Акбар Рыскулов: Көрбөй, билбей жаңылышкан чыгармын, көрүп туруп жасабадым жамандык

*****

Баягычы, сууга барганы,

тентек улан эс-эс эсинде…

Өткөндөрдү ойлойт жаш келин

төрөт үйдүн терезесинде.

 

Көз алдында аппак бантиги,

эселектин ойлуу кареги,

мотурайган манжаларында

“А”ны чиет мултук калеми.

 

Беш көкүлүн шамал сылаган,

батинкеси кызыл, татына,

көрөр эле көлдү суктанып,

чыгып алып жыгач шатыга.

 

Баягычы, сууга барганы,

тентек улан эс-эс эсинде…

Өткөндөрдү эңсейт жаш келин

төрөт үйдүн терезесинде.

 

Камыш ай Канышай

Ал анда күз эле. Эле күз.

Ааламда экөөбүз элебиз.

Ай карайт, жүзүңдү аймалайт.

Аралап камышты келебиз.

 

Камыштар шуудурап, шыгырап,

камыштар алдыңа жыгылат.

“Канышай! Канышай! Канышай!”–

кайталайм атыңды шыбырап.

 

Жүзүңдү аймалайт агыш Ай.

Жүрөктүн аптыккан дабышы-ай.

Камыштар кайталайт атыңды:

“Канышай! Канышай! Канышай!”

 

… Экинчи кезикпей бетме-бет,

эки адам бир күздү эскерет.

Камыштар ошондон ушул күн

“Канышай! Каныша-ай”–деп келет.

 

******

Камыштын дилдирегиндей,

каакымдын үлбүрөгүндөй,

кыялда турат бир сезим

төгүлүп барып

төгүлбөй.

 

Булуттун буурул-көгүндөй,

булактын тунук үнүндөй,

кыялда турат бир сүрөт

көрүнүп келип,

көрүнбөй.

 

Чыгыштын буурул таңындай,

чымчыктын балапанындай,

чырлыйттап келип бир обон

жаңырып турат

жаңырбай.

 

Арзыбай туруп аныма

ак сүйүү арнабагыла,

алсаңар мейли,

а бирок,

кол менен кармабагыла!

 

Мүнүшкөр

Кадырлап балдары бакса да,

калаада сый көрүп жатса да,

камалат мүнүшкөр балконго,

камалып калгансып аскада.

Ээндеп бассам дейт, жетсем дейт

эор токум башына жаздана!

 

Тарлыктан заманы курганда,

таң атпай сейилдейт бульварда.

Туйгуну тууруна кончу эле

томого колунда турганда.

“Тобо-о!” деп тоо жакка тигилип,

табынат алыскы кырларга.

 

Сакалы суюлуп жайкалып,

сарсаана жүзүнөн байкалып,

балкондо таң тосот мүнүшкөр

балдардын уйкусун кайтарып.

Кемпири тирилип түшүндө

“Кайталык” дегенсийт, “кайталык!”

 

Калаага бир кышча батпады,

камакта бүттүбү жатканы?..

Караанын узатып калышты

каргалар караңгы бактагы.

Кар кечип кеттиби мүнүшкөр

кайрылбас туйгунун тапканы?

 

Кеттиби түбөлүк сапарга

Кемпирдин жанына жатканы?!..

 

* * * * *

Катаал кездин кара нанын жеп өстүм,

карапайым курбуларга тең өстүм.

Капысынан каталашкан чыгармын,

кара санап калпты жазган эмесмин!

 

Кай акындын карап көрбө казалын,

каргашанын берген болот азабын.

Кайдан, качан кантип анан жаралат

кайнаткандар калптын кара казанын?!

 

Бул жашоого бир гана ирет жаралдык,

Көктеңирден тилегеним–адалдык.

Көрбөй, билбей жаңылышкан чыгармын,

көрүп туруп жасабадым жамандык!

 

Көмөкөйгө калган өңдүү таш туруп,

кейийм кээде тагдырыма жаш туруп…

Жамандыкты жылан деле жасабайт,

Жан адамга кылдым бекен жакшылык?!

 

Алгачкы обон

Эң алгачкы, эң биринчи обонум —

эл алдында айтыла элек жомогум.

Эгер сенин кайрыктарың эстесем

эрип-эрип бараткандай боломун.

 

Жүрөгүмдө тунук сезим жатпаса,

жүрөгүмдөн тунук булак акпаса,

жаралмакпы эң биринчи обонум

жаш бөбөктүн ниетиндей таптаза?!

 

Эң биринчи, эң сыйкырдуу, башкача,

эгер менде тунук сезим жатпаса,

эң алгачкы жаралмакпы обонум,

эң алгачкы махабаттай таптаза?!

 

Эл алдында айтылууда жомогум,

эргип-эргип бараткандай боломун.

Эй, көкөлө, эй, көтөрүл бийикке,

эң алгачкы, эң биринчи обонум!

 

Колдо мени

Аркы жээкте — Алыкулдун кайыгы,

аркы жээкте — Алыкулдун айылы

Алыкулдун Ата-Журту өңдөнүп,

алыс кеткен Кой-Сарынын дайыны.

 

Аркы жээкте алтын кумдан токуган

Алыкулдун көп ырларын окугам,

Кой-Сарыга Сары-Көлдөн көз салып,

акын менен маңдай-тескей отурам.

 

Аркы өйүздөн жан жыргаткан жел келет,

акын ойлуу басып жүргөн өңдөнөт.

Амандашып, алын сурап кайтсамчы,

арабызды толкун бөлөт, Көл бөлөт.

 

Алда нечен айбат менен, сүр менен

албууттанган толкундардан сүрдөгөм.

Анда Алыкул колун жаңсап чакырат:

«Сүзүп өткүн Ысык-Көлдөн ыр менен!»

 

Алга шилеп кыялымдын кайыгын

ал өйүзгө — Алыкулга кайыдым…

Кой-Сарысы колдогондой акынды,

колдо мени, күнгөйдөгү айылым!

 

Жаңылык

Жалгыз тамда жалгыз каалга жабылып,

жаздыгыма баш койгондо жабыгып,

жалбырагы тереземе чертилген

жалгыз дарак — жаңылык.

 

Сары-Көлдө сар-санаага кабылып,

санаалашты күткөнүмдө зарыгып,

сайрап ийген тереземдин тушунан

сары чымчык — жаңылык.

 

Дүйнө мага түйүнчөктөй тарылып,

дербиш болуп тышка чыгам ак уруп,

дабышы жок, добушу жок, үнү жок

дүлөй тынчтык — жаңылык.

 

Жатам кумда ак булутту жамынып,

жан жагыма жылдыз түшөт жабылып,

жаратылыш, табиятка жуурулуп,

жалгыз калуу — жаңылык.

 

Ошол үйдө

Ошол үйдө, ошол тамда жатамын,

ойлоп-ойлоп ар кыялга батамын:

ошол жигит оолугуптур деп коём,

ошол жигит жаңылганга капамын.

 

Келем мында, келем жылда, жайында,

Көл боюнда чолок көчө айылга,

кичүүсүнөн улуусуна чейинки

көп кишилер, көп окуя дайын маа.

 

Ушул үйгө чакырышып кыйла адам,

ушул үйдө меймандашып сыйлаган

жубайларга бата тилеп, бак тилеп,

узаганбыз түн оогондо кыйладан.

 

Ошол жигит берекеси төгүлгөн,

ошол келин ыманы ысык көрүнгөн…

Ошол тамдын ээсиз калган эрбейип,

эки-үч күнгө ээлеп жатам төрүн мен.

 

Ал келиндин эстегенде жамалын,

ал жигитти келет тилдеп, сабагым.

Ажырашып кеткенине ал экөө

ак дилимден, жүрөгүмдөн канадым.

 

Ошол төрдө ооналактап жатамын…

Былтыр күлүп, укпаганмын чатагын,

быйыл неге бөбөк үнү жаңырбай,

чардаганын угам жалгыз баканын?

 

Балким келин ичи күйүп жалындайт,

балким жигит отко түшүп лаулдайт.

Мыкты жөн кой керегеге кагылган

мыктын ордун экөө кантип сагынбайт?!

 

Ошол бөлмө, ошол тамда жатамын,

ошол тамдын тагдырына капамын.

Эс албаймын! Эртең кайтам үйүмө,

чардаганын уккум келбейт баканын!