Абдужапар Аскаров: Сөз айтсак ыйлап ийчүдөй, Унчукпай турдук, унчукпай…

*****

Каректен аткан мылтыктай

Же сенден, менден үн чыкпай,

Сөз айтсак ыйлап ийчүдөй,

Унчукпай турдук, унчукпай…

 

Бир туруп бөлөк арабыз,

Айрылыш жолду курабыз,

Жер бизди бириктирчүдөй,

Жерди эле тиктеп турабыз…

 

Сүйлөшпөй бастык кадам суз,

Сүйүүнү көмдүк анан биз…

Жапжалгыз, жолдор турса да

Бир жолдо баспас адамбыз.

 

“Кош” дедиң көзүң жаш болуп,

“Кош” дедим сөзүм пас болуп,

Көрүндү көзгө дарактар,

Көрүстөндөгү таш болуп…

 

Көз жаштар акты көңүлдөн,

Көрүшпөс болдук өмүрдөн,

Бул бакта биздей коштошуп,

Канча бир сүйүү көмүлгөн….

 

Муңайган жан жок биз өңдүү,

Курчаган ойлор күмөндүү,

Сүйүүбүз бактан башталган,

Бактардан кайра түгөндү…

 

Коштошуу

Сени менен жолукканым бакыт да,

Акыркы ирет көргөн кандай кейиштүү.

Ары бери жетелешкен ансайын,

Бактылуулар жан дүйнөмдү эзишти.

 

Мага тагдыр ыраа көрбөй ашыкты,

Айрылууда карек тыз деп ачышты.

Көңүлүмдөй үзүлгөндө жалбырак,

Көңүлдүүлөр тебелешип жатышты.

 

А биз үнсүз, бир даракты тиктедик.

Ачылбаган ойду каттык, бүктөдүк,

Көзүң жумсаң кош кирпигиң ичинде,

Бараттым мен бырчаланып бүктөлүп.

 

Бир олтуруп эки башка ааламдай,

Унчугушпай мелтирейбиз жай гана.

Жашыл түсүн боз аралап күз келип,

Өңү өзгөрүп кеткен тура айлана.

 

Жаман ойдо болбосом да, айла жок,

Бактылуулук өтүп кетти неликтен?

Ортобузда кетпей турган сүйүүдөй,

Кетпей турду алдыбыздан көгүчкөн.

 

Жай соккондой аялуу бул жүрөктөр,

Жай баракат өттү ошондо мүнөттөр.

Жалбырагы күбүлсө да турмуштун,

Баригинен түшпөйт биздин тилектер.

 

Сагынуудан таң атпаган түндөрдө.

Бир болууну сен да мендей тилеп көр…

 

Кеттим

Мен сүйүүнү кырккым келди кайчылап,

Мамилеңден сезимдерим жанчылат.

Сен сүйүүнүн ыраагына кеткен соң,

Менин сүйүүм агып бүттү тамчылап.

 

Курган элем, сени күткөн мүнөттөн.

Куюлганча көздөн жашым жүдөткөн.

Бөлүнүшүп жаңы үйлөнгөн бүлөдөй,

Жупсуз сүйүү кетет эми жүрөктөн.

 

Эчен, эчен бактысыздын бириндей,

Биз да өтөбүз башкаларга билинбей.

Сүйүү бүтөт бул таарыныч артынан,

Намыстанып сага кайра ийилбей.

 

Эскеришке эч нерсеңди калтырба,

Эмкисинде жолдоруңду тар кылба.

Өчкөн шамдын билигиндей түтөсөм,

А сен күйүп күн көзүндөй жаркылда.

 

Ойлобогун, кайра келет деп күтпө,

Эрксиз элем, эрктүү болдум, өстүк го.

Бир очокто күйө албаган от сындуу,

Кайык эмес, кеме минип чөктүк го.

 

Кеттим сенден! Ооба, кеттим, мен кеттим.

Көкүрөктө көккө жетер теңдеш муң!

Биз кайрадан жаралсак бул жалганга,

Балким сага кайра кайтып келбесмин.

 

*****

Турмуштун өксүк жагын,

Туура деп адашасың.

Жүрөктүн жүз бөлүнгөн,

Көтөрүп жаракасын,

Кадамың салкын шилтеп,

Башкага баратасың.

 

Кыйкырык ичиңдеги,

Кыйроонун башталышы.

Сүйүүнүн бүтүндүгү,

Дүйнөнүн сакталышы,

Жаныңда жандап баскан,

Мен эмес башка киши.

 

Тагдырга таарынып көп,

Түкүрүп келечекке,

Моюнумду толгоп өтөм,

Сен тийчү ошол күндө,

Кыямат болсо экен.

 

Кадамдар баспаса экен,

Жамгыр, кар жатпаса экен.

Той болор ошол күнү,

Күн дагы батпаса экен.

Колуктуң салган үзүк,

Колуңа батпаса экен,

Тоюңа кийер көйнөк,

Көөнүңө жакпаса экен.

 

Токтотуп калсак экен,

Дүйнөдөн кыяматты.

Көкүрөк көтөрө алгыс,

Көңүлгө ыза батты.

Сүйбөсөң эгер мени,

Сен эмне кыжаалатсың?..

 

Тик карап алды жакты,

Багынбай күрөшөмүн.

Маңдайга жазганга мен,

Каршымын, тирешемин!

Аттиң ай, билбейсиңби?

Бактыбыз бир экенин.

 

Акым жок ушул күндү,

Кыямат атабаска.

Ант ичем. Ант ичкин сен,

Дүйнөдө жашабаска!

Жүрөктү кыркка тилип,

Учтарын жасап аска,

Кандарын ташка агызып,

Мойнумду сунуп акка,

Кетемин сен келбесең…

Андыктан аруузатым,

Акыркы жолу сени,

Чакырам махабатка.

 

Көрбөйүн нур жүзүңдү,

Кейпинде ыза баткан.

Дүйнөнү сактап калчы,

Эртеңки кыяматтан.

 

Дүйнөмдү сактап калчы?!

 

Көчөлөр

Көчөлөр ийри-буйру, таштак, асфальт

Канча көз туманыңан жашып жүрөт,

Жолдуунун күнү чыкса бир башыңан,

Кызарып күнүм сенден батып жүрөт.

 

Бакытым издеймин да таш көчөңөн.

Жайды кыш, кышты өткөрүп жай кыламын,

Жолуңан бирөө сенин бакыт тапса,

бактыман а мен кайра айрыламын.

 

Күнүмдү силер гана бийлейсиңер,

Бир кылым жарым эле мүнөтүңдөй,

Көчөлөр мен чиймелеп балалыкта,

Үй тарткан альбомдогу сүрөтүмдөй.

 

Мейкиндин тээ бурчунда жүргөн менен,

Адамдар кай бир жерден кезигишет.

Бактыңды артып кеткен жакындарың,

Балбылдап жат көчөдөн көрүнүшөт…

 

Эч кимди кезиктирбес жолдо басып,

Из салып жүрөм бийик аскаларга.

Тар жолуң мендик болуп кала берсин,

Тепсетпе издеримди башкаларга.

 

Жалгыздын жоготору жолу гана.

Күтпөймүн, эч ким келбес каршы басып,

Түгөнүп бүткөнүмдө калам кулап,

Көз жашым гүлдөрүңө тамчылатып.

 

Менде жок, арман муңум укчу кишим,

Мен өзүм кулап, туруп кете берем,

Бакытты издей берем караңгыда,

Бирде түз, бирде таштак көчөң менен.

 

Кечиргиле

Караңгы бөлмөдөбүз, карарган он төрт үмүт,

Караңгы бүгүн бизге, анан да өлкөбүздө,

А бизге жашоо ширин, күрөшүп жанды бакмай,

Оолуккан чиринди сөз, оорукчан өпкөбүздө.

 

Уялам, чөгүп жаткан мекенди карап турам,

Үй, унаа кыялымда он күндүк кумарымдын,

Жүздөгөн кеме сүзгөн чеги жок океанда,

Кулашын көрүп турам, калаксыз турагымдын.

 

Бармактай ордуңду да башкалар тийбесин деп,

Кулабас таштар менен оронтуп коё албадык,

Кечиргин апакем ай, кечир сен өлкөм бизди,

Белиңер оорук тарткан, балаңар боло албадык.

 

Болгону төрт-беш киши, боз үйүм өрттөп анан,

Тамагың бузуп жаткан, ташыңды сатып жаткан,

Алардан төмөнмүн мен, желелер, телелерден,

Болбогон ушактарга бармагын басып жаткан.

 

Кечир, оо, кечиргиле кейиген кепем менин,

Апакем, атакем да сакайтпайм жараңарды,

Керектүү кезде тентип тоюуга аш издеген,

Кечирбей койгулачы, керексиз балаңарды.