Акын түгөйлөр А.Токтомушев менен Ш.Келдибекованы эскерүү кечеси өттү

15-ноябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  акын жубайлар Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын көргөзмөсүнүн ачылыш аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов баштаган акындар – Токтосун Самудинов, Сагын Акматбекова, адабиятчылар – Чоюн Өмүралиев, Самсак Станалиев, Эсенбай Нурушев ж.б. катышты.

ТҮНКҮ ГҮЛДӨР

…Көп күттүм. Күттүм көпкө… Көпкө күттүм…
Кар болуп из түшелек Кадыр түндө,
келет деп, бир жарк этип кадимкиңдей.
Жарыгым, турна мойнум, жаз саамайым
ачылды жылдыз менен түнкү гүлдөр
жалгыз сен ачылбадың, мерес болдуң
жаз саамайым, жарыгым, турна мойнум.

…Көп күттүм. Күттүм көпкө… Көпкө күттүм…
Унчукпай көрүстөндөй дудук болуп,
келет деп таза бойдон, тунук бойдон.
Ардагым, азезилим, көпкөк түшүм
дирилдеп чыйрыгышты түнкү гүлдөр.
Чыкпадың күтүүлөрдүн мечитинен
көпкөк түшүм, ардагым, азезилим…

Көпкө күттүм. Күтө бердим… Күтө бердим…
Кылымдай чети оюлбас кесек-кесек.
Жаш болуп, жаңы болуп келеби деп
жоодурум, көркөм дүйнөм, жүзүм зарым,
түндөрдө канат жайчу түнкү гүлдөй,
а мүмкүн көрүстөндө ачылаармын
жоодурум, көркөм дүйнөм, жүзүм зарым…

             А.Токтомушев

         АКЫН

Табышмактуу деп ойлосоң кай бирде.

Тагдыр жолу таң калаарлык өкүм, түз.

Тагдыр сүрүн туйбай өткүң келсе эгер,

Табияттай райым билбес өмүр күт.

 

Болбойбу андай… сапардагы пендебиз,

Өмүр жалгыз, тагдыр болсо жер, деңиз.

Өкүнүчсүз кетиш үчүн дүйнөдөн,

Жерде дагы, сууда дагы келгенбиз.

 

Жок, болбойбу… табышмаксыз пендебиз,

Табышмактуу тагдыр издеп келгенбиз.

Бу жарыктын кайгы-шаттуу ирмемин,

Жерден, суудан жүрөк менен көргөнбүз.

 

Асман бизге ачылган да, түнөргөн

Жерден, суудан жакындасак, ыраактап,

Жылдызыбыз жерге түшсө бир туштан.

Жылтыр этип башка туштан чырактай.

 

Ошол жылдыз, ошол тагдыр, ошол жол

Келет бирге-суудабыз да, жердебиз.

Мезгил бизди аңтарууда, биз да анын

Көшөгөсүн ачалы деп келгенбиз.

                                   Ш.Келдибекова