Адилгазы Кайырбеков: Кызыл сөздүн коломтосун козгосоң, Тил күйгүзгөн чогу жатат түбүндө

Адилгазы Кайырбеков 1955-жылы 10-каңтарында Чыгыш Казакстан областынын Тарбагатай ооданынын Кожагелди айылында туулган. 1978-жылы азыркы Аль-Фараби атындагы КазМУнун филология факультетин аяктаган. Казакстан Республикасынын маданият кайраткери (эмгек сиңирген ишмер), эл аралык “Алаш” жана башка адабий сыйлыктардын лауреаты. Филология илимдеринин кандидаты. Казакстан Жазуучулар бирлигинин башкарма мүчөсү.

Сөз

Кызыл сөздүн коломтосун козгосоң,

Тил күйгүзгөн чогу жатат түбүндө.

Мобул журттан соода жасап озбосоң,

Сөз жагынан озом дебе бул күндө.

 

Сөз кадырын Абайдан соң ким укту.

Сөздүн кутун кандай, кантип коргойсуң.

Сөзгө конок бергенди журт унутту,

Сөздү кордой берсең дагы шорлойсуң.

 

Сөздөр менен ойногонуң сөз эмес,

Тилге тээк сөз баштасаң жакшы кеп.

Сөздүн баркын түшүнүүчү кез эмес,

Сөз сапары карып бара жаткан кез.

 

Кызыл сөздүн коломтосун козгосоң,

Тил күйгүзгөн чогу жатат түбүндө.

Мобул журттан соода жасап озбосоң,

Сөз жагынан озом дебе бул күндө.

 

Айыл десе

Качан билдик кадырын колдо бардын,

Шоокум салат бир обон канда гана.

Утурумдук тирилик колду байлап,

Көп жыл болду айылга барбаганга.

 

Жол түшпөдү айылга азга дагы,

Таңдайда сүт, айраны, бал каймагы.

Шор кайнады калаада түтүн жутуп,

Сапар тарттым сан жерге ар кайдагы.

 

Айыл десе шер көөдөн ак ургансыйт,

Сагындырып сары бел чакыргансыйт.

Сары күздө теректи тоногон жел

жалбырагын жанымдын сапыргансыйт.

 

Айыл – ырым экен го, айыл – ырым,

Айылыма ар качан тартыламын.

Ат башындай алтынды тапкан сыңар

Айыл десе азыр да аптыгамын.

 

Тийбеген соң айылга бир көмөгүм,

Тиш жарбадым, томсоруп үндөбөдүм.

Айыл десе ачышып көөдөн тушум,

Домбуранын кылындай күүлөнөмүн.

 

Бийик турар бир обон

Көр тирликтин адашып мунарында,

Таркабастай көрүнөр кумарың да.

Кулагыңдан кетпеген бир обон бар,

Кубат берер өмүрдүн сынагында.

 

Күч, дем берип тулкуңда өнө жүргөн,

Кыйындыкты камгактай өңөрүнгөн.

Укмуш кездин өлчөмү – ошол обон,

Ага теңдеш нерсени көрбөдүм мен.

 

Добуш болуп сыздайт да нар камыштан,

Айгай сайып улуйт ал ар-намыстан.

Асман жакка көтөрүп алып кетет,

Бийик турган бир обон жан багыштан.

 

Ойлорумдун өркөчү

Ойлорумдун өркөчү үстөм, бийик,

Канаты бар, асмандан түшкөн кийик.

Отурат го бир досум сынай карап,

От бүркөт ов бир жаным ичтен күйүп.

 

Ой дегениң жалынан ушталбайбы,

Уштадым деп бирөөлөр тушмалдайбы.

Казынаны коңторуп ачкандайбы,

Темирди ийип куушура кыскандайбы.

 

Ойлорумдун коркомун тереңинен,

Адамдардын сестенем кереңинен.

Өзүмдү өзүм унутуп, өзгөнү да,

Эмнеге ыйлап олтурам, неге күлөм?..

 

Энемдин ак сүтү

Эңсермин, сагынармын,

“Энелеп” агылар күн.

Энемдин ак сүтүнөн

Адалдык наарын алдым.

 

Кабада жүрсөм дагы

Энеме бурулармын.

Энемдин ак сүтүнөн,

Акыйкат нурун алдым.

 

Максаттын маарасын жаап,

Сезимди туюктармын.

Энемдин ак сүтүнөн

Адамдык рухту алдым.

 

Эргирмин, кайышармын,

Ак куштай чабыттармын.

Энемдин ак сүтүнөн

Акындык чабытты алдым.

 

Сынаса кыйын ар күн,

Ишенип, сыйынарым.

Энемдин ак сүтүнөн

Алланын сыйын алдым.

 

Тирүү өлүк

Адамдар бири кетсе, бири келип,

Тирүүүлүк сарайы тур күңгүрөнүп.

Маңдайдан мупмуздак тер куюлду гой,

Мен бүгүн жолуктурдум тирүү-өлүк.

 

Ал менден көзүн албай көп карады,

Алда не айтамын деп айта албады.

Чак түштө каршы алдымда турган аны,

Түн жутуп бара жатты капкараңгы.

 

Көп издеп бош орунду бийликтеги,

Сөгүлдү таалайынын килиттери.

Барк этип үн катарга үнүм чыкпай,

Эриним кеп айтарга ийикпеди.

 

Билбеймин журтка кандай берди нуска ах,

Акчаны, алтынды да көрдү уучтап.

Капырай таштап салып бар байлыгын

Ал эми бара жатат гөрдү туштап.

 

Өтпөдү дайындалган тою мына,

Канган ким көр дүнүйөнүн оюнуна.

Таппайсың дос, туугандан эч бир көмөк,

Тартканда кара бейит коюнуна.

 

Эңгиреп калды артында жар-баласы,

Бүтпөйт го тириликтин карбаласы.

Опасыз жалган дүйнөң ушул экен,

Анда не көр дүйнөгө арбаласың.

 

Ишенген журт алданып кемип келди,

Баасын ал башынын кемитпеди.

Бирөөлөр Өлүк-тири деп күбүрөп,

Бирөөлөр аны Тирүү-өлүк деди.

 

Ал менден көзүн албай карады көп,

Ал жактан кара бороон турат үүлөп.

Кол булгап чакырарга колу сенек,

Чак түштө Тирүү-өлүк караан үзөт.

 

Теңселди сенейиңки Тирүү-өлүк,

Бир катар биз аз өмүр сүрүп келдик.

Жүргөнсүп мурда тирүү, өлүп калды,

Тирилик… Бири кеткен, бири келип!..

 

Ыр жазбаймын

Ыр жазбаймын:

Акылымды сезимге жеңдирбесем,

Сезим кууп калкыма телинбесем,

Ишенимим эгерде сен билбесең,

Поэзия эркине көндүрбөсөң,

Ыр жолунда бекер мен жүрбөс элем.

 

Ыр жазбаймын:

Муңдуу көрсөм жүрөгүм эзилбесем,

Өзүм ойгоо, дүйнөнү көзгө илбесем.

Абай менен муңдашкан чалкар чабыт

Азыр келип каларын сезинбесем.

Ыр жазбаймын:

Көңүлүңдөн баарыңдын чыгамын деп,

Чырак болуп колуңда турамын деп,

Сөзсүз менин силерге сунарым деп,

Таркасынчы баарыңдын кумарым деп.

 

Каалайсыңбы:

Күтүлбөс ой айтамын,

Балким, кайгы-муңуңду азайтамын,

Балким, көңүл каалооңду өтөлөймүн,

Балким, сезим өртүнө жетелеймин.

Балким, бирөөлөргө мен казалдаймын,

Муңсуз ырды баары бир жазалбаймын.

Өмүрдүн өзөк жарды муң обону,

Муңдуу ырды кылымдар тыңдаар эле.

Далай акын обондуу ыр сунган эле.

Мукагали ырларын окуп калып,

Калем сабым чарт этим сынган эле.

Сынган эле, андан соң тынган эле…

Ыр жазбаймын!..

 

Камгактар

Коңуркай белде

камгактар качып баратат:

Тагдырдан катаал камыгып,

Жарашпай турган жайды угуп,

Аскалар калды кайгырып,

Жинди жел ыйлап, күлүүдө,

Камгакты тактан тайдырып.

 

Камгактар качып баратат:

Ашыккандайбы капырай,

Таттуусун өмүр таттырбай,

Опаасыз экен жалган деп,

Ойда-а алдайт тура арман деп,

Алданып кандай калгам деп.

 

Камгактар качып баратат:

Коңур бел тартып коңултук,

Камгактын муңун шол укту,

Камыккыч дагы болуптур.

Канча күн өмүр кечсе бул,

Ошончо өмүр соолуптур.

 

Камгактар качып баратат:

Жок жөлөр тирек-таяныч.

Өскөн кез өттү таранып,

Кезинде – тирүү, эми – өлүү,

Козголгон кандай аяныч?!..

 

*****

Сырымды сыр сандыкка туюк салдым,

Керемет ал чактарды унутпадым.

Беймаал чырылдаса телефонум,

Сен чыгар деп көтөрдүм трубканы.

 

Ай өтөр, жылдар өтөр жалгашылган,

Күн батса, чырым этип, таңга ашыгам.

Кез-кезде атымды атап чакыргансып,

Добушуң эшитилет дал кашымдан.

 

Сабырдуу болоюн деп ой ойлодум,

Камчынын өрүмүндөй толгономун.

Түшүмдө көргөнүмдө өңүмбү деп,

Таң калып далай ирет ойгономун.

 

Келсек да кезегинде күйүп-жанып,

Кечсек да бар азапты сүйүп калып.

Созулуп сага карай кеткен жолдор

Соңунда калат ылгый туюкталып?!

 

Калдайган калааларды араладым,

Чогултту сүйүү балын кара жаным.

Көшөрүп көлөкөңдөй акмаладым,

Артыңа бир бурулуп карабадың.

 

Аянып сүйлөшүүнү, кездешүүнү,

Алдың ов өмүр бою неге эсимди?

Балким, сен кыялымдан жасап алган,

Сүйүүгө түбөлүктүү бейнесиңби?!

Кыргызчалаган: Тынчтыкбек Нурманбетов