Абдыжапар Эгембердиев: Ашуудан ары ашуу бар (Кыргыз эл акыны Омор Султанов 85 жашта)

Кыргыз эл акыны Омор Султанов 85 жашта

Ашуудан ары ашуу бар

Кылымдардын кыйырын кезген тарыхый жолунда, тээ Манас атабыздын доорунан бери не бир чыгаан уулдары кыргыздын атагын чыгарды, анын атын алыс-жакынга таанытып, Ысык-Көлүндөй көгүлтүр байрагын мезгил түпкүрүнөн бери желбиретип, сыймык менен алып келди. Элибиз да өз кезегинде мындай азаматтарын алаканына салып, алардын ысымдарын тарых бетине алтын тамгалар менен чегелеп, бүгүнкү күнгө жеткирди. “Элдин атын эр чыгарат, эрдин атын эл чыгарат” деген ушул да.

Ар бир доордун, ар мезгилдин өз баатыры, өз ченеми бар экен. Бүгүнкү жаңырган дүйнөнүн жүзү “кызыл кыргын, кара сүргүнгө” түшүп, кылычынан кан тамган эрендер менен эмес, рухий байлыктын – илим менен билимдин, адабият менен маданияттын орошон таланттары аркылуу өлчөнүп калды. Ушул ыңгайдан алганда Кыргыз Эл акыны, көрүнүктүү коомдук ишмер Омор Султановдун “Ашуу төр” жыйнагынын (Бишкек, “Бийиктик”, 2005-ж.) жарык көрүшү, маселе чечилбей калган менен анын өз учурунда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшү акындын өзүнүн гана эмес, улуттук адабияттын, бүтүндөй кыргыз журтчулугунун олуттуу окуясы катары каралууга тийиш.

Тагдыр Омор Султановичти талант жагынан таарынткан эмес экен. Биринчиден, ал адабиятыбыздын алтын казынасына ыр менен жазылган “Адамдын турмушу” романын, “Чарчоонун жүзүнчү ыры” философиялык түрмөктөрүн, “Сен жөнүндө поэмасы” баш болгон канаттуу лирикаларын, биз сөз кылууга ниеттенип отурган “Ашуу төр” ырлар жана поэмалар жыйнагын берген орошон акын.

Экинчиден, калеминен “Ак жол, көк асман” повести, “Пираты поневоле”, “Остров дракон”, “Таинственный всадник”, “Вести с того света” сыяктуу окуялуу романдар жаралган чоң прозачы.

Үчүнчүдөн, Омор Султанович П.Неруданын, Ю.Лермонтовдун, Г.Мистралдын, Б.Брехттин, Н.Хикметтин, К.Кулиевдин, Д.Кугултиновдун, Р.Гамзатовдун, Э.Межелайтистин ж.б. дүйнөлүк акындардын ырларын кыргызча сүйлөтүп, тилден-тилге, дилден-дилге өткөрдү.

Айтор, айта берсе узун сөз. Эгер ушу саналып өткөн касиеттин бирөө эле шыбагасына туш келген күндө да ал өзүн белгилүү калемгерлердин катарына коймок. А бир башына бүткөн нар көтөргүс ушунча дөөлөттөр менен Омор Султанович улуттук адабиятыбыздын ачык асманында балбылдап жанып каларында шек жок.

Анын үстүнө ал жеке гана өнөр адамы, жеке гана Эл акыны эмес да. Куштун экинчи канаты сыяктуу анын ири коомдук ишмер экенин, буга чейин республикабыздын Улуттук жазуучулар союзун жетектеп, азыр да улгайып калганына карабастан Шериктеш өлкөлөрдүн Жазуучулар союзунун катчыларынын бири болуп, улуттук адабиятыбыздын көч башында турушу менен сыймыктанабыз.

Кыскасы, Омор Султановичтин кереметтүү Ысык-Көлдөн башталган толкуну улам көтөрүлүп, кубаттуу күчкө ээ болуп отуруп, бүтүндөй Орто Азия айдыңына, а түгүл дүйнөнүн кыйла адабият мейкиндиктерине аралашып кетти. Ылайым эле толкуну толкунга уланып, чыгармачылык арымы арта берсин демекчибиз.

Акындын калеминен буга чейин 30га чукул поэтикалык, прозалык жыйнактар жаралды, көркөм жана документ фильмдердин сценарийлери жазылды. Канаттуу поэзиясы дүйнө элдерин аралап, биз жогоруда айткандай, ондогон классиктердин чыгармалары анын котормосунда кыргыз окурмандарына жетти.

Мекен барда кайда болсо турат иш,

Бир максаттын арт жагынан куба түш.

Бийик болуп тоолорубуз турганда,

Жапыз болуп жашоо бизге уят иш

-деп бир ырында жазгандай, ал Мекен деген түшүнүктү баарынан жогору коюп, бийик максат менен жашады.

Адамдардагы бир ит оору ушул экен – анын түздүгүн, кайра тартпаган кашкөй мүнөзүн жактырбай, бут тоскондор, бийликте отуруп алып сындырам дегендер көп болду. Ошондуктан ал 1993-жылы “Эл акын” наамын алганда:

Сени берди, берди бирок кечигип,

Ал деле эмес анчалык чоң чекилик.

Чоң чекилик – каңтарылып дайыма,

Айта албадым ойдогумду чечилип.

 

Оттотушту ооздугум чыгарбай,

Озуп бара жатсам күлүк чыгаандай.

Омуроого тээп турушту аксатып,

Мен чыдадым кың деп үнүм чыгарбай

-деп жазып атпайбы.

Ал чыдады. Ийилип, бирок, сынган жок. Бүгүнкө чейин эле ошол мүнөзү, ошол турум – турпаты менен келатат.

Кийинки муундар Омор Султановичтин ырларын окуп чоңоюшту. Анын ырлары аркылуу поэзия деген эмне экенин билип, чыгармачылыкка аралашышты.

Гүл ачышып бактагы өскөн сирендер,

Бүгүн жаным сени мага эстетти.

Сүйүү менен көкүрөктө тирелген,

Каяккадыр эрип агып кетсекчи-

деген сыяктуу керемет саптарын алып, көптөгөн жигиттер кыздарга кат жазышты. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев анын текстине обондорду жазып, музыка дүйнөсүн байытышты.

“Анын поэтикалык дүйнөсүн төрт тарабынан келип кеңири караштырып, тереңдеп ачып чыгыш үчүн атайын китеп жазыш керек, буга белгилүү шарт, убакыт талап этилет”, – дейт сынчы К.Даутов китепке жазган баш сөзүндө. Кептин чыны, китеп жазышка азыр бизде шарт да, убакыт да жок. Таасын калемгер тууралуу татымдуу делген ой-пикирибизди гана билдирсек дейбиз.

Азыр кыргызда акын көп. Колунда биртике тыйыны барлар, бизнеске аралашкандар китеп чыгара берип, бу чыгармачыл дүйнөнүн айдыңын такыр булгап ийишти. Кимдин китебин кармап, эмнени окууруңду да билбейсиң. Бир жарым миллиардга чукул калкы бар кытайларда деле үч жүздүн тегереги акын-жазуучусу бар. Биздин алты миллионго жаңы чыгып, эми миграция деген зор толкунга кабылып, төгүлүп-чачылып турган калкыбызда да ушунча жазуучу. Чакан элге калем кармаган мынча киши керекпи, бул жагы да күмөн.

Эми калем күчү менен калкынын атын чыгарып, даңазасын арттырып жаткан таланттар жөнүндө кеп башка. “Ашуудан ары ашуу бар” дегендей, Омор Султанович алардын фонунда да абдан эле айырмаланып, өз бийиктигин, көз талдырган өлчөмсүз сересин ачык көрсөтүп турат.

Ал-тубаса талант. Анча-мынча жөндөм-шыгың, кичине идирегиң болсо карандай эмгектин күчү менен деле ыр жазуунун техникасын өздөштүрүп, акын катары билинип алууга болот. А чоң акын болуш үчүн анын касиети каны – жаның, жүрөк – жүлүнүң  менен бирге жаралып, көкүрөгүңдү күүгө келтирип, мукам доошун дирилдеткен комуз кылдарындай сени менен бир бүтүндүккө айланышы керек. Ал сенин дем алган абаң, көрөр күнүң, көтөрөр тагдырың болушу керек. Султановдун “Отузунчу станция”, “Аэропанорама” жыйнактарынан ушул “Ашуу төрүнө” чейин экскурс жасаган адам, эгер поэтикалык кабыл алуу жөндөмү болсо, муну илгиртпей эле баамдайт. Анын поэтикалык дүйнөсүнө аралашып, кооздугуна көз тойгузат. Атуулдук позициясынын бекемдигине, Ата-Журт үчүн күйүп-жанган акындык сезимине баа берет.

Акын “Үзөңгү-Кууш менен коштошуу” деген ырында:

Ак зоолорун ак булуттар басып тур,

Айланасы ымырттанып жашып тур.

Ичим күйүп коштошом деп келгенде,

Имерилип дайрасы агып жатыптыр.

 

…Силер эми кош болгула түбөлүк,

Сагынычтын кайрагына бүлөнүп.

Алдым туюк, арка жагым туңгуюк,

Коштошууга келдим аргам түгөнүп.

 

Кош болгула, барчын шаңшып отурар,

Арча, кайың боорунда өскөн чокулар.

Канын төгүп жоодон сактап калган жер,

Калган эрлер жүрөгүндө оту бар.

 

Кош бол эми, мүрөккө окшош булак суу,

Кайберендер мүйүздүү, ача туяктуу.

Силерди эми сууруп берет окшоймун,

Жүрөгүмдү сууруп берген сыяктуу…дейт.

Үзөңгү-Кууш бүгүн кыргыздын арман-көйү, көкүрөк зилдеткен оорусу, орду толгус көңүл бөксөсү. Акындын жогорудагы ырын да жүрөк сыздатпай, каректериңе ачуу жаш толтурбай окууга болбойт. Сасык саясаттын капшабына, ошол кезде жасалган чолок бүтүмдөргө наалат айтасың. Поэзиянын касиети, анын эстетикалык ачылыштары ушуга алып келет.

Китептеги “Барскоондун ашуусу”, “Вертолет менен аркар атуу”, “Суурлар”, “Ак кажырлар моюн башы күмүштөн”, “Ай караган Ала-Тоонун текелер”, “Кечире алсаң кечир түркөй элиңди” деген ырлар буга түз да, кыйыр да үндөшүп, жергебиздин жаратылыш дүйнөсүн козгоп, учурдагы негизги проблемаларды көпчүлүктүн элегине, калк таразасына алып чыгат. Чынында алар тууралуу буга чейин да көп жазылды, көп айтылды. Имандык бөксөрүүгө көңүл бөлгөн, үн каткан жан жок. Мүмкүн акындын керемет саптары керең көңүлдөрдү козгоп, кыймыл киргизер. Кайберендер дүйнөсүнө суук колун салып жаткандардын сугу токтоп, абийир – арлары козголор.

Кантсе да, бүгүнкү өнүккөн коомдо акын катары өз сөзүңдү айтып, өз жүзүңдү көрсөтүү жеңил эмес. Ал үчүн кенен ой-чабытың, оригиналдуу көз караштарың, турмушка жаңыча мамилең, өзүңө гана таандык сүрөттөө манераң, стилдик өзгөчөлүктөрүң, чыгармачылык тынымсыз изденүүң болушу керек. Мунун баары Султановдун тажрыйбасынан ачык көрүнөт. Ал, биз жогоруда жазгандай, дүйнөлүк классиктердин шедеврлерин кыргыз тилине которуп, ошол эле учурда алардын чоң таалим-тарбиясын алган, алардын турмушту кабылдоо, көркөм сүрөттөө өзгөчөлүктөрүн талдап, өнүктүрүп – өстүрүп, өзү да чыгармачыл дүйнөнүн ошол бийиктигине көтөрүлгөн. Бул менимче анын өзүнүн шедеврлерин аңтарып-теңтерип, кошумча комментарий берүүнү деле талап кылбайт.

“Ашуу төрдүн” дагы бир айтылуучу жери – арноо ырлары. Кыргыз акындарынан буга кайрылбаганы жок. Баары эле жазышты. Бирок, Султановдун бийиктигине чыга алышпады. Көпчүлүгү юбилейлик ырларды жазып, карандай мактоо менен чектелишти.

Күндө өткөрүп көр турмуштун тирлигин,

Замандаштар билбей кимдин кимдигин.

Убагында ушаланган өмүрдүн,

Өтөт экен байкап калбай бир – бирин.

 

…Бул жашоонун чен чегине баталбай,

Буудан күлүк көрүнүшү кашаңдай.

Кетти Сакем тирүүсүндө билинбей,

Гений деген ысмы менен аталбай

-дейт акын “Саякбай менен бир жүрдүм” деген  ырында. “Манас” үчилтигинин миллион сабын алмадай башына батырган бул асыл адам жөнүндө кандай айтсак да жарашат. Боо чейин да, мындан соң да андай алп чыгармачыл ааламда жаралары күмөн. Бирок, Омор Султанович аны майдалап, же көбүртүп-жабыртып отурбайт. Төрт түрмөктөгү бирин-экин көркөм штрихтер менен эле жетчү жерине жеткирип, артык сапаттарын ачып берет. Анда ушаланган тирлик да, метеориттей салмактуу, зымпыйган мүнөз да, чыгармачылык айкөлдүк да бар. Гений деп аталбай, убагында тиешелүү баа берилбей калганына тымызын өкүнүч – өксөө да сезилет. Айтылбай калган, кошула турган деле эч нерсе көрүнбөйт, ага алп манасчы өзү деле муктаж эмес.

Китептеги “Ыр жандуу элге дайым жетпей турарсың”, “Сүйүү кудурети”, “Дирижер”, “Мурдагы хулиган курбум”, “Алды жакта оор кыйын жол турат”, “Өмүр деген чакан кум саат турбайбы”, “Кызыкчылык кайтпас кымбат алтынсың”, “Кандай азап, кандай кыйын, кандай оор”, “Бул дагы өтүп кетээр ээ”, “Ошенте бер, ошентейин мен дагы”, “Жароокерсиң жаңылбаган кебиңден” деген ондогон ырлары да мындан ашпаса, кем түшкөн эмес. Кимди жазса да мүнөзүнүн урунттуу жерин кармап, бийик сый, билинбеген юмор кошуп, көркөм боёктор менен ийине жеткире тартып берет. Жүрөгүң сыздап, же жыргап отуруп окуйсуң. Акындыктын бийик күчүнө таазим этесиң.

Өмүрдөн эрте көчкөн маркум акын Жолон Мамытовго арналган:

Жакшы ырыңда өмүрүңдү улаарсың,

Жарык таңда үнү каткан уларсың.

Кош, Жокеним, кош деп атам аргам жок,

Ыр жандуу элге дайым жетпей турарсың.

Мурдагы вице-спикер Чолпон Баековага арналган:

Толук туруп мүмкүн кээде кемишиң,

Ал анткени жүрсүң иштеп эр ишин.

Эгер болсо эр сайыштын заманы,

Далай көөдөк жан беришмек сен үчүн.

Же курбалдашы Жамал Ташыбековага деген:

Жароокерсиң жаңылбаган кебиңден,

Жаркылдаган жакшы жарсың керилген.

Сылыктыгың акылыңа жарашкан,

Сылай согуп аткан желдей сеңирден.

Ойнош болуп калсам деген далайлар,

Ойроттордой ойрондолуп жеңилген

-деген саптарын деги мындан башкача жазууга болобу? Бирөө башкача жазган күндө да мындан күчтүү, мындан жогору чыгат беле? Ай, таң!

Мен өзүм да сүйүү лирикаларын көбүрөөк жазам. Жакшы көргөн темам да, жакшы жаза алган темам да ушубу дейм. Жаш өйдөлөй баштаган менен жаштыктын айылынан алыстагың келбейт, ал улам ысык, улам жакын көрүнөт. Ал эми Султановдун сүйүү лирикаларын топтоштурган “Сен жөнүндө поэмасы” – толук эле поэзия бермети, сүйүү гимни десек болот. Сүйүүнү Пушкин да, Есенин да, Блок да жазган. Петрарканын лирикалары сулууларды эритип, жаштык сезимдин жомогу катары кайталангыс күчкө эгедер болгон эмеспи. Мүмкүн мезгилдин алыстыгынан улам алардын биздин күнгө, биздин көкүрөккө толук жетпей калган жактары да бардыр. Антсе да, Султановдун сүйүү лирикалары сезимди сергитип, көкүрөктү көөлгүтүп, ой чабытыңды дүйнөнүн бир ажайып жактарына алып кетет. Сүйгүң да, сүйдүргүң да келет. Кайсы куракта болсоң да жаштыктын романтикалуу күндөрүнө кайрылып барасың, төгүлүп-чачыласың, жашоо толкунуна бой уруп, көкүрөк түпкүрүндө сөз менен айтып бере алгыс ажайып абалга келесиң.

Айтор, “тирүү классик”, “сүйүү ырларынын генийи” аталган Омор агабыз мезгил агымы менен минтип билинбей эле 85 жаш куракка келип отурат. Мен залкар акынды өзүмдүн, жалпы Көл кылаасынын калемгерлеринин атынан ушул мааракеси менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Агабыз бекем ден-соолукта, эсенчиликте болуп, эли-журтунун сый-сыпатын көрүп, бакубат өмүр кечирсин деп тилек кылам. Акындын поэзиясы мезгил чегине, аалам кыйырына карабай, түгөнгүс мүлк, керемет дүйнө катары кылымдар кызмат кыла береринде шек жок.

Абдыжапар Эгембердиев, Кыргыз эл акыны,

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер