Аида Эгембердиева: “АЛСЫЗМЫН ДЕП АК БАРАККА КӨМҮЛГӨМ, АТАМДАН ЧОҢ АКЫН ЖОКТОЙ КӨРҮНГӨН…”

Бүгүн,  3-апрель – акын, окумуштуу, котормочу Аида Эгембердиеванын туулган күнү. Аида Түп районунун Токтоян айылында 1975-жылы төрөлгөн.

2001-жылы «Турар Кожомбердиевдин поэтикалык чеберчилиги» деген темада кандидаттык  эмгегин, андан соң  «Кыргыз кыздар поэзиясынын өнүгүү маселелери» деген темада докторлук ишин жактаган. И. Арабаев атындагы КМУнун профессору, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасын жетектейт.

Котормочу катары Марина Цветаева, Белла Ахмадулина, Сергей Есенин, С.Капутикян, Л.Арбачакова, М.Шокан жана Франц Кафканын, азербайжан акын-жазуучулары Фикрет Годжа менен Рашад Меджиддин чыгармаларын,  Льюис Кэрроллдун  чыгармасын кыргызчага которгон.

  • «Ала-Тоо – 97» фестивалынын лауреаты.
  • Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты.
  • КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасынын ээси,
  • КР Маданиятынын мыкты кызматкери наамын алган.
  • 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

“ЫР ЖАЗЫП ЖҮРӨСҮҢБҮ?..”

 

“Ыр жазып жүрөсүңбү?” деген сөздүн

Ичинде канча сүйүү, канча мээрим.

Жазганым, жазбаганым аралашып,

Аптыгып калам билбей эмне дээрим.

 

Дегениң – көңүлүмдү улаганың,

Дегениң – мал-жанымды сураганың.

Кимиңден уксам дагы ушул сөздү

Ар дайым жетине албай кубанамын.

 

“Ыр жазып жүрөсүңбү?” деген сөздүн

Ичинде канча маани, канча мазмун.

Жайында экендиги – өмүрүмдүн,

Жашылы – канча көктөм, канча жаздын.

 

…Бул сөздү угуш үчүн булак болуп,

Бир күнү керек көздүн ачылышы.

Кенедей жан дүйнөңө бүт ааламдын

Дабышын, толкундарын батырышың.

 

Сабыңдан жылтыраган ой көрүнүп,

Окурман бир күн көңүл буруш керек.

А сени мезгил, турмуш, тагдыр үчөө

Эркинче ойноп термеп туруш керек.

 

Жүрөгүң калбыр болуп тешилгенче,

Калемге адал кызмат кылыш керек.

А анан жыйнала албай чачылганда,

Бир күнү ушул сөздү угуш керек:

“Ыр жазып жүрөсүңбү?..”.

 

 

КОШ САПТАР

 

Тааныш атты таалайымдай издедим,
Табайын деп арасынан тизменин.

 

Кур кол бардым көңүл жакын жан эле,

Белек-бечкек берээр жөнүм бар эле.

 

Жумушумду алмаштырдым быйыл да,

Мындан деле жарыбадым тыйынга.

 

Бир убада кылынган иш создугуп,

Кабагымды жаап турду боз булут.

 

Күттүргөн күн келет сейрек батынбай,

Кафка менен Миленанын катындай.

 

Өткөн жаман эмес күндөр кечинде

Шарап ичип, сүйлөшүп сыр чечилген.

 

Жаштыгыбыз кеткен,  – дешкен, – кырды ашкан,

Сүйгөнбүз деп “Тумарымды” ырдашкан.

 

Алсызмын деп ак баракка көмүлгөм,

Атамдан чоң акын жоктой көрүнгөн.

 

Бүгүн башка бийиктикке багындым,

Арбаламын саптарына Сагындын.

 

Көөдөнүмдү көккө учурган сөзүңдөн,

Дүнүйөлүк сезип турдум өзүмдү.

 

Тирилигине тың акын жолун жолдосом,

Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосом.

 

Билбейм кандай, ыр болууга жол сурап,

Ичте дале келди-кетти ой турат…

 

 

БЕЛЛА АХМАДУЛИНАДАН

 

Он беш бала, а мүмкүн, андан да көп,

Андан аз, балким, алар,

Калтаарыган үн менен айтышты эле:

“Баралы киного же

музейге көркөм өнөр”.

Мен болсо айткансыгам:

“Убактым жок”.

Он беш бала байчечекей тартуулашкан.

Он беш бала айткан мага:

“Түгөнбөйт сүйүүм сага”.

Мен муну айткансыгам:

“Көрөбүз”.

Он беш бала бейкапар жашайт азыр.

Милдеттерин аткарышып

Байчечекей, чөгүү жана каттардын.

Аларды сүйөт кыздар – менден сулуу,

Менден серт айрымдары.

Он беш бала ченемсиз эркиндикте.

Учурашат кезиккенде,

Таанышат мен аркылуу өздөрүнүн

Эркиндик, жакшы тамак, тынч уйкусун.

Сен бекер келатасың, акыркы улан,

Саламын стаканга байчечегиң,

Тирилет соолуй түшкөн сабактары

Күмүш жон тамчылардан.

А бирок, сен сүйбөй калган кез да болот,

Өзүңдү жеңип, сүйлөйсүң мага текебер,

Мени да жеңген өңдүү,

А мен келем көчөдө, көчөлөрдө…

 

1956

 

 

АПАМА

 

Жалбырагын дарак жакшы билгендей,

Мени дагы сенден артык билет ким.

Турмушумдан жаза тайган күндөрдө,

Убайым жеп уктабай түн күзөттүң.

 

Балдарымды беттен сүйүп турсаң да,

Таарынычың көкүрөктө тирелүү.

Тарткан санаа жана тоодой түйшүгүң,

Жок дегенде бөксөрттүмбү бир эли.

 

Келтирилген келме сындуу жат болуп,

Өзүңдү ойлоп уктап, анан ойгоном.

Жүрөгүмдү көзөп өтүп көп суроо,

Мээмди ой жейт деле жанды койбогон.

 

Жашадым деп жүрөм кыркты бет алып,

Жаштык деле көз ирмемче кетет бейм.

Маанайыңды басмырт кылган күндөрдү,

Жашабаган күндөрүм деп эсептейм.

 

Жалбырагын дарак жакшы билгендей,

Мени дагы сенден артык ким билет.

Жерде жаткан жалбырактай сезилем,

Бийиктигиңден сүрдөп турган делдиреп.

 

 

ЫСЫК-КӨЛ

 

Көлдүктөн эчен суусам да,

Көлүмдөн көңүл кала элек.

Көп тунуп карап турсам да,

Көркүнө моокум кана элек.

 

Сапарда жүрсөң саясын

Жакалап – кыйын кол созуу.

Катташым үчүн канчада,

Себептер жакшы болсочу!

 

Кылайган учун көргөндө,

Кылгыраар жашым – кымбат бу.

Ыйыксың аяк мала алгыс,

Ысык-Көл, көлүм, кымбаттуум.

 

Аркы жээк менен берки жээк,

Учса эгер учуп жетээр куш.

Көл көөлбүп турган ордунда,

Биз келип-кетет экенбиз.

 

Алыкул акын жазмакчы,

Бир андан эч ким тана элек.

Көлдүктөн эчен суусам да,

Көлүмдөн көңүл кала элек.

 

 

ӨЗҮҢ

 

Сен айткандын баары – чындык,

Сен кылгандын баары – ак.

Мазмунуңдан маган жаккан

Бардык нерсе табылат.

 

Жарым сөздөн же болбосо

Түшүнүп каш-кабактан.

Оңой эмес ою ойго,

Сөзү сөзгө жарашкан.

 

Сен күткөндүн баары – жарык,

Ал жарыкта бар-жогум

Суроо… Айдын тынчтыгындай –

Түк унчукпай койгонуң.

 

Сен узаткан жылдарга да,

Турат ичте тартылуу.

Байлангансыйт бардык Чактар

Сен… бир өзүң аркылуу.

 

Сен айткандын баары – чындык,

Сен кылгандын баары – ак.

Жаның бирок Кудай эмес,

Жаңылганда жаңылат…

 

 

МЕНДЕГИ НЕРСЕЛЕР…

Мендеги нерселер – меники,
Билбеймин, ичиңде бар эмне.
Болгону ишенип тапшыргам
Өзүмдү кагазга, калемге.

Ансыз да айыкпас көңүлгө,
Бул күндөр билинбей салган нук.
Адеби азыраак көрүнөөр,
Сезимде бирок жок жалгандык.

Базарды мейли миң баспайын,
Бакыт да, билесиң, сатылбайт.
Көңүл тынч көрүнгүм келсе да,
Ыр дагы калпымды батырбайт.

Бирөөнүн абалы эле деп,
Актанып болбойттур кеп айткан.
Ырдагы сагыныч, күтүүлөр –
Бир куса мурдатан келаткан…

Мендеги нерселер – меники,
Билбеймин, ичиңде бар эмне.
Болгону ишенип тапшыргам
Өзүмдү кагазга, калемге.

 

 

ТОГУЗ

 

Тогуз жол чыгып бир сенден,

Тогуз жол кайтсын кайрылып –

Тоом болгун! Тозсоң миң жерден

Оңой жол турсун табылып.

 

Сүйлөймүн десең ай-жылдыз

Жакындап келип отурсун.

Тогуздап токоч жасалып,

Тогуздап ниет кошулсун.

 

Кыялап үмүт кыр башын,

Сөзүңдү булак тыңдасын.

Алдыда Кудай жеңиштен

Өзүңдү ыраак кылбасын!

 

 

ТООЛОР ГАНА ИЗДЕСЕМ БАЙКАЛГАН ЖОК

 

Балтиканын боюнда, Балтиканын,

Кеме келип, кайрадан узап кеме…

Ээрчиген жок бул ирет мурдагыдай,

Куса деген мендеги узак неме.

 

Терип ташын деңиздин боюн бойлой,

Аманатын аткарып кымбатымдын.

Алыстагы көгөргөн Көлүмдү ойлой,

Бир толкундап, кайрадан бир басылдым…

 

Сезип демин Жер-эне түндүгүнүн,

Түштүк кызын үшүткөн күз күнүнүн,

Эмнени айтат батпаган кубанычым,

Эмнеге арзыйт муңайым үшкүрүгүм.

 

Күүгүм кечтин сыдырым жели согуп,

Толкун уруп жээгинде шарпылдаган.

Деңиз үстү керемет ай толукшуп,

Сүрөт турду маңдайда кылкылдаган.

 

Кумга улаш созулган кенен мейкин,

Жарашыгы келишип жайкалган көк.

Ысык-Көлдүн жээгиндей сезилсе да,

Тоолор гана издесем байкалган жок.

 

 

КӨҢҮЛДӨ ЭСЕН БАРСЫҢАР

 

Буюрса дейбиз, буюрса дейбиз,

Буюрбай калчу кечтер көп.

Жолуксак дейбиз таарыныч өңдүү

Көңүлдө болбой эч нерсе.

 

Отурсак дейбиз – шарабың колдо,

Көздөрдөн окуп ал-жайды.

Кечээгиң – аптап, эсебин тактап,

Караанын үзгөн айлардын.

 

Көмүлүп саатың көр-тирлик менен,

Бөлүнүп жаның эченге.

Көздөрдүн отун издеген менен,

Кезикчү күндөр кечеңдейт.

 

Ойгонсоң бир күн – жүзүңдө бырыш,

Чачыңда бубак – чакта бу.

Чаалыккан дүйнө. Чай ичели десек,

Чама да болоор чакталуу.

 

Жоголбой-житпей ошондо деле,

Кайрылып келген кар сыңар.

Курбалдаш дагы, санаалаш дагы,

Көңүлдө эсен барсыңар.