Абдыжалил Бетегеев: Күйгөнү турат чокулар, Кырына кызыл чок конуп

*********

… Тытылып бантиктей кубарган,

Ийри жол… коктуга салаңдап.

Коңуздай, калдаңдайт, жөрмөлөк,

Дейдиген, жол таппай алаңдап.

 

Айлана маңыроо. Ай көктө..,

Ай сымак, күмбөзгө коюлган.

Түнөрөт түн койну, көргө

окшоп, төбөсү оюлган.

 

Коңулдан үн чыкты, капыстан..,

Тынч турган тынччылык урады.

Селт этип ай чоочуп,

Жылаңач, аскага кулады.

 

Жалп өчтү ындыны дүйнөнүн,

Жашоо да жүрөктөй токтоду.

Тирилик кайнаган серт турмуш,

Тытылган бантикке окшоду.

 

Күзгү аңыздар

Аңылдайт азгын аңыздар,

Боз чаңгыл чаңга бөлөнүп.

Түк баскан өңү таанылбай,

Арыктар жансыз чала өлүк.

 

Коңур жыт каңшаар өрдөбөй,

Үргүлөйт үйүр убакыт.

Шимшилейт куюн айланбаш,

Чылымын көккө булатып.

 

Каңырсыйт какшып кашаттар,

Асманды чырпык тал жөлөйт.

Келемиш үйгөн дөңчөлөр,

Микро бейит өңдөнөт.

 

Өң, алет, калбай аңыздар,

Бозомук эски сүрөттөй.

Сүлпөтү жатат сабы жок,

Өңүрү кемтик күрөктөй.

 

Чилде

Төгүлгөн айран дүйнө,

Өрүлгөн саамай жолдор.

Тамтыгы кеткен кийиз,

Кыңкайып жаткан боорлор.

 

Жылгаяк тебет шамал,

Жон төмөн учуп-конуп.

Эшектин тоңгон тарпын,

Олтурат жору коруп.

 

Жондордун жону такыр,

Жорунун башына окшойт.

Жолдогу жалгыз чынар,

Жароокер жазын жоктойт.

 

Кыш, чилде жарпын жазып,

Чимирик атат дүйнө.

Жеткиче ашыгасың,

Коломто, куттуу үйгө.

 

Күн шашке

Чакыят көкмөк көк тунук,

Көрүнбөйт булут бучкагы.

Сайылат көзгө жебедей,

Чамгарак тоонун учтары.

 

Шайы ооп жатат талаалар,

Жондордун жону кубарган.

Кыңкайган кырлар кызымтал,

Горизонт кылдай чубалган.

 

Сагындым бийин куюндун,

Желаргы желбей дымдарек.

Кактаган көктө күн тулку –

Жалбырттап жанган дөңгөлөк.

 

Тамызып сайдын аптабын,

Нур себет көктөн, нур себет.

Таңдайып какшып кетти э-э-эй,

Суу керек мага, суу керек.

 

Жандуу капчыгай

Кылыч миз кырдуу кыл чоку,

Күн тийген мизи кыңгырай.

Жайдак жон жашыл көк допу,

Кыя жол эшкен чылбырдай.

 

Көк асман көкмөк асаба,

Алоо күн тууга күн белги.

Өзөндү өрдөйт таза аба,

Ободон торгой үн берди.

 

Сары аска сапсыз ай балта,

Жел сылайт жазы маңдайын.

Ак чечек гүлдөр айбарча,

Күн сүйдү гүлдүн таңдайын.

 

Күү чертет өзөн күкүктөп,

Кылыч миз мизин чоктоду.

Сай-сайда иңир үпүптөп,

Капчыгай күндү жоктоду.

 

Кызгылтым кеч

Кыбылага жалын топтолуп,

Жалбырттап жанды от болуп.

Күйгөнү турат чокулар,

Кырына кызыл чок конуп.

 

Көлөкө чоктон корголоп,

Коңулга кирди жорголоп.

Баш бербей бада ээсине,

Жон ылдый акты шорголоп.

 

Батышка жалын, тап калбай,

Кыпкызыл чогу сакталбай.

Чокулар иңир чүмкөндү,

Бетинде күйүк так калбай.

 

********

Булуттарды салып астына,

Шамал келди койчо имирип.

Күнгө күйүп, жону сыйрылган,

Тоону туман койду шимирип.

 

“Чарт!” – деп өттү көктө чагылган,

Булуттардын тилип мамагын.

Көлөкөлөр үрккөн үйүрдөй,

Житип кетти үзүп караанын.

 

Ийиди окшойт ана карачы,

Тамчылады аста дыбырап.

Селки какчу ооз комуздай,

Тилге кирди өзөн шыбырап.

 

*******

Калбырынан бугун чыгарып,

Көнөктөдү жамгыр бышактап.

Ыктай түшүп эрмен, шыбакка,

Алда кимди жатты ушактап.

 

Дирилдешет жаанга чыйрыккан,

Жалбырактар уйдун тилиндей.

Үңүрөйөт үңкүр боордогу,

Кашкулактар казган ийиндей.

 

Таштар турат бутсуз жыла албай,

Топ-тобунан тулку жумуру.

Мен олтурам тиктеп коңулдан,

Табиятка артып сугумду.