Абдулазиз Мамбетбакиев: Асан менен Хасан

Асан менен Хасан

Бар экен жок экен, ач экен ток экен, өткөн замандардын биринде Асан кембагал менен Хасан деген бай-манап болгон экен.

Бир күнү Асан көчөдө бара жатса Хасан байдын ити чуркап чыгып Асандын аягын тиштеп алат. Ачуусу келген Асан итти таш менен урат, таш башына тиет да ит жан берет.

Асандын бул кылган ишин көргөн Хасан бай казыга барып арызданат. Параланган казы ошол замат Асанды айдап келтирип тике тургузуп суракка алат:

—Ой, чапаны тизесинен ашпаган неме! Сен эмне үчүн кыштагыбыздын урматтуу адамы Хасанбайдын итин күнөөсүз өлтүрдүң?

—Мартабалуу казым! — деп жооп берет Асан: —Мен байдын итин бекерден өлтүргөнүм жок, ал менин бутумду тиштеп алды. Мына бул калтырган тагы, кандын изи турат. Жаным ооругандан чыдабай таш менен уруп өлтүрдүм. Атайы өлтүргөнүм жок. Кабаган итти бош коё берүү албетте, туура болбосо керек таксыр, — деп Асан жооп кайтарат.

—Ой, кедей, сен күнөөңдү мойнуңа алуудан баш тартып жатпайсыңбы? Сен башка көчөдөн өтүп жүрсөң бул иш болмок эмес. Ал ит байдын мал дүйнөсүн каракчы уурудан сактоочу. Экинчиден, ислам шарапаты боюнча жандуу нерсени күнөөсүз өлтүрүү чоң кылмышка жатат.

Мына ошондуктан мындай өкүм кылынат, — деп казы кагазга жазганын окуй баштайт:

“Урматтуу Хасан байдын итин күнөөсүз өлтүргөндүгү үчүн күнөөкөр Асан бүгүндөн баштап иттин ордуна Хасанбайга иштей баштайт”. Казы мөөр басылган өкүмдү Хасан байга берип Асандын аягына кишен салып жолго салат.

Ошентип Асан Хасан байдын дарбазасынын алдында бир канча ай байланып, тамак-аштын ашкандарын жеп күн өткөрө баштайт.

Бир күнү уурулар байдын короосуна уурулукка кирет. Жакшы жорго атын алып кетет. Бул окуя болгондон кийин Асан, байланып турган жеринде үрө баштайт. Бирок үйдөн бир да киши чыкпайт. Намаз окууга эрте турган Хасан бай жорго атынын жоктугун көрүп Асандын жанына чуркап келет.

-Ой, бузук десе! Жакшы күзөт кылбай атты ууруга алдырыпсың деп Асанды тепкилейт.

-Бай, таксыр! — дейт Асан. Мен өз милдетимди аткардым, ит катары үрдүм. Бирок силер сыртка чыккан жоксуңар. Хасан бай дагы ачууланып:

-Неге адамча сүйлөп ойготподуң, — деп Асанга камчы салат.

-Урматтуу бай, мен сизге ит болуп үрүп кызмат өтөөгө укуктуумун деп Асан жооп берет.

Хасан бай мечитке барганда түндө болгон окуяны казыга айтат. Казы болгон окуяны угуп, жалган сөзгө ишенип, шариат китебин ачып Асан итти келтиргиле дейт.

Асан келгенден кийин казы!

-Ит Асан, сен Хасандын атын жакшы күзөткөн жоксуң, анын жоголуусуна сен себепчисиң. Эми түндө иттин кызматын аткарасың. Күндүзү ат ордуна арабага кошуласың, — дейт Казы.

-Казы акунум, — деп Асан сөз баштайт, — итти соттошту шариаттын кайсы китебине жазган экен. Адам катарынан чыкканды иттей соттоо инcандар алдында уят болбойт бекен? Сөзгө жооп айта албай казынын бети кызарып кетет. Ошондой болсо да өкүм өкүм боюнча калат. Эми Асан күндүз ат, түндө ит болуп өмүр сүрө баштайт. Бир канча жума өтүп Хасан бай бир күнү базарга барууга камданат.

-Ой, Асан өзүңдү арабага кош дейт Хасанбай. — Таксырбай аттын өзүн-өзү арабага кошконун каерден учураткансыз? — деп Асан жооп кайтарат.

-Баары-бир сен адамсың го айтканымды кылып арабаны көчөгө алып чык.

-Жок! Казынын айтканын аткаруу керек. Акырында бай Асанды араң эле арабага кошот. Хасан бай отурган арабаны зорго эле сүйрөп жөнөйт. Алар токойго жакындаганда көздөрүнө аюу сыяктуу нерсе көрүнөт.

-Бай кожом! — дейт Асан. — Токойдо аюу бар экен. Көрүп турасыз анын бизге кастык кылышы мүмкүн. Себеби аюу адам тукумун өтө жек көрөт андан качып да кутулуу кыйын, бирок бир жолу бар.

Хасан байдын коркконунан бетинен кан качып, Асанга жалынат.

—Айланайын Асан, тезирээк айтчы аман калалы, — деп титирейт. —Билесиңби аюу иттен коркот. Эгер ит сыяктуу үрсөң ал бизге жакындабайт, — дейт Асан.

-Садаган болоюн Асан, сен иттей үрүп үйрөнүп калгансың үрө көр! — дейт Хасан.

Анда Асан: Жок, түндө болсо үрмөкмүн. Азыр мен атмын го. Эгер ит болуп үрсөм шарияттын өкүмүнө баш ийбеген болом. Андай болсо ит кылыш керек.

-Урматтуу байым! Сиз ит болуп үрүшүңүз керек тезирээк болуңуз, болбосо аюуга жем болобуз. Мен сизди арабанын алды жагына байлап коем, анан сиз үрүңүз, ошондо ишибиз оңолот, — дейт.

Асан Хасанды арабага чынжыр менен бекем байлап токойдон чыгып кеткенче Хасан үрүп жүрүп олтурат. Токойдон чыга бергенде:

-Ой, Асан, эми чечип кой. Кубатым калган жок, болбосо өлүп кала турган болдум, — дейт.

-Урматтуу байым мен атмын. Сизди чече албаймын, – дейт Асан.

-Айланайын Асан, айтканыңды орундап берейин, мени өлүмдөн куткар.

-Мени ат кызматынан азат кылгыңыз келсе, менин ордума аттын болушу керек го.

-Капчыгымда акчам бар. Асан, дем алып турайын сен базардан ат сатып кел, базар алыс деле эмес го!

Асан арабаны ыңгайлуу жерге токтотуп өзү базарга кетет.

Бирок Хасан байды чечпейт. Асан кардын тойгузуп бир ат сатып алып кайра келет да Хасанды да анча-мынча тойгузуп атты арабага кошуп үстүндө рахаттанып айылга жөнөйт. Хасан бай ыйлап жалына баштайт.

-Асан, ат арабаны сага берем. Шымымдын арткы чөнтөгүндө акчам бар. Аны да алгын. Мени бул кордуктан куткар.

Асан Хасанбайдын сөзүнө кулак салбайт. Семиздиктен тердеген Хасан акыры өз колу менен тил кат жазып берет, ал мындай деп жазылган болчу:

“Мен Асанды ит жана ат ордуна иштетүүдөн такыр бошоттум. Анын үстүнө ат арабаны өз колум менен бердим. Мындан кийин Асанга арыз-мунум жок”.

Асан катты чөнтөгүнө салып айылга келгенде Хасанды бошотот. Шерменде болгон Хасан бай ошол түнү түн жарым болгондо үйүнө араң эле жетип, бир ай бою ооруйт. Ошентип адам баласын кордогон Хасанбай акырында өзү кордук көргөн экен.