Абдиламит Матисаков: Биздин майрам эсиңиздеби?..

Биздин майрам эсиңиздеби?..

Ата, бүгүн майрам. Салып жиберген куттуктоомду алдыңызбы? Адатынча, чериңиз жазылганча эки-үч сапар окутуп, кайра-кайра “башка жазылган сөздөрү жок бекен? Ден-соолук, тиричилигин деле айтып койбойбу, чунак бала. Төртүнчү жылга аяк басты. Майрамдарда такыр келе элек. Бала кезинде томураңдатып, жанымда ээрчитип майрамдатчумун” деп айланаңыздагыларды күлдүрүп, кеп салып бергендирсиз.

Эсиңиздеби, мен майрам күндү кандай кубаныч, элирүү менен күтчүмүн. Эртең менен кулагыма акырын шыбырап ойготконуңузда, көчө балдардын шаттуу үндөрүнө толуп калар эле. Тамакка да көңүлүм чаппай шаша берчүмүн.

–Барасыңар эми, атаң экөөңө да, баарыңа да жетет майрам, – дечү апам жака-башымды оңдой берип. Сиз колумдан жетелеп алчусуз. Майрам күнү үстү-башыңыз эч өзгөрчү эмес. Таза жуулган желеткеңизге сандык түбүндө сакталып турчу эки ордениңиз катар тагылып калар эле.

Бир жолу “ата, майрамдарда үстүңүзгө жаңы кийбейсизби, тиги Жамшиддин атасын карасаңыз” – деп көңүлүмө келе калган сөздү жашырбадым. Сиз күлдүңүз, анан эңкейе: “Сен кийинбедиңби, уулум, карачы, баары сени карап жатышат” – дедиңиз, көкүлүмдөн сылап.

“Шашпай турчу, кийинки майрам келсин. Жамшиддин атасы мында калсын. Мыктап кийинейин. Сүйлөштүкпү?” – дегениңизде кубанып калгам.

Мына, кызыл-тазыл кийинишкен эл. Азыр “Байге”, “Кыз куумай”, “Күрөш”, “Эр эңиш” оюндары башталарын жарыялап жүрдү Кубатали аке. Сизге жакканы күрөш эле.

–Уулум, шашалык, күрөштү алдыда отуруп көргөнгө жетпейт. Чоң күрөш болот го, кыязы. –Төмөндөгү чоң майсаң жайыкка шаша жөнөдүк. Алда качан уй мүйүз тартып отуруп калган элди аралап, орто ченден жай алдык.

Балбандардын аттарын угарыңыз менен анын кай жерлик, качантан тартып күрөшүп, кайсыл жыйында жыкканын же жыгылганын сүйлөп, чериңиз жазылат…

Чоңдор күрөшүп бүткөн соң, кезек майда балдарга жетти. Көпчүлүккө кызыгы да ушул. Майдан четине эки бетин күн жеген, тоголок бала чыгып, белине курун байлай, турган жерине чөк түштү. Анын өнөгү да көп күттүрбөдү. Чачын тасырайта алдырган, арык бала көпчүлүктөн суурулду. “Бул баягы өйүздөгү Сабирдин уулу го, теңтуш жүрчүсүң, ошобу” – дедиңиз, колуңузду чекеңизге ала. Унчукпадым. Ошол эле. Кубатали аке экөөнү бел алыштыра четке жылды. Тоголок бала даяр турганбы, беркини буйдамга келтирбей так көтөрүп, жерге урду. Эл шатырата кол чаап жиберишти.

–Таза алды, азамат, таза алды.

Сиз да көпчүлүккө кошулдуңуз. Жыккан кайра ортодо калды. Эреже боюнча жыккан киши жыгылганча күрөшө берет. Бул сапар ага чыкчу бала көпкө жоголду. Коркуп калышты көрүнөт.

–Кимдин уулу экен? Жамбашка таза алганын көрдүңбү?

Башыңызды чайкай, тамшанып олтурдуңуз. Сөздөрүңүз уулуңуздун намысына тийип, демин кызытканды сезген жоксуз.

Бир кезде, тээ четте турган кашка жорго минген адам артында учкашкан сары чийкил, эткээл баласын жерге түшүрүп, ортого жөнөттү. Катарлаша турган атчан менен бир айылдан окшойт:

–Асылбек, атаңдын батасын алдың, алдыра көрбө. Жыгылсаң үйгө жөө жетесиң, – дешип, баланы намыстандырып жиберишти.

–Ай, бул балаң бошураак го. Тигинин сүрүн көрчү… – деп өзүңүзчө эле кобурай бердиңиз.

Мен сары баланын күйөрманы болуп, бүткүл тилегим менен ага жеңиш каалап жаттым. Биринчи жолу биз экиге бөлүнө түштүк, ата. Сиз муну билбедиңиз. Сары белине курду байлап жатып, мага калтырап жаткандай туюлду. Жок, мени майда калтырак басып жатыптыр.

“Чалып да болсо, жыкса экен” деп ага боор тартып жаттым. Тиги дагы сарынын колтугуна оң колун сойлотту.

–Карачы, белден бура кармаганын, каруусу күчкө толгондо барбы, койбойт го эч кимди. Бул али балапан да, жетилсе…

Биринчи жолу сизге ачуулуу карадым. Көңүл бурганыңыз жок. Эки көзүңүз тигилерде. Алар майышкан жакка кошо кыйшайып, оңтойлуу абалды өткөрүп жиберген балбаныңызга саныңызды чаап, өзүңүзчө эле күүлөнүп алгансыз. Бул сапар да сиздин айтканыңыз туура чыкты. Сары эткээлдин көйнөгү ийнине түрүлүп. Кур өтө чыккан териси кызарып, жыгылган жерде көпкө олтурду. Ошол учурда жоон топ атчандардын ортосунда күлкүгө чөмүлгөн атасын эстедиби, биз олтурган жак менен элдин арасына кирип кетти. “Көпшөк” дедим, ичимден тиштенип.

Тиги дагы ортодо. Эми мен жакты карап алыптыр. Көздөрүбүз чагыла түштү.

–Баш байгени, эч ким чыкпаса балага бериш керек. Чыккандар деле жыгалбайт, – дегениңизде акыркы сөзүңүздү айттырбай:

–Мен күрөшөм. Мен!..

Кулагыңыздын түбүнө кыйкырып, ордуман ыргып турдум. Унутуп калгандай жанатан бери биринчи жолу мага карадыңыз. Күтпөсөңүз керек. жүзүмдөгү өзгөрүүнү, ызалыктын эпкинин сездиңизби, үнүңүз бастап чыкты.

–Сенби, кой, уулум, тек туралык. Биз көргөнү келбедикпи, деги муну ким жыгар экен, – деп, тоголок балага бурулдуңуз. Костюмду чечип алдыңызга таштадым.

–Анаш, атаңды уятка калтырасың. Күрөшүп көргөн эмессиң. Белиңди кокустатып аласың, кое тур дейм.

Укканым жок. Денемдеги кан дүүлүгүп, элди аралап кеттим. Тез эле тигиге жетип, так көтөрүп жерге уруп алгым келди. Майданга чыкканымда ал ордунан турду. Бойлорубуз тең болгону менен, ал мага караганда толук экен. Эми эле Сары чечип кеткен курду алдым. Кубатали аке мен жашаган айлымды, окуган мектебимди, кимдин уулу экенимди көпчүлүккө жарыялап жиберди. Өзүмдү жерди ое баскан балбан катары тутуп, тарамыштарым диртилдеп, жаак этиме күч келет. Бел алыштык. Ал адатынча оң колун колтугума салып, курду колуна ороду. Мен дагы ошенттим. Эңкейген калыбымда сизге карадым. Башыңыздагы калпагыңызды колуңузга алып, чөк түшкөн калыбыңызда, эмне болуп кетерине айран-таң тургандай сезилдиңиз мага.

“Эми балбаныңыз” жөнүндө айта бериңиз. “Эмнелерди билесиз, божурай бериңиз”. Ачуумду дале токтото албайм.

Каршылашым күчүмдү жогото элекмин дегендей эки-үч сапар булкуп алды. Мен эңкейип, тарткан жагына жылып тим болдум. Жыгып кетсем калпагыңызды көккө ыргытып, ордуман так көтөрүп кетериңизди ойлодум.

Аңгыча буттарым жерден үзүлүп, так көтөрүлүп кетти. Жыгыламбы? Жок. Таштаган жагына бутумду таканыч коюп, бутумду токтотуп калууга үлгүрдүм. Аракеттенүү керек. Каршым күчүн кетирип алгандай  сезилди. Шап белимди түзөй калып, тигинин денесин тиземе алып көтөргүм келди. Күчүмдү жыйнап, белимди түзөгөнчө ал озунуп кетти. Эки жолу тегеретип келип, жамбашка салганда, алдында калдым. Көк чөптүн жагымдуу жыты мурдумду өрдөп кетти. Жер муздак экен. Кубатали аке бизди ордубуздан тургузуп жатып:

–Азамат, Жоро, бул сапар да таза жыктың, – деп каршымдын колун бийик көтөрдү. Башым айланып кайда басарымды билбей турдум. Күүлдөгөн эл мага күлүп жатышкандай туюлду. Сиз отурган тарапка карадым. Көрүнбөдүңүз. Мен жыгылганда сиз да капталыңызга ооп, онтоп жибергениңизди сездим. Аяп кеттим, сизди.

Элдин зор тобунан чуркап чыкканымда, күтүп турган карааныңызды көрдүм. Чыдай албадым. Ызалыктын ачуу даамы оозумду дуулдатып жиберди.

Сиз мени көкүрөгүңүзгө кысып, соорото албай жаттыңыз.

–Кантет эми. “Жыгылганды жер көтөрөт” дейт. Мунун намысчылдыгын кара. Мага деле жеңил болду дейсиңби. Майрамдар көп. Биринде жыгылсаң, биринде жыгасың. Ыйлаган болбойт, уулум, жүр.

Чын эле андан бери канча майрам өттү. Бирок, ошол күнү өз оюмдагы ишке чечкиндүүлүк менен баргам. Көрсө, ошол ызалыктын жашы көкүрөгүмө намыс жараткан тура.

Ата, биздин майрамды эстедиңизби?