып кыдырып келип, шашпай жыйынтык чыгарып чекит коюп жаткандыгы феноменалдуу көрүнүш. Тогуздун үстүндө Теңирдин өзү олтурат. Ыңгайы келип турганда айтып, сөз атасын сыйласак Н.Калыбековдун: “Шарт ачып аалам каалгасын, Теңирди көрдүм Теңирди” деген ыр саптары бар (“Теңиринсан” китебинен, 2004). Дал ушундай психологиялык, тогуз санына жетип барган абалда акын Теңирден башка кимди көрүш керек эле.

Андан аркы тогуздан кийинки сандар кайталанып чексиздиктерге багыт алып айланат. Тогуз – бул Алла Тааланын акыйкат жолуна түшкөн керемет ийгилик, өзүңдү-өзүң жеңген улуу жеңиш. Мындан аркысы ушундай улуу жолдон чыкпай, канчалык оор болсо да талбай басыш, айланабыздагы азгырма нерселерге алаксып, итпай-чотпай болуп кетпөө вазийпасы турат. Эгер, акын ушул нерселерди унутпай, жолдон чыкпай, чыгармачылыкка баш сайганга эрктүүлүгү жетсе, анда кыргыз поэзиясынын тарыхындагы алтындан жалатылган өчпөс тамга Нурлан Калыбековдун маңдайына жазылган дей бергиле. Алдыга кеткенде көз тийбей, артка кеткенде сөз тийбей акынды Жараткан колдоп, коргосун. Анын, башка ырларында кезиккен сандар жөнүндө окурман өзү, акын өзү да ой тегеретип сиңиргени дурус. Бир чакан макала менен баарын айтып сала албайсың.

Ушул кыска саптар, үчүнчү миң жылдыктарга үнүн жеткире кыйкырган 21-кылымдын кыргыз жаңырыгы. Кыргыз поэзиясында мындай стилде жазылган уникалдуулук сейрек кездешчү нерсе. Учурда, ким канчалык деңгээлде идиректүү алп идеяларды басып жыгылып, окурман журтуна сунуштап жатканын жакшы билебиз. Ачыгын айтуу зарыл, өткөн 20-кылымда “Ырдын пиримин” – деп жүргөн атактуу акындардын көбү ашуу ашалбай, бул кылымга өтө албай эски мезгилдердин барагында бүктөлүп калып кеткени өкүнүчтүү тарыхый факт.

Биз, сөз кылып жаткан акындын сандардын мистикалуу илиминен балким кабары жоктур, атайлап сандарды аралаштырып ыр жазуу оюна да келбегендир. Мүмкүн өзү байкап, байкабаган ааламдык ишаарат менен сандардын каалгасын каккылагандыр. Кандай болгон күндө да Н.Калыбековдун руханий эшиги, экстрасенсордук жөндөмү космоско ачык. Ачык үчүн, ал Аллах даарыган транстарга кирип, көпчүлүгүбүз акылыбыз аркылуу анча аңдай албаган ааламдарды, кыска, жөнөкөй эле тил менен жерге алып түшкөн чеберчилигине татыктуу баа берүүбүз зарыл. Мезгилинен озгон улуу ачылыштарга, бүгүнкү күн эмес, балким келечек гана чыныгы өзүнүн ээлеген ордун айтар.

Кудайга шүгүр дейли, эң аяр делген, көзгө көрүнбөгөн кайып илимдер кыргыздарга жетип, жетип эле тим болбой поэзияга айланып, канаттуу ыр болуп кең ааламдарга керилип учуп жатканы, келечек жөнүндөгү таттуу кыялдарыбыз жөн гана түш сыяктуу эмес экендигин, ушундай изги инсандарыбыз жасап жаткан реалдуулуктарды толкунданбай жөн кабыл алууга болбойт. Кыргыз акындарынын арасында Н.Калыбековдун сандардын ар бирин өз ордунда туура сүйлөткөн ырлары нумерологиялык илимий тил менен иликтене турган феноменалдуу көрүнүш.

Ошондой эле, ал эсеп-сан аркылуу акыл тегерете, аалам аралап акыл-эстерди аңтарып, асманды жерге көмкөрүп, адамзатка аң-сезим төңкөрүшүн жасаган, космостук таасири күчтүү фигура экендиги талашсыз.

Алмазбек Эркебай уулу, Нумеролог

 

*****

9+9+9=27

2+7=9 жакшы

Тетиринен

6+6+6=18

1+8=9 бул да жакшы.

999 Олтурат Кудай Такта.

666 О, Кудай өзүң сакта.

 

*****

0 – учурум,

Тындырбай эргүү бер, учургун.

1 – өткөн чак,

Тоготпой эч кимди көпкөм, каап.

2 – келечек,

Кезинде, берээрмин мен эсеп.

3 – Теңирим,

Сурабайм, берсең бер, кеңири.

4 – ажалым,

Коё тур, айтамын: тажадым…

 

Өмүр баян

Он тогузга баш бактым,

Өзүңдү издей баштаттың.

  1. 1+9=10 1

Теңирим, эми качпассың!

 

Жыйырма сегиз жашымда

Ажалың турду кашымда.

  1. 2+8=10 1

Теңирим, эми жашынба!

 

Тозогуң тогуз кабаттуу,

Тогуз жыл чокко калатты.

19……… …………28 = 9 1

Теңирим, сынооң адатпы?

 

Үчөөбүз

Отуздамын,

Үчөөбүз: дене, Жан, Рух,

Үчилтикпиз,

Үчөөбүз бир бүтүнбүз – 3

Беттеген Чексиздиктин учун түпсүз

 

Отуздамын,

Үчөөбүз: Көк, Жер, Киши,

Үчилтикпиз, Үчөөбүз бир бүтүнбүз – 3

Бараткан Бабам салган жолдо түптүз.

 

Жашына Эгем Ыйса калды 3 жыл.

Жашына Аллам… Мамед 33 жыл…

3, 3, 3, 9 токоч Баабединим… – 1

Отузумда өзүмдү сага бердим…

Теңирим, кечир мени, ырайым кыл.

 

*****

Асман 7,

Жер 7,

Денем 7,

Үчөөбүз 21.

Жарыкка келген күнүм 21,

Жарыктан кетээр кылым 21.

21+21+21=63 пайгамбар жаш.

 

Узак жаша!

Узак жаша!

О кайран баш!

О кайран баш!