Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет. Мындай чечим 19-майда Ак Жол айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Айтыш” коомдук фонду жана “Аксы жаштар биримдиги” коомдук фонду акындын атын түбөлүккө калтыруу максатында өзү туулуп өскөн Ак Жол айылындагы маданият үйүнө ысымын ыйгаруу сунушу менен кайрылган. Адабиятчы Улан Турдалиевдин демилгеси менен сунушталган кайрылуубузду колдоп бергендиги үчүн айыл башчысы Мырзагулов Бердалы Жумабековичке, айылдык кеңештин төрагасы Батыралиев Темиркул Батыралиевичке жана айылдык кеңештин депутаттарына, айыл элине терең ыраазычылык билдиребиз.