9-май – Жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калемдештер!

Бүгүн, 9-май Жениш күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз.

Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз!

Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. Андыктан көзү тирүүлөргө сый урмат көрсөтүп, көзү өткөндөрдүн арбагына таазим кылып, эрдигин эскерип, унутпай, улам кийинки муунга айта жүрүү биздин башкы милдетибиз.

Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашасын!

Майрамыңыздар кут болсун!

КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы.