Абдыманап Бакыев: Чечилбеген түйүндөрдү заматта, Ажал гана чечип коёт акыры

“Китеп көрсөм атамды эстейм, анткени атам акын эле”
Күн өтө берет… Мен үчүн бул сөздүн маанисин түшүнгөн күн 2018-жылдын 15-июнуна туура келди. Бул күн менин атам үчүн акыркы күн болсо да, андан кийин деле күн өтүп жатат. Буга чейинки майда-чүйдө жетишпестиктер эч нерсеге арзыбайт тура! Мындан ары “Сен бактылуусуңбу?” – деген суроого эч качан: “Ооба” деп жооп бере албайм го… Анткени ар күнү эрте менен ойгонгондо “атасыз дагы бир таңым атты” деген ой башыма кылт этип келе берет да, атама болгон кусалыгым күчөй берет. Себеби бактагы алма-өрүктөр, тал-теректер атамды эске салат, анткени атам багбан эле. Кайсы жерден газета-журнал, китептерди көрсөм, атамды эстейм, анткени атам китепкөй эле. Китеп ачсам, атамды эстейм, анткени атам акын эле. Мектепке келсем, атамды эстейм, анткени атам мугалим эле. Азанды уксам, атамды эстейм, анткени атам жайнамаздын үстүндө теспе тартып отуруп, түбөлүк эс-учун жоготкон эле. Ооруканага барсам, атамды эске салат, анткени атам оорукчан эле. Асманды карасам, атамды эстейм, анткени атам жайлоодо жылдыздарды карап, эшикте жатканды жакшы көрөр эле…
Атамдын көзү өткөндөн кийин артында эч кандай заңгыраган үй, эч кандай кымбат баалуу машина, эч кандай банкта акчалары калбаптыр. Бирок кайсы бөлмөгө кирбегин газета-журналдар, адабий, илимий, дин жөнүндөгү китептер көзгө урунат. Мен үчүн мындан өткөн байлык барбы! Алардын ар биринде атамдын элеси, мээнети, жыты калыптыр. Ооба, жыты. Китептерден атамдын жыты келет, ишенесизби?!
Атамдын ыр жазып жаткандагы өзгөчө обонучу! Эненин бешик ырындай уккулуктуу ошол обон менен далай уктап, далай ойгондук. Себеби атам күндүзү мектепте иштегендиктен, ырларын эл жатканда, же таң эрте туруп жазчу. Ошондо поэзиянын сыйкырдуу дүйнөсүндө ырахаттанып, эргүүнүн канаты бүтүп, көккө сабалап учуп, өзү билген бир обонду кыңылдай созуп олтуруп жазчу. Ошол обонун унутуп калбайын деп, дилимде көп кайталайм. Атамдын бала кезимден жытыккан жытын да унуткум келбейт. “Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү”, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери тагылган костюмун жыттасам, көзүмдөн токтобой жаш агат. Атамдын жыты ушунчалык керемет экенин мурда эмнеге сезбедим экен. Күнүмдүк тиричилик менен шашып келип, кайтып кетип баратканда (азыр ойлосом) жаш баладай ээрчип узатып тиктеп калчу атамдын көздөрүн эми түшүнүп жатпаймынбы.
Дагы бир нерсе, Чыңгыз Айтматов менен атамдын туулган күндөрү удаа болчу. Жыл сайын жазуучунун урматына ачык сабак өтүп, эртеси атама коңгуроо кылып: “Ата, туулган күнүңүз менен! Кечээ мен сизге арнап ачык сабак өттүм!” – десем: “Жакшы, кызым, рахмат!” – деп кубанып калар эле. Азыр ошол жоругумду эстесем, бирде күлкүм келет, бирде ичим ачышат. Атама болгону ачык сабак арнапмын.
Атам бизди таштап кетерден эки ай мурда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата облустук семинарда өткөн сабагымды баштан-аяк айтып берсем, эмшеңдеп ыйлап отуруп укту. Атам ай, жан дүйнөсү жаш баланыкындай таза, сезгич эле.
Атам төрт гана ыр жыйнагын чыгарып, бешинчисин даярдап койгон болчу. Азыр апам ошол китептерин, жарыяланбаган чыгармаларын күндө барактап окуп, боздоп ыйлайт.
Өх-х, мен атамды канчалык сагынганымды айтып жеткирүүчү сөз кыргыз лексикасында жарала элек болсо керек.
АТА, мен сизди сагынган бойдон жүрөм…
Бакыева Анафия
Алай району №34 А.Жээнбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

“Ыр дүйнөгө кеч келгем”

Колуна кечигип болсо да калем кармап, өмүрүнүн акыркы чейрек кылымын ыр жазууга арнаган элеттик таланттуу акын Абдыманап Бакыевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Ал өмүрүн Алай районунун тоолуу айылында өткөрүп, 40 жылдан ашуун мектепте иштеди. Балдарга арналган өмүр, көп боёктуу табигаттын кучагында жашоо, адамдык терең сезимдер, көркөм чыгармаларды казып окуу чыгармачылыктын ичте бугуп жаткан шыгын ойготуп, орто жаштан өткөндө колуна калем карматкан. Балалыктын тунук башатын, байчечекей сүйүүсүн, өзүнүн кайталангыс адамдык тагдырын баяндаган ырларды жазып, 5 жыйнактын автору болууга үлгүргөн. Анын чыгармалары адабий журтта бааланып, 2008-жылы Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Ал мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге окурмандар арасында акын катары дагы белгилүү болгон. Чыгармалары газета-журналдарга жарыяланып турган. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы 1999-жылы “Ыр дүйнө” деген ат менен жарык көрдү. Ошондой эле “Ата конуш – ардагым” (2005), “Турмуш тундурган ойлор” (2010), “Жол аягы – акырет” (2011) аталыштагы китептери басмадан чыккан. А.Бакыевдин айрым ырларына Сатыбалды Исмаилов, Замир Сарыбаев жана уулу Кантөрө Бакыевдер обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.
Элеттик акындын 75 жылдыгына карата айрым ырлары менен окурмандарды тааныштырабыз.

Сүйүү баяны
Он бештеги кыз болчусуң анда сен,
Келе жаткан эми чыгып чырайың.
Ак бантикти байлап алсаң чачыңа,
Окшоп калчу назик гүлгө ырайың.

Кармай албай бир кездеги жаштыкты,
Аттиң десең, адам алы чамалуу.
Ак бантикти ак жоолукка алмашып,
Калыптырсың келин болуп балалуу.

Дагы жылдар сызып өтүп арадан,
Ак түшүптүр чачтарыңа бириндеп.
Коңур тартып өзгөрүптүр үнүң да,
Уккулуктуу назик эле дирилдеп.

Неберелер эрмек болуп өзүңө,
Энекелеп тегеректеп алыптыр.
Жалгыз гана жүрөгүмө чок салган,
Каректериң өзгөрбөстөн калыптыр.

Ыр дүйнө
Ырларыма кеч жолуктум, кеч келдим,
Ырсыз далай жылды куру өткөрдүм.
Азабына түтсөм азып өңүмдөн,
Ырахатын татып көркөм сөздөрдүн.

Мен досторго, достор мага эш эле,
Ырларымдан окуп берчи дешчү эле.
Жаралсам да жаштайымдан ырга ынак,
Акындыкка башбакканым кеч эле.

Ыр дүйнөсүн аралаймын чер жазып,
Ыр дүйнөсү жашыл аалам көгөргөн.
Жылуу бир сөз угамын деп күтпөймүн,
Ырдын баркын билбеген бир түркөйдөн.

*****
Акылсыздар өз айтканын эп көргөн,
Акылдууну курттай үңүп жеп көргөн.
Ай-ааламга даңкы сыйбай турса да,
Арсыз бирөө Гомерди да жек көргөн.

Жакын болбойт нааданчылык, эстүүлүк,
Аралыгы асман, жердей алыстык.
Адамзаттын жашоосунда эч качан,
Наадандардан болгон эмес калыстык.

Акылдуунун баскан жолу урагыс,
Бирок ага сейрек көңүл бурабыз.
Акыл айтса аз да болсо тыңшабай,
Өзүбүздү өйдөсүнтүп турабыз.

Акыл-курал, ташка чапсаң кетилбейт,
Эл ичинде акмак болуп эсирбейт.
Акылманы болбогон эл мүңкүрөп,
Өз алдынча өсүп-өнүп жетилбейт.

Жубайыма
Биз турмушка убактылуу жаралып,
Барган сайын азаюуда аралык.
Адамзаттын өмүр арты-айрылуу,
Айрылышка ак жол басып баралык.

Убада-шерт аткарылып биз менен,
Жакшы мурас калсын артта биздерден.
Кимдигибиз маалым болот эмеспи
Турмуштагы биз калтырган издерден.

Түйүн
Түйүн болот кыл арканда, жиптерде,
Түйшүк болуп жүктү унаага жүктөрдө.
Түйүн болот жакшы иштердин алдында,
Жамандыктын белин кайрып бүктөрдө.

Дыйкандардын көзүн көккө каратып,
Тамчылабай түйүн болот жамгыр да.
Бакыт күткөн адамдарды түнөртүп,
Чечилбеген түйүн болот тагдыр да.

Түйүн болот көңүлдөргө чок салып,
Ажыраткан эки достун арасын.
Түйүн болот калыстыкта кээ бирде,
Айыра албас агы менен карасын.

Түйүндөрдү чечүү үчүн жан үрөп,
Адам жашайт жетип-жетпей акылы.
Чечилбеген түйүндөрдү заматта,
Ажал гана чечип коёт акыры.

Эргүү
Жадырап-жайнап жаз болуп келчи,
Каркылдап учкан каз болуп келчи.
Сүйүүгө куса жүрөккө дабаа,
Сулуулар күткөн наз болуп келчи.

Жагымсыз ойго жай бербес болуп,
Көңүлгө орноп саз болуп келчи.
Келегөр эргүүм, койбогун келбей,
Сергитчи жанды сыдырым желдей.

Мени алса тагдыр алсынчы, бирок,
Эргүүдөн тапкан ырларым өлбөй,
Артымда калса айтылып ооздо,
Арманым болбос жатсам да көрдө.

Махабатты кече албадым
Канча жыл сага деген үмүт улап,
Эсепсиз күндөр өттү убап-чубап.
Канча ирет бак-дарактар жашыл кийип,
Күз келип, жалбырагы түштү кулап.

Оюмдан күнү кетпей, түнү кетпей,
Белгисиз тагдырымды барам беттей.
Өзүңө теңей албай эч бир кызды,
Өмүрүм өтөт окшойт жетип-жетпей.

Сагындым жаным сени, санаам ырбап
Жаштыктын гүлгүн кезин өзүңө арнап.
Келемин махабаттын ээн чөлүндө
Тамчы суу көздөн учуп тилим кургап.

Өкүнүч
Жашыл төр бетте жай басып,
Гүл терсек колду кармашып.
Калчу элек кээде тиктешип,
Каректер менен арбашып.
Закымдап өтүп бул өмүр,
Заматта кыркты барды ашып.

Жаштыгым аруу таза эле,
Булутсуз көктөй кири жок.
Жаш кезде жаркын кыздардын,
Картайган кезде бири жок.
Жайкалган жашыл талаада,
Жайнаган гүлдүн түрү жок.

Бурулуп кайда учту экен,
Булбулдун мукам үнү жок.
Жаш өтүп алга баруучу,
Өткөнү артта калуучу.
Таң нуру менен жаруучу,
Жалындуу ысык сүйүүдө,
Кээ бирде болуп кагышуу.

Карашпай калып азыраак,
Кайрадан ынак табышуу…
Кайдадыр узап кеткен соң
Кайрылбайт тура, кап, ушу!