Абдилаат Дооров: Акыр не жооп түшөр болду экен, айды бүктөп сунган катыма?

*****

Көргүң келбей менден ийгилик,

Турасың өйдөлөп, ирип.

Ушунун өзү-пендечилик.

 

*****

Ыңкыган сары талаа,

ызылдаган саратан.

… Сага жөө баратам.

 

*****

Сен экөөбүз түшкөн сүрөт,

Төрдүн төбөсүндө.

Он жети, жыйырманын белесинде.

 

*****

О, ак жана гүл жигит,

Түшүңө үрдөй кыз кирип,

Жатасың жайылып күлүп.

 

*****

Арпа пиво ичким келди раса,

Көксөөмдү кандырайын,

Көкүрөктү жандырайын.

 

*****

Атып салды мени карегиң.

Эч ким ара туралбады,

Селт этти гүл тулаңдагы.

 

*****

Аян келди алыстагы өзүңдөн,

Ак жүзүңө кадалабы карегим,

Сөөгүнөн ачылабы данегим.

 

*****

– Жибек курттай жегичти көрдүм.

– Айтпайсызбы ал ким?

-Аким.

 

*****

Көп капа болбо, жаным.

Бул дүйнөнү ташканак,

Курмак да, бузмак.

 

*****

Дарбаза, эшик ачык,

Даргөйүм, көкүрөгүм.

Кел, коногум!

Турпатында жайнап сулуулук

Турпатында жайнап сулуулук
турат бир кыз, өтөт көчөдөн.
Айтам менен келем айталбай
бир сөзүмдү көңүл күсөгөн.

Акыр не жооп түшөр болду экен,
айды бүктөп сунган катыма?

*****

Шул талаанын беш көкүл кыздарындай,

каткырыгы гүлдөрдүн шарактады.

Куу сөксөөлдөр, шыбактар, жашаң чөптөр,

кулактары делдейип карап калды.

 

Гөзөлдүктүн шаасы, падышасы,

гүлдөр бүгүн өзгөчө өң-маанайда.

Майрам күнкү көйнөгүн кийип алып,

мотураңдап жөнөштү алда кайда.

 

Күн жол берип кылактап баратса алар

ким батынып кое алат кине, айып?

Жан кумарын жазгысы келген окшойт

Жапырт айыл,

шаарга кирип барып…