Аксыда Ниязалы Борош уулунун 165, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда комузчу Ниязалы Борош уулунун 165, КР Баатыры, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы өтүп жатат. Бул мааракелик салтанатка КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, КР Эл акындары Төлөгөн Мамеев, Сагын Акматбекова, Тазагүл Закирова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тынчтыкбек Нурманбетов, “Янги Овоз” тарыхчылар жана жазуучулар коомунун төрагасы Жолдошбек Моңолдоров катышууда.

Ниязалы Борошев 1856-жылы азыркы Жалал-Абад облустунун Аксы райондагы кичи Ак-Жол кыштагында төрөлгөн. Жомокчу, ырчы, комузчу Ниязалы Борош уулу Токтогулдун шакирти болгон. Ал комуз музыкасындагы кеңири өнүккөн айтым күүлөрдүн устаты катары элдик күүлөрдү чебер аткарган, ошондой эле өзү да көп күү («Кара өзгөй», «Арсар күү», «Кер толгоо», «Сары барпы», «Короо күзөтүү», «Өттү, кетти балалык» ж.б.) чыгарган. Ниязалы өз чыгармаларын же элдик күүлөрдү комузда кол ойнотуп, күү арасына ыр кошуп, куудулданып аткарган. Ниязалыдан Коргол, Атай, Шекербек жана башка комузчулар, акындар таалим алган. Анын чыгармачылыгы айрыкча советтик доордо өнүккөн. «Арсар күү» аттуу айтылуу күүсүнүн негизинде музыканттар Б.Кулболдиев менен Н.Р. Миронович «Концертино» жазышкан. Ниязалы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын республикалык биринчи (1936), экинчи (1937) олимпиадаларына катышып, экөөндө тең биринчиликти жеңип алган. 1991-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына анын ысмы ыйгарылган.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүрүп, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жж. “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жж. Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Т.Касымбековдун “Кичинекей жылкычы” деген чыгармасы 1952-жылы “Советтик Кыргызстан” журналына (кийинки “Ала-Тоо”) басылган.

“Адам болгум келет” повести 1965-жылы “Советский писатель” басмасынан орус тилинде басылган. “Сынган кылыч” тарыхый романы орус тилине, андан кийин Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган. 1980-жылы “Прогресс” басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап ХХ кылымдын башына чейин баяндаган “Келкел”, “Чапкын”, “Баскын”, “Кыргын” деген романдарын атаса болот.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы “Кыргыз эл жазуучусу” наамын алган.

1990-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана эркин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.