Абзий Кыдыровго 90 жыл

Абзий Кыдыровго 90 жыл

Бүгүн К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында балдар акыны, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер “Абзий Кыдыровго 90 жыл” аттуу китеп окурмандарынын эскерүү жыйыны болуп өттү. Эскерүү жыйынды КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу китепкананын эмгек жамааты менен биргеликте уюштурду.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модераторлук кылган жыйынга Тоголок Молдо сыйлыгынын ээлери Ы.Кадыров, Ж.Акаева, балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири А.Карымшаков жана башка акын-жазуучулар, китеп окурмандары катышты.

Абзий Кыдыров балдардын баео дүйнөсүн, психологиясын эң мыкты түшүнгөн жана ырга сала билген таланттуу акын, чыгаан педагог экендигин баса белгилешти. Эскерүү жыйынга келген окурмандарга акындын обондуу ырлары тартууланды.

Атчан десем жөө экен

Там артынан молойгон,

Көрдүм шумдук коройгон.

Аңдып калдым акырын,

Атчан окшойт каапырың.

“Бөө” дечү эле атакем,

“Бөө” дечү эле апакем,

Ошол ушул экен деп,

Безе качтым тепеңдеп.

Көрсөм аным дөө экен,

Чынында эле бөө экен.

Атчан десем жөө экен,

Жомоктогу төө экен.

 

Жалгыз алма

Жалгыз алма башында,

Калган экен кызарып.

Өз көзүмө ишенбей,

Мойнум кетти узарып.

 

Силкип койсом топ этти,

Чоңдугу чоң муштумдай.

Ка-ап, тийбесем бардыгы,

Болмок экен ушундай.

 

Улагым

Тикчийген тий улагым,

Так түйүлгөн чунагым.

Деги сенин болобу,

Жай алган бир убагың?

 

Тентектигиң койбойсуң,

Айтса моюн толгойсуң.

Чырпыктарды кырчып жеп,

Тамга чыгып ойнойсуң.

 

Болотбек

Төккөкндөй көктөн көнөктөп,

Короолор кетти чөнөктөп.

-О, кокуй, кайда Болотбек, –

Энеси туйлайт өлөт деп.

 

Издедик үйдөн, сарайдан,

Сурадык аны далайдан.

Чуркадым өйдө секиден,

Бир нерсе көрүп карайган.

 

Калыптыр кийми шөлбүрөп,

А болбой мага тепеңдейт.

-Чалдар да качты, турам мен,

Чыныгы баатыр бекем? – деп.

 

Мага дем алыш эмес

-Эртең бизге дем алыш,

Түрдүү оюн ойнойбуз.

Кайырмак салып, тор салып,

Кең өзөндү бойлойбуз, –

 

дешип, шайыр ырдашып,

Асан, Үсөн жыргашып.

Кең бөлмөдөн жанашып,

Чыгышты экөө бир басып.

 

Үнсүз турган Токондун,

Мончок жашы мөлт этти.

-Не болду? – деп чоң ата,

Чочугандай селт этти.

 

-Асанга эртең дем алыш,

Алар сонун ойношот.

Балык уулап, тор салып,

Чоң өзөндү бойлошот.

 

-Мага болбойт дем алыш,

Мен окуучу эмесмин.

Бырс күлдү да чоң ата:

-Ыйлаба, тентек, ыйлаба,

Сен азыр түшүнө элексиң..

 

Көлчүктө

Дыбырап жамгыр басылып,

Күн кетти чайыттай ачылып.

Көркүнө чыгып жер бети,

Калгансыйт жарпы жазылып.

 

Кадыбай чыгып ак тамдан,

Күн жаасын карап асмандан.

Келатып буту чалп этип,

Токтоду чочуп баскандан.

 

Көлчүктүн көрүп түбүнөн,

Көгөргөн тунук асманды.

Кечсе эле чөгүп тигинен,

Кетчүдөн бетер сактанды.

 

Кубанга эмне жакты

Китеп алып партага,

Биринчи ирет олтуруп.

Кубан келди кучагын,

Кубанычка толтуруп.

 

Тоссуп эшик алдынан,

Ортого алдык баарыбыз.

Элестеди мектепке,

Жаңы барган чагыбыз.

 

-Жакшы бекен окуган,

Айтчы, угалы кана биз.

-Сабагынын баарынан,

Жакты мага танапис.

 

Кыткылыктап биз күлсөк,

Ызаланып аз ойлоп:

-бардыгынан жакканы,

Сабак – деди кайра оңдоп.

 

Алгачкы көктөмдө

Жер жаткан ак тонун сыйрып,

Келди булут боюн жыйрып.

Көктөсүн деп көк чөптөргө,

Күн күркүрөп берди буйрук.

 

Куйду жамгыр, куйду жамгыр,

Куунай түштү малдыр, жандыр.

Айтчы, бөбөк, сен да жыргап,

Чуркаганың эсте бардыр.

 

Жаандан кийин карап көрсөң,

Ой-тоо жашыл, көркөм, көркөм.

Ар кооздукка көңүл бөлсөң,

Жер соорусу окшойт өлкөм.

 

Бото

Ойсул ата тукуму,

Ким мактабайт ушуну.

Жакшы көрүп жанына,

Бара берем утуру.

 

Көздөрүчү мөлтүрөп,

Карагыңды келтирет.

Түк унчукпай койкоюп,

Тура берет мелтиреп.