А.Токтогулов: Поэзияга коюлган талап эч качан жеңил болгон эмес

Поэзияга мамиле

1972-жылы «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмалары «Поэзия күнү», «Учкун», «Темир канат» аттуу поэтикалык үч альманах чыгарды. Бул үчѳѳнѳ кыргыз поэзиясынын айтылуу ѳкүлдѳрүнѳн тартып эң жаш авторлоруна чейин киргизилди.

Башкача айтканда үч жыйнак азыркы кыргыз поэзиясынын ал-абалын, негизги тенденцияларын, мүнѳздүү ийгилик-кемчиликтерин толук болбосо да кадимкидей чагылдырып турат.

Кыргыз поэзиясынын азыркы бийиктиги үчүн биз баарыдан мурда фольклордук ой жүгүртүүдѳн реалистик жазманын магистралдык жолуна карай алгачкы кадам шилтеген, профессионалдык адабияттын ыкмаларын, методдорун, кѳркѳм каражаттарын алгачкылардан болуп ѳздѳштүрүшкѳн, кыргыз адабий тилин ѳз колдору менен калыптандырган жана калыптандырып келе жаткан, бүткүл ѳмүрүндѳ граждандык бийик сезимди, партиялык негиз катары бекем тутуп келген, азыр да жигердүү иштеп жаткан улуу муундагы акындарыбызга милдеттүүбүз. Кыргыз поэзиясынын жарым кылымдык ѳсүш жолунда кѳтѳрүлүү болду, басырылуу болду, адабий окуя, ал тургай новатордук кѳрүнүш болууга татыган айрым чыгармалар, айрым акындар болду, мезгил айланып алардын кай бири кадимки кол жетчү дѳңсөѳлѳргѳ айланып калды, – кеп анда эмес. Ошол тарыхый кыска, бирок түшүмдүү, ѳнүмдүү жолдо улуу муундагы акындардын коллективдүү күчү менен чоң тажрыйба жыйналды, кѳркѳм каражаттардын, ыкмалардын жѳн гана механикалык суммасы эмес, кыргыз профессионал поэзиясынын, кыргыз стихинин ѳзүнчѳ бир системасы түзүлдү, – кеп мына ушунда.

Адабиятта, адатта, талап чыгармачыл күчүндѳ турган, адабий эстетикалык даярдыгы жетиштүү орто муундагы жана адабий эстафетаны улантууга тийиш болгон жаш жазуучуларга кѳбүрѳѳк коюлат. Мунун жѳнү бар. Мезгил ѳзгѳрѳт, ага жараша талап да ѳзгѳрѳт, жаңы эскирет, ал эми жаш жеткенде адамга калыптанган кѳз карашын, табитин, кѳнүмүш ыкмаларын, чыгармачылык стилин жана манерасын учурдун талабына ылайык ѳзгѳртѳ коюу оңой жумуш эмес. Бирок, бул улуу муундагы акындарды «ѳндүрүштѳн четтетип коюу» же болбосо аларсыз деле жаштардын эсебинен адабият ѳсүп кете берет дегендикке жатпайт. Жетимиш жашында «Лайли Мажнунду» жараткан Абдракман Жами акылман Саадинин «Гүлстанына» бир чети жооп кылып, бир чети чыгармачылык күч сынашууну кѳздѳп, жетимиш үч жашында атактуу «Бахарстанды» жазган го. Мындай мисал адабият тарыхында аз эмес. Мүмкүн биздин да аксакал жазуучуларыбыз бүткүл чыгармачылык интуициясынын жана тажрыйбасынын күчүнѳ сыйынып, ѳмүрүндѳ баамдаган, баштан кечирген, «колго кармалап кѳргѳн» турмуш кѳрүнүштѳрүн анализден ѳткѳрүп, чыгармачылыгынын, талант кудуретинин чыныгы бийиктигин кѳргѳзгѳн «башкы китебин» али жаза элек чыгар. Ушул эле «Ыр майрамына» кирген А.Токомбаевдин «Үмүт», «Ѳкүнүч», «Менин кулум» ырлары ойдун поэтикалык чыныгы ѳз формасына ээ болушу жагынан да, акындын жеке психологиялык абалын даана чагылдыруу жагынан да кандайдыр жаңыча маанайга туш кылат. Т.Үмѳталиев «Он сегиз жаш» деген татынакай лирикалык ырында адамдын бул «бир келген жазын»:

Мүмкүн эмес турбайбы ай-жылдардын,

Бороонуна учурбай катып алуу, – дейт.

«Жаш ѳтѳт экен, кетет экен» деген прозалык түшүнүк бул саптарда поэзиянын сыйкырына урунуп, нурларына чагыла калып жатат. К.Маликов деле тоо койнундагы түндү сүрѳттѳгѳндѳ, «Жылдыздар сууда чагылат» деген поэтикалык «обороттогу» даяр штампты пайдалана койсо болот эле, бирок ал:

Чокуда чогулушкан жылдыздарды

Түшүрѳт тоо шамалы ѳзѳнгѳ үйлѳп, – дейт.

Бул дагы поэтикалык маанайдын ѳз формасына дал келишин даана кѳргѳзүп турат.

Албетте, биз келтирген мисалдар бул акындардын чыгармачылык манерасы же стилин аныктаган негизги белгилерден эмес, биздин да айтайын дегенибиз башкада, кеп алардын чыгармачылык деминин жигеринде, активдүүлүгүндѳ, аздыр-кѳптүр изденип жатканында. Баарынан да башкысы – улуу муундагы акындардын ырларынын граждандык пафосунун эч качан пастабагандыгында, турмушка активдүү аралашып тургандыгында, ѳткѳн менен азыркыны, эртенкини ойлоп кѳбүрѳѳк санаа чеккенинде. Т.Үмѳталиевдин «Билбеймин» деген ыры буга абдан ылайыктуу мисал боло алат:

Үмүт менен иштедик иштин баарын,

Эгин жайга айланттык туздун баарын,

Таалайы үчүн балдардын татынакай

Тартынбастан жумшадык күчтүн баарын.

Үмүт менен ѳстүрдүк балдарды да,

Түшүнѳрүн билбеймин балдар буга…

Андай болсо, баралына келип, күчүнѳ толуп турган кыргыз акындары улуу муундагы сѳз чеберлеринин мына ушул үмүтүн актап жатышабы, алар ѳнүгүп бараткан профессионал поэзиябызды эмнелери менен байытууда, ошол жагына ѳтѳлү.

Кийинки муундагы акындар кыргыз профессионал адабиятынын даяр мектебине туш болуп жатышат деген пикир бар. Мунун калпыс жагы да, чындык жагы да бардыр, кеп анда эмес, кеп чынында ырынын (стихинин) азыр, жогоруда айтканыбыздай, ѳзүнчѳ системасы бар экендиги жѳнүндѳ бара жатат. Бул система бирин-экин адабий таланттын, же айрым поэтикалык мыкты чыгармалардын эсебинен эмес (алардын негизги тенденцияларды аныктаганында талаш жок) кыргыз жазма адабияты башталгандан ушул күнгѳ чейинки поэтикалык жетишкендиктердин, сапаттык секириктердин суммасынан жаралды.

Биз С.Эралиевдин, Б.Сарногоев менен Ж.Садыковдун элге кеңири белгилүү лирикалык ырларын, М.Жангазиев менен К.Акаевдин, Н.Байтемиров менен С.Шимеевдин поэзиясындагы граждандык пафосту, Т.Байзаковдун «Перизат» дастанын, Т.Адышева менен С.Абдыкадырованын поэзиясындагы сыр жашырбаган ачыктыкты, М.Абылкасымованын, Т.Кожомбердиевдин, Ж.Абдыкалыковдун айтылуу ыр, поэмаларын, Р.Рыскуловдун романтикалуу поэзиясын жакшы билебиз. Кыргыз поэзиясынын улам бийиктеп бараткан имаратында булардын ар биринин койгон кирпичи бар, ар биринин ѳз үлүшү бар.  Бул акындардын жана А.Осмонов, Ж.Бѳкѳнбаев, Ж.Турусбеков, М.Элебаев, Р.Шүкүрбеков, М.Алыбаев ѳңдүү таланттардын поэтикалык бай тажрыйбаларысыз бизде кандайдыр новатордук кѳрүнүш жѳнүндѳ сѳз болушу мүмкүн эмес.

Ушул эле «Ыр майрамы» альманахына кирген бир кыйла ырларды акындык чеберчилик, сѳз менен иштѳѳ маданиятынын ѳсүп жаткандыгына мисал иретинде кѳрсѳтүп, тегерете имерип мактап чыксак болор эле. Бирок биздеги мындай жергиликтүү мүнѳздѳгү чекене ийгиликтерди кыргыз сыны жерге калтырбай, бирден терип, жакшы эле айтып келатат. Мындай позитивдүү макалалар, изилдѳѳлѳр акындардын жеке чыгармачылыгына канчалык пайда берип, перспективасын ачып жатканын айтуу кыйын. Бирок бизге белгиүү нерсе – кыргыздын кѳрүнүктүү деген акындарынын кимисинин кандай поэтикалык ѳзгѳчѳлүгү бар экендиги жѳнүндѳгү түшүнүк бизде калыптанып деле калгандай болду. Үч альманахтан улам биздин азыркы поэзиябыздагы кѳрүнүштѳрдү жалпылаштырып анын биз урунттуу деп эсептеген кемчиликтерин кѳрсѳтүү менен, ошонун негизинде пайда болуп аткан мүчүлүштѳргѳ учкай токтоло кетүүнү ылайык табабыз.

Бүгүнкү акын үчүн профессионал поэзиянын улуттук кыртышында жаралган ийгиликтер ѳзүнчѳ адабий-эстетикалык ѳбѳлгѳ болуп береринде талаш жок. Бирок анын улуттук адабият менен эле эмес, кѳркѳм ой жүгүртүүнүн дүйнѳлүк масштабы менен да иши болуп олтурат. Андай болгон соң ишенимдүү ориентация, жогорку критерийлер, эстетикалык нормалардын жаңыланышы, интернационалдык мазмунга ээ болушу сыяктуу маселелер алдыга коюлат.

Мына ушулардын баарын ортого салып, ойлоно келгенде, биз али ѳзүбүздүн алдыбызга поэзиянын түпкү маңызы, максат-багыты эмнеде, эмне үчүн, кандай муктаждыктан улам ыр жазам? – деген, бир караганга ѳзүнѳн-ѳзү түшүнүктүүдѳй кѳрүнгѳн, бирок поэзиянын кѳркѳм аң-сезимдин бир формасы катары азыркы жашоосуна тикеден-тике тиешеси бар суроону коѐ элек окшойбуз. Эгерде мындай суроону акындарыбыздын ар бири алдына койгон болсо жана анын маңызына чындап түшүнгѳн болсо, анда биздин поэзия эң бери калганда ѳзүнүн ѳнүгүүсүнүн бир калыптагы экстенсивдүү мүнѳзүн кескин ѳзгѳртүп турар эле, поэзиядагы жалпы шар менен кете берүүчүлүккѳ жол берилбес эле, кѳркѳм аудиториянын поэзияга болгон урматы бийиктээр эле.

Мына ушул «башкы суроо» акындын кѳркѳм аң-сезиминин «кароол дѳбѳсүндѳ» турбады дегиче, анын поэзиясы жалпы агымды механикалык түрдѳ, ээрчип, ырдын технологиялык ыкмалары менен алек болуп, идеяны, образды эмес, жакшы айтылган кооз фразаларды аңдып калары бышык экен. Муну азыркы кыргыз поэзиясынын мисалында даана кѳрсѳ болот.

Барып-келип, чоң художниктин пайда болушу анын ѳзү бет алган искусство түрүнүн түпкү максатына, мүмкүнчүлүгүнѳ, кандай артыкчылыгы, сандаган жазмакерлердин учуруп келип таштай берген чаңынан, топонунан сѳз ѳнѳрүнүн түпкүлүктүү ѳзөгүн, диалектикалык маңызын кескин ажырата билген жеринен башталат окшобойбу.

Азыр бизди эч ким ырдын техникасы менен таң калтыра албай калды. Атүгүл бул ойдун ѳзү ашмалтай болуп баратат. Кыргыз профессионал поэзиясы аз гана мезгил ичинде фольклордук ыкмадагы ырлардан тартып эркин ѳлчѳмдѳгү ырларга чейинки форма жагынан болгон бир катар ѳзгѳрүүнү башынан ѳткѳрдү. Форма жагынан дагы да бай мүмкүнчүлүктѳр бар.

Демек, кеп мазмунду, поэтикалык ойду, ритмдик-синтаксистик фигураларды, эскирген ыкмаларды жаңылоодо болуп олтурат. Бул бизде эле коюлуп жаткан маселе эмес. Эсиңиздерде го, 1972-жылы «Литературная газета» поэзиянын мазмундуулугу жѳнүндѳ («О содержательности поэзии») дискуссия жүргүздү. Пушкин, Лермонтовдон тартып Маяковскийге чейинки  адабий алптары бар, поэтикалык нускалуу бай салтка эгедер, поэтикалык түркүн багыттарды, агымдарды баштан кечирген, формалык ѳнүгүшү жагынан да мүмкүнчүлүктѳрү кѳп , биздин ишенимдүү ориентирибиз болгон орус адабиятында кѳркѳм сѳздүн профонациясы, «жугумсуз ырлардын агымы» жѳнүндѳ кеп болуп, мазмунга кескин умтулуу күн тартибине коюлуп жаткандан кийин, негизинен экстенсивдүү түрдѳ, бир калыптагы эволюциядагы ѳнүгүп бараткан кыргыз поэзиясынын алдында канчалык олуттуу маселелер турганы ѳзүнѳн-ѳзү түшүнүктүү. Кыргыз поэзиясында «традиционалисттер» жана «новаторлор» болуп, эркин ѳлчѳмдѳгү ыр түзүлүшү жашап кете алабы, жокпу деп, талашып жаткан кезде орус поэзиясынын жакшы билерманы Б.Сарнов «жаңычылдар» отуз эле жыл ичинде «маяковскообразный» ырдын тамтыгын чыгарып таштаганы жѳнүндѳ жазган эле. Кыргыз поэзиясында «маяковскообразный» ырдын ысалдасын чыгаруу үчүн отуз жыл эмес, үч эле жыл жетиштүү болду. Колунан келген-келбегендердин баары «ѳзгѳчѳ жаштар» негизинен калыптанып калган кыргыз стихинин колунан кол, санын сан кылып, сындырып киргенин ѳз кѳзүбүз менен кѳрүп турдук. Ал тургай айрым орто жашап калган акындарыбыздан бери бүйүрү кызып, бул «аламан байгеге» кирип кеткенин кыргыз сынчылары учурунда туура айткан эле. Андан кийин эмегедир музыкалык терминдерге жаштар жапырт чабуул коюп, жѳнѳкѳй эле ырлар прелюдиядан ораторияга чейин айланып, жѳн сүйлѳгѳн киши жок, бүт эле монолог менен сүйлѳп калганыбыз эсиңиздерде го. Поэзиянын түпкү маани-маңызына, жер үстүндѳгү негизги кылар жумушуна маани бербегендик, чындап түшүнбѳгѳндүк, ырдын технологиясына, сѳз оюнуна гана кызыккандык ушундан деле кѳрүнүп турбайбы.

Биз поэзия деген, ыр деген эмне экенин алар эмне үчүн жашаарын, ырдын кандай учурда, эмне муктаждыктан жазылаарын абдан жакшы билгенсип эле жүрѳбүз. Биздин поэзия жѳнүндѳ билимибизге канчалык иллюзия, жалган түшүнүк бар экендигинен шектенбейбиз. Мүмкүн новаторлук дал ошол кѳнүмүш түшүнүктѳн, кѳз караштан кескин баш тарткан жерден башталар. Ой жүгүртүү образы ѳзгѳрмѳйүнчѳ поэтикалык новаторлук жѳнүндѳ кеп кылып кажаты жок эмеспи. Мына ушундан уламбы, биздин кѳп эле акындарыбыздын ыры жалпы жонунан бири-биринен айырмаланбайт, бирин экин тапкан табылгалары кеңири масштабда кѳтѳрүлѳ албай, жергиликтүү гана адабий чѳйрѳдѳ биртке сѳз болуп унутулуп калып жатат. Акындардын ой жүгүртүү образы, чыгармачылык принциптери боюнча эмес, ырларындагы технологиялык белгилери боюнча гана ажыратууга аргасыз болобуз. Ошондуктан поэзия жѳнүндѳгү жасалган докладдарда, макалаларда ойдун кыймылын, анын дүйнѳгѳ реалисттик катышын иликтѳѳнүн, поэтикалык ой жүгүртүүнүн татаал лабиринтине кирүүнүн ордуна ырларды тематика боюнча бѳлүштүрүп, рифма, ритм сыяктуу техникалык кем-карчы жѳнүндѳ атайы чоң сѳз козгоп киребиз.

Ырдын жаратылышындагы психологиялык моментке бизде биринчилерден болуп үңүлүп, туура жана так анализдеген С.Жигитов болду. Ал «Лирикалык ырдагы образ» деген макаласында орус адабиятындагы поэзия билермандарынын салтын жолдоп, ырды таза адабияттык талдоодон ѳйдѳ кѳтѳрүп чыгып, кѳркѳм ой жүгүртүүнүн бир формасы катары ага философиялык-эстетикалык аспекттен мамиле жасады. Азыркы кыргыз поэзиясынын бир катар үлгүлѳрүн мына ушундай «лабораториялык экспертизадан» ѳткѳрүп анализдесе илимий да, практикалык да пайдалуу иш жаралар эле.

Мына ушулардын баарын ойлой келгенде, биздин поэзия ѳкүлдѳрүнүн жалпы билим деңгээли, ой жүгүртүү маданияты, жекече чеберчиликтерин ѳстүрүү сыяктуу маселелерге аргасыздан барып урунасың. Маселен кѳптѳгѳн ырларды биз граждандуулук, патриоттуулук деген түшүнүктѳрдүн шкаласында ыйгарган учурларыбыз аз эмес. Мына ушундай «акындын граждандык сезимин» чагылдырган бир ырды кѳрѳлү. Ырда биздин поэзиянын азыркы ал-абалын толугураак чагылдырмакчы болгон «Ыр майрамын» алалы.

Мал киндиктүү бул айыл,/ Миллионер болуптур./ Чеч –Тѳбѳ жак тар келип,/ Чек арага конуптур./ Даиров менен Чортеков,/ дал ушул жердин кулуну./ Жашынан баатыр чыккан деп,/ Суктанган совет уругу!/ Муну айылдагы жамакчы эмес, профессионал поэзиянын орто муундагы ѳкүлү, бир нече китептин автору А.Белеков жазган. Профессионал поэзия катары окурмандарга сунуш кылынган бул ырды элдик поэзиянын нугунда жазылган «жаңыча жамак» десек акын ѳзү деле таарына койбос.

Ал эми жаш акын Р.Сарыпбеков азыркы адамдын граждандык сезимин чагылдыруу үчүн фольклордун традициялык стили мажестик кыларын жакшы билет, ошондуктан ал адабий шарттуулукту жана кыргыз поэзиясындагы жаңыча форманы – эркин ыр ѳлчѳмүн колдонуп, Жерге «Күндүн атынан» кайрылат:

Жер, тынчы жок берекем,/ Кайырчы энедей кебетең./ Кѳк кѳйнѳк дал-дал айрылып,/ Кѳрүнѳт кѳп жерден,/ Жабылбай жаш денең../

Кайыр сураган бечарага окшоп,/ Кыйналасың дайым убайым козгоп,/ Жакшы кѳргѳн жан боор кызым-ай! («Ыр майрамы», 209-бет).

Бул жерде адам тагдырына, Жердеги Улуу драмага космостук масштабдан серп салмакчы болгон жаш акындын жакшы ниети ордунан чыкпай калганын айтып тим болсок болор эле. Бирок бул жалаң Сарыпбековго тиешелүү кемчилик эмес, бул – поэзиядагы абдан кеңири таралган «илдет». Бул «илдеттин» тамыры кайда жатканын мындан он жылча мурда орус поэзиясында «традиционалисттер» менен «новаторлордун» талашы кызуу жүрүп жаткан учурда  Н.Коржавин «В защиту банальных истин» аттуу макаласында жакшы ачып берген эле. Бул макаланын жоболорун дагы дааналап чечмелеп, түшүндүрүп андан кийин Б.Сарнов макала жазып чыккан.  Кыргыз сынында поэзияга мындай кѳз караш С.Жигитовдун «Лирикалык ырдагы образ» деген макаласында кѳрүндү. Бир-эки сѳз менен айтканда алардагы негизги талаптардын биринчи мазмуну мыны мында. Элден мурда Б.Сарнов А.Толстойдун «жест как движение тела, жест как движение души. Слово – есть искра, возникающая в конце жеста» деген сѳзүн алат да, жүрѳ түшүп мындай жыйынтыкка келет… поэт, точно так же как художник-прозаик, находит наиболее точный ритмический, интонационный, словесный эквивалент «жесту» только в том случае  и именно в тот момент, когда этот «жест» открывется его духовному взору. Поскольку, как мы отметили, лирический поэт, в отличие от прозаика, запечатлевает в слове сумму собственных «жестов», собственных душевных движений, ему недостаточно обладать даром художественной галлюцинации. Он должен «зафиксировать» свой «жест» в тот момент, когда он для него будет наиболее естественным, «схватить» чувство в момент его наивысшего напряжения. И тогда-то и родится та единственная строка, с той именно расстановкой слов, с тем выбором слов, с той именно ритмикой и т.п., которая определит весь дальнейший «строй и лад» стихотворной речи». Демек, ыр акындын жан-дүйнѳсүндѳ бышып-жетилип, органикалык түрдѳ кѳбүрүп-жабырып кѳтѳрүлүп чыгып ички табиятынын табигый муктаждыгы катары чыныгы ѳз формасында турган кезде атып чыгуу керек. Бул бир. Экинчиден, акын чынында эле бир нерсеге катуу таасирленип, толкундун, эргүүнүн дал ошол калыбында сыртка чыгуусу үчүн ошого ылайык сѳз табылышы, башкача айтканда ой-сезимдин ички кыймылынын ѳз формасына ээ болушу зарыл. Бул жүрѳккѳ операция жасагандай ыйык ишке кенедей эле жалгандык, жасалмалуулук аралашты дегиче иш тескерисинен кетип, ыр ѳлүк түшкөн баладай сезимди муздатып салары кѳрүнѳѳ иш.

Мына ушул барыбыз эле билип жүргѳнсүгѳн, ары кетсе «таза» теориянын маселеси ѳңдѳнгѳн чындыкка маани бербегендик акындарды кѳп адаштырып, иллюзия менен жашатып жатат.

Айталык, Сарыпбековдун жогорку ыры Жер тагдырын ѳйдѳ-тѳмѳн ойлоп олтуруп, автордун жан-дүйнѳсү алоолоп күйүп, кан тамырында каршы-терши аккан ой лавасы жылчык таппай, акыркы ушул ыр формасында, болгондо да башкача эмес, асмандагы Күндүн атынан атылып чыкты дейсизби?! Мунун жаралышы алда канча оңой, алда канча жѳнѳкѳй, ал тургай жасалма. Албетте, биздеги акындардын баары эле жѳн гана ыр жазуунун техникалык кѳнүмүшү боюнча, же болбосо реалдуу таасирден улам эмес, кооз метафораларга азгырылгандыгы үчүн ыр жазышат деп айтсак чоң жаңылышкандык болор эле. Поэтикалык сезимдин, чыгармачылык чыныгы реакциянын аныктыгын күбѳлѳгѳн ырлар улуу-кичүү акындарыбызда кѳп эле жолугат. Маселен жаш акын А.Ѳмүркановдун «Учкун» жыйнагындагы «Берлинден кайткан жоокерлер», «Темир канаттагы», «Памирден кат» деген эки ырын мисалга алса болот. Ырларды автор кыялынан чыгара салган эмес, ѳзүнѳ катуу таасир калтырган реалдуу картиналардан улам жараткан. Мына анын «Памирден кат» деген (иниси Каныбекке арнаган) бир ыры:

Памир суук… Эшикте кар, борошо…/ Демди кысып, жарым карыш бастырбайт./ Кадамыңды карагыча кайрылып, Шамал жалмап, издериңди таптырбайт./ Жанга окшоп жащагандан тажаган,/ Шашкалактап шамал ташка урунат./ Анын үнү койго жетпей кыйкырган,/ Сенин үнүң сыяктанып угулат. Быйыл бизде башкачарак кыш болуп,/ Суук… Суук… кийик тоңуп, куш тоңуп./ Бул суукта эмне болдуң экен деп,/ Эртели-кеч эстей берем бук болуп./

Күн ачылса менин кѳѳнүм ачылып,/ Күүгүмдѳнүп күн бүркѳлсѳ тумчугуп./ Эч нерсеге кѳңүлүм келбей… түшүмдѳ./ Сенин коюң кайрып жүрѳм кыйкырып./  Ырдын тулку-бою муңайым сезимге чѳккѳн ички кайрыкка, кусалыкка, тиричиликтин шамалы айдап эки жерде жүргѳн бир туугандардын жүрѳк сагынычына толуп тургандыктан, курулай эмоциядан чыккан сѳздѳргѳ да, мындайда лып деп даяр болчу «Эмгегиңден баар тапсаң болгону» деген ѳңдүү банал мотивге да, жалган патетикага да орун калган жок. Себеп дегенде, ырды ритмикалык – синтаксистик фигуралар, метафоралар эмес, реалдуу сезим, реалдуу сагыныч, кусалык кыймылга келтирип жатат. Ушундай эле ырлар башка акындарда да кѳп. Кеп анда эмес. Кеп ырга болгон мына ушул чыныгы мамиле ар бир акында чыгармачылык бекем принципке айланганбы, мына ошондо. Мына айталык, Ѳмүрканов ушул ырдагы позициясын чыгармачылык принцип катары жалпы  чыгармачылыгында кармана алганбы? Азырынча жок. Ал ушул эле ырынын жанына образдан да, логикалык бүтүндүктѳн да ажыраган «Тоолор силер» сыяктуу, чыныгы сезимден эмес, кургак деклорациядан жаралган ырлар. Мына ушул чыгармачылык принципти кармана албагандык жалгыз Ѳмүркановго тиешелүү кемчилик эмес. Муну кѳрүнүктүү деген да, жаш талапкер деген да акындардын чыгармачылыгынан оңой эле байкаса болот. Ал эми бир ырды ювилердик тактык, чыныгы зергердик менен, сѳздѳрдү ѳз ченеми, ѳз салмагы менен ѳз-ѳз ордуна коюп келатып эле, бир жеринен сезим ченин жоготуп, бүткүл ырдын курулушун эки-үч сап менен, же сѳздѳр менен бузуп алган учурлардын жетишерлик кѳп экендигин айтпай эле коѐлу.

Биерде жалган патриоттук деген сѳз чыгып кетти, мынча болгондон кийин ошого кайрыла кетели. Улуттук белгилерди, улуттун кѳзгѳ кѳрүнүктүү жакшы нерселерин чуулдап мактай берүүнүн пайдасынан зыяны кѳп болуп кетпес үчүн, сезим ченин кылдат кармана жүрүү парз. Акыркы жылдарда тоолор жѳнүндѳгү жакшы ырлардан, алардын түркүн вариациялары, жаңырыктары кѳп болуп кетти. Мындай ырлар эскирген одалардан да жаман угуларын айтпаган күндѳ да, жалган улуттук элементтери менен зыяндуу. Биз чыныгы улуттук баалуулуктарды жалган улуттук кѳрүнүштѳрдѳн жана чыныгы патриотизмди куру кыйкырыктан ажырата жүрбѳсѳк, анын зыяны оңойго  турбасы кѳрүнѳѳ иш.

Жѳндѳмдүү жаш акын Т.Эргешов: Бѳлүнсѳм ыдыраймын Ата-Журтум, Денемдин тамырлары сѳгүлгѳнсүп, Экѳѳбүз ѳйүз-бүйүз болгонсуйбуз, Жер шаары тең экиге бѳлүнгѳнсүп, – деп, Ата-Журтунан бир кадам сыртка чыкпай жүрүп эле сар-санаага чѳгүп  алган. Ушул ѳңдүү «алыста жүрсѳм сагынам» деп, ѳз жеринде жүрүп эле ѳксүй берген мотивдер аябай кѳбѳйүп кетти. Мында Ата-Журт деген кандайдыр ыраакта калган, абстракциялык түшүнүккѳ айланат да, ѳз иллюзиясына ѳзү алданган автор алынын жетишинче жалынып-жалбарып, «бир жетсем тѳшүңдү кучактап жыгылбасам» деп, Т.Эргешов айткандай «ѳзүңдѳ кала берет жиликтерим» деп барып зорго токтойт.

…Поэзияга коюлган талап эч качан жеңил болгон эмес. Азыр да анын жүгү оор. Ошол талаптарды, ошол оор жүктү кѳтѳрѳ ала турган күчтѳр бизде да бар. Алар – профессионалдык даярдыгы жетиштүү, модалуу агымдарга, карандай эмоцияга азгырылбаган, чыгармачылык күчүндѳ турган акындарыбыз болууга тийиш.

Бирок, азыркы поэзиябызга жалпысынан серп салган адам идеялык кѳркѳмдүк мазмуну жагынан бири-биринен анча айырмаланбаган ырлардын ѳзүнчѳ бир агымына туш келет, жаш акындарыбыздын кѳпчүлүгү ѳз алдынча «материк» болуп калууга умтулуунун ордуна, ѳзүнчѳ жашап жаткан «планеталардын» орбитасынан чыга албай, тегеренип жүргөнүн кѳрѳт, жакын арада новатордук кѳрүнүш болууга прогноз берген поэтикалык потенциалдын басма бетинде жок экендигине кѳзү жетет. Мунун баары, албетте, ѳкүнүчтүү.

Акын С.Шимеев Чүйдүн табигый берекесин айтып келип, аягында:

Кенен жайчы пейлиңди Чүйүм мага,/ Ыр кѳчѳтүн тигейин болсун чынар./ Бутактанып ѳссүнчү айланага,/ Миң жыл турса кѳгѳрүп кѳңүл тынар,/ – деп, нечен ирет айтылган поэтикалык мотивди жаш талапкерлерге кайра кайталап олтурса , ким ѳкүнбѳйт. Жѳндѳмдүү сатирик М.Турсуналиев биздин доорго анчалык деле зарылчылыгы болбогон тамсил жанрына эмнегедир кѳшѳрѳ олтуруп, тамсилден тамсил бир тамсил дегендей, акыры кымыз куйган чаначка чейин жетип, профессионал поэзиябызга аралаштырып жибергенин кѳрүп, ким ѳкүнбѳйт.

Небактан бери ыр жазып келаткан жаш акын Б.Абакировдун «минут эмес, секунд сайын ойлонгону», «шагыл ташты, кумайларды аралап», «тоонун бетин тинтип», «Урал», «Сибирдин эч жерин калтырбай», андан «Ысык-Кѳлгѳ, Соң-Кѳлгѳ багыт алып», «белин чечпей, белес ашып», «горизонт четин кѳп тиктеп», «жаз, жайдын кечтерин суз ѳткѳрүп» издеп жүргѳнү… женьшен болсо, аны ѳмүрдүн бирден бир максаты катары поэзияга апкелип отурса, жалгыз ошонун айынан «самай берип, ой учуна жетпесе», «узак жашоо дарысы» деп ишенип алса, поэтикалык ойдун мынчалык пастап, бачикиленип  кеткенине ким  ѳкүнбѳйт. (үч мисал тең «Ыр майрамынан» алынып жатат).

Булар жамандыр-жакшыдыр адабий факт катары эле калып калса, маселе жеңилдейт эле. Кеп булардын кѳркѳм аудиторияга, поэзия ышкыбоздоруна профессионал поэзиянын бир үлгүсүндѳй кѳрүнгѳнүндѳ, объективдүү таасир эткенинде. Жаңыдан жазып жүргѳн, ар кандай таасирге бат азгырылган, кѳркѳм табити ѳсѳ элек жаштар бул ѳңдүү ырларды кадыресе ориентир тутуп алышы да мүмкүн.

Жаштар поэзиясындагы дагы бир «илдет» жѳнүндѳ айтпай кетпесек  болбойт. Жаш акындар адатта «Ата Журт», «чындык» деген сыяктуу түшүнүктѳргѳ ѳтѳ жакын болушат, аларды акыл таразасынан жеткире ѳткѳрбѳйт, кандайдыр абстракциялуу мейкиндиктерди ѳз кыялында ачып алып, кандайдыр абстракциялуу чындык үчүн бирден-бир күрѳшүүчү катары чыгышат. Мындай «эмоционалдуу кыйкырыктын» бир – экѳѳнү «Учкун» жыйнагынан алып кѳрсѳтѳлү:

Жаш калем Н. Сайдуллаев:

Ойлордун ортосунан канат сермеп,/ Таралам  чындык болуп акылдарга./ К.Карасартов: Чындыкты тоолордой кѳрүп ѳтѳм,/ Ѳмүрдү камчыдай ѳрүп ѳтѳм,/ Турмушка кулачты керип ѳтѳм./ А.Ногойбаева: Кум ѳңдүү чындык үчүн сапырылам,/ Күлүктѳй алыстарга атырылам,/ Алдыман мейли канча бѳгѳт чыксын,/ Ансайын алып камчы атыма урам./ К.Исаков: Мен жашаймын эрдиктерди жаратып./ Каргашанын так маңдайын жара атып,/ Гүл ѳстүрѳм ѳмүр, ѳлүм жолуна,/ Күндѳй учуп, айдай сызып баратып./  Бул «патетикалуу ант берүү» мотиви кыргыз поэзиясындагы кокустук кѳрүнүш эмес. Реалдуу кѳрүнүштүн реалдуу таасиринен улам эмес, ордунан чыга калган сѳз курамаларынан, фразаларынан, образдуу сѳздѳрдѳн улам ыр жаралат деген ушул. Акын идеяны, образды кѳздѳбѳй, сѳздү кубалайт деген, болгондо да биринин сѳзүнѳ бири таасирленип, биринин сѳзүн бири кубалайт деген ушул. Cѳз дайыма эле образдуу айтылып, ѳз ордунда турса да түзүк. Кыргыз адабий тилин бир четинен кашыктап жыйнап, калыптандыра албай жатканда бир четинен тилдик нормага сыйбаган сѳз курамаларын жазып, тилдин ыспалдасын чыгарып салмай болдук. Ырас, бул – акын, жазуучулардын кѳпчүлүгүнѳн, аларга тыңсынып сын айтымыш болуп жүргѳн мага окшогон жаш адабиятчылардан, биздин редакторлордон, кыскасы баарыбыздан кетип жаткан, качан оңолору белгисиз чоң кемчилик. Маселен кѳптүктү жасоочу «лар» мүчѳсү кай жерде муун саны жетпей жаткан жерге учуп жетип, жалгана калчу «универсалга» айланып алды. «Мал» деп айткан киши жок, «малдар» дейбиз. Мына ошол «лардын» кесепетинен С.Машрапова «сендейди» деген түзүк ырын: Кѳѳдѳндѳр ныгырылып кусалыкка,/ Олтурам кѳзүмдү албай терезеден./ – деп, бузуп алган. Сѳзгѳ болгон урматы чоң адам ушуга окшогон бир эле сѳздѳн кѳңүлү кайт болуп, ырдын калганы алтын болуп турса да окубай коюшу мүмкүн.

Ал эми Э.Осмоновдун: Шылдырттаса колот толо суу жайпай,/ Наркы ѳйүздѳ кой маараса чуу жакпай,/ – деген саптарын, А.Уйлубаеванын: Салаа-салаа сары суулар,/ Жер энеге сиңилип./ Айбан буту тепселеген,/ Аймак шибер чѳптѳр дагы тирилип./ – деген ѳңдүү «неологизмдерин» кѳргѳндѳн кийин баарынан мурда тилдин элементардык нормалары жѳнүндѳ сѳз кылуу керек болуп калганбы деп ойлойсуң.

КПСС БКнын баарыбызга белгилүү «Адабий – кѳркѳм сын жѳнүндѳгү» токтомунда кѳркѳм чыгармачылыктагы бракка каршы чечкиндүү күрѳш жүргүзүү тууралуу айтылган эле. Мунун, албетте, кыргыз поэзиясы үчүн да тиешеси бар. Ѳзгѳчѳ жаштар поэзиясында эпигондук, экиспериментаторство, же жѳн эле поэзиянын кадырын кетирүү сыяктуу кемчиликтер жок деп айталбайбыз. Муну ушул үч альманахка кирип кеткен айрым ырлар далилдеп турат.

Адатта, кѳркѳм сындын айтылуу ѳкүлдѳрү аларга окшогон чабал ырларга кайрылышпайт. Ал тургай, сыртынан түзүк эле кѳрүнгѳн, техникасы жагынан кынтыгы жок, бирок, чынында поэзия эмес чыгармаларга дагы кайрылышпайт. Себеби, булардын баары биригип, кѳркѳмдүк бракка, же болбосо «ортосаар агымга жатарын айдан ачык кѳрүп турушат, алардын адабий кѳрүнүштѳрдүн концептуалдык маселелерин жалпылаштырып изилдѳѳлѳрүнѳ буга окшогон «ортосаар агымдан» пайда жок экенин жакшы билишет. Ошондуктан, адабий чѳйрѳдѳ бир канча китептин автору болгончо же жакшынын катарында эмес, же жамандын катарында эмес, «кѳчтүн карасында, кѳптүн арасында», жалпы санакта жүргѳн авторлор барган сайын кѳбѳйүп баратат. Ал эми тажрыйбалуу акындарыбызга келгенде да «некритикабельность» барьерин кылчактабай батыл аттаган сынчыларыбыз кийинки мезгилде дээрлик кѳрүнбѳй жатканын айтпай эле койолу…

Акыркы жылдарда биздин басмалар идеялык-кѳркѳмдүк деңгээли начар китептерге жакшы эле бѳгѳт коюп жаткансыйт. Бирок, ар кандай нерседе жаман менен жакшынын күрѳшү ѳз ара келишпес кѳрүнүш катары ѳнүгүүнү камсыз кылган себептүү начар чыгармалар биздин адабиятта да далай орунду ээлеп жатат. Ырас, «бир кездеги түзүк деген чыгармалар азыр эң начар деген деңгээлди кѳрсѳтүп турса болот эле, башкача айтканда, халтуранын деңгээли да жогорулап туруш керек эле» деп, кыргыз сыны какшап айтып келатат. Биздеги «ортосаар агымдын» ѳжѳрлүгүн карап туруп, буга маани берип, акыл токтоткон деле киши азбы деп ойлоп кетесиң. Андай ортосаар, же андан да тѳмѳн ырлар биз сѳз кылып жаткан үч альманахта да жетиштүү санда. Биз А.Жунушалиевдин «Мугалим» деген ыры сыяктуу эпигондуктун кашкайган үлгүлѳрүн айтпай эле коёлу. Атайы альманахка киргизгени бир-эки ыр болсо, аны түзүктѳп карап бербесе, поэзияга мындан кайдыгер мамиле болбос. «Темир канат» жыйнагына кирген Б.Жумабаевдин «Бүркѳлбѳсүн» деген ырындагыдай он беш муундан турган ыр саптары кыргыз ыр түзүлүшүндѳ абдан сейрек кездешет. Мазмунга жараша форма ѳзгѳрѳт дейт, мындай «узун саптуулукка» кайрылуунун кандай зарылчылыгы болду деп, кычаштык кылбай эле коёлу, барып-келип маселенин баары муун ѳлчѳмдѳ турган жери жок го. Узун саптуу ушул ырдын кѳлѳмү да чакан поэмага жакын. Айтайын дегени: «Асманды кара булут каптаса каптасын, асты адамзаттын кабагы бүркѳлбѳсүн» деген ой. Ушул оюн берүү үчүн автор чар жайыт ой жүгүртүүлѳрүн «калейдоскобун» берет. Мына бул саптарда сѳздѳр ордунда турабы, логикалык бүтүндүккѳ ээби, жокпу, карап кѳрүңүздѳр.

Суук чыга элек колдор муздак тегерегиң сур тарап,

Кѳңүл чѳгѳт, жазды күткѳн жанды кимдер куткарат?

Мындай «калейдоскобдук» ыкма бизде кандай реакция кыларын автор ѳзү да сезгенби, ырынын бир жеринде мындай «лирикалык чегинүү» жасаптыр:

Болгон ушул божомолдоо ойго салар бир ѳңчѳй,

Туш тарабын таразалоо такталат го миң ѳңчѳй:

Бирѳѳ күтсѳ күндүн кѳзүн кирпиктери күмүштѳн,

Бирлери эңсеп бүркѳлүшүн жамгыр жааса күлүшкѳн.

Сѳз менен иштѳѳгѳ маани бербегендик, ар кандай «лабораториялык кѳнүгүүлѳрдү» бүткѳн чыгарма катары жарыялап жиберүү – поэзиянын тамтыгын чыгарып, окуучуларды дезориентациялап, кѳркѳм сѳздүн барксызданышына алып келерин жетишерлик адабий – эстетикалык билими бар Б.Жумабаев билбейт дейсизби!

Сѳз менен ойноо жагынан жаш талапкер А.Медербеков Б.Жумабаевден кем калбайт. Анын ырлары «Ансыз да ѳмүр чачылат да тѳгүлѳт» деген жалпы теманын алдында берилиптир. Демек ѳзүнчѳ бир цикл окшойт. Элден мурда жаш автордун ѳзүнѳ сѳз берели:

Мезгилдер кымкаптап кийген чапаны,/ Мен жашап жаткан чѳйрѳнү,/ Ай, жылдар бүтпѳс сапарым,/ А күндѳр эскиртип чечкен кѳйнѳгүн./ Изин салып ажарыма күн ѳтѳр,/ Ууз уйкулуу, сүйүү жыттуу түн атаар (?)/  деп келет да, жүрѳ түшүп, момундай саптарга туш кылат: Мезгилдер сызып канатсыз,/ А күндѳр ѳтүп паратсыз,/ Законун бузбай жашоонун,/ Окутат турмуш сабатсыз./  Жаш автордун эки жерде тең мезгилди мезгилдер деп жазышы, малды малдар айткандан айырмасы жок экенин жана бу – тилдин элементардык нормаларынын бузулушуна алып келерин айтпаган күндѳ да «күндѳр сүзүп, түндѳр уурдап» деген абсурдга таң калса болот.

Калыбы, мындай «ортосаар агым» бул жыйнактарды түзүп жатканда жакшы эле күргүштѳп агып келген кѳрүнѳт. Редакторлордун койгон тосмолоруна, неченин алып ыргытканына карабай бирѳѳ – жарымы баары бир ѳжѳрлѳнүп, альманахка кирип келген окшобойбу. Чын – чынына келгенде, халтуранын ѳзү объективдүү кѳрүнүш болгондон кийин басма бетинен кѳрүнбѳй да койбойт. Анын үстүнѳ басма эч кимге чыгарма жазып бербейт, ал адабияттын учурдагы картинасын чагылдырып берип тим болот. Начар чыгарма жарыялайын деп эч бир басма ойлобойт, анын адабиятка койгон талабы да чоң, бул белгилүү иш. Кеп ар бир автордун жеке жоопкерчилигинде, коюлган талапты сезе билгендигинде.

Дагы жакшы, жаштар поэзиясы жалаң ушундай ортосаар чыгармалардан турган жери жок. Адабий традицияларыбызды түзүктѳп ѳздѳштүрүп алышкан, сѳз менен иштѳѳ маданияты бар жакшы акындар бир кыйла. Буга ушул үч жыйнакка кирген А.Ѳмүрканов, Ж.Бекниязов, Т.Самудинов, Т.Мамытов, О.Кѳчкѳнов, Б.Арзиевдердин поэтикалык мүмкүнчүлүктѳрүн мисал тартса болот.

А.Токтогуловдун “Поэзияга мамиле” китебинен