Абдилаат Дооров: Узарат эң алыскы чаңдуу боз жол, Кызарат эринимде бир тал чылым…

Үч саптар:

* * *
Көл жээктеп көпчүлүкпүз шарактап.
Маин кум, суу, ысык аба, жай аптап,
Отурамын өткөндү ойдо барактап.

* * *
Бүгүн түнү ай селкинчек. Серүүндөп
Кайыгына конор болду кай жылдыз?
Акмалашып карайт суктуу ай жылдыз.

* * *
Тескери карап жатып алдың.
Тээ бир кезиңди эстедиңби?
Телпейген шуга… эх, дедиңби?

* * *
Алыстан кылдың конгуроо.
Амандык сурап агаңдан,
Айландым аруу жамалдан.

* * *
Кейидим бүгүн кабарың угуп жүрөктөн.
Керемет жүзүң кетиптир кабыр күн өпкөн,
Келин – кыз көрсө келмеси түшүп “дүр-р” эткен.

* * *
Кыйбас досум сен мага түшүнбөдүң.
Кирдебеши үчүн ыйык үлүл сезим,
Кыл залалым тийсе эгер үзүр дедим.

* * *
Жүрөгүм, бир сүйлөшөлү түзүктөп.
Жүдаям шу шум дүйнөдө үзүк көп,
Жүрүп бирге жүнүн жеген бузук көп.

* * *
Таш жатат миң – миң жылдар муздактыкта.
Бир шердин жүрөгүндөй калтыс уюп,
Жашоонун жалгандыгын калган туюп.

* * *
– Сиздин мүнөзүңүз башкача экен.
Сөзүңүз да даана, ширин кошунам,
Каармансызбы качандыр мен окуган?

* * *
Сезим көкүрөгүнө гүл тактым.
Сейдана жыттуу нур көйнөк,
Серпилсин, учсун көкөлөп.

* * *
Сиз дале менде жүрөсүз.
Сызылып, өчпөй, жоголбой,
Шыңгыр үн сыйкыр обондой.

* * *
Өптүм. Өрттөндү жүзүң тамылжып.
Өөнө бой ажайып нурун агылтып,
Өзгөчөм жүрөрсүң жүрөк сагынтып.

* * *
Көчөдө жалгыз баратамын.
Көңүлүм заарланып уу ичкенсип,
Көзүмдөн туман, түтүн, иңир көчүп.

* * *
Чокуга конуп олтурар,
Бүркүттү бүгүн жоготтум,
Бүткөнү шулбу жомоктун?

* * *
Көзүмө шу чаккаче байкалбай.
Көп ичинен көрүнүп калдың,
Көйкөлүп өскөн жаш талдай.

* * *
Шашып басып, күлүп өттүң.
Шарапатым себеппи?
…Шамал тоодон леп этти.

* * *
Үкөктө өскөн үй гүлүм.
Үр кыздай сымбат, сүйкүмдүүм,
Үлпүлдөп жанга сүртүмдүүм.

* * *
Ох! Кичкинтай назик жашылдык.
Оролгум келди мойнуңа жыпар жыт,
Өмүрдү жашартып, узартып.

* * *

Жан дүйнөм бүгүн жапалуу.
Жатамын жалгыз жанчылып,
Балкытчы жаным, бал сунуп.

* * *
Чыр – чыр эткен телефондун,
Трубкасын көтөрдүм.
Даана угулду деми менен
өрөпкүгөн тааныш үн.

Дене бойго ток тараткан
ушул үндү жактырам.
Айтарга сөз таба албастан
апкаарыймын, жалдырайм.

Тушап алды бар экркимди
делөөрүткөн өрт сезим.
Ыкчамыраак өзүмдү өзүм:
ырастайын, түзөйүн.

Эй, табигат, кылчы жардам
келсин тилим ийкемге.
Кантип сүйлөө керектигим –
үйрөтсөңчү гүлдөргө..

* * *

Жүрөктөн ырдоо зарыл болсо дагы,
азыр мен сезим күүлөп ырдап жатам.
Астымда ныксыраган даркан талаа,
үстүмдө нур чайканган ачык асман.

Ийрилип тоону көздөй кеткен жолдо
илгери кадам таштап демигемин.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн кыз жолукса
Жүлүндү таарып өтөт ысык сезим.

Теңирдин бетин гүлдөп сансыз жылдыз,
айлымдын жанды электр жарыгындай.
Алдымда мени утурлап таң келатат.
алманын күз тазарткан ыраңындай.

Сызылып агып чыгып жүрөгүмдөн:
сагыныч кан – тамырга, бойго сиңген.
Дарактай кенендикке кучак жайып,
данектей жарып чыкмак сөөгүмдөн.

Аймалап тоонун жели өптү беттен,
коонундай тордоп калган коончунун.
Узарат эң алыскы чаңдуу боз жол,
Кызарат эринимде бир тал чылым…