Айтмырза Абылкасымов: Текшерүүнүн таасири

Текшерүүнүн таасири

Качантан бери «келет-келет» дегендер келишти. Келгенде да дал министрликтин өзүнөн келишти. Текшерүүчүлөр үчөө экен: эки кыргыз аял, бир орус киши. Кудай бетин көрсөтпө, тымтырстык өкүм сүрүп, мектептин ичи жөн эле чымын учса даана угулгудай абалга келди.

Алгач директордун каанасында отурушуп, директор жана окуу бөлүмүнүн башчысы менен маектешип, келген максаттарын баяндашкандан кийин гана мугалимдер бөлмөсүнө келишип, аялдардын толмочу усулдук бөлмөнүн жасалгасын, андагы көргөзмөлөрдү, беркиси анда турган класстык журналдарды карай баштады. Ал эми орус улутундагы текшерүүчү сынагансып, ал жердеги мугалимдердин сырткы келбеттерине көз салып жаткансыйт.

Келген текшерүүчүлөрдүн бири математикадан, бири орус тилден, бири тарых сабагынан экенин окуу бөлүмүнүн башчысы (өздөрү «завуч» дешет) бир аз мурун сүйүнчүлөгөндөй кабар жеткирген. Баары эле тиги эки аял математика менен тарыхтан болсо, берки орус киши орус тилинен болсо керек деп божомолдоп, жыйынтык чыгарып салышты. А жо-ок, такыр андай эмес экен. Анысы тарых сабагын текшерет экен. Муну уккан тарых мугалими Мирзираим агайдын жүрөгү бир «болк» этип алды. Анткен менен кантсин, «башка түшсө байтал жорго» дейт го, башка түшкөн соң «жорголойсуң» да… Көп жылдан бери орусча баарлашпаган неме, дал ошондон чочуду. Ага орусча жооп бере албай, уят болбосом деп, ошондон жүрөкзаада болуп атты Мирзираим агай. Орус текшерүүчүнүн баары менен орусча сүйлөшкөнүн көрүп туруп: «Мунусу кыргызча билбейт өңдөнөт. Анысы го бир жагынан жакшы…» -деп ойлоп койду ал.

– А, вы историк? – деди орус текшерүүчү, завучтун тааныштыруусунан кийин.

– Да, я… – деди Мирзираим агай оозунан келмеси түшүп.

– Очень приятно, я, Николай Петрович, будем знакомы, – деди Николай Петрович Мирзираим агайга кол сунуп.

– Я, Мирзираим… – деди агай да шашканынан кош колдоп анын колун кармап, базардагы далдалчылардан бетер, кайра-кайра силкилдетип.

– Хорошо, хорошо Мирзираим… Как ваша фамилия? – деди Николай Петрович колун андан араң бошотуп.

-Аа, фамилия?.. – деди да, фамилиясын унутуп калгансып, жалдырай туруп калды.

– Да-да, как ваша фамилия и отчество? – деди Николай Петрович жылуу жылмайып.

– Да, фамилия мой Койчуманов, а атчества нету… – деди күнөөкөр адамдай башын жерге салып Мирзираим агай.

-А ничего, Мирзираим, пойдет… – деди Николай Петрович.

– Пайдот-пайдот- деди агай да, бир аз жан кирип.

-Ваши документы потом посмотрем. А в каком классе у вас сейчас урок? – деди ал.

-Седимой «б» класс, – деди агай шаша.

-Очень хорошо. Тогда заходим в седьмой класс, если можно… – деди жылмайганын жазбай текшерүүчү.

-Можна-можна, да можна… – деди агай.

Сабакка кирүүгө дагы беш мүнөттөй убакыт бар эле. Ушундан пайдаланып Мирзираим агай Николай Петровичтен:

– Бул жерде көпкө болосуңарбы?.. – деп сурап калды кыргызча. Көтөрүп жүргөн портфелин ачып, андагы кагаздарын карап жаткан Николай Петрович алаксып чала угуп калдыбы, айтор бир аздан соң:

– Что? Вы что-то хотели да?.. –деди кайра Мирзираим агайга суроолуу карап.

– А нет. Здесь сколько ден будите? Я спрашывал, – деди Мирзираим агай.

– А здесь? Наверно если сегодня закончим, завтра в других школах будем проверять… – деди Николай Петрович.

– О харашо-о… – деди Мирзираим агай созо. Ал «харашосу» текшерүүчүнүн эртең кетип кала турганынабы, же кыргызча ныпым билбегенине көз жеткени үчүн айтылдыбы, так айтыш кыйын.

Ошентип, сабакка коңгуроо кагылганда Николай Петрович менен Мирзираим агай жетинчи «б» класстын бөлмөсүнө киришти. Окуучулар боло жүргөндөй орундарынан туруп, саламдашышты. Анан баары отурушту. Николай Петрович текшерүүчүнүн каадасын кылып эң арткы партага барып отуруп, дептерин ачып, эми жазайын деп жатканда, окуучулар жапырт орундарынан турушуп, оң колдорун жүрөк тушуна алышып, Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдап киришти. Муну күтпөгөн Николай Петрович да ордунан тура калып, колун жүрөк тушка коюп турду го, бирок, ырдаган жок. Муну байкап турган агай: «Хе-хе… кыргызча бир ооз билбесе, атасынын башында гиминди кошулуп ырдайбы…» – деп ойлоп койду ичинде.

Анан Гимн бүткөн соң, баарысы орундарына отурушканда, Мирзираим агай текшерүүчүгө карап, сыймыктануу менен:

– Мый всегда так делаем! – деп койду.

-О молодцы, очень хорошо! – деп кубаттап, башын ийкеп жатты Николай Петрович.

Мына ушуга эрдемсинген агай окуучуларга карап:

– Эми, балдар, мына күткөн мейман келди. Бул агайыңар тил түшүнбөйт. Мен «ким айтат?» дегенде толук баарыңар кол көтөрө бергиле да, доскага чыкканың өткөн темадагы эсте калган сөздөрдү аралаштырып ойго келген нерсени сого бергиле. Макулдаштыкпы?

Класстагы окуучулар жапырт:

-Макул, агай – дешти хор менен.

-Анда баштадык. – деди да, тиги орус түшүнсүн деген кыязда ага карап:

–Начали… – деп койду.

-Кана, өткөн теманы ким айтат? Класстын ичи тымтырс боло түштү. Эч ким кол көтөргөн жок.

Анан агай дагы кайталады:

-Ой, азыр эле сүйлөштүк го… Кана колдор?

Мына ушундан кийин а-ал көрүп ал, отурган окуучулардын бири калбай колдорун көтөрүшүп, чурулдай түшүштү:

– Мен…

– Мен агай…

– Мен айтам, агай.

Агай араң балдардын чуусун тыйып:

– Ай, антип тартип бузган болбойт, жөн гана кол көтөрбөйсүңөрбү! – деп койду.

– Вот видити все ызнаэт… – деди текшерүүчүгө карап.

Ал акырын гана жылмайган тейде баш бармагын кайкалата «мыкты» деген белгини көрсөттү ага жооп кылып.

– Анда сен айт, Атакулов – деди агай. Атакулов доскага чыгып баштады:

– Эми агай, мен айтсам, Рим деген чоң шаар да эй. Ал жерде биздей эмес. Бизде эмне, тоого чыгасың, жайкалган шибер. Ал жерде таш жолдор… олимпиада өтөт дегенсиз, арабалар бар экен. А биздин айылда араба калбай калды азыр…

Атакулов сүйлөй берди. Агай башын ийкей берди. Кээде гана:

– Оу, маладес… –деп коюп атты. Анысы тиги комиссия түшүнсүн дегени го кыязы. Мына ушинтип дагы үч бала сүйлөгөн соң сабактан чыгууга коңгуроо кагылды. Ичинен «өх» деген Мирзираим агай чекесиндеги терин аарчыды да.

– Вот все… – деди оруска карап.

– Ну если все, тогда все… Балдар танаписке чыга беришсин анда… – деди Николай Петрович таптак кыргызча. Мирзираим агай селт этти. Окуучулар чоочуй, текшерүүчүнү карап калышты.

– Макул, балдар, жакшы «аңгемелериңер» үчүн чоң ырахмат, силер чыга бергиле… Биздин, агай экөөбүздүн, ишибиз бар, – деди Николай Петрович андан бетер так кыргызча.

Балдар шыр чыгып кетишти. Мирзираим агайдын тили байланып, а дегенге алы келбей текшерүүчүнү тике карай албай, колундагы калемсабын укалап жатты.

– Ой-бой, агай, тарыхтын да, сабактын да ашмалтайын чыгардыңыз го… Эми быягы эмне болот?.. – деди Николай Петрович.

Же бир нерсе деп актана албай, же кечирим сурай албаган агайдан… класстын дубалынан үн чыкса, чыгат, алдагы үстөл, парталардан үн чыкса, чыгат, бирок, агайдан үн чыкпайт эле… Ага көзү жеткен Николай Петрович:

– Жакшы калыңыз, агай… – деп, «агай» деген сөздү басым коё айтты да, ал да класстан чыгып кетти. Ошол бойдон тиги агай мектепте комиссиялар кеткенче көрүнгөн жок. Сабактын анализине да, жыйынтык чыгарылган педагогикалык кеңешмеге да катышпады.

Бирок, эң кызыгы эч жерде Николай Петрович бул окуяны эч кимге айткан жок. Мындан күбө болуп калышкан жетинчи «б» класстын окуучуларынан башка мектептин коллективи да, окуу бөлүмүнүн башчысы да, мектептин директору да, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен башка кызматкерлери да кабарсыз калышты.

А Мирзираим агай кийин деле мектепте иштеп жүрдү. Бирок, кийинки жылы райондогу «Мыкты мугалим» конкурсуна катышып, биринчи орунду ээлеп, облустук турга да катышканы туурасында макталган макалалар райондук гезитке, облустук мугалимдер гезитине байма-бай жарыяланып жатты. Балким, бул ийгилик баягы текшерүүнүн таасиридир, ыя?