А.Акималиев: Атаандашкан Алыкул, Есенинге, Айбаттуу жаш болчумун кезегинде

Алик Акималиев
Ырлары жазууга үлгүртпөй шаштырып көңүлгө келет болуш керек. Анткени, өзү шамалдай удургуп, буюгуп, учуп – конуп жүрө берет. Бир орунга турбайт, кайсы редакцияга барсаң Алик байкенин башы көрүнөт. Кайсы редакциядан жолуксаң сурай берет: “Ушул жерде иштеп атасыңбы?” Жок деген жообуңду кулактын сыртынан кетирет, башка редакциядан кайра сурайт: “Ушул жердесиңби?” Берешен адам, талантын аябай арноо ырларын төгүлүп – чачылып жазат. “Срочно” керек болуп калса, башка бирөөгө арнаган ырындагы ысымдарды өзгөртүп кийинкисине деле арнай салат… Жашоодо да бир сөздү беш – алты адамга катарынан кайталап салат да, аягында ал сөздү чын дилинен кимге арнаганын өзү да унутуп калат. Кыргыз деп ураан чакырып, улутка күйүп – бышкан патриот, кыргыз десе кырынан жата калат. “Поэзия азгырбаганда президент болуп кыргызды кыйын күндөн алып чыгат элем”, дейт. Сиз президент болсоңуз, чырактай болгон “Чыракты” ким жазат эле да, кыргызга “Чырак” болуп ким жагылат.

Гүлмайрам Турусбекова

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.07.2009-ж.

Заман парадоксу

Чычкан ойнойт өлгөн жолборс үстүндө,

Эргежээлдер мазак кылат алптарды.

Иттер менен коңшу жашайт пайгамбар,

Периштелер ээрчип жүрөт шайтанды.

 

Ар бир заттын базар баасын нарк кылган,

Күнү тууду кызыл кулак эсептин.

Эшекбайлар эл үстүнөн айкырып,

Нак тулпарлар жүгүн тартты эшектин.

 

Окшойт заман чакчалакей, будуң – чаң,

Азык, мүлкү каракталган баржага.

Көңдөй дубдай, ичтен чирип бузулган,

Кыйрап калды бир зор улуу держава!

 

Улут – урук, жерге, сууга бөлүнүп,

Кыргын болуп, эл акылдан айныды.

Чоң энелер Үч – Коргондон көрүнүп,

Жер титирейт көтөралбай кайгыны.

 

Жертөлөдө сойлойт видеожылан, эх!

Ууга чылап бузат башат, уяңды!

Эмчек сүтү оозунан кетелек,

Бала көрдү жыпжылаңач аялды.

 

Ыпыластык ыйыктыкты тепседи,

Гений оонайт чочко менен ылайда.

Сакташ үчүн кичинекей өлкөнү,

Табыш керек чилистендер бир айла.

 

Ханда жок байлык

Каухар, көмүр кенде бар,

Ханда жок байлык менде бар.

Ырларым бар да –

Мен үчүн

Миллионер байың кембагал.

 

Алар ким? Сылаңкороздор

Сырты бай, ичи жардылар.

 

Билбеске макоо не чара,

Капалык жок эч ага.

Поэзиянын алдында

Падышаң дагы мусаапыр,

Падышаң дагы бечара.

 

Ханда жок байлык менде бар,

Менде жок байлык элде бар,

Ырларым бар да –

мен үчүн

Миллиардер Сорос, Агахан,

Билл Гейтс дагын кембагал.

 

Жалынга жаным өрүлөт,

Жазмыштуу келем жаным өрт.

Акылың жетсе сөздөрдүн

Алтынын ал да – кумун төк!

Кылым сөз калааң урабас,

Кыргыз журт тарых алды кенч.

Алдынан чыксам мекендин

Ак шоола төгүп берилеп…

 

Кыйын чакта

Кыкең турат

Карап кыял – чокудан,

Кылча пайда жок нерсени окуган.

Келечекте не болмоксуң, Кыргыз журт?!

Кенебес эл – тагдырыңдан чочулайм.

 

Кыялыңа карайм чындык сотунан,

Кылым бою кечтиң тозок отунан.

Жок заманда не болмоксуң, Кыргыз журт?!

Жоош элим, тагдырыңан чочулайм.

 

Аман чыктың кыйроолордун өртүнөн,

Алда Кудай өзү сактап келди бейм.

Жаңжал чакта жан тилинткен, Кыргыз журт?!

Жакыр элге боорум ачыйт пейли кең.

 

Жалооруба, сен көзүңдү жаш кылып,

Таштап кетти заман жок да, ач кылып.

Бийик, ыйык болооруң чын, Кыргыз журт?!

Бир – бирине кыргыз кылса жакшылык.

 

Запкы жейсиң так талашкан чоңдордон,

Дөөлөрү пас, дөдөйлөрү маң болгон.

Эрк көксөгөн о, кулдардын өлкөсү,

Эс – акыл кир, алаканы чор болгон.

 

Көрдөйлөрүң көсөмдөрүн тебелеп,

Көңдөй, арсыз, кандай жаман эл элек?!

О, жалкоолук, көралбастык, түркөйлүк,

Шондон дагы гений өсүп чыга элек.

 

Ыйыңды жут, өйдө кылчы башыңды,

Ырым менен таттуу кылсам ачууңду.

Ач бороондо үшүп турсаң, Кыргыз журт?!

Жылыталсам демим менен акыркы…

 

Көкүрөктөн жалын бүркүп, чачылам…

Көйгөй, кордук көп нерсе өттү башыңан.

Кыйын чакта не болмоксуң, кыргыз журт,

Кыйбас элим, тагдырыңан чочулайм.

 

Кушкалем

Талант өчкүс – ташка ыр чегип жазгандай,

Карек “жарк” дейт, бир жаңы ой тапкандай.

Эгер колго калем алып жазбасам,

Комуз чертип, болмок окшойм ак таңдай.

 

Аттиң!… Током, Барпы, Коргоол, Жеңижок,

Алп залкарлар айтпай журтта эми жок.

Азыр жашап, күч сынашып беттешсем,

Арманым бир болбос эле менин – ов!

 

Акын пирлер капа болбос ушуга,

Дүйнөлүк чылк талантсыңар нукура.

О, пайгамбар жашка барып өмүрдө,

Өнөрдүн да жеткен кылда учуна.

 

Тилейм шундай өнөр баккан жашоону,

Илбирс курак кыркты көздөй жаш ооду.

Не деген шык, ырга чапчаң күч керек,

Чалма ыргытып жыккан өңдүү Азоону!..

 

Азоо саптар жапайы аттай ыргыштап,

Ыкка көнбөйт, ыргып минсем жалды учтап.

Жакасынан жалдай жалын төгүлүп,

Такасынан “чарт” дей түшөт бир төрт сап!

 

Жалгыз бир сап тамызгылап изденем,

Жаңы чыйыр сала элек эч из менен.

Телибайдай өрт кучактап келатам,

Тентек кезде Пушкин берген кушкалем.

 

Алда недей күүлөр мукам чертилип,

Аван созсом эски кайрык, эргүү жык.

Жалбырттаган ыр кучактап келатам,

Жайдак калган ак боз аттан чаң чыгып…

 

Карек жарк дейт, көзүмө от баскандай,

Ышкым күчөйт журтка жалын чачкандай.

Колдон келсе, Коргоол чалдай болормун,

Комуз чертип, болбосом да актаңдай…

 

Күнөстүү элет

Жүрөктө ташыйт дайра-сагынычтарым,

Кусадар балаң кантет жан ачыбай.

Мээрман агайын журт, тоо кыштагым,

Мен келдим мазар баскан жолоочудай.

 

Көчөсү балалыктын — салам сага!

Куйгандай боло түштүң ичиме туз.

Тайраңдап велосипед тепкен бала,

Жайдандап суу көтөргөн кичине кыз.

 

Чаң баскан кийим кагып, бети-кол жууйм,

Сеңселет тээ жоор ташка тармал кайың.

Көпүрө… топ бейит… дөң… машине жол…

Көк сырдуу жыгач дүкөн… чакан мектеп…

Көзүмө дары элестеп сүрткөн айыл!

 

Бапырап жаткан айылым — Күнөстүү элет,

Бар күз маал берекелүү бардаш жөнү.

Үлбүрөйт бал аарылуу гүлдөгөн чөп,

Дүңгүрөйт жемиш чарбак картөшкөлүү.

 

Жашооңду жазган жерге кантип окуйм,

Чаң, таш жол… баскан издер кыйма-чийме.

Туулган журт түк жазылып бүткүс китеп,

Турмушуң сан барактуу кыйла дүйнө.

 

Көрктүү шаар көп китепке көзүм ачкан,

Көз жеткис күр өзөнүм күрпүлдөгөн.

Бийикте кербез сүйүү, кербен дастан,

Өлкөсү жомоктордун илгертеден.

 

Караймын жат адамдай чоочун мен бир,

Атамдын короо жайы. Көгүш иңир.

Шуулдайт ак там бою тез өскөн тал.

Арбаңыз, Баатыр Энем — кара кемпир,

Аманбы, эски маалим — эшекчен чал?!

 

Портрет

Бүт дүйнөнү ырга салып кээде бир,

Бүтпөс дастан жаратсам дейм негедир.

Турмуш өзү — классика, байкасам:

Жашоо даяр жаткан эле — шедевр?

 

Адамзатка зор чыгарма бул аалам,

Жазар затым — бир Күн, бир Жер, бир Адам.

Турмуш деген кырк миллиард сап поэма,

Жашоо деген кырк миң томдук роман!

 

Түтөйм, түтөм, түйшүктүү жан — убанта,

Кудурет кош, жараткан шык, ой Алла!

Кыйын окшойт сүрөт болуп илинүү,

Жазуу үстөлдөн чыгып барып дубалга.

 

Атак бербе, абийир, эс бер, күрөш бер,

Аалам жандуу, ай-күн көздүү жүрөк — Жер,

Түп ордуңан кайра куруп жаратчу —

Түбөлүктүү адам жалгыз сүрөткер.

 

Жан-шык эрки көркүн кандай келтирет,

Жарык дүйнө бүт сыйгыдай чоң сүрөт, —

Ата-Журтум — жазып бүткүс зор баян,

Ата-Журтум — тартып бүткүс портрет.

 

МЕНИН ҮЙҮМ

Менин үйүм чала бүткөн, жармы бар…

Тагдырымдай күлкү аралаш кайгы бар.

Төгөрөктүн төрт бурчундай ой камтып,

Төрт сап ырдай төштү мыкчыйт төрт дубал.

 

Бу турмуштун уу, терс тили маңгытып,

Алдым окшойт жонго түйшүк арбытып,

Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,

Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп…

 

Өмүр сүрсөм өнөр күтүп, ар күтүп,

Өлүп-талбайм мансап, байлык, мал күтүп.

Жыгылчудай турат үйүм шыбы жок,

Жылдыз жутуп, жыргал жутуп, ыр жутуп…

 

Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп,

Көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп,

Кучакташат дүйнө менен жер кепем.

Куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп…

 

Айдагым бар жылдыздарды дүргүтүп,

Борсолоңдойт кызым менен бир күчүк.

Чытырап чок… чылым келет оозума,

Чындык күтүп, Сүйүү күтүп, Пир күтүп…

 

Көр пенделер көр оокат деп түртүшүп,

Чачырашты жылдыздардай үркүшүп…

Ала-Тоом, Кыргыз өлкөм – өз үйүм,

Кудуреттүү Кудайдан кут, нур түшүп.

 

Жан ачынса жаткан кезде түн түшүп,

Жадырайлы жакшылыктуу журт күтүп.

Күн көкүлдүү тоого карайт эшигим,

Күлкү күтүп, күдөр күтүп, күн күтүп?!

 

Мен жашаймын машакаттуу жылдарда,

Миң туш болуп мээнет, мээрим, жыргалга.

«Арчабешик» айылындагы үйүмдү,

Айлантсам дейм Тютчевдик гүлзарга.

 

Калсын, мейли, сары барик жаап, боз түшүп,

Менин үйүм, чырак жаксам түндө суук.

Терезеси бүт дүйнөлүк жол карап,

Келеби деп Вийон, Басе, Рубцов,

Чай бералсам жолоочуга калса үшүп…

 

Өзүм эмес үйүм бүтүп калганда,

Сүйүнүчүм, сүйүүм кулач жайганда.

Бардык жакыр генийлерди, досторду,

Чакырамын бүт дүйнөнү мейманга.

 

Ушул үйдө кыз узатып, уул үйлөп,

Жылдыздарга көз жиберсем дирилдеп.

Калың бактын шуудурашын тыңшасам,

Чылым чегип, иңир чөгүп, күүгүмдөп…

 

Анан туруп ырахаттуу чайды ичем,

Жаркылдаган Күлүмайым, – байбичем.

Дал ошондо үй-бүлөдөй бакыт жок,

Не жубайлар сүйүүсүндөй бар бекен?!

 

МЕМУАР

Атаандашкан Алыкул, Есенинге,

Айбаттуу жаш болчумун кезегинде.

 

Жан жалбырттайт! Ыр күйдү отто туулуп.

Тушоом кескен-устатым Токтогулов.

 

2-курс. Чыгардым тунгуч китеп.

Аны ойлосом денем бүт дүргүп кетет.

 

Тагдыр, мейли, ташка-жарга уруп-соксун,

Таржымалап ырларын Рубцовдун.

 

Чабалактап дем баспай күйүккөнгө,

Чабак урдум зор мухит – Уитменде.

 

Басёнун жат билдим ырын эске,

Акыл жактан байытты Рюноске.

 

Аяз мезгил аралап бороондорун,

Жолун бастым Поль Верлен, Рембонун.

 

Даамын таттым шор менен ачуу тердин,

30 жашка чейин мен катуу келдим.

 

Мени чыгаан, чоң акын болот дешчү,

Болбосом да Вийондой ууру – кески,

 

Боздоп жаным сел менен өрттү кечти.

Жыгылсам да, мансаптан бутка тургам,

Ак кызматты Токтогул журтка кылгам.

 

Отуз беште Коргоолду жылоолодум,

Эми, Кудай жакшылык ыроологун.

 

Чардай берсин жашоонун салтанаты

Поэзиянын мен бир жаш лейтенанты.

 

Бирок, билбейм,

Жарк этип чыгам качан,

Адабиятта экинчи фронт ачам.

 

Мен Сиздерди майып да, өксөө кылбайм,

Сүйүү деген кумарлуу өрткө чулгайм.

 

Канахгуу ракетадан канаттуу ырлар

Бийик учат!

Кырсыксыз өтөт жылдар.

 

Саясатсыз журт калаар гүлдөп жашап,

Алды жакта бир улуу доор келатат.

 

Өмүрүмдүн бар али үч чейреги,

Кандай жылдар зарыгып күткөн мени?!

 

Илхам, талант ичке күч, сырын катса,

Поэзияда болбойт эч «отставка».

 

Студенттик эски дептерден

Мамбетсариев лекция окуйт бапылдап,

Горбачевго ал ишенет баладай.

Кыргызстанга кар жаап жатат лапылдап,

КПССтин токтомуна карабай.

 

Эшикте кыш. Троллейбус бараткан,

Зым зыңылдайт, мас гитардай мээни жейт.

Телибайдай өрт кучактап келаткан,

Тентек ырлар тереземди черткилейт.

 

Сессия… сессия жүрөк жанчат  5-этаж

Зачеткага “Удов-удов” койсоңор.

О, доценттер, “Брежнев өлдү каракаш!..”

Деп өкүргөн чийне тарткан чоңколор.

 

Токтогулдан кара бала тоголок,

Мен студент, бир жаш акын пиво ичкен.

Ызылдатып ыр окусам кызыл чок,

Ылдый карап уяң кыздар күлүшкөн…

 

Кредо

Менин атым Алик дейт,

Поэзия Ван-Гогу.

Бүт дүйнөнү ээликтейт,

Ырдын императору.

Кызыктырбайт мени эч бир,

Көр байлыктын бар-жогу.

Дайым чабуул коёмун,

Жок эч менде коргонуу!..

 

Моюнуна шарф оронгон

Поэзия Ван-Гогу,

Кечем нөшөр, бороондон,

Мен сүрөткер болгону.

Жан жейт көйгөй кычашкан,

Калем сынбайт колдогу.

Бардык жолдор туташкан,

Мен дүйнөнүн борбору.

 

Өрт кучактап келатам,

Жоортулда бүт сонетам.

Телибайдай жолдогу,

Толубайдай толгону.

Тагдыр канча кейиткен,

Таарынбаймын, болжолу:

Сүйүү, Бакыт, Эрдиктен,

Балким, жолум болбоду.

 

Чыңгызхандын кошуунун

Алдыма тиз, маа десең.

Кыжылдаган кытайдын,

Колун табат сөз чечен.

Тургузам сөз бийик эң,

Эпкинимен, күүмөн

Эңшерилип бузулат

тыптыйпыл жок кылынат,

Халтуранын коргону.

Дайым чабуул коёмун

Жок эч менде коргонуу!.

 

Бир тырнактай табылга

Көрүү бурчум болгону:

Мен Поэзия Ван-Гогу,

Жана дагы кебелбес,

Ырдын императору.

Даяр турам чабуулга,

Жок эч менде коргонуу!…