Абдымомун Калбаев: Карышкырлар улуганда

Абдымомун Калбаев,

акын-жазуучу.

Аталган чыгармам Азербайжан Республикасынын Баку шаарында чыгуучу «Каспий» адабий көркөм  газетасынын 25-26-санына 2020-жылы февраль айында азер тилине которулуп, жарык көрдү. Ошону сиздерге сунуш кылып олтурам. Тарбиялык мааниси бар бул чыгармам Кыргыз радиосунан адабий постановка катары кетип, алтын фондуга алынган. Режиссеру Болот Токоев. Кыргыз драма театрынын артисттери аткарган.

Автордон

КАРЫШКЫРЛАР   УЛУГАНДА

(новелла)

Айылдын кут түшкөн карысынын көз жумушу менен ушул айылдан кут кеткенсип аңгырап калгандай болду. Жанболот карыяны акыркы сапарга узатканы келе жаткандардын айрымдары мас, айрымдары текебер болуп кайгырбай, бул чалды кандай көмөт болду экен, канча жылкы соёр экен деген таризде келишти. Бул айылдагылар акыл сураса да, жардам сураса да, чырдашып кетишсе да ушул аксакалга келип турушчу. Баарын жайгарып, баарын өз өз ордуна ушул адам коёр эле. Заманың түшкүр акыркы убакта ушул карыянын да сөзүн укпай заарканткан учурлар көбөйүп кетти эле. Айылдын акыркы куту ушул адам менен кошо кеткен болсо кандай болор экен. Жаназанын алдында молдо жаназага тургандарга кайрылып сүйлөп жатты.

«….Эй бурадарлар ниетти оңдогула, ичкилик ичпегиле, бирөөгө кара ниеттик кылбагыла, жаман ойлордон алыс болгула, жердеги бүткүл кара ойлорду да, жакшы ойлорду да  жараткан Алла кабыл кылып, ошого жараша бизге жакшылыкты, жамандыкты да жиберип турат, эгер жаман ойлорубуз көп болуп, элдин ынтымагын кетирип, ичтен чыккан ийри жылан болуп, бири бирибизге душман боло берсек, ошого жараша кудай да бизди жазалап коёт, ошондуктан үй-бүлөдөн баштап ынтымакка келип, элибиз ынтымактуу болуп, жараткандан жакшы тилек кылсак, кудай бизге жакшылык нурун төгөт».

******

-Өлүгүңдү көрөйүн, иниң эмне жакшылык кылып берди, айда жылда бир келип кабар алып койбойт. Анан каадалуу иниси барчылап тим эле, бир тууганым деп калат, мына кайниңди айт алыста болсо да, ар ай сайын звонит этип, жездем кандай деп сурап турат. Бир каадалуу жездеси бар окшоп. Ой, оодарып тыштагансып жата бербей, бирөө жарымдан бир кой алып тур, кыштоодон келсе берип коёсуң, эртең апам келе жатыптыр, айда жылда бир келсе, бир кой сойбосоң уят эмеспи. Бешене тердеп шорпо ичем деп сага кызын берген, – деди. Аптоо кийинип жаткан күйөөсүн омуроолоп.

Ушул катын келгени бир туугандарымдан кол жуумай болдум, жоро жолдоштон да ажырадым, – деди Жумабай ичинен күңкүлдөп.

*****

Аңгыча көчө тараптан коммерсант келиндер келип калды, «үйдү кара мен Бишкекке товарга кеттим» деп Аптоо шашылып сыртка  чыгып кетти. Жумабай катынынын ролун аткарып үйүндө бала багып калганына бир эсе ичи ачышса, бир эсе акча кармагандан бери Жумабайды адам катарына деле көрбөй калганын катынынын түрүн көрүп «Астаапырла, астаапырла» деп жакасын карманып турду.

****

Кээде эч нерсе жок деп куру чүпүрөк менен оозун аарчып олтурган катыны апасы келгенде дасторконду жайнатып жиберди. Жаңы эле келген кайненеси аманчылыкты сурабай туруп эле күйөө баласына наалып кирди.

-Ыя балам, бу үй-тиричиликти бир элдей кылып оңдосоңор боло. Катының, өзүң деле жашсыңар, кудайга шүгүр, тууган уруктарың бар, качанга чейин  үңкүрдөй болгон ушул үйдө жашайсыңар, эки кабат кылып, бир элдикиндей үй салбайсыңарбы, – ботом,-деди кайненеси Жумабайга нааразы боло.

-Ой апа, ушул шөмтүрөгөндү, – деп жүрүп өзүм деле куруп бүтмөк болдум. Деги тиричилик кылайын, бир дүйнө жыйнайын деген ниети жок. Керелден кечке шалпылдап, товар издеп, алып сатып бирди экиге экини түмөнгө кошуп ушул шөмтүрдү багып келем деп Аптоо албууттанып кирди. Элге окшоп бирди бирге миңди түмөнгө кагыштырып акча тапканды да билбейт, мына өткөндө жер басып алгандарга кошула коюп, эки жерден жер алып, сатып жиберип канча акча таптым. Мына азыр ким өмгөкчүл болсо, митаам болсо жашап жатат. Депутаттар деле телевизордо элим журтум, деп кыйкырып коюп, өздөрү завод фабрикаларды менчиктеп алып, базарларды куруп, 40 миң долларлык машиналарды минип жыргап жүрөт.

****

«Молдо жаназада тургандарга арам оокат жегенге кызыкпагыла, бирөөнүн акысын жебегиле, бул маркумдун карызы болсо үч күбөсү менен далили менен келсе төлөп, карызын үзүп койгула» деп сөзүн бүтүрдү.   Жумабайга жаназада туруп мен өлсөм балдарым сызга батып калат го, карыздарымдан кутулам деп, ээ жараткан Алла, ушул карыз-кубаламдан кутулганча өмүрүмдү бере көр деп күбүрөндү.

****

Бийликти кетиришет имиш дегенди уккан Жумабай өзүнчө эле санаага түшө баштады. Качан тынчыр экенбиз деди Жумабай ичинде. Россияга эле көчүп кетсем окшойт. Кеч күздүн суугу бети колду каарып негедир туман басып келди. Тоо түбүндөгү бул айылдын карысы деле, жашы деле кер аяк сүйлөп, бирин бири укпай калганына анча болуп калды. Бирөөгө бир сөз айтып пикир алыша албайсын. Кайда барсаң да мамайдын көрү, нааразычылык.

****

Жумабай жаназадан чыгып ой басып, туманда үйүн көздөй келе жатты. Сайдын аркы бетинен карышкырдын улуган үнү чыкты. Жумабай астаапырла, астаапырла деп жакасын карманды. Мындай шумдук деги эле болбогон. Келип эле азыр Жумабайды тытмактап алкымдап басып жыгылчудай, улам карышкырдын жүрөк үшүткөн үнү жакындап келе жатты. Кудай жалгап мектептен келе жаткан бака шака түшкөн окуучуларга аралашып калып жан өзүнүкү болду. Илгери чоң энеси айтып берген жомок эсине түштү.

«…Илгери, илгери элден ынтымак кетип, кичүү улууну укпай, уулу атасын укпай, кичүү улууну сыйлабай бирин бири жекирип калган бир тоо койнундагы айылда эл болгон экен. Бир күнү агала сакал, ак чапанчан узун бойлуу колунда аса таягы бар адам келип, «ынтымак болгула болбосо жакын арада апаат келет силерге десе,» ошол апаат сенин башыңа келсин,- деп айылдан кубалап чыгышат. Ошондо «Эл журт менин сөзүмдү укпадыңар, ушул айылдан чыккан жаман тилектер, ыпылас иштер Аллага жете бирип, жазаңар жакындап келе жатат, эми жамандыктын алдынан улуп уңшуган үн келет, карышкыр эшигиңе келип улугандан сак болгула» деп, аса таягын такылдатып токойго кирип жок болуп кетет. Ошондон он күн өтпөй эле туман түшүп, айылдын үстүндөгү кыр тараптан карышкырлар улуп, анан эле күтүүсүздөн жоо каптап, айылдын күлүн көккө сапырып жылаңач, кызыл жаян кан кылып чаап кетет.

Ошондо тирүү калган бирөө өкүнгөн экен, эдиреңдебей ошол аксакалдан «кандай кылсак аман калабыз» деп сурап, эл бир ынтымакка келсек болмок экен деп. Катындар эркекти башкарып, бийлик кыла баштаганда эле үйүңдөн кут кетип, эркеги кул болуп, келин-кызы тул болуп каларын алар кайдан билди.

****

-Ой Жумабай, балдарды карап, кийимин кийгизип коюп, кичинесин сийгизип коюп, анан ишиңе кет. Итке атала кылып бер да, уйду саап тур, сүттү бышырып машинага тартып тур, мен шашылышмын, кеттим,-деп Аптоо сыртка атырылып чыгып, иномарка машинага олтуруп, зып койгондо апасы кейип калды.

****

-Кызым байкуш ушуларды багам деп жүрүп бир күнү ооруп калбаса эле болду. Бешенесине бир түзүгүрөөк күйөө да туш кылбаган экен жараткан. Эми мына бул шоркелдей балдарынын бешенесинде аман эле жүрсүн. Бизди да ушул кызым багып жатат. Барган сайын куру барбайт, унун ундай, чайын чайдай алып барып кабар алып турганын карачы,-деп наалып кирди.

****

Жумабайдын жалгыз иниси үйүндө наны, балдарынын бутунда кийими жок, мектепке барбай калганына анча болду. Атасы раматылык өлүп бара жатып «Жалгыз иниңе баш көз бол,окуп билим алып калдың, көз кырыңды сала жүр» деп керээз калтырды эле. Куру болсо да барып көрүп тура албаганына өкүнүп келе жатты. Элдей болом деп жүрүп эңшерилип бүттү, таап эле жаткансыйт. Бирок кайда кеткени дайыны жок.

Молдонун «кайрымдуу болгула, тууган урукка катташып, бири бириңе жардамдашып тургула, ынтымак болгула, эгер кошунаң ачка олтурса сенин ажың кабыл болбойт» дегени кулагында жаңырыктап келе жатып үйүнө жеткенин да билбей калды.

Эшиктен эми аттаган Жумабайды аялы беттен алды,

-Ой шөмтүрөгөн макоо, суу болуп, өңүңдөн каның качып кайда жүрөсүң. Силерди багам деп жүрүп шорум катты. Эң жок дегенде туулган күнүмдү куттуктап бир алтын шакек алып берип койсоң өлөсүнбү. Бөлөк катындарды көрсөң, жалпаңдап ичи койнуна кирип, эпилдеп калат. Мен шордуунун көргөн күнү ушул, эртеден кечке жепилдеп талаада жүрүп, турмуш оңолсун, жакшы турмуш болсун деп желип жортуп жүрөм. Ошентип жүрүп балдарды окутуп, муна бул сүйрөлгөн күйөө сымалды багам. Кана кечээ айлык алыпсың. Дагы ичип жок кылып, досторуңа алып берип, жанагы бир тууган сөрөйүңө берип чачып тамтыгын чыгарып келдиңби? Билбейм мен шордуунун бешенесинен окшойтко. Деги жарыбадым. Ичпей-жебей жүрүп, тириликтин жүгүн жон терим менен көтөрүп келем. Бар ошол иниңдин үйүнө кирип алчы, сени ошолор баксын. Жаман эркек тууганчыл деген ушул. Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок жүрүп туугандан айланар бекенсиң. Деги анысы да бир туугандай болсо, качан болсо оокат ашым жок, тигиним жок, мунум жок деп эле темпейип келе берет. Ой атаңдан калган там ташыңды баарын ээлеп алды, кыңк деп сөз айта албай, шөлбүрөп жүрүп энчисин да алалбаган бул кемпай деп Жумабайды жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жатты. Акыры чыдабаган Жумабай:

-Ой бай болгур, оозуңду жапчы бир аз – деп, сыртка чыга басып кетип кутулду.

-Тууганыма ушул катын турганда тыйын артабы, тапканымдын баарын берип апасын жөнөттүм. Дагы долулук кылып жатканын карачы,- деп Жумабай өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөнүп да алды. Кайда бара жатканын өзү да сезген жок. Аңгыча эле карышкырлардын улуп уңшуган үнү жакын эле жерден чыкканда, кайсыл маал экенинен дайын жок айлананын туман басып, дыбырап жамгыр жаап жатканын Жумабай эми сезди.

-Апаңды жөнөттүм,-деп милдет кылбай эле айтсаң боло. Эмне апама жол кире бере койгонуң көп көрүнүп кеттиби, тигиге кармады буга кармады деп, шылтоолоп дагы сеп эттирип алып жүргөндүрсүң. Апама бердим деп кыйратып акча берип койгонсуп. Шорум бар да, шорум бар, ушулар деп жүрүп картаймак болдум», деген катынынын наалып жатканы Жумабайдын кулагында жаңырыктап бара жатты.

Ушул катындын заары кайтканча сыртка басып келейинчи деп кулагын жапырып сыртка чыккан Жумабай туманда сай бойлоп басып жүрдү. Тыбырап жамгыр жаап кирди. Чынында эле бир кезде бирге окуган классташы келе калып, ашканага кирип бир аз олтурушкан. Көзү чалып калган го. Чынында эле катынынын туулган күнүн унутуп калган болчу. Өзүнүн туулган күнүн качан белгилегени эсинде деле  жок. Аңгыча короонун четинен карышкырдын улуган үнү дагы улуп уңшуп чыкты. Кудай сактай көр. Кудай сактай көр деп Жумабай келмесин келтирип, жакасын карманды.

Жакшы карышкыр өз жайытына тийбейт дечи эле, ушунуң чын болсо кырсык пырсыгындан сактай гөр. Бул карышкыр жергиликтүү карышкыр го. Ушуну менен экинчи ирет угушум. Кечээ да карышкырга жем болуп каламбы дегем. Кудай сактап балдарга туш болуп калып, алардын шары менен келип калдым.

****

Дөңдө олтурган карыларга Манастын китебин окуп берип жат болгон, «карышкырын улутуп, кыргыздын тукумун курутуп, келин кызын боздотуп, күлүн асманга сапырып» деген   кулагыма жаңырып кетти.  Эмне заман акыр, жер такыр болуп баратабы дейм да. Калыгул олуянын айтканы жакындап калса керек.  «Акыр заман болордо жер такыр болот, жем жегени акур болот, катын базарлык кылат, кызың азарлык кылат, эркек бала багат», деген сөздөр бар эле. Эмне болуп баратабыз билбеймин. Карышкыр улуганы бу жаманчылыктын белгиси экени ошол айкөл атабыздын тушунда эле белгилүү болгон экен да, кудай өзүң сактай көр деп сансыз ойлордун кучагында Жумабай Мырза аксакалдын үйүнө кантип барып калганын билбей да калды.

-Ассалоому алейкум, Мырза аке деди Жумабай короонун эргенчегин чечип жатып.

-Кел Жумаш келегой деп Мырза ава жылуу кабыл алды. Үйгө кирип олтурганда:

-Сизге айтар бир арманым бар эле аке, ушуну сизге айтып анан өлөйүн деп атайын келдим.

-Ок, оозуңа таш, антип айтчу эмес.Чоң эле адам да ушинтип сүйлөчү беле олтур,-деди Мырза  аке. Өлбөй житпей эле арманың болсо айт,  угайын, колумдан келсе жардамымды берейин, акыл кеңешимди айтайын,- деди.

-Бу Мырза аке замандын түрүн көрүп турасыз, ушул тириликтен жададым. Өлүп эле алсамбы десем балдарды кыя албайм, өлбөйүн десем бир өлүү жандай эле жүрөм. Катын да тилдүү чыгып, үйдө бир  эркектей болуп олтура албай калдым.

Мырза аке кыйлага ойго батып олтуруп, Жумабайдын сөзүн аягына чейин тыңдап, анан сөз учугун улады.

-Эми азыр катындардын заманы болуп калды уулум. Коргол акынды сен көрбөй калдың. «Жалын курак жаш кетти, акыл толо баш кетти, кудай урган карылык, кемпириме тилдетти» деп ырдап бизди күлдүрүп калар эле. Эми силер жашсыңар, ынтымактуу тирилик кылсаңар болот. Сага бир  маселе айтып берейин. «Илгери бир жигиттин катыны күйөөсүн кагып силкип, деги эле күн көрсөтчү эмес экен, анан кой оңолуп кетер деп жүрүп, акыры бир күн чыдабай сабыры түгөнүп, чапанын жонуна салып үйдөн чыгып баратып,

-Ой ажаан катын, ал эми тирилигиңди кыла бер  мен кеттим,- дейт экен.

-Ии барагой, сени эле сөлбүрөтүп күтүп олтурат,- дейт, сага менден башка эч ким чыдабайт, сени жан бакты кылып башына урабы, бара бер,- деп кир жууп олтурган калыбын бузбай каргап шилеп кала берет. Ээн талаа менен жол кезип бара жатса үч адам кыбыланы карап алып намаз окуп олтурушкан болот. Тигил жигит төртүнчү болуп алардын жанына олтуруп калат. Алар кечке намаз дубасын окуп, колдорун жайып дуба кылган соң өзүнөн өзү эле дасторкон жайылып төрт кесе оокат, дүйүм тамак аш жайнап калат. Баягылар унчукпай олтуруп тамактанышат да кайрадан баягы намазына киришишет.Төртүнчү кезек баягы кошулган адамга келет. Колун асманга көтөрүп: «Ээ жараткан Алла үч күн ушулардын тамагын ичтим, эми буларга шерменде кылбай тамак бере көр, берсең булардыкынан көбүрөөк бер дейт.Намаз бүтөрү менен дасторкон жайылып тамак жайнап калат, ичип жеп бүткөндөн кийин «Эми жакшы калгыла мен үйдөн чыгып кеттим эле сапарымды улайын» дегенде. Тигилер таңданып:

-Ээ, бул үйдөн чыгып кетиптир го, эми канттик. Кой, сен үйүңдөн чыкпа, биз сага кудай ынсап, сабырдуулук берсин деп тилеп оокат тиричилик кылчы элек, сен бизди ая, катыныңдын азап кордуктарына чыда, сабырдын түбү сары алтын, бизди ая деп жалынышат.

Кой эгер мен кетсем булар ачка калса сабыр кылайын кудайдын бир боору ачыр,-деп кайра үйүнө кайтып келген экен. Катыны:

-Ии эч жерге батпай, шалдырап кайра келдиңби. Айттым эле го сага менден башка эч ким чыдабайт деп. Күйөөсүн кагып силке баштайт. Күйөөсү болсо:

-Ой катын бу дүйнөнү түгөл кыдырдым, сендей катын жок экен, кыйкырып, өкүрүп бакырсаң да сен түзүк экенсиң, мени сен багып жаткан турбайсыңбы деп,- мактап кирет. Катыны жоошуп эринин алдына бир табак аш коюп, ичип бүткөнчө жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап байсап олтурат.

-Мырза аке түшүндүм, чоң аалым адамсыз, деп тунжурап олтурган Жумабай сыртка чыгып Мырза акеге рахмат айтып коштошуп үйүн көздөй келет. Келсе катыны баягы ажылдаган ажаандыгы менен  «мен сага жакпай калдымбы, кетпейсиңби, тирилигиңди кыла бер, дармээт, сендей күйөлөр көчөдө толуп жатат» деп беттен алып каарып кирет.

-Катын, укчу сенден өткөн катынды кайдан табам, андан көрө оокат берчи ачкадан өлмөк бодум,- деп үшкүрүп олтуруп калды.

-Ии, акыбалың ошол экен го, жөн эле тирилигиңди кыла  берсең өлөт белең,- деп жекирип жатып алдыга тамак алып келди. Аңгыча эшиктен бир тууган инисинин үнү чыкты эле, жеңеси күйөөсүнөн мурда чыгып «Байкең үйдө жок эле, мен да жумушума кетип жаттым эле» деп үйүнө киргизген жок. Жумабай ууртап жаткан оокаты тамагына тыгылып, астаапырла, астаапырла кудай өзүң сактай көр деп жакасын карманды. Аялы эч нерсе билмексен болуп төркү үйгө кирип кетти. Же инисинин артынан чыгарын билбей,же чыкпашын билбей:

-Жараткан Алла сабыр бер, сабыр бер,-деп олтуруп калды. Дилинде баягы ээн талаадагы үч адам Жумабайга сабыр бер деп Алладан тилеп намаз окуп жатты. Үч уулу эр жетип келе жатат. Сербейген жалгыз сары кызы да бар. Эгер балдарыма да апасындай катындар туш келип калса көргөн күнү не болор экен, ал эми кызым апасындай кыз болсо күйөө болгондун шору болот го, астаапырла, астаапырла, эмне деп жатам өзү деп өзүн-өзү сооротту. Же тууганды тааныбаса, балдарым бир тууганын тааныбаса, тайакелери менен тагаларын байкем деп өсүп калса же эл журтка барбаса, адам тааныбаса  жанагы Чыңгыз Айтматов деген жазуучубуз жазган маңкурттун өзү болуп калса кандай болор экен деп, аларды го душман жазалаган, бул менин балдарымды ким жазалаган деп айтам. Көрүмдө тынч жата албайм го. Оо заманың түшкүр кандай заманга кетип жаттык болду экен.

Кеч кирип үйүндө жатып түпсүз ойдун кучагына кабылды да калды. Маркум Асек ава айткан сөз туура болсо не болду. Ошол окуя көз алдына келгенде уйку качты да кетти.

Илгери  бир заманда бир адамдын жалгыз уулу болгон экен. Ал адам жалаң эли журтум деп, элге болсун деп иштеп жашаган адам тура. Бир күнү эле кошунасы айгай салып келиптир. «Ой кошуна жалгыз уулуң болсо жакшыраак тарбиялабайсыңбы, кечээ менин короомо кирип алып адам жасабаган ишти жасап, уурулук кылып анжиримден үзүп жеп жатыптыр. Мен жегенине каршы эмесмин, сурап жесе бербей коймок белем» деп албууттанып турду.. Баягы адам бала чагынан берки күндү көз алдынан өткөрүп бирок, бирөөнүн чырпыгын да сындырганын элестете албай коет. Ошондо кемпирин чакырып, ой кемпир сенин балаң ушундай иш кылыптыр, бул сапат сенин уругуңда болуп жүрбөсүн дейт. Кемпири да ойлонуп олтуруп уругунан ууру таппай коет да. Бир окуя эсине түшүп:

-Ээ балдардын атасы мени кечиргейсиң, мен боюмда бар кезде кошунанын дүкөнүнө кирсем эзилип бышкан анжир турган экен, жегим келип кетип, дүкөнчү ары караганда бирди алып оозума салып койдум эле, бар да кошунадан кечирим сура. Ал адам кошунасыныкына кирип, кошуна бул иш менин баламдан эмес экен, менин катыным ушул балам боюнда бар кезинде сиздин дүкөнгө кире калып, сиз  сатып жаткан анжирден бирди жашырып ала коюп оозуна салып алган экен. Сиз менин катынымды кечиргей элеңиз дегенде. Тигил кошунасы кечирдим, кечирдим, эгер ал күнөөсүн мойнуна алган болсо дейт. Ошол күндөн бала бирөөнүн  мүлкүнө кол тийгизгенин токтоткон экен.

Ал эми менин катыным ажаан болуп алдастап мени менен урушуп жүрүп ушул балдарымды төрөдү эле кудай сактай гөр, эгер апасын тарткан балдар болсо менин наамыма наалаты келди дей бер деп жаткан жеринде жакасын карманды. Жакасын карманып кудайга  жалынып жаткан күйөөсүн көргөн катыны:

-Эмне кудайың көзүңө көрүнүп жатабы, же жан алгыч келип жаныңды алганы жатабы? Жакаңды кармап калыпсың деп ажылдап кирди. Бирок, анын сөзү кулагына деле кирбей өзү менен өзү болуп балдарынын келечегин ойлой берди.. Анан айылындагы кошуна колоңдору, айылы жөнүндө ойлоно баштады, деги эле бирөөгө бирөө кайрылган, кайрымдуулук кылган жан жок, баары эле акчанын артынан түшүп акча деп калган. Колунан иш келгендин баары чет мамлекетте. Колунда барлар казино, барларда,  бирин бири тономой, өлтүрмөй. Байлыктын артынан түшкөндөр.  Жалганчы, жалгандан эле элим, журтум деп кыйкырып, мингендери мерседес, эли журтуна тыйынчалык кызматы жок. Мен бийликке келсем эле жыргатам дегендер. Ал эми колунда жоктор тилемчи, ичкилик ичкен алкаш, өлгөндү эле арактан өлүптүр деп кеп кылмай. Жер да жаман адамды жараткандан  албай тур, бул өлүп келсе мени да булгайт деп улам сурап турар экен. Ошондон жаманды кудай да албайт деген сөз калган тура.

Ушул айылдын куту болгон карыя өлгөнчө алкаш, жанагы эл бузар, байлыкка манчыркап кудайды тааныбай калгандар өлсө жакшы болмок деп учу кыйры жок ойлордун кучагында алп урушуп  жаткан Жумабайды «Ой өлүгүңдү көрөйүн, кыйратып салгансыбай турбайсыңбы, элдин алды эки тойгончо уктабай деген» катынынын сөзү болбогондо дагы канча жатат эле ким билет.

-Эшикте мерседес минген Манапбай туруптур:

-Ой Жумаке районго барып бер, тамак-ашыңды, жол киреңди төлөйбүз, тыйын тыпыр аласың, акимди кетиргени жатабыз,-деди. Жумабай нес болгон боюнча катты да калды.

-Ой Маке ушуну шөлбүрөтүп эмне кыласың, мына өзүм барам, Жумакең мал-келди карасын,-деди катыны чечкиндүү. Ал күнү акимди кетирүү демилгеси районго чогулгандардын аз болуп калганынан болбой калды. Манапбай дагы бир жигит, анан Аптоонун курбусу бир машинага олтуруп, айылга сапар алышып, райондун борборунан чыккандан кийин Манап сөз ыргыта баштады.

-Өлбөгөн жанга бир маяевка кылып, бир аз эс алып олтуруп кетсек кандай дейсиз,- деди Манап.

-Эми аны билген кайнилер болсо кана,- деп Аптоо шаңкылдап коё берди. Тез эле машина асфальттан чыгып тоо тарапка бурулду. Шар аккан суунун жээгине келишип, күн мурунтан даярдалган төшөнчү орунду салышып, дасторкон кенен жайылды, арак шарап дегендей, эки бөтөлкө коньяк коюлду. Манап менен бирге жүргөн жигит ойда ырдайт экен эки келинди тим эле элжиретип жибитип жиберди. Ырдын кезеги Аптоого келгенде жаңы ырды ырдап олтурушту дагы жандантты.

Төрт бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк ичилип бүткөндөн кийин Аптоо Манап менен курбусу тигил жигит менен эки тарапты көздөшүп суу бойлоп сыр алыша басышты. Тулаңдуу жерге келгенде Манап Аптоону кучактап өпкүлөп чөптүн арасында экөөсү камыр жумур болуп ооналактап жатышты. Анан эле Аптоо жанга жагымдуу үн менен онтоп кирди. Ан сайын Манап күч алып күшүлдөп бышылдап, жалбарып жалынып, аймалап аракеттенип  жатты.

****

Жумабай эчкилерин айдап келип короого киргизип, үйгө киргенде кара чечекей жалгыз иниси ооруп ооруканага келип жатып калды деген кабар келди. Эптеп эрбейген кызы менен оокат кылып алып, ооруканага барып келди. Аптоолор ал түнү келбей калышты. Мынадай көрүнүш бул үйгө жаңылык эмес эле. Ал түгүл Жумабай иш менен талаалап кетсе эле Аптоо табышчу менен тез эле табышып алчу. Кечиктиң, үйгө эмнеге кеч келдиң дей турган болсо эле кутулбас балээге ошондо калып жүрүп, унчукпай тынч жашоого өткөн Жумабай бул ирет деле үч күндөн кийин келген катынына унчукпай кутулду.    Аягы суюк болуп баратканын күйөөсү сезсе да ажылдаган катындын бет тырмачылыгынан тынчыраак жашоо ага жакшы эле.

****

Түндө уктаган жок, түркүн түмөн ойлор менен алпурушуп эле жатты. Денеси аракка ууланган Аптоо күйөөсү жанында бар жок экенин да этибарга албай сулк жыгылып уйкуда. Чарчаган го деди ичинде Жумабай. Эмне жумуш кылып чарчаганын ойлогусу да келген жок.

Негедир үйдүн эле жанынан карышкырлардын улуганы угулду. Аптоо чоочуп ойгонуп:

-Ой шумдугуң кургур карышкыр улуп жатабы, үйдүн эле жанына келип алган го бул өлүгүңдү көрөйүндөр, ой солдойбой бир эркекке окшоп эшикке чыгып, мал келди карап кой, эшик ачык калса төрт эчкиңди, жалгыз уйду тамактап салбасын деп Жумабайды булкулдатып жатты. Таңга маал көзү илинген Жумабай сыртка чыкса айлананы туман каптап, күздүн суугу күчүндө экен. Карышкырлар туманда ойгонот дечү атам. Адам болуп жаралганы мындай шумдукту көз менен көрүп, кулак менен укканым ушу. Жомокто айтылчу эле, турмушта деле болот тура. Короонун оозу жабык, иттен кабар жок, ал деле бир жамандыктын болорун сезип качып же бекинип калган го.

*****

Эртеси айылда карышкырлар айылга түшүп келип калганы жөнүндө уу-дуу сөз болуп жатты. Мечитте намаз окулуп бүткөн соң  айылдын имамы, «Агаин туугандар өткөн кеткен, жакын тууган уруктарыңыздарга куран окуп, зыярат кылып тургула, арбак ыраазы болмоюн тирүүлөр жарыбайт» деген сөз бар. Арбакка сыйынбайт, бирок зыярат кылып куран окуп туруу парыз. Өтүп кеткен ата-энелериңерге багыштап эртели кеч куран окуп эскерип тургула. Адам качан өлөт билесиңерби, адам качан урпактары эскербей койсо өлөт, андыктан өткөн ата-бабаларыңарды эскерип, көрүстөндөрүнө зыярат кылып тургула» деп акыл насаатын, Курани каримдин сүрөөлөрүнүн маанисин айтып жатты. Мына ушул сөз Жумабайдын жүрөгүн дагы ачыштырып өттү. Ата энесинин кабырына барып бир жолу да куран түшүргөн жок, ал түгүл аялы айылына бут басып барбаганына отуз жылга жакын болуп калыптыр, тапкан тутуканы бүт эле төркүнүнө, Ошко кетип жатты. Ушул катындан тажадым. Өлүп кутулат окшоймун, элдин турмушун көрүп уяламын, ата энесине аш берип жатат, эстеликтерди коюп жатат. А мен болсо эмне кылып жүрөм, катындын бала бакчасынын башчысы болдум да калдым.  Ошонун заар үнүн укпайын деп жандалбастаймын. Ал деги ыраазы болгон пенде болсо гана. Ушул ойлордун кучагында олтурганда мечитте Жумабайдан башка эч ким калбаган эле. Молдо өткөн кеткендерине куран окуп олтургандыр деп сыртка жалгыз таштап чыгып кеткенине анча болду.

Үйүнө келсе тополоң, катыны улуп-уңшуп ыйлап олтурат:

-Ой тынччылыкпы деги,- деди Жумабай.

-Эй атаң тирилип келе тургансып эле мечиттен чыкпайсың, элдин баары качан эле келген, сен жоксуң. Бол бачым, тез камдан агамдын баласы авариядан каза болуптур, барбасак болбойт деп шолоктоп сыртка чыгып кетти. Жакынкы эки жылда эле Ошко деп ушундай жамандыкка жети-сегиз жолу каттадым деп санаага батып турган Жумабайга кимдин кесири тийип жатат билбеймин.

-Эмне кылыш керек, эмне кылыш керек эле беш алты миң акча табыш керек, бир жылкы алыш керек.

****

Батага Ошко жөнөйбүз деп турган түнү кырсык болбодубу. Кечке жуук нөшөрлөп жааган жамгыр бир эле сааттын арасында селге айланып, бүт айылды каптап сел алып, короо сарайын мал кели менен алып кетти, кошуна колоңдор түнү менен ызы чуу түшүп уктабай чыгышты. Үйдөн обочороок дөңсөөгө түнкүсүн адамдар толуп чыкты. Айыл айыл болуп жаралганы мындай шумдук болгон эмес, ондогон үйлөргө ылай толуп, ондогон үйлөрдү суу тешип өтүп кетти. Баарынан да Жаки жетимченин үйүнүн ичине таш толуп, тамдын төбөсү эле калыптыр. Жумабайдын үстүндөгү жылгадан мындай сел кетет деп деги эле эч ким күтпөгөн. Аптоо экөөсү түнү менен үйдөгү тапкан оокат ашын сыртка ташып, балдарды кийизге ороп жаткырып тынган жок. Жамгыр да, сел да күн аркан бою көтөрүлгөндө басылды. Бирок жылга толо кыпкызыл суу таш агызып кулдурап  агып жатты. Түптүү алманы түбү менен жулуп агызып, ал эми менчик машина техникаларды агызып ылайга алып барып бүктөп салыптыр. Кой эчкилердин буттары сырайып, биринин буту, биринин башы чыгып сай толуп жатат. Дагы кыйласы суунун шары менен кеттиби дайынсыз. Эң башкысы  жан аман калганы. Чүй тарапта мындай апааттын болушу биринчи ирет. Мал болсо табылар жандын аман калганына да шүгүрчүлүк кылышып элдин үрөйү учуп турса тамдан кур жалак калган Жаки ичип мас болуп келип алып дөңдө тургандарга акыл айтып булдуруктап турду. Айылдын молдосу жакасын карманып келме келтирип жатты.

Дал ошол учурда дагы Чоң-Сай тараптан карышкырлардын улуган үнү чыкты. Ал эми Аптоо болсо улуп уңшуп же Ошко барарын билбей, же үйү толо ылайды тазалашын билбей күйөөсүнүн жанында бышмыйып шолоктоп турду. Жумабай да элдин ичинде нес болуп катып турду. Бишкектен куткаруучулар келе жатыптыр деген кабар келди. Алыстан карышкырлар улуп жатты. Дөңдө тургандарга молдо:

«….Эй бурадарлар жан аман калганын Алланын мээрими деп түшүнгүлө, жаманчылыкты аманчылык жеңмеги бар. Ниетти оңдогула, беш убак намазга жыгылгыла, ичкилик ичпегиле, бирөөгө кара ниеттик кылбагыла, жаман ойлордон алыс болгула, жердеги бүткүл кара ойлорду да, жакшы ойлорду да жараткан Алла кабыл кылып, ошого жараша бизге жакшылыкты, жамандыкты да жиберип турат, эгер жаман ойлорубуз көп болуп, элдин ынтымагын кетирип, ичтен чыккан ийри жылан болуп, бири бирибизге асыла берсек, ичкилик ичсек, катын кыздарыбыз бузулса ошого жараша кудай да бизди жазалап коёт, ошондуктан үй-бүлөдөн баштап ынтымакка келип, элибиз ынтымактуу болуп, жараткандан жакшы тилек кылсак, кудай бизге жакшылык нурун төгөт, андан көрө сабыр кылгыла, сабыр» деди.

Жумабай сел алган үйүн карап туруп көңүлү чөгүп башы айланып бара жатты, өзүн жанында сүйөп коёр адам жоктой жалгыз сезди. Ушул айылдын карысынын өлүшү менен биздин айылдан кут кеткен экен деди. Дагы дыбырап жамгыр жаап келди. Кудай өзүң сактай гөр. Карышкырдын улуган үнү угулду.